Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Забур 61:8де Дөөтү Кудайдын ысмын «түбөлүккө» даңктайм дегенде өтө эле аша чаап кеткен эмеспи?

Жок. Дөөтүнүн жазгандары жөндүү да, акылга сыярлык да болгон.

Анын ошол эле аятта жана ошого окшош аяттарда эмне деп жазгандарын карап көрөлү: «Мен болсо ысмыңды түбөлүк даңктап ырдайм, убадаларымды ар күнү аткарам», «оо, Жахаба Кудайым, сени бүт жүрөгүм менен даңазалайм, ысмыңды түбөлүккө даңктайм», «ысмыңды кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө алкайм» (Заб. 61:8; 86:12; 145:1, 2).

Дөөтү бул сөздөрдү жазганда эч качан өлбөйм деп ойлогон эмес. Ошондуктан жазгандары ашыра айткандыкка жаткан эмес. Ал адам баласы күнөөкөр пенде болгондуктан акыры өлүмгө моюн сунарын, өзү да күнөөкөр пенде экенин билген (Башт. 3:3, 17—19; Заб. 51:4, 5). Кудайдын ырайымына ээ болгон Ыбрайым, Ыскак, Жакып сыяктуу кишилердин да өлгөнүн билген. Ошондой эле акыры бир күнү өзүнүн да ичээр суусу түгөнөрүн жакшы түшүнгөн (Заб. 37:25; 39:4). Демек, Забур 61:8де ал Кудайды түбөлүккө, башкача айтканда, өмүрү өткүчө даңктагысы келерин, ошонусунан жазбай турганын айткысы келген (2 Шем. 7:12).

18, 51- жана 52–забурлардын башындагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, кээде Дөөтү башынан өткөргөн окуяларын жазган. 23–забурда ал Жахабаны койлорун жакшы кайтарган, суусунун кандырган, коргогон койчуга салыштырган. Дөөтү өзү да так ошондой койчу болгон. Ошондуктан «өмүрүнүн бардык күндөрүндө» Кудайга кызмат кылгысы келген (Заб. 23:6).

Эске алчу дагы бир нерсе, Дөөтүгө забурларды Жахаба өзү жаздырткан. Ал забурлардын айрымдарында кийин аткарыла турган пайгамбарлык сөздөр да камтылган. Мисалы, 110–забурда Дөөтү Мырзасынын асманда Кудайдын оң жагына отурарын жана зор бийлик аларын жазган. Мырзасы бийликти кандай максатта алмак? Ал бийликти Кудайдын душмандарын багындырып, жер жүзүндөгү «элдерди соттош» үчүн алмак. Дөөтү Машаяктын ата-бабаларынан болгон. Машаяк асмандан бийлик жүргүзүп, «түбөлүккө... дин кызматчы» болмок (Заб. 110:1—6). Кийин Иса 110-забурдагы ошол пайгамбарлык сөздөр ага тиешелүү экенин жана келечекте аткарыларын тастыктаган (Мт. 22:41—45).

Ооба, Дөөтү көзү тирүүсүндө да, келечекте тирилгенден кийин да Жахабаны түбөлүктөн түбөлүккө даңктай берери жөнүндө жазган. Ушундан улам 37-забур 10, 11, 29-аяттарда айтылган убадалар байыркы ысрайыл эли жашаган убакка да, келечекте Кудайдын убадалары бүт жер жүзү боюнча аткарыла турган убакка да тиешелүү деп жыйынтык чыгарсак болот. (Ушул сандагы «Сен мени менен бейиште болосуң» деген макаланын 8-абзацын карагыла.)

Андыктан Забур 61:8 жана ушул сыяктуу аяттар Дөөтү байыркы Ысрайылда Жахабаны өлөр-өлгүчө даңктагысы келгенин көрсөтүп турат. Ошондой эле ал аяттардан Дөөтүнүн кийин келечекте тирилгенде Жахабаны түбөлүктөн түбөлүккө даңктай турганын да көрсөк болот.