51-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Коогалаңдуу заманда да жан дүйнөңөр тынч боло алат
«Жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын» (ЖКН. 14:27).
112-ЫР: Жахаба — тынчтыктын Кудайы
БУЛ МАКАЛАДА a
1. «Кудайдын... тынчтыгы» деген эмне жана ал бизге кандайча жардам берет? (Филипиликтер 4:6, 7)
БУЛ дүйнөдөгүлөр такыр билбеген тынчтыктын бир өзгөчө түрү бар. Ал — «Кудайдын... тынчтыгы» же жан дүйнө бейкуттугу. Ага асмандагы Атабыз менен ынак болгондо гана жете алабыз. Ошондой тынчтыкка бөлөнгөндө өзүбүздү коопсуз сезебиз. (Окугула: Филипиликтер 4:6, 7.) Кудайды сүйгөндөр менен жакын боло алабыз. «Тынчтыктын Кудайы» менен да ынак достордон боло алабыз (1 Тес. 5:23). Эгер Атабызды жакшы билсек, ага таянсак жана тилин алсак, ал берген тынчтык кыйынчылык басканда жан дүйнөбүздү тынчтандырат.
2. Кудайдын тынчтыгына ээ болуу мүмкүн экенин эмне көрсөтүп турат?
2 Кыйын учурда, мисалы, оору каптаганда, табигый кырсык, жарандык кагылышуу болгондо же куугунтукталганда чын эле Кудайдын тынчтыгына ээ боло алабызбы? Андайда коркунуч басышы мүмкүн. Бирок Иса: «Жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын»,— деген (Жкн. 14:27). Көптөгөн ишенимдештерибиз Исанын кеңешине кулак кагууда. Башына оор кыйынчылык түшсө да, Жахабанын жардамы менен жан дүйнө тынчтыгын сактап жатышат.
ООРУ КҮЧ АЛГАНДА
3. Эпидемия же пандемия кандайча тынчыбызды алышы мүмкүн?
3 Эпидемия же пандемия күч алганда, жашообуз астын-үстүн боло түшөт. Мисалы, COVID-19 илдети жайылганда, көптөргө кандай таасир эткенине токтололу. Бир сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү уйкусу качып кыйналганын айтышкан. Санаага баткандардын, депрессия болгондордун, ичимдикке, баңгизатка берилгендердин, өз өмүрүнө кол салганга аракет кылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөн. Үйдөгү зомбулук да күчөгөн. Силердин жергеңерде да оору жүрүп жатса, канткенде санаага алдырбай, Кудайдын тынчтыгын сезе аласыңар?
4. Исанын акыркы күндөр жөнүндө айткандарын билгенибиз кандайча тынчтык берет?
4 Иса акыркы күндөрдө «жер-жерлерде жугуштуу оорулардын» кеңири жайыларын айткан (Лк. 21:11). Ушуну билгенибиз жүрөгүбүздү кандайча тынчтандырат? Биз буга таң калбайбыз. Анткени бүт баары так эле Иса айткандай болуп жатканын көрүп жатабыз. Ал акыркы күндөрдө жашай турган жолдоочуларына: «Ошондо үрөйүңөр учпасын»,— деген (Мт. 24:6). Ошол кеңешти көкүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз маанилүү.
5. a) Филипиликтер 4:8, 9га ылайык, оору каптаганда эмнени сурап тиленишибиз керек? б) Уюм чыгарган аудиожаздырууларды укканыңар силерге кандай пайдасын тийгизип жатат?
5 Оору каптаганда, эртең эмне болуп кетет деп тынчсызданып, атүгүл дүрбөлөңгө түшүшүбүз мүмкүн. Так эле ушундай жагдайга Дейзи кабылган b. Өкүнүчтүүсү, анын атасынын иниси, атасынын агасынын уулу жана доктуру COVID-19дан каза болуп калган. Ошондо ал оору ага, андан карыган апасына жугуп калат деп корккон. Жумушсуз калсам, батирге, тамакка акчаны кайдан табам деп да санааркаган. Ал ушунчалык бушайман болгондуктан далай уйкудан калган. Бирок Дейзинин жан дүйнөсү кайрадан тынч алган. Кантип? Ал Жахабадан бейкуттукка бөлөшүн, жакшы нерселер жөнүндө ойлонгонго жардам беришин так айтып тиленген. (Окугула: Филипиликтер 4:8, 9.) Анан анын ага эмне деп «айтарын» Ыйык Китептин аудиожаздыруулары аркылуу уккан. Дейзи мындай дейт: «Ыйык Китепти окугандардын жылуу-жумшак чыккан үнү жанымды жай алдырып, Жахабанын мага кам көрүп жатканын эстетип турчу» (Заб. 94:19).
6. Өздүк изилдөөнүн, жыйналышка барганыбыздын кандай пайдасы бар?
6 Оору жайылган маалда мурунку иштериңердин айрымдарын кыла албай калышыңар мүмкүн. Бирок өздүк изилдөөңөрдү, жыйналышка катышканыңарды токтотпогула. Көп ишенимдештериңер так эле силердикиндей кыйынчылыктарга кабылып жатса да, Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Муну адабияттарыбыздан окуп, видеолордон көрүп жатабыз (1 Пет. 5:9). Жолугушууларга барсаңар, акылыңарды Ыйык Китептеги дем-күч берген ойлорго толтурасыңар. Башкаларга дем-күч берип, өзүңөр да бекемделесиңер (Рим. 1:11, 12). Оорудан, коркунучтан же жалгыздыктан кыйналып жаткан кызматчыларына Жахабанын кантип жардам берип жатканы жөнүндө ой жүгүртсөңөр, ишенимиңер бекемделет жана анын силерди да колдоорунан шектенбейсиңер.
7. Элчи Жакандан эмнени үйрөнө алабыз?
7 Ишенимдештериңер менен байланышып тургула. Оору каптаган маалда алар менен көрүшкөн күндө да, аралыкты сакташ керек болот. Андайда так эле элчи Жакандыкындай сезимде болушубуз ыктымал. Ал Гай деген досу менен жүзмө-жүз көрүшкүсү келген (3 Жкн. 13, 14). Бирок кайсы бир убакка чейин аны менен көрүшө алган эмес. Ошондо Жакан колунан келгенди кылып ага кат жазган. Бир туугандарыңар менен дайыма эле жүз көрүшө албашыңар мүмкүн. Андайда телефон чалсаңар, видео аркылуу сүйлөшсөңөр же жазышсаңар болот. Алар менен бат-баттан кабарлашып турсаңар, көп жалгызсырабайсыңар, жан дүйнөңөр да тынч болот. Санаа менен алышканга өз күчүңөр жетпей калганда аксакалдарга кайрылгыла жана жардамын кабыл алгыла (Ыш. 32:1, 2).
ТАБИГЫЙ КЫРСЫК БОЛГОНДО
8. Табигый кырсык болгондо кандайча жан дүйнөңөргө бүлүк түшүшү мүмкүн?
8 Суу ташкынынан, жер титирөөдөн же өрт каптагандан улам жапа чексеңер, бир топко чейин өзүңөргө келе албай, санаага батышыңар мүмкүн. Андайда жакыныңардан же мүлкүңөрдөн айрылып калсаңар, күйүткө малынып, эмне кылышты билбей айлаңар куруп, атүгүл ачууланышыңар ыктымал. Бул дүнүйөкор экениңерди же ишенимиңер алсыз экенин билдирбейт. Анткени башыңарга чындап эле чоң мүшкүл түштү. Ошондуктан терс сезимдер чулгаганы табигый эле нерсе (Аюп 1:11). Бирок ошого карабай жан дүйнөңөр тынчтык таба алат. Кантип?
9. Иса бизди кырсыктарга кантип даярдаган?
9 Исанын эмне деп алдын ала айтканын эстесеңер. Бул дүйнөдө көптөр кырсык алардын башына эч качан түшпөйт деп ойлойт. Бирок биз алардан айырмаланып, кырсыктардын улам көбөйө берерин, атүгүл айрымдарына биз да кабылышыбыз мүмкүн экенин билебиз. Иса жолдоочуларын бул дүйнөнүн акыры келгенге чейин «катуу жер титирөөлөр» жана башка кырсыктар болорун эскерткен (Лк. 21:11). Ал мыйзамсыздыктын күч аларын да айткан. Чын эле, кылмыштуулук, зомбулук, террордук чабуулдар күч алып жатат (Мт. 24:12). Иса ушуларга Жахаба таштап койгондор гана кабылат деп эч качан айткан эмес. Чынында эле, Жахабанын көп ишенимдүү кызматчылары ар кандай кырсыктардын запкысын жеп жатышат (Ыш. 57:1; 2 Кор. 11:25). Жахаба бизди алардын баарынан калкалабашы мүмкүн. Бирок жан дүйнө тынчтыгын сактаганга эмне керек болсо, ошонун баарын берет.
10. Кырсыктарга азыртадан даярданганыбыз Кудайга ишенерибизди кандайча көрсөтөт? (Накыл сөздөр 22:3)
10 Кырсыкка алдын ала даярдансак, ага кабылганда дүрбөлөңгө түшпөйбүз. Ушинтип камылга көргөнүбүз Жахабанын колдооруна ишенбей жатканыбызды көрсөтпөйбү? Албетте жок. Тескерисинче, бул анын бизге кам көрө аларына толук ишенерибизди көрсөтөт. Кандайча? Чынында, Ыйык Китеп бизди кырсыктарга даярдык көргөнгө үндөйт. (Окугула: Накыл сөздөр 22:3.) Буга Кудайдын уюму да журналдар, жыйналыштар, кулактандыруулар аркылуу кайра-кайра үндөп келет c. Биз Жахабага чындап эле таянабызбы? Эгер таянсак, кырсык болгонго чейин эле, азыртадан, ошол кеңештерге кулак кагабыз.
11. Маргареттен эмнени үйрөнө алабыз?
11 Маргареттин окуясын карап көрөлү. Ал жашаган жерде токой өрттөнүп кетип, бийликтегилер үйдөн чыгып кеткиле деген. Элдин баары бир учурда качып чыкканга аракет кылгандыктан, жол тыгыны болуп, машинелер ордунан жыла албай калган. Коюу кара түтүн каптап, Маргарет бир канча убакытка машинесинен чыга албай калган. Бирок ал алдын ала даярданып койгондуктан аман калган. Анын баштыгында карта болгондуктан, башка жолду таап, ошол жерден чыгып кеткен. Ал мурун кандай жолдор бар экенин билиш үчүн машинеси менен тегерек-четти бир сыйра кыдырып чыккан. Маргарет күн мурун даярдангандыктан гана өмүрүн сактап калган.
12. Коопсуздугубузга байланыштуу көрсөтмөлөргө баш ийгенибиз эмне үчүн маанилүү?
12 Бизди коргоп, тартип сакталышы үчүн, бийликтегилер коменданттык саат киргизиши, коопсуз жакка көчүшүбүздү жана башка көрсөтмөлөргө баш ийишибизди талап кылышы мүмкүн. Айрымдар мүлкүнө байланып калгандыктан баш ийбей создуктуруп жүрө берет. Ал эми Исанын жолдоочуларычы? Ыйык Китепте: «Мырзабыз үчүн бийлик башындагылардын баарына баш ийгиле: жогорку абалды ээлеген падышага болобу же ал тарабынан... жиберилген башкаруучуларга болобу, баарына баш ийгиле»,— делет (1 Пет. 2:13, 14). Кудайдын уюму да өмүрүбүздү сактап кала турган көрсөтмөлөрдү берет. Оор кырдаалдарда аксакалдар биз менен байланыша алышы үчүн, аларга акыркы байланыш маалыматты беришибиз керектиги улам эскертилет. Силер да ошенттиңерби? Үйдөн чыкпашыбыз, коопсуз жайга барышыбыз керектиги, зарыл нерселерди кантип алса болору, башкаларга кантип жана качан жардам берсек болору да айтылышы мүмкүн. Эгер көрсөтмөлөргө баш ийбесек, өзүбүздүн да, аксакалдардын да өмүрүн тобокелге салып коёбуз. Ал ишенимдүү аксакалдардын бизге баш-көз болгонго дайындалганын унутпагыла (Евр. 13:17). Маргарет: «Аксакалдардын да, уюмдун да айткандарына баш ийгеним үчүн гана өмүрүмдү сактап калдым»,— дейт.
13. Башка жакка көчкөн бир туугандарга кубанычын, жан дүйнө тынчтыгын сактаганга эмне жардам берүүдө?
13 Табигый кырсыктан, согуштан же жарандык кагылышуудан улам көп ишенимдештерибиз үйүн таштап, башка жакка көчүшкөн. Алар жаңы жагдайга көнгөнгө, дароо эле рухий иштерге киришкенге бүт күчүн жумшап жатышат. Куугунтуктан улам туш тарапка чачырап кеткен Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, алар «Кудайдын сөзү тууралуу жакшы кабарды жарыялап жүрүшөт» (Элч. 8:4). Кабар айтуу ишине катышкандыктан, алар оор жагдайына эмес, Падышалыкка көңүл топтоп жатышат. Ошонун аркасында алар кубанычын да, жан дүйнө тынчтыгын да сактап келатышат.
КУУГУНТУКТАЛГАНДА
14. Куугунтук жүрөгүбүздөгү тынчтыкты кантип алып коюшу мүмкүн?
14 Куугунтукталганда бизди тынчтыкка бөлөгөн көп нерселерди кыла албай калабыз. Мисалы, ишенимдештерибиз менен эркин чогулганда, кабар айтканда, күнүмдүк иштерибиз менен алек болгондо кубанычка бөлөнөбүз. Эгер ошол иштерди эркин кыла албай калсак, санаага батып, эртеңки күндү ойлоп коркушубуз мүмкүн. Бирок ошенткенибиздин жаман деле жери жок. Анткен менен сак болушубуз керек. Иса куугунтук ишенимден тайдырышы мүмкүн экенин айткан (Жкн. 16:1, 2). Анда канткенде куугунтукка карабай жүрөгүбүз тынч болот?
15. Куугунтуктан эмне үчүн коркпошубуз керек (Жакан 15:20; 16:33)
15 Ыйык Китепте: «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— делет (2 Тим. 3:12). Өлкөсүндө ишибизге тыюу салынганда, Андрей Исанын айткандарына кошула албай көпкө чейин кыйналган. Ал: «Бул жакта Жахабанын Күбөлөрү көп да. Кантип эле баарыбызды камап салсын?!» — деп ойлогон. Ошенте бергендиктен жүрөк заада болуп, жаны жай албай койгон. Ишенимдештери болсо баарын Жахабага тапшырышкан жана «мен эч качан камалбайм» деп өздөрүн алдаган эмес. Алар камалышы мүмкүн экенин мойнуна алгандыктан Андрейдей болуп көп тынчсызданышкан эмес. Ошондуктан Андрей алардай ойлонгонго, Жахабага толугу менен таянганга бел байлаган. Ошондон кийин гана санаасы тараган. Азыр ал кыйынчылыктарга карабай кубанып кызмат кылып жатат. Биз тууралуу да ушуну айтууга болот. Иса куугунтуктун сөзсүз болорун эскерткен, ошол эле учурда берилгендигибизди сактай аларыбызды да айткан. (Окугула: Жакан 15:20; 16:33.)
16. Куугунтук учурунда кандай көрсөтмөлөргө баш ийишибиз керек болот?
16 Кабар айтуу ишине тыюу салынганда же катуу чектөөлөр коюлганда, филиалдан, аксакалдардан көрсөтмөлөрдү алабыз. Ал көрсөтмөлөр бизди коргойт, рухий тамакты өз убагында алып турушубузга, андан ары да кабар айта беришибизге шарт түзөт. Эмне үчүн берилип жатканын толук түшүнбөсөңөр да, баш ийгенге бүт күчүңөрдү жумшагыла (Жкп. 3:17). Билгенге укугу жокторго ишенимдештериңер, жыйналыштагы иштер жөнүндөгү маалыматты эч качан айтпагыла (Нас. 3:7).
17. 1-кылымдагы элчилердей болуп эмне кылганга чечкиндүүбүз?
17 Шайтандын Кудайдын элине каршы согушуп жатканынын негизги себептеринин бири — алар «Иса жөнүндөгү күбөлөндүрүү ишин аткарып» жатышат (Аян 12:17). Шайтан менен анын дүйнөсүнөн эч коркпогула. Каршылыктарга карабай кабар айтып, элди окута берсек, жүрөгүбүз тынч болуп, кубанып да жүрөбүз. 1-кылымда жүйүттөрдүн төбөлдөрү элчилерге кабар айтканга тыюу салган. Бирок ал ишенимдүү кишилер Кудайга баш ийип, кабар айта бергендиктен, бакытка бөлөнгөн (Элч. 5:27—29, 41, 42). Биз жакта да ишибизге чектөө коюлса, кабар айтканда этият болушубуз керек (Мт. 10:16). Жахабага жаккандай иш кылып, өмүрдү сактаган кабарды жарыялаш үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, жан дүйнөбүз тынч болот.
«ТЫНЧТЫКТЫН КУДАЙЫ СИЛЕР МЕНЕН БОЛОТ»
18. Бизге чыныгы тынчтыкты ким бере алат?
18 Эң кыйын учурларда да жан дүйнө тынчтыгын сактай аласыңар! Андай учурларда Кудайдын тынчтыгы гана — Жахаба берген тынчтык гана — жан дүйнөбүздү бейкутукка бөлөй алат. Оору каптаганда, табигый кырсык болгондо же куугунтукталганда Кудайга таянгыла. Уюмуна бекем жармашкыла. Алдыда бизди кереметтүү келечек күтүп турат. Андан көзүңөрдү албагыла. «Ошондо тынчтыктын Кудайы силер менен болот» (Флп. 4:9). Кийинки макалада кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан ишенимдештерибизге Кудайдын тынчтыгына ээ болгонго кантип жардам бере аларыбызга токтолобуз.
38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат
a Жахаба аны жакшы көргөндөргө тынчтык берерин убадалаган. Кудай берген тынчтык деген эмне жана канткенде ага ээ боло алабыз? Оору каптаганда, табигый кырсыктар болгондо же куугунтукталганда «Кудайдын тынчтыгы» бизге кандайча жардам берет? Бул макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.
b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.
c Карагыла: «Ойгонгула!», 2017-ж., № 5, «Кырсык болгондо өмүрдү сактап кала турган кадамдар».