Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ишенимибиз менен иштерибиздин аркасында адил боло алабыз

Ишенимибиз менен иштерибиздин аркасында адил боло алабыз

«Ыбрайым Жахабага ишенди, ошон үчүн адил деп эсептелди» (РИМ. 4:3).

119-ЫР: Ишенимге ээ бололу

БУЛ МАКАЛАДА:  a

1. Ыбрайымдын ишеними жөнүндө укканда эмне деп ойлонушуңар мүмкүн?

 КӨПТӨР Ыбрайым пайгамбар жөнүндө укса да, ал жөнүндө аз эле билишет. Бирок силер Ыбрайымдын тарых-таржымалы жөнүндө жакшы билесиңер. Маселен, анын «бардык ишенгендердин атасы» деп аталганын билесиңер (Рим. 4:11). Балким, силер: «Мен да, Ыбрайымдай болуп, бекем ишеним өрчүтө аламбы?» — деп ойлоноттурсуңар. Ооба, өрчүтө аласыңар.

2. Ыбрайымдын үлгүсү жөнүндө изилдегенибиз эмне үчүн маанилүү? (Жакып 2:22, 23).

2 Ыбрайым пайгамбардыкындай бекем ишеним өрчүтүш үчүн анын кандай үлгү калтырганын карап чыгалы. Ыбрайым пайгамбар дайыма Кудай айткандай кылган. Мисалы, ал өз үйүн таштап, бөтөн жерлерде ондогон жылдар бою чатырларда жашаган. Ошондой эле сүйүктүү уулу Ыскакты курмандыкка чалганга даяр болгон. Анын ушундай иштери ишениминин канчалык күчтүү экенин көрсөтүп турган. Ыбрайым ишенимин иштери менен бышыктагандыктан Кудайдын ырайымына ээ болгон жана анын досу деп аталып калган. (Окугула: Жакып 2:22, 23.) Жахаба баарыбыздын, анын ичинде сенин да ошондой бата алышыңды каалайт. Так ушу себептен Жахаба ыйык руху аркылуу Пабыл менен Жакыпка Ыбрайымдын кандай үлгү калтырганы жөнүндө жаздырткан. Анда келгиле, Ыбрайым пайгамбардын үлгүсүн карайлы. Ал тууралуу Римдиктер 4-бөлүмдө жана Жакып 2-бөлүмдө жазылган. Эки бөлүмдө тең Ыбрайым жөнүндө аябай маанилүү ойлор айтылган.

3. Пабыл менен Жакып кайсы аятты цитата кылышкан?

3 Пабыл да, Жакып да Башталыш 15:6да айтылган сөздөрдү цитата кылышкан. Ал жерде: «Ыбрам Жахабага ишенди, ошондуктан Ал аны адил деп эсептеди»,— деп жазылган. «Адил» деген сөз Кудайга жаккан, атүгүл анын көз алдында күнөөсүз деп эсептелген кишиге карата колдонулат. Кудайдын күнөөкөр эле пендени күнөөсүз деп эсептегени кандай гана көңүлгө аларлык. Кудайдын силерди да адил деп эсептешин каалайт болушуңар керек. Бул чын эле мүмкүн. Азыр Жахабанын Ыбрайымды эмне үчүн адил деп эсептегенин карап чыгабыз. Ошонун аркасында биз да адил деп эсептелиш үчүн эмне кылышыбыз керек экенин биле алабыз.

ИШЕНИМ БОЛБОСО, ЖАХАБАНЫН АЛДЫНДА АДИЛ БОЛО АЛБАЙБЫЗ

4. Адамдарга адил болгонго эмне тоскоолдук кылат?

4 Римдиктерге жазган катында Пабыл күнөөсүз бир да адам жок экенин айткан (Рим. 3:23). Анда канткенде Кудайдын алдында адил же күнөөсүз болуп, ага жага алабыз? Ушул суроого жооп бериш үчүн Пабыл Ыбрайым пайгамбарды мисал кылган.

5. Жахаба Ыбрайымды эмненин негизинде адил деп жарыялаган? (Римдиктер 4:2—4).

5 Жахаба Ыбрайымды ал Канаан жеринде жашап жүргөндө адил деп атаган. Эмне үчүн? Ыбрайым Мусанын мыйзамына кыйшаюусуз баш ийген үчүнбү? Жок, андай эмес (Рим. 4:13). Анткени Мыйзам ысрайылдыктарга Жахаба Ыбрайымды адил деп тапкандан 400дөн ашык жыл өткөндөн кийин берилген. Анда Кудай Ыбрайымды эмненин негизинде адил деп эсептеген? Ыбрайым Жахабага ишенгендиктен, ал ага чексиз ырайым көрсөтүп адил деп атаган. (Окугула: Римдиктер 4:2—4.)

6. Жахаба күнөөкөр пенделерди эмненин негизинде адил деп эсептейт?

6 Пабыл андан ары, эгер кимдир бирөө кудайга ишенсе, «ал ишеними үчүн адил деп эсептелерин» айткан (Рим. 4:5). Ал мындай деп кошумчалаган: «Дөөтү да Кудай иштерине карабай адил деп эсептеген адамды бактылуу деп: „Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылгандар бактылуу. Жахаба күнөөсү үчүн жоопко тартпаган адам бактылуу“,— деген» (Рим. 4:6—8; Заб. 32:1, 2). Ооба, Кудай ага ишенгендердин күнөөлөрүн кечирет же жаап коёт. Ал алардын күнөөсүн биротоло кечирет, эч качан эстебейт. Жахаба андай адамдарды ишениминин аркасында күнөөсүз жана адил деп эсептейт.

7. Кудайдын ишенимдүү кызматчылары кандай мааниде адил деп эсептелген?

7 Ыбрайым, Дөөтү жана Жахабанын башка ишенимдүү кызматчылары адил деп эсептелсе да, күнөөкөр пенде бойдон кала беришкен. Бирок ишеними күчтүү болгондуктан Кудай аларды өзүнө сыйынбагандарга салыштырмалуу күнөөсүз деп эсептеген (Эф. 2:12). Пабыл катында айкын көрсөткөндөй, ишеним болбосо, адам Кудай менен ынак мамиле өрчүтө албайт. Кудайга бекем ишенген үчүн Ыбрайым менен Дөөтү аны менен дос боло алган, биз да ошенте алабыз.

ИШЕНИМ МЕНЕН ИШТЕРИБИЗДИН КАНДАЙ БАЙЛАНЫШЫ БАР?

8, 9. Айрымдар Жакып менен Пабылдын кайсы сөздөрүн туура эмес түшүнүп алышат жана эмне үчүн?

8 Кылымдар бою христиан дүйнөсүндөгүлөр ишеним менен иштердин ортосундагы байланышты талашып келишкен. Айрым чиркөө башчылары аман калыш үчүн Исага ишенип коюу эле жетиштүү деп окутушат. Балким, алардын: «Исаны кабыл алгыла, ошондо куткарыласыңар»,— деген сөздөрүн уккансыңар. Алар атүгүл Пабылдын: «Кудай [адамды] иштерине карабай адил деп эсептейт»,— деген сөздөрүн цитата кылышы мүмкүн (Рим. 4:6). Бирок башкалары чиркөө ыйык деп эсептеген жерлерге барсаң жана жакшылык кылсаң, куткарыласың деп айтышат. Балким, алар буга далил катары Жакып 2:24төгү сөздөрдү келтиришет. Ал жерде: «Адам ишениминин эле негизинде эмес, иштеринин негизинде адил деп жарыяланат»,— делген.

9 Ушундай түшүнүктөрдөн улам Ыйык Китепти изилдеген айрым окумуштуулар Пабыл менен Жакып Кудайга жагууга карата эки башка көз карашта болушкан деген жыйынтыкка келишет. Айрым диний төбөлдөр Пабыл Кудайга жагыш үчүн ишенип эле койгонубуз жетиштүү десе, Жакып Кудайга жагыш үчүн туура иштерди кылганыбыз маанилүү деп окуткан дешет. Ыйык Китепти изилдеген бир профессор бул тууралуу: «Жакып Пабылдын адил деп жарыяланыш үчүн эмне себептен ишеним эле керек деп айтканын түшүнгөн эмес. Ошондуктан ал Пабылдын сөздөрүнө кошулган эмес»,— деген. Бирок Жахаба Пабылды да, Жакыпты да ыйык руху менен жетектеп, ошол сөздөрдү жаздырткан (2 Тим. 3:16). Андыктан экөөнүн айткандарынын ортосундагы байланышты түшүнүүнүн жөнөкөй эле жолу бар. Бул — ал аяттардын контекстин карап чыгуу.

Пабыл Римдеги Исанын жолдоочуларына Кудайга жагыш үчүн Мыйзамды аткаруу эмес, ишеним маанилүү экенин түшүндүргөн (10-абзацты карагыла) b

10. Пабыл кайсы «иштер» жөнүндө айткан? (Римдиктер 3:21, 28). (Сүрөттү да карагыла.)

10 Римдиктер 3, 4-бөлүмдөрдө Пабыл кайсы «иштер» жөнүндө сөз кылган? Ал Кудай Синай тоосунда Мусага берген мыйзам «талап кылган иштер» жөнүндө айткан. (Окугула: Римдиктер 3:21, 28.) Сыягы, Исанын жүйүт жолдоочуларына ал Мыйзам күчүн жоготконун жана андагы иштерди кылуу талап кылынбай калганын кабыл алуу кыйын болгон. Ошондуктан Пабыл Ыбрайымды мисал кылып, адил деп эсептелиш үчүн Мыйзам талап кылган иштерди кылуу зарыл эмес экенин далилдеген. Анын ордуна, ишеним керектигин түшүндүргөн. Демек, биз да бир нерседен шектенбесек болот: Кудайдын алдында адил болуу колубуздан келет. Тагыраак айтканда, Жахабага жагыш үчүн ага жана Машаякка ишеним өрчүтө алабыз.

Жакып боордошторун ишенимин иш жүзүндө көрсөтүш үчүн баарына бирдей мамиле кылганга үндөгөн (11, 12-абзацтарды карагыла) c

11. Жакып кандай иштер жөнүндө сөз кылган?

11 Ал эми Жакып 2-бөлүмдө айтылган «иштер» Пабыл айткан «мыйзам талап кылган» иштерди билдирбейт. Жакып Кудайдын кызматчылары дайыма кылышы керек болгон иштер жөнүндө айткан. Ал иштерден Исаны жолдойм деген кишинин Кудайга чындап ишенер-ишенбеси көрүнмөк. Анда Жакып мисал келтирген эки жагдайды алалы.

12. Жакып ишибиз менен ишенимибиздин кандай байланышта экенин кантип түшүндүргөн? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Биринчисинде ал Кудайдын кызматчысы баарына бирдей мамиле кылышы керектигин айткан. Муну түшүндүрүш үчүн байга кошомат кылып, кедейди теңине албаган кишини мисал кылган. Жакып анын Кудайга ишенем деп ырастаганы менен иши такыр башканы көрсөтүп турарын баса белгилеген (Жкп. 2:1—5, 9). Экинчисинде болсо ал ишенимдешинин тамак-ашы, кийим-кечеги жок экенин көрүп турса да, эч кандай жардам бербеген бирөө жөнүндө айткан. Ал Кудайга ишенем дегени менен ишенимин иши менен бышыктаган эмес. Ошондуктан анын ишенгенинен эч кандай пайда болмок эмес. Анткени, Жакып жазгандай, «ишсиз ишеним өлүк» (Жкп. 2:14—17).

13. Ишенимибиз да, иштерибиз да маанилүү экенин көрсөтүш үчүн Жакып кимди мисал кылган? (Жакып 2:25, 26).

13 Жакып Рахапты ишенимин иш жүзүндө көрсөткөн инсан катары мисал кылган. (Окугула: Жакып 2:25, 26.) Рахап Жахаба жөнүндө уккан жана анын ысрайылдыктарды колдоп жатканын түшүнгөн (Жаш. 2:9—11). Ал эки ысрайылдык чалгынчыны өлүмдөн алып калып ишенимин иши менен көрсөткөн. Натыйжада, ал аял жеткилең эмес болсо да, Муса пайгамбарга берилген мыйзамга карманбаса да, Ыбрайым сыяктуу эле адил деп эсептелген. Рахаптын үлгүсү ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүү канчалык маанилүү экенин баса белгилеп турат.

14. Пабыл менен Жакыптын сөздөрү эмне үчүн бири-бирине каршы келбейт?

14 Ыйык Китепти жазганга катышкан Пабыл менен Жакыптын сөздөрү бири-бириникине карама-каршы келбейт. Алар, болгону эле, ишеним жана иштер жөнүндө эки башка жол менен түшүндүрүп беришкен. Алсак, Пабыл Исанын жүйүт жолдоочуларына Жахабага жагыш үчүн Муса аркылуу берилген мыйзамды аткаруу талап кылынбай турганын айткан. Ал эми Жакып Машаяктын бардык жолдоочулары ишенимин башкаларга жакшылык кылып көрсөтүшү керектигин баса белгилеген.

Ишенимиң Жахабага жаккандай иштерди кылганга түрткү береби? (15-абзацты карагыла)

15. Ишенимибизди иш жүзүндө кантип көрсөтө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

15 Албетте, бул Жахаба бизди адил деп эсептеши үчүн Ыбрайым эмне кылса, биз да так ошону кылышыбыз керектигин билдирбейт. Чынында эле, ишенимибизди ишибиз менен көрсөтүүнүн ар кандай жолдору бар. Мисалы, жыйналышка биринчи жолу келгендерди кучак жайып тосуп алуу, чындап муктаж болгон ишенимдештерибизден жардамыбызды аябоо, ошондой эле үйүбүздөгүлөргө жакшы мамиле кылуу. Ушуларды кылсак, Кудайга жагып, андан бата алабыз (Рим. 15:7; 1 Тим. 5:4, 8; 1 Жкн. 3:18). Ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүүнүн эң жакшы жолу — башкаларга жакшы кабарды ынталуу жарыялоо (1 Тим. 4:16). Баарыбыз тең Жахабанын убадаларын аткарарына жана анын жолдору эң туура экенине ишенерибизди иштерибиз менен көрсөтө алабыз. Эгер ушуларды кылсак, Жахабанын бизди адил адам жана досу деп эсептээринен эч күмөн санабасак болот.

ҮМҮТҮБҮЗДҮ БЕК САКТАСАК, ИШЕНИМИБИЗ КҮЧТҮҮ БОЛОТ

16. Ыбрайым эмнеден үмүт үзбөй ишене берген?

16 Римдиктер китебинин 4-бөлүмүндө Ыбрайымдан үйрөнсөк боло турган дагы бир маанилүү нерсе жөнүндө — үмүтүн бек сактаганы жөнүндө — айтылат. Жахаба ага «көптөгөн элдердин» ал аркылуу бата аларын айткан. Ыбрайымда кандай гана сонун үмүт болгонун элестетсеңер! (Башт. 12:3; 15:5; 17:4; Рим. 4:17). Бирок Ыбрайым 100гө, Сара 90го таяп калса да, Кудай убада кылгандай, алар уулдуу болуша элек болчу. Адамдык көз караш менен караганда, алардын ушундай куракта ата-эне болушу мүмкүн эместей сезилген. Бул, албетте, Ыбрайымдын ишенимин сынаса керек. Ошентсе да ал «көптөгөн элдердин атасы болушу үчүн үмүтүн үзбөй ишене берген» (Рим. 4:18, 19). Анан, чынында эле, үмүтү ишке ашкан. Ал өзү эңсеп келгениндей эле, Ыскак деген уулдуу болгон (Рим. 4:20—22).

17. Кудайдын досторундай болуп, адил боло аларыбызды каяктан билебиз?

17 Биз да Кудайга жага алабыз жана досу Ыбрайымдай болуп, анын көз алдында адил боло алабыз. Пабыл дал ушуну баса белгилеген. Ал: «Бирок „адил деп эсептелди“ деген сөздөр ал үчүн эле эмес, адил деп эсептеле турган биз үчүн да жазылган. Анткени биз... Исаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайга ишенебиз»,— деген (Рим. 4:23, 24). Ыбрайымдай болуп, биз да Жахабага бекем ишенишибиз, жакшы иштерди кылышыбыз жана Жахабанын убадаларын толугу менен аткарарынан шектенбешибиз керек. Андан ары Пабыл Римдиктер 5-бөлүмдө үмүтүбүз жөнүндө сөз кылган. Аны кийинки макаладан карайбыз.

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

a Биз Кудайга жаккыбыз келет жана анын бизди адил деп эсептешин каалайбыз. Бул мүмкүн экенин Пабылдын жана Жакыптын жазгандарынан биле алабыз. Бул макалада аны кантип кыла аларыбызды жана Жахабага жагыш үчүн эмне үчүн ишенимибиз иштер менен коштолушу керектигин талкуулайбыз.

b СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. : Пабыл жүйүт ишенимдештерин көйнөгүнүн этегинен көк жип өткөрүү, Пасахты майрамдоо жана жуунуу сыяктуу «мыйзам талап кылган иштерди» аткарганга эмес, ишенимди өрчүткөнгө үндөгөн.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Жакып жакырларга жардам берүү сыяктуу жакшы иштерди кылып ишенимди иш жүзүндө көрсөткөнгө чакырган.