Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичимдикке Кудай карагандай карагыла

Ичимдикке Кудай карагандай карагыла

СИЛЕР Жахаба берген көптөгөн белектерди абдан баалайт болушуңар керек. Ал белектерди кантип колдонушту өзүңөргө коюп, чечим чыгарганга эркиндик бергенине да ыраазы экениңерге шек жок. Кызыктуусу, Ыйык Китепте шараптын Кудайдын белеги экени айтылат. Атүгүл анда: «Нан жумушчулардын күлкүсүн чыгарат, шарап жашоонун көркүн ачат»,— делет (Нас. 10:19; Заб. 104:15). Ошентсе да айрымдардын ичимдиктин айынан көйгөйлөрүнө көйгөй кошуп алып жатканын көрүп жаткандырсыңар. Андан тышкары, төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган, маданияты ар кандай адамдар ичимдикке ар кандай карашат. Анда Машаяктын жолдоочуларына ичимдикке карата туура көз карашта болгонго эмне жардам берет?

Кайсы жерде жашабайлы, маданиятыбыз кандай болбосун, ичимдикке Кудай карагандай карасак, өзүбүзгө эле жакшы болот.

Дүйнө жүзүндө көптөрдүн ичимдикти бат-баттан жана көп ичерин байкагандырсыңар. Айрымдар эс алыш үчүн ичиши мүмкүн. Башкалары болсо көйгөйлөрүн унутуш үчүн ичишет. Кээ бир жерлерде болсо көп ичкендерди күчтүү, накта эркек деп айтышат.

Ал эми биз, Кудайдын кызматчылары, мээримдүү Жаратканыбыздын ичимдикке байланыштуу кандай кеңештерди бергенин билебиз. Мисалы, ал көп ичкендин арты каргашалуу болорун эскерткен. Ашыра ичип алган кишинин кандай болорун жана ошонун айынан кандай көйгөйлөргө a кабылышы мүмкүн экенин Накыл сөздөр 23:29—35-аяттардан окуй алабыз. Европада жашаган Даниел деген аксакал Жахабанын Күбөсү болгонго чейинки жашоосун эскерип: «Мурда аябай көп ичкендиктен туура эмес чечимдерди чыгарып, жаман иштерди кылгам. Аларды эстегенде азыркыга чейин жаман болуп кетем»,— деген.

Кудай берген эркиндикти туура пайдаланып, канткенде чектен чыгып кетпейбиз жана ичкиликтин зыянын тартып калбайбыз? Ан үчүн ичкиликке Кудай карагандай карашыбыз керек.

Анда келгиле, Ыйык Китепте ичимдик тууралуу эмне делерин жана айрымдардын эмне үчүн ичерин карайлы.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ИЧИМДИК ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын Сөзүндө чеги менен ичкенге тыюу салынбайт. Атүгүл анда шараптын кубаныч тартуулары айтылат. Мисалы, Ыйык Китепте: «Наныңды кубаныч менен же, шарабыңды шайыр жүрөк менен ич»,— деп жазылган (Нас. 9:7). Исанын да, Кудайдын башка ишенимдүү кызматчыларынын да шарап ичкен учурлары болгон (Мт. 26:27—29; Лк. 7:34; 1 Тим. 5:23).

Бирок Кудайдын Сөзүндө чеги менен ичкен башка, мас болуп калган такыр башка экени айтылат. Анда: «Шарап ичип мас болбогула»,— деп ачык эле жазылган (Эф. 5:18). Атүгүл аракечтердин «Кудайдын Падышалыгын мурастабай» турганы айтылат (1 Кор. 6:10). Ооба, Жахабага өтө көп ичкендер жана аракечтер такыр жакпайт. Ошондуктан канча ичерибизди маданиятыбызга, тегерегибиздеги адамдарга эмес, Жахабанын көз карашына карап чечкенибиз жакшы.

Айрымдар көп ичсем деле жакшы көтөрөм, мас болбойм деп ойлошу мүмкүн. Бирок минтип ойлоо аябай кооптуу. Анткени Ыйык Китепте кимдир бирөө: эркек болобу же аялбы, «шараптын кулу» болуп калса, адеп-ахлаксыз иштерге барары, Жахабанын жүрөгүн оорутары айтылат (Тит 2:3; Накыл 20:1). Иса атүгүл мас болгондордун, ичимдикке берилип кеткендердин бейиште жашабай турганын айткан (Лк. 21:34—36). Анда ичимдиктин айынан түшүп калышыбыз мүмкүн болгон кылтактардан кантип качсак болот?

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНЧА ЖОЛУ ИЧЕРИҢДИ ТЕКШЕР

Канча ичишти маданиятка карап чечүү кесепеттүү болуп калышы ыктымал. Машаяктын жолдоочулары эмне жеп, эмне ичерин чечерде Жахабага жагар-жакпасын ойлонгону акылдуулукка жатат. Анын Сөзүндө: «Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген кеңеш жазылган (1 Кор. 10:31). Эмесе, ичимдикке байланыштуу айрым суроолорго жана Ыйык Китептеги принциптерге токтололу.

Башкаларга жагыш үчүн эле ичпеймби? Чыгуу 23:2де: «Көпчүлүктү ээрчибе»,— делет. Бул жерде Жахаба ысрайылдыктарга ага жакпаган иштерди кылгандарды туурабашы керектигин айткан. Бул эскертүү бизге да тиешелүү. Ичимдикке келгенде теңтуштарыбыздын таасирине алдырып койсок, бара-бара Жахабага жакпаган иштерди кылып, аны менен болгон мамилебизди бузуп алышыбыз ыктымал (Рим. 12:2).

Башкаларга күчтүү көрүнүш үчүн эле ичпеймби? Айрым маданияттарда бат-баттан жана көп ичүү боло жүргөн нерседей эсептелет (1 Пет. 4:3). Бирок 1 Корунттуктар 16:13тө эмне деп жазылганына көңүл бурсаң. Ал жерде: «Сергек болгула, ишеним жолунда бекем тургула, эр жүрөк, кайраттуу болгула»,— делген. Ичимдик чынында эле кишини күчтүү кылып көрсөтөбү? Кайдан. Ичип алган киши тунук ой жүгүртпөй, туура чечим чыгара албай калат. Ошондуктан күчтүү болбой эле, абийири айрандай төгүлүп, алсыз жактарын көрсөтөт. Ышая 28:7де ичимдик ичкендердин теңселери, жолдон чыгып чалынып жыгылары айтылат.

Чыныгы күчтү Жахаба гана бере алат жана ал сергек болуп, ишеним жолунда бекем турушубузду талап кылат (Заб. 18:32). Ан үчүн Машаяктын чыныгы жолдоочусу дайыма сак турат жана Кудай менен болгон мамилесин буза турган нерселерге такыр жол бербейт. Иса жерде жүргөндө ушундай күчтүү киши экенин көрсөткөн. Көптөр аны эрки күчтүү, кайраттуу киши деп сыйлашкан.

Ичимдикти көйгөйлөрүмдү унутуш үчүн ичемби? Забурчу Кудайдын руху менен: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин [Жахабанын] сооротууң жанымды жыргаткан»,— деп жазган (Заб. 94:19). Жүрөгүңдү бир нерсе өйүп жатса, жеңилдеш үчүн ичимдик ичпей, Жахабадан жардам сура. Мунун эң жакшы жолу — Жахабадан бат-баттан тиленүү. Ошондой эле көптөр жыйналышындагы рухий жактан жетилген достору менен кеңешкени да жардам берерин байкашкан. Ал эми көйгөйлөр менен күрөшүш үчүн ичимдик ичип алган киши өзүн башкара албай, туура эмес иш кылганга жакын болуп калат (Ош. 4:11). Жогоруда сөз кылынган Даниел: «Ичим уйгу-туйгу болуп эле өзүмдү күнөөлүү сезе берчүмүн, ошол үчүн ичип алчумун. Ошентип көйгөйлөрүм азайбай эле, көбөйүп кетчү. Досторум менен жүз карашпай калгам, өзүмдү да сыйлачу эмесмин»,— деп ачык айткан. Даниелге эмне жардам берген? «Мага ичимдик эмес, Жахаба жардам берерин түшүндүм. Акыры, анын колдоосу менен көйгөйлөрүмдү чече алдым»,— дейт ал. Мындан көрүнүп тургандай, канчалык үмүтсүз абалда калбайлы, Жахаба бизге кол сунганга дайым даяр (Флп. 4:6, 7; 1 Пет. 5:7).

Эгер кээде ичимдик ичип койсоң, өзүңдү мындай деп текшерип көр: «Үй-бүлөмдөн кимдир бирөө же жакын досум: „Көп ичип жатат окшойсуң“,— деп тынчсызданбай элеби?» Эгер ушинтип жатса, ичкениң адатка же көйгөйгө айланып баратканынын белгиси болушу мүмкүн. «Мурункудан көбүрөөк иче баштаган жокмунбу?» Ичимдикти чени менен ичип жүргөн киши деле ага берилип кетиши ыктымал. «Бир нече күн же андан узак убакыт ичимдик ичпей жүрө аламбы?» Эгер бул кыйынга турса, ичимдик ичүү адатка айланып калган болушу этимал. Мындайда медициналык жардам талап кылынышы мүмкүн.

Ичимдиктин айынан пайда болгон кооптуу жагдайлардан же көйгөйлөрдөн качыш үчүн Машаяктын айрым жолдоочулары такыр оозго албай эле коюуну чечишкен. Башкалары болсо даамы жакпаганы үчүн ичпейт. Эгер курбу-курдаштарыңдын бири ичпей эле коюну чечсе, анын көз карашын эске алып, сыйласаң, ага жакшылык кылган болосуң.

Же балким: «Мобунча эле ичем»,— деп өзүңө чек коюп алаттырсың. Же канча убакытта бир ичериңди, мисалы, жумасына бир жолу же тамак учурунда аз-аздан ичип турам деп чечип алаттырсың. Дагы бирөөлөрү ичимдиктин кандай түрүн ичерине байланыштуу чек коюп алышат. Алсак, шарапты, сыраны чени менен ичем, ал эми ликёр же курамында башка күчтүү ичимдиктер бар коктейлдерди такыр оозго албайм деп чечип алышат. Эгер өзүңө ушундай чектерди коюп алсаң, аларга карманыш оңоюраак болот. Машаяктын жетилген жолдоочусу ичимдикке байланыштуу чектерди коюп алгандан жана аларга кармангандан уялбайт.

Бул маселеде башкалардын сезимин эске алуу да абдан маанилүү. Римдиктер 14:21де: «Бир тууганың мүдүрүлө турган болсо, анда эт жебегениң, шарап ичпегениң же башка нерселерди кылбаганың жакшы»,— делет. Ишенимдештерибизди жакшы көрсөк, бул кеңешти колдонуш кыйынга турбайт. Ичип алып кимдир бирөөгө кедерги болуп калышың мүмкүн экенин байкасаң, аны жакшы көргөндүктөн ичпей эле коюуну туура көрөттүрсүң. Ошентсең, өзүңдүн эмес, башканын пайдасын көздөп, аны сыйлаарыңды көрсөтөсүң (1 Кор. 10:24).

Андан тышкары, ичимдикке байланыштуу өкмөт койгон мыйзамдарга да баш ийгенибиз маанилүү. Мисалы, айрым өлкөлөрдө ичимдик ичкенге такыр эле уруксат берилбейт же кайсы бир куракка чейин ичимдик ичкенге тыюу салынат. Же мыйзам боюнча ичкенден кийин унаа айдаганга, кайсы бир электр шаймандарын иштеткенге болбойт (Рим. 13:1—5).

Жахаба бизге ал берген белектерден кубаныч алышыбыз үчүн эркиндик берген. Ал эмне ичип, эмне жээрибизди өз алдыбызча чече алгыдай кылып жараткан. Бул да аны белеги. Анда келгиле, ошол эркиндигибизди баалаарыбызды асмандагы Атабызга жаккыдай чечимдерди чыгарып көрсөтөлү.

a АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун билдирүүлөрүнө ылайык, бир эле жолу көп ичип алуу киши өлтүрүүгө, өз өмүрүнө кол салууга, сексуалдык асылууга, жубайына зордук-зомбулук көрсөтүүгө, бузуку иштерге жана бойдон түшүп калууга алып барышы ыктымал.