Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

52-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Башкаларга сыноого сынбаганга жардам бер

Башкаларга сыноого сынбаганга жардам бер

«Колуңан келип турганда, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба» (НАКЫЛ 3:27.).

103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Жахаба кызматчыларынын тиленүүсүнө көбүнчө кантип жооп берет?

 ЖАХАБА жалынып-жалбарып жардам сурап жүргөн кызматчысынын тиленүүсүнө сени колдонуп жооп берип коё аларын билчү белең? Аксакалсыңбы, кызмат жардамчысысыңбы, пионерсиңби, жарчысыңбы, жашсыңбы, карысыңбы, эркексиңби, аялсыңбы, Жахабанын керегине жарай аласың. Ал аны жакшы көргөн кызматчысы зар какшап жардам сураса, ага «жөлөк болгонго» көбүнчө аксакалдарга же дагы башка ишенимдүү кызматчыларына түрткү берип коё алат (Кол. 4:11). Жахабага жана бир туугандарыбызга ушундайча кызмат кылганыбыз биз үчүн зор сыймык! Аларга, айрыкча, оору каптаганда, табигый кырсык же куугунтук болгондо, жардам бере алабыз.

ООРУ КАПТАГАНДА

2. Оору каптаганда башкаларга жардам берүү эмне үчүн кыйын?

2 Оору каптаганда, бири-бирибизге каралашуу кыйын болуп калат. Мисалы, досторубуздун ал-жайын билгени баргыбыз келет. Бирок мунун пайдасынан зыяны көп болуп калат. Же тыйын-тыпыр жагынан кыйналып жаткандарды үйгө чайга чакыралы десек, муну да кыла албай калабыз. Кээде башкаларга жакшы эле көмөк көрсөтөлү дейбиз. Бирок үйдөгүлөрдөн бирөө ооруп жатышы же акча тартыш болушу ыктымал. Ошентсе да колдон келген жардамыбызды аябасак, Жахабаны кубантабыз (Накыл 3:27; 19:17). Анда кантип жардам бере алабыз?

3. Дейзинин жыйналышындагы аксакалдардан эмнени үйрөнө алабыз? (Жеремия 23:4)

3 Аксакалдардын жардамы. Сен аксакал болсоң, койлоруңду жакшы бил. (Окугула: Жеремия 23:4.) Өткөн макаладагы Дейзи мындай дейт: «Мурун кабар айтуу тобумдагы аксакалдар башкалар жана мени менен бат-баттан кызматташып турушчу. Жөн эле чогуу убакыт өткөргөн учурларыбыз да көп болгон» b. Ошонун аркасында COVID-19 пандемиясы күч алып Дейзи жакындарынан айрылганда ал койчулар ага жакшыраак жардам бере алышкан.

4. Аксакалдар Дейзиге эмне үчүн жардам бере алышкан жана мындан эмнени үйрөнсөк болот?

4 Дейзи: «Аксакалдар менен мурун эле жакшы дос болгондуктан уйгу-туйгу кылган ой-сезимдеримди айтыш оңой болду»,— дейт. Аксакалдар мындан эмнени үйрөнө алышат? Кыйынчылык болгонго чейин эле оторуңарга жакшы кам көргүлө. Алар менен достошкула. Оору жайылып, ал-жайын билиш үчүн үйүнө бара албай калсаңар, башка жолдор менен байланышкыла. «Кээде бир күндө бир нече аксакал чалып же жазып калчу,— дейт Дейзи.— Алар тандаган аяттар жүрөгүмдү ушунчалык козгочу. Ал аяттарды жакшы билсем да, канат байлап калчумун».

5. Аксакалдар отору эмнеге муктаж экенин кантип билишет жана аларга кантип жардам бере алышат?

5 Ишенимдештериңдин эмнеге муктаж экенин билиш үчүн орундуу суроолорду берсең болот (Накыл 20:5). Мүмкүн, аларга тамак-аш, дары же башка нерселер керектир. Балким, жумушуман айрылып калам деп кабатыр болуп жүргөндүр. Же батирге төлөгөнгө акчасы жоктур. Өкмөттөн кандайдыр бир жардам алганга көмөгүң керектир. Дейзиге ишенимдештери акча жагынан жардам беришкен. Бирок, өзгөчө, аксакалдардын сүйүү көрсөткөнү, Ыйык Китептен дем-күч берген ойлорду окуп бергени кыйынчылыктарга багынбаганга жардам берген. Ал мындай дейт: «Аксакалдар мени менен чогуу тиленишкен. Ошондо эмне деп айтканы эсимде деле жок. Бирок кандай сезимде болгонумду жакшы эстеп калыптырмын. Ошондо Жахаба: „Сен жалгыз эмессиң!“— дегендей эле болду» (Ыш. 41:10, 13).

Жолугушууну алпарып жаткан ишенимдешибиз жарчылардын, анын ичинде видеобайланыш аркылуу катышып жаткан ооруган ишенимдешинин, жоопторун угуп кубанып жатат (6-абзацты карагыла)

6. Бири-бирине жардам бериш үчүн жыйналыштагылар эмне кылса болот? (Сүрөттү карагыла.)

6 Башкалардын жардамы. Ишенимдештерине кам көрүү — аксакалдардын милдети. Бирок Жахаба баарыбызды бири-бирибизге көңүл бөлүп, кам көргөнгө чакырат (Гал. 6:10). Ооруп жаткан кишиге атүгүл кенедей эле жакшылык кылсак, кадимкидей күчкө толуп калат. Кичинекей балдар открытка жасап же сүрөт тартып берсе болот. Жаштар болсо кайсы бир ишин бүтүрүп же дүкөндөн керектүү нерселерин алып келип берсе болот. Же тамак жасап, ооруп жаткан кишинин үйүнүн эшигинин алдына коюп кететтирсиңер. Албетте, оору катуу жүрүп жаткан маалда баары эле жылуу сөзгө, жардамга муктаж болот. Жүзмө-жүз болобу же видеобайланыш аркылуубу, жыйналыштан кийин бир аз калып, бир туугандарыбыз менен сүйлөшсөк болот. Аксакалдарыбыз да жакшы сөзгө муктаж. Оору күч алганда, талыкпай эмгектенген аксакалдарга айрымдар рахмат айтып кат жазышкан. Бири-бирибизди кубаттандырыш үчүн ар бирибиздин аракетибиз маанилүү (1 Тес. 5:11).

ТАБИГЫЙ КЫРСЫК БОЛГОНДО

7. Табигый кырсык адамдын жашоосун кантип бүлгүнгө учуратат?

7 Табигый кырсык адамдын жашоосун бир заматта эле бүлгүнгө учуратат. Ал мүлкүнөн, үйүнөн, атүгүл сүйүктүү жакындарынан айрылып калышы мүмкүн. Бул боордошторубуздан кыя өтпөйт. Аларга кантип жардам берсек болот?

8. Аксакалдар менен үй-бүлө башчылары табигый кырсык болгонго чейин эле эмне кылганы маанилүү?

8 Аксакалдардын жардамы. Аксакалдар, ишенимдештериңерге кырсык болгонго чейин эле даярданганга жардам бергиле. Ар бири коопсуз болуш үчүн, аксакалдар менен байланышыш үчүн эмне кылса болорун билиши керек. Мурунку макалада айтылган Маргарет мындай дейт: «Аксакалдарыбыз жыйналыштын муктаждыктарында аймагыбызда дагы деле өрт чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертишкен. Өкмөттөгүлөр коопсуз жакка баргыла десе же жагдай курчуп баратса, дароо үйдөн чыгып кеткиле деген». Бул так өз учурунда айтылган. Себеби 5 жумадан кийин эле чоң өрт каптай баштаган. Сыйынуу учурунда үй-бүлө башчылары үйдөгүлөрдүн ар бирине эмне кылышы керектигин айтышы керек. Өзүңөр да, балдарыңар да алдын ала даярдансаңар, кырсык болгондо алапайыңарды таппай калбайсыңар.

9. Аксакалдар кырсык болгонго чейин жана кийин жардам берүү ишин кантип уюштура алышат?

9 Сен топтун көзөмөлчүсү болсоң, тобуңдагылардын телефон номурларын, даректерин тактап кой. Муну кырсык болгонго чейин эле кылганың жакшы. Байланыш маалыматтарынын тизмегин түзүп ал, бир нерселер өзгөрсө, киргизип тур. Ошондо кырсык болуп кетсе, ар бир жарчы менен байланышып эмнеге муктаж экенин биле аласыңар. Анан бул маалыматты аксакалдар кеңешинин координаторуна дароо жөнөт. Ал болсо райондук көзөмөлчүгө жөнөтөт. Ушинтип эриш-аркак кызмат кылгандын аркасында тобуңдагыларга жакшыраак жардам бере аласың. Маргареттин райондук көзөмөлчүсү 36 саат бою уктаган эмес. Анткени башка жакка көчүрүлгөн 450дөй жарчы менен байланышып, кам көрүш үчүн аксакалдардын ишин уюштурган (2 Кор. 11:27). Ошентип муктаж болгондордун баарына баш калкалоочу жай таап беришкен.

10. Эмне үчүн аксакалдар жарчыларга тынбай кам көрө бериши керек? (Жакан 21:15)

10 Аксакалдар Ыйык Китептен аяттарды окуп берип, дем-шык бериши жана тынчсызданып жаткан жарчыларды жубатышы да керек (1 Пет. 5:2). Кырсык болуп кетсе, аксакалдар биринчи кезекте жарчылардын аман-соо экенине, тамак-ашы, кийим-кечеги, баш калкалай турган жайы бар экенине көзү жеткидей болушу керек. Бирок кырсык болгондон көп убакыт өтсө да, жабыр тарткандар аксакалдардын андан ары да арка-тирек болушуна муктаж болушат. (Окугула: Жакан 21:15.) «Кырсыктан баш көтөрүп кеткенге убакыт талап кылынат»,— дейт филиалдын комитетинин мүчөсү болуп кызмат кылган жана кырсыктан жапа чеккен көптөгөн жарчылар менен жолуккан Харольд. Ал сөзүн мындай деп улайт: «Алар жашоонун кадимки нугуна түшкөн күндө да, кырсыктан каза тапкан жакындарын эстеп сыздашы, баалуу буюмдарынан айрылып калганына ичи ачышышы, деги эле кырсыкты унута албай кыйналышы мүмкүн. Ушунун баары аларды улам-улам кайгыга сала бериши ыктымал. Бул алардын ишеними алсыз экенин билдирбейт. Бул — табигый эле сезимдер».

11. Үй-бүлөлөр дагы эмнелерге муктаж болушу мүмкүн?

11 Аксакалдар, «ыйлагандар менен ыйлагыла» деген кеңешти унутпагыла (Рим. 12:15). Кырсыкка кабылгандарды Жахабанын, ишенимдештеринин аларды калтырбаганына, жакшы көрөрүнө ынандырыш керек болот. Аксакалдар үй-бүлөлөргө рухий иштерин калыбына келтиргенге, мисалы, изилдөө жүргүзгөнгө, жыйналыштарга катышканга, кабарга чыкканга, тилене баштаганга жардам бериши керек. Ата-энелер балдарына кырсык эч качан жок кыла албай турган нерселерге көңүл топтогонду үйрөтүшү керек. Аксакалдар ата-энелерге ушул жагынан жардам бере алышат. Ата-энелер, балдарыңарга Жахабанын алардын эң жакын досу экенин, дайыма жанында болорун эскертип тургула. Аларга кайсы учурда болбосун жардам бергенге даяр турган бир туугандары бар экенин да түшүндүргүлө (1 Пет. 2:17).

Силер жашаган жерде кырсык болуп калса, жардам бере аласыңарбы? (12-абзацты карагыла) e

12. Кырсыкка кабылгандарга кантип жардам бере алабыз? (Сүрөттү карагыла.)

12 Башкалардын жардамы. Кырсык жакын жерде болсо, аксакалдардан кантип жардам бере аларыңарды сурагыла. Балким, үйүнөн кеткенге аргасыз болгондорду же жабыр тарткандарга жардам берип жаткандарды үйүңөргө ала алаттырсыңар. Тамак-аш же башка нерселерди ташыганга кол кабыш кыла алаттырсыңар. Кырсык болгон жерден алыс жашасаңар да, жардамыңар тиет. Кантип? Алар үчүн тиленгиле (2 Кор. 1:8—11). Бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылсаңар болот (2 Кор. 8:2—5). Эгер ошол жерге бара алсаңар, аксакалдардан эмне кылсам болот деп сурагыла. Алар макулдугун беришсе, жакшыраак жардам бере алышыңар үчүн окутулуп-үйрөтүлүшүңөр мүмкүн.

КУУГУНТТУКТАЛГАНДА

13. Тыюу салынган жердеги ишенимдештерибиз кандай кыйынчылыктарга кабылып жатат?

13 Ишибизге тыюу салынган жерлерде куугунтук ишенимдештерибиздин жашоосун оордотот. Ал боордошторубуз тыйын-тыпыр жагынан кыйналышы, ооруга чалдыгышы же жакындарынан айрылышы мүмкүн. Же тыюу салынгандыктан, аксакалдар жардамга муктаж бир туугандарына бара албай, ээн-эркин байланыша албай калат. Өткөн макалада кеп кылынган Андрей так эле ушундай жагдайга туш болгон. Анын тобундагы бир эже акча жагынан кыйналып жаткан. Анысы аз келгенсип, жол кырсыгына кабылып, бир нече жолу операция болгондуктан, иштей албай калган. Тыюу салынганына, пандемияга карабай боордоштору ага колунан келген жардамын көрсөткөн. Жахаба ага алар аркылуу кам көргөн.

14. Аксакалдар Жахабага таянган жагынан кантип үлгү көрсөтө алышат?

14 Аксакалдардын жардамы. Андрей Жахабадан тиленген жана ошого ылайык иш кылган. Жахаба тилегине кантип жооп берген? Ал жыйналыштагы Андрейге караганда ээн-эркинирээк жүрө алган ишенимдештерине анын тобундагы эжеге жардам бергенге түрткү берген. Айрымдары аны доктурга алпарып, алып келип турган. Башкалары акчалай жардам берген. Жахаба ал кайраттуу, ынтымактуу бир туугандарыбыз аркылуу ооруп калган кызматчысына кам көргөн (Евр. 13:16). Аксакалдар, силер жакта да тыюу салынса, башкалардан жардам сурагыла (Жер. 36:5, 6). Баарынан маанилүүсү, Жахабага таянгыла. Ошондо ал силерге ишенимдештериңерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгонго күч берет.

15. Куугунтук учурунда биримдигибизди кантип сактай алабыз?

15 Башкалардын жардамы. Тыюу салынганда чакан топ болуп чогула башташыбыз ыктымал. Ошондо ынтымакты сактоо аябай маанилүү. Бири-бириңерге эмес, Шайтанга каршы согушкула. Ишенимдештериңердин кемчиликтерине көз жумуп койгула. Келишпестиктерди дароо чечип алгыла (Накыл 19:11; Эф. 4:26). Бири-бириңерге жардам бергенге дилгир болгула (Тит 3:14). Андрейдин тобундагылар ооруп калган эжеге баарылап жардам бергендиктен алар бир үй-бүлөдөй ынак болуп калган (Заб. 133:1).

16. Колосалыктар 4:3, 18ге ылайык, куугунтукталып жаткандарга кантип жардам бере алабыз?

16 Ишибизге чектөө коюлганына карабай он миңдеген ишенимдештерибиз Жахабага кызмат кылып жатышат. Алардын айрымдары ишеними үчүн түрмөгө камалган. Алар жана үй-бүлөлөрү үчүн тиленип туралы. Өзүнүн эркиндигин тобокелге салып, аларды колдоп жаткан ишенимдештерибиз үчүн да тиленели. Алар түрмөдөгү ишенимдештерине Жахабага таянганга, керектүү нерселерин алып келип бергенге жана сотто укуктарын жактаганга бүт күчүн жумшап жатышат c. (Окугула: Колосалыктар 4:3, 18.) Тиленүүңөрдүн зор күчкө ээ экенин унутпагыла (2 Тес. 3:1, 2; 1 Тим. 2:1, 2).

Канткенде үй-бүлөңөрдү азыртадан куугунтукка даярдай аласыңар? (17-абзацты карагыла)

17. Канткенде куугунтукка азыртан даярдана алабыз?

17 Куугунтукка өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да азыртан даярдагыла (Элч. 14:22). Жаман нерселерди элестетип алып, коркпогула. Анын ордуна, Жахаба менен болгон достугуңарды чыңдагыла. Балдарыңарга да ошенткенге жардам бергиле. Санаа басып жатса, жүрөгүңөрдөгүнү Кудайга төккүлө (Заб. 62:7, 8). Үй-бүлөңөр менен эмне үчүн Жахабага таянсаңар болорун талкуулагыла d. Кырсыкка даярдагандай эле, куугунтукка да даярданып, Жахабага таянгыла. Ошондо балдарыңар муну көрүп, кайраттуу болуп, дүрбөлөңгө түшпөйт.

18. Бизди кандай келечек күтүп турат?

18 Кудай берген тынчтыктан улам өзүбүздү коопсуз сезебиз (Флп. 4:6, 7). Ал тынчтык оору каптаса да, кырсык, куугунтук болсо да, жүрөгүбүздү бейкуттукка бөлөйт. Жахаба күжүрмөн эмгектенген аксакалдарды бизге баш-көз болгонго колдонот. Ал ар бирибизге сыймык ыйгарган: биз бири-бирибизге жардам бере алабыз. Азыр өкүм сүрүп турган тынчтыктан пайдаланып, келечектеги сыноолорго, атүгүл «улуу алааматка» даярданалы (Мт. 24:21). Анткени улуу алааматта өзүбүз да жан дүйнө тынчтыгын сактап, башкаларга да ошенткенге жардам беришибиз керек. Бирок ошол убакыт өтүп кеткенден кийин, санаага салган кыйынчылыктардын баары артта калат. Акыры, Жахаба ниет кылгандай, түбөлүккө созула турган чыныгы тынчтыкка бөлөнөбүз! (Ыш. 26:3, 4)

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

a Жахаба башына мүшкүл түшкөн кызматчыларына жардам бериш үчүн көбүнчө ишенимдүү кызматчыларын колдонот. Ал сени да башкаларга дем-күч бергенге колдонуп коё алат. Анда жардамга зар болгондорду кантип жөлөп-таясак болорун карап көрөлү.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

c Филиал жана башкы башкармалык түрмөдө отургандарга жазган каттарыбызды жөнөтө албайт.

d Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2019-ж., июль, «Куугунтукка азыртадан даярдангыла».

e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кырсыктан кийин убактылуу чатырда жашап жаткан үй-бүлөгө тамак алып келип берген жубайлар.