Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Сен мени менен Бейиште болосуң»

«Сен мени менен Бейиште болосуң»

«Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң» (ЛК. 23:43).

145-ЫР: Кудай убада кылган Бейиш

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Өлөр алдында Иса жанында асылып турган кылмышкерге эмне деген? (Лука 23:39—43)

 ИСА жана анын жанындагы эки кылмышкер сай-сөөгү сыздап, устунда кадалып турушкан (Лк. 23:32, 33). Алар жан бере турган убак жакындап келаткан. Экөө тең Исаны мазакташкан. Мындан алардын Исанын жолдоочусу болбогонун биле алабыз (Мт. 27:44; Мр. 15:32). Бирок алардын бири оюн өзгөртүп, Исага: «Иса, падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп айткан. Иса болсо ага: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деген. (Окугула: Лука 23:39—43.) Ал кылмышкердин Иса кызмат кылып жүргөндө айткан кабарга кулак какканы жөнүндө Ыйык Китептин бир да жеринде айтылбайт. Иса да ошол кишинин асман Падышалыгына кирерин айткан эмес (Мт. 4:17). Иса келечекте жер бетинде боло турган Бейиш жөнүндө кеп кылган. Эмне үчүн минтип айта алабыз?

Кылмышкердин Иса менен сүйлөшкөн сөзүнөн кандай жыйынтык чыгарсак болот? (2, 3-абзацтарды карагыла)

2. Өкүнгөн кылмышкер жүйүт болгон деп эмне үчүн айтсак болот?

2 Өкүнгөн кылмышкер жүйүт болсо керек. Ал берки кылмышкерге: «Сен, эмне, Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң деле ушундай жазага тартылбадыңбы»,— деген (Лк. 23:40). Жүйүттөр, башка элдерден айырмаланып, бир эле Кудайга сыйынчу (Чыг. 20:2, 3; 1 Кор. 8:5, 6). Эгер алар жүйүт элинен болушпаса, биринчиси экинчисинен: «Сен, эмне, кудайлардан коркпойсуңбу?» — деп сурамак. Андан тышкары, Иса башка элдерге эмес, «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна гана» жиберилген болчу (Мт. 15:24). Ысрайылдыктар Кудайдын өлгөндөрдү тирилтерин жакшы билишкен. Өкүнгөн кылмышкердин Исага айткан сөздөрүнө караганда, ал бул тууралуу билсе керек. Ошондуктан ал Жахаба Исаны асмандагы Падышалыкта бийлик кылыш үчүн тирилтет деп үмүттөнгөн чыгар. Ал Кудай мени да тирилтет деп ойлогон көрүнөт.

3. Иса Бейиш жөнүндө айтканда, кылмышкер эмне деп ойлонушу мүмкүн эле? Түшүндүргүлө. (Башталыш 2:15)

3 Өкүнгөн кылмышкер жүйүт болгондуктан Адам ата менен Обо эне жана Жахабанын аларды Бейишке жайгаштырганы жөнүндө билсе керек. Ошондуктан ал Иса айткан кооз Бейиш жер бетинде болот деп ишенсе керек. (Окугула: Башталыш 2:15.)

4. Исанын кылмышкерге айткан сөздөрү бизге эмне кылганга түрткү берет?

4 Исанын кылмышкерге айткандары бизге Бейиште жашоо кандай болот болду экен деп ойлонгонго түрткү берет. Сулаймандын учурунда бейпилдик өкүм сүргөн. Ошол учурду карап чыксак, Бейиштеги жашоонун кандай болоруна байланыштуу айрым нерселерди биле алабыз. Сулаймандан да улук Иса өзү менен башкара тургандар менен бирге жер бетин көз жоосун алган Бейишке айлантат деп күтсөк болот (Мт. 12:42). Ушундан улам «башка койлор» жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашаш үчүн алардан эмне талап кылынарына кызыкдар болушу керек (Жкн. 10:16).

БЕЙИШТЕ ЖАШОО КАНДАЙ БОЛОТ?

5. Бейиш заманды кантип элестетесиңер?

5 Бейиштеги жашоо жөнүндө ойлогондо көз алдыңарга эмне тартылат? Балким, Эйден багына окшогон кооз бакчаны элестететтирсиңер (Башт. 2:7—9). Же Микей пайгамбардын Кудайдын эли жөнүндө айткан: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат»,— деген сөздөрүн эстейттирсиңер (Мик. 4:3, 4). Ыйык Китептеги тамак-аш мол болору тууралуу жазылган аяттар да эсиңерге түшөттүр (Заб. 72:16; Ыш. 65:21, 22). Ошондон улам кооз бакчанын ичинде даамдуу түркүн тамак-ашка толгон дасторкон үстүндө отурганыңарды кыялданасыңар. Анан түрлүү гүлдөрдүн теребелди толтурган буруксуган жытын искейсиңер. Үйүңөрдөгүлөр, досторуңар менен чер жазыша сүйлөшүп каткырып отурасыңар. Арасында тирилгендер да бар. Ушунун баары куру кыял эмес. Жер бетинде ушундай жашоо болорунан эч шектенбесек болот. Бейиште рахат тартуулаган иштер менен да алек болобуз.

Биз маанилүү иш аткарабыз: тирилгендерди окутуп-үйрөтөбүз (6-абзацты карагыла)

6. Бейиште эмнелер менен алектенебиз? (Сүрөттү карагыла.)

6 Жахаба бизди эмгектен рахат алгыдай кылып жараткан (Нас. 2:24). Айрыкча, Машаяктын 1 000 жылдык башкаруусу учурунда иш чачтан көп болот. Мисалы, улуу алааматтан аман өткөндөргө, тирилген миллиондогон адамдарга кийим, тамак жана үй керек болот. Ошондо көп эмгектенип кубаныч алабыз. Түпкү ата-энебиз жер бетин Бейишке айлантышы керек болчу. Биз да ошол ишти аткарышыбыз керек болот. Жахаба жөнүндө дээрлик эч нерсе билбей өтүп кеткен миллиондогон адамдарды да окутуп-үйрөтөбүз. Исага чейин жашаган Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына да алар көз жумгандан кийин эмнелер болгонун айтып беребиз. Ушунун баары бизге чоң кубаныч тартуулайт.

7. Эмнеден күмөн санабасак болот жана эмне үчүн?

7 Келечекте Бейиште бейпилчилик, кененчилик, баары өз тартиби менен болорунан күмөн санабасак болот. Анткени Жахаба Иса башкарганда замандын кандай болорунун чет-бучкагын көрсөткөн. Буга Сулаймандын бийлик кылган учуру мисал боло алат.

СУЛАЙМАНДЫН БИЙЛИГИ БЕЙИШТИ ЭЛЕСТЕТКЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

8. Забур 37:10, 11, 29-аяттагы сөздөр Дөөтү падыша жазгандан кийин кантип аткарылган? (Ушул сандагы «Окурмандардын суроолорун» карагыла.)

8 Дөөтү ыйык рухтун жетеги менен келечекте акылдуу, ишенимдүү падыша башкарганда жашоо кандай болорун жазган. (Окугула: Забур 37:10, 11, 29.) Бейиш тууралуу кабар айтканда көп учурда Забур 37:11ди окуп беребиз. Ушинткенибиздин жөнү бар. Анткени Иса тоодогу насаатында ошол аяттын келечекте аткарыларын айткан (Мт. 5:5). Бирок Дөөтүнүн сөздөрү Сулаймандын күндөрүнө да тиешелүү. Сулайман Ысрайылды бийлеп турган кезде Кудайдын эли «сүт менен бал аккан» жерде мол тынчтыкка бөлөнүп, бардык жагынан гүлдөп-өскөн. Кудай элине: «Эгерде менин көрсөтмөлөрүм боюнча жашасаңар,.. жериңерге тынчтык берем. Уктаганы жатканда эч кимден коркпойсуңар»,— деген (Леб. 20:24; 26:3, 6). Ушул убада Сулаймандын күндөрүндө аткарылган (1 Жылн. 22:9; 29:26—28). Ал кезде Ысрайылда, Жахаба убада кылгандай, ыймансыз адамдар болбосо керек (Заб. 37:10). Демек, Забур 37:10, 11, 29-аяттарда жазылгандар байыркы убакта да аткарылган, келечекте да аткарылат десек болот.

9. Шебанын канышасы Сулаймандын башкаруусу жөнүндө эмне деген?

9 Ысрайылдыктардын канчалык бейпилдикте, молчулукта жашап жатканы Шебанын канышасына чейин жеткен. Ошондо ал уккандарын өз көзү менен көрүш үчүн Иерусалимге тээ алыстан жол арытып келген (1 Пад. 10:1). Сулаймандын падышалыгын түрө кыдырып, баарын өз көзү менен көргөндөн кийин ал: «Көрсө, мага жарымы да айтылбаптыр!.. Сенин кишилериң, дайыма алдыңда туруп акылдуу сөздөрүңдү уккан кызматчыларың кандай бактылуу!» — деген (1 Пад. 10:6—8). Бирок Сулаймандын бийлиги астында төгүлгөн баталар Исанын башкаруусу учурунда адамзатка төгүлө турган баталардын чети эле болгон.

10. Иса кандайча Сулаймандан ашып түшөт?

10 Иса Сулаймандан бардык жагынан ашып түшөт. Сулайман көп жаңылган пенде болгон. Анын туура эмес иштеринин айынан Кудайдын эли азапка малынган. Ал эми Иса — эч качан жаңылбаган жеткилең Башкаруучу (Лк. 1:32; Евр. 4:14, 15). Шайтан аны катуу сынаса да, ал берилгендигинен жазган эмес. Муну менен Машаяк эч качан күнөө кылбай турганын, бийлиги алдында жашай турган ишенимдүү адамдарга зыян келтирген эч бир жаман ишке барбай турганын далилдеген. Ушундай теңдешсиз Падышабыз бар экенине кандай гана ыраазыбыз!

11. Исага кимдер жардам берет?

11 Иса менен бирге 144 000 кошо бийлик кылат. Алар адамзатка кам көрүп Жахабанын жерге карата ой-ниетин ишке ашырышат (Аян 14:1—3). Алар жерде жүргөндө башынан далай азапты өткөрүшкөн. Андыктан алар жерде жашай тургандарга боор ооруй билишет. Анда Иса менен бийлик кыла тургандар кандай иштерди кылышат?

МАЙЛАНГАНДАР КАНДАЙ ИШ АТКАРЫШАТ?

12. Жахаба 144 000 кызматчысына кандай иш тапшырган?

12 Исага жана аны менен кошо бийлик кыла тургандарга Сулаймандыкына караганда алда канча чоң иш тапшырылат. Сулайман миллиондогон калкы бар бир эле өлкөгө кам көргөн. Ал эми Падышалыкта бийлик кыла тургандар бүтүндөй жер шарында жашаган миллиарддаган адамдарга кам көрүшөт. Жахаба 144 000 кызматчысына кандай гана зор сыймык ыйгарган!

13. Иса менен чогуу бийлик кыла тургандар дагы кандай өзгөчө ишти аткарышат?

13 Исага окшоп, 144 000 да падыша жана дин кызматчы болот (Аян 5:10). Мусанын мыйзамына ылайык, негизинен дин кызматчылар элдин ден соолугуна да кам көрүп, Жахабага да ынак болгонго жардам беришкен. Мыйзам «келечектеги жакшы нерселердин... көлөкөсү» болгон. Андыктан 144 000 Кудайдын элинин ден соолугуна да кам көрүп, Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаганга да жардам берет деп жыйынтык чыгарсак болот (Евр. 10:1). Ошол падышалар менен дин кызматчылар Падышалыктын жарандары менен кантип байланышат? Аны убакыт көрсөтөт. Буга байланыштуу Жахаба кандай чара көрбөсүн, Бейиш орногондо жерде жашагандар зарыл жетекчиликти аларынан эч шектенбесек болот (Аян 21:3, 4).

БЕЙИШТЕ ЖАШАШ ҮЧҮН «БАШКА КОЙЛОР» ЭМНЕ КЫЛЫШЫ КЕРЕК?

14. «Башка койлор» менен «кичине отордун» ортосунда кандай байланыш бар?

14 Иса өзү менен кошо башкара тургандарды «кичине отор» деп атаган (Лк. 12:32). Ал экинчи топту «башка койлорум» деп атаган. Ушул эки топ биригип бир оторду түзөт (Жкн. 10:16). Алар азыртадан эле эриш-аркак кызматташып жатышат. Бейиште да ошентери турган иш. Бейиш заман орногондо, «кичине отор» асманда болот, ал эми «башка койлор» жер бетинде түбөлүккө ырахаттанып жашашат. Бирок «башка койлор» бейиште түбөлүк жашаганга татыктуу болуш үчүн азыркы тапта белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек.

Бейиштеги жашоого азыртадан эле даярданып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз? (15-абзацты карагыла) b

15. а) «Башка койлор» Машаяктын бир туугандары менен кантип кызматташып жатышат? б) Канткенде сүрөттөгү ишенимдешибизди туурай алабыз? (Сүрөттү карагыла.)

15 Өкүнгөн кылмышкер Исанын ал үчүн кылган жакшылыгына ыраазычылыгын билдирип жетишпей калган. Андан айырмаланып, «башка койлордо» Исага канчалык ыраазы экенин билдиргенге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, аны канчалык жакшы көрөрүбүздү анын майланган бир туугандарына кылган мамилебиз менен көрсөтөбүз. Иса башка койлорду ошого жараша соттой турганын айткан (Мт. 25:31—40). Биз Машаяктын бир туугандарын кантип колдой алабыз? Ан үчүн кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жан-дилибиз менен катышышыбыз керек (Мт. 28:18—20). Ал максатка жетиш үчүн «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» сыяктуу Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген куралдарды жакшы колдонгула. Учурда изилдөөңөр жок болсо, Ыйык Китепти изилдөөнү болушунча көп кишиге сунуштаганды максат кылып алгыла.

16. Кудайдын Падышалыгынын жараны болуш үчүн азыртадан эмне кылышыбыз керек?

16 Жахабанын Бейиште жашай тургандарга койгон талаптарына жооп бериш үчүн Бейиш келгенде аракет кылам деп жүрө бербешибиз керек. Азыртадан эле ак сүйлөп, адал иш кылышыбыз, бардык нерсенин чегин билишибиз зарыл. Жахабага, өмүрлүк жарыбызга, ишенимдештерибизге берилгендик сактаганыбыз маанилүү. Бул ыймансыз дүйнөдө Жахабанын талаптарын аткарганга канчалык аракет кылсак, Бейиште да бул ошончолук жеңил болот. Булардан тышкары, кандайдыр бир жөндөм өрчүтсөк, сапаттарыбызды жакшыртсак, Бейиштеги жашоого даярданып жатканыбызды көрсөтөбүз. Ушул сандагы «Жерди мурастаганга даярсыңбы?» деген макаланы карагыла.

17. Мурда кылган күнөөлөрүбүз үчүн өзүбүздү жей бергенибиз туура болобу? Түшүндүргүлө.

17 Мурунку олуттуу күнөөлөрүбүз үчүн өзүбүздү кечке эле жей бербешибиз да керек. Албетте, кандай күнөө кылбайлы, кун баарын жабат деп «атайлап күнөө кыла бергенибиз» туура эмес болуп калат (Евр. 10:26—31). Бирок күнөөбүз үчүн чындап өкүнсөк, Жахабанын жардамын кабыл алсак, оңолсок, ал бизди айкөлдүк менен кечирерине бекем ишенсек болот (Ыш. 55:7; Элч. 3:19). Исанын фарисейлерге: «Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деп айткан сөздөрүн унутпагыла (Мт. 9:13). Ооба, кун бардык күнөөлөрүбүздү жаба алат.

СЕН БЕЙИШТЕ ТҮБӨЛҮК ЖАШАЙ АЛАСЫҢ

18. Исанын жанында устунга кадалган кылмышкер менен эмне жөнүндө сүйлөшөт элеңер?

18 Иса менен бирге өлүм жазасына тартылган кылмышкер менен Бейиште сүйлөшүп жатканыңарды элестетип көрсөңөр. Экөөңөр тең Исанын өз өмүрүн берип кун төлөгөнүнө канчалык ыраазы экениңерди бири-бириңерге айтасыңар. Кылмышкерден Исанын өмүрүнүн акыркы сааттарында эмнелер болгону жана Исанын анын өтүнүчүн орундатарын айтканда кандай сезимде болгонун айтып беришин суранасыңар. Ал болсо силерден Шайтандын дүйнөсүнүн акыркы күндөрүндө жашоонун кандай болгонун кеп кылып беришиңерди суранат. Ушундай кишилер менен Ыйык Китепти изилдөө биз үчүн зор сыймык болот! (Эф. 4:22—24)

Миң жылдыктын тушунда мурда эңсеп келген өнөрүн ишке ашырып, ошондон ырахат алып жаткан ишенимдешибиз (19-абзацты карагыла)

19. Бейиш заманда эмне үчүн зерикпейбиз? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

19 Бейиште эч качан зерикпейбиз. Ар кандай адамдар менен баарлашып, кызыктуу маек курабыз, дайыма кубаныч тартуулаган иш менен алек болобуз. Баарынан жакшысы, күндөн күнгө асмандагы Атабызды жакшыраак таанып-биле беребиз. Ал берген жакшылыктарга моокумубуз канат. Жахаба жөнүндөгү билимдин түбү жок болот. Ал жараткан нерселерди да түбөлүккө изилдей беребиз. Жыл артынан жыл жалгаган сайын Кудайга болгон сүйүүбүз тереңдей берет. Ооба, Бейиште түбөлүк жашайсыңар деп убадалаган Жахаба менен Исага кандай гана ыраазыбыз!

22-ЫР: Кудайдын Падышалыгы келсин!

a Бейиште жашоо кандай болот болду экен деп көп ойлоносуңарбы? Ошентип турганыңар жакшы. Анткени Жахабанын жаңы заманда төгө турган баталары жөнүндө канчалык көп ой жүгүртсөк, алар тууралуу башкаларга ошончолук күйүп-жанып айтып беребиз. Иса келечектеги Бейиш жөнүндө айткан. Бул макала анын сөздөрүнө ого бетер ишенгенге жардам берет.

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Тирилгендерди окутуп-үйрөткөнгө азыртадан даярданып жаткан ишенимдешибиз.