Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңарбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Жахаба менен сүйлөшкөнгө, аны укканга, ал жөнүндө ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгөнүбүз эмнеси менен пайдалуу?

Туура чечимдерди чыгарасыңар, мыкты окутуучулардан боло аласыңар, ишенимиңер барган сайын күчтүүрөөк боло берет, Жахабага болгон сүйүүңөр тереңдей берет. w22.01 30, 31-б.

Жахабага жана анын өкүлдөрүнө ишеним артканды үйрөнгөнүбүздүн кандай пайдасы бар?

Азыр Кудайдын туура иш жүргүзөрүнө жана аксакалдардын чечимдерине шек санабай, ишеним артканды үйрөнө турган учур. Ошентсек, улуу алаамат башталганда, акылга сыйбагандай же бир кызыктай сезилген көрсөтмөлөргө да дароо баш ие алабыз. w22.02 4—6-б.

Периште Закарыя пайгамбарга «[Башкаруучу] Зоробабылдын колундагы өлчөгүч шайман» жөнүндө айтканда эмне дегиси келген? (Зак. 4:8—10)

Бул аян Кудайдын элин жөнөкөй көрүнгөн ибадаткананын курулуп бүтөрүнө жана Кудайдын талаптарына ылайык болоруна ишендирген. w22.03 16, 17-б.

Канткенде «[сөзүбүз] менен... үлгү боло» алабыз? (1 Тим. 4:12)

Ан үчүн кабар айтып жүргөндө сылык болуп, адамдарды урматташыбыз, жыйналыштан чын жүрөктөн ырдашыбыз, дайыма жооп беришибиз, чындыкты сүйлөшүбүз, башкаларды кубаттап-бекемдешибиз, кемсинтерлик сөздөрдөн арылышыбыз керек. w22.04 6—9-б.

Эмне үчүн Даниел 7-бөлүмдө айтылган жырткычтардын (өкмөттөрдүн) төртөө тең Аян 13:1, 2де бир жырткыч катары сүрөттөлгөн деп айтсак болот?

Аян 13-бөлүмдө айтылган жырткыч жалгыз өкмөттү, мисалы, Римди билдирбейт. Ал адамзатка үстөмдүк кылып келген бардык өкмөттөрдү билдирет. w22.05 9-б.

Кудайдын адилеттүү экенине ишенерибизди көрсөтүүнүн эң негизги жолу кайсы?

Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутса, таарынтса же бизге каршы күнөө кылса, таарынбай, кек сактабай, баарын Жахабага тапшырып коюшубуз керек. Ал күнөөнүн айынан болуп жаткан бардык зыяндын ордун толтуруп берет. w22.06 10, 11-б.

Жыйналыштын атынан тиленгендер эмнени эсинен чыгарбашы керек?

Алар кеңеш бербеши же кулактандыруу айтпашы керек. Айрыкча, жыйналыштын башында «көп сөз айткандын» да кереги жок (Мт. 6:7). w22.07 24, 25-б.

«Жамандык кылгандар» кандай мааниде «соттолуш үчүн тирилет»? (Жкн. 5:29)

Алар мурунку иштеринин негизинде соттолушпайт. Алар тирилгенден кийин сынак алдында болушат. Сынактан өтөр-өтпөсү көз карашына, жүрүм-турумуна жараша болот. w22.09 18-б.

Жозеф Рутерфорд 1922-жылы сентябрда өткөн жыйында жүрөк толкуткан кандай чакырык айткан?

Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөн жыйында ал: «Мына, Падыша башкарып жатат! Силер болсо анын жарчыларысыңар. Ошондуктан Падышаны жана анын Падышалыгын жарлагыла, жарлагыла, жарлагыла!» — деп жар салган. w22.10 3—5-б.

Ышая 30-бөлүмгө ылайык, Жахаба туруктуу болгонго кайсы үч жол менен жардам берет?

Бул бөлүмдө анын бизди 1) угуп, тилегибизге жооп берери, 2) жетектей турганы жана 3) азыр да, келечекте да батасын төгөрү айтылган. w22.11 9-б.

Забур 37:10, 11, 29да жазылгандар байыркы убакта аткарылган, келечекте да аткарылат деп эмне үчүн айтсак болот?

Дөөтүнүн сөздөрү байыркы убакта, мисалы, Сулаймандын тушунда Ысрайылда өкүм сүргөн сонун шарттарды таамай сүрөттөп турат. Иса ошол забурдун 11-аятын цитата кылып, бейиште да аткарыларын баса көрсөткөн (Мт. 5:5; Лк. 23:43). w22.12 8—10, 14-б.