Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

52-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кыздар, канткенде Машаяктын жетилген жолдоочусу боло аласыңар?

Кыздар, канткенде Машаяктын жетилген жолдоочусу боло аласыңар?

«Аялдар... бардык нерсенин чегин бил[иши], бардык жагынан ишенимдүү болушу керек» (1 ТИМ. 3:11).

133-ЫР: Жаш кезде Жахабага кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Исанын жетилген жолдоочусу болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

 БАЛДАР бат эле бой тартат. Буга таң калган учуруңар болду беле? Алар өзүнөн өзү эле чоңоюп калгандай сезилет. Бирок бала бойго жетсе эле Машаяктын жетилген жолдоочусу b болуп калабы? Жок (1 Кор. 13:11; Евр. 6:1). Ан үчүн ал эң алгач Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүшү зарыл. Ошондой эле Жахабадан ыйык рух сураганы маанилүү. Ал аркылуу Жахабага жаккан сапаттарды өстүрөт, турмушта пайдасы тие турган нерселерге үйрөнүп, келечектеги милдеттерин аткарууга даяр боло алат (Накыл 1:5).

2. Башталыш 1:27ден эмнени билебиз жана бул макаладан эмнени карап чыгабыз?

2 Жахаба адамдарды эркек жана аял кылып жараткан. (Окугула: Башталыш 1:27.) Эркек менен аялды сырткы көрүнүшүнөн сырткары, дагы башка нерселер айырмалап турат. Алсак, Жахаба аларды белгилүү бир милдеттерди аткара алгыдай кылып жараткан. Ошондуктан алар ошол милдеттерин аткарганга жардам берген сапаттарды жана ар кандай жөндөмдөрдү өрчүтүшү керек (Башт. 2:18). Бул макалада кыздар Машаяктын жетилген жолдоочусу болушу үчүн эмне кылышы керектиги талкууланат. Ал эми кийинки макалада уландар жөнүндө сөз жүрөт.

КУДАЙГА ЖАККАН САПАТТАРДЫ ӨРЧҮТКҮЛӨ

Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Ребека, Эстер, Абигейил сыяктуу аялдарды туурасаңар, Машаяктын жетилген жолдоочусу болосуңар (3, 4-абзацтарды карагыла)

3, 4. Кыздар кимдерден үлгү ала алышат? (Сүрөттү да карагыла.)

3 Ыйык Китепте Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылган көптөгөн аялдар жөнүндө айтылат. (jw.org сайтынан «Байыркы убакта жашаган аялдардан эмнени үйрөнө алабыз?» деген макаланы карагыла.) Алар бул макаланын негизги аятында айтылгандай, «бардык нерсенин чегин билишкен» жана «бардык жагынан ишенимдүү болушкан». Кыздар жыйналышындагы рухий жактан жетилген эжелеринен да үлгү алса болот.

4 Алардын кимисинен үлгү алсаңар болорун ойлонуп көрдүңөр беле? Алардын кандай жакшы сапаттары бар экенин байкагыла. Анан ал сапаттарды кантип чагылдырсаңар болорун ойлонуп көргүлө. Кийинки абзацтардан Кудайдын жетилген кызматчысы болгусу келген кыздардын кайсы үч сапатты өрчүтүшү керек экенин карайбыз.

5. Машаяктын жетилген кызматчысы болгусу келген кыздардын момун болгону эмне үчүн абдан маанилүү?

5 Машаяктын жетилген жолдоочусу болуш үчүн момун болушубуз зарыл. Кыздар, момун болсоңор, Жахаба менен да, башкалар менен да жакшы мамиледе боло аласыңар (Жкп. 4:6). Мисалга башчылык принцибин алалы. Жахабаны сүйгөн кыздар ал бекиткен башчылык принцибин момундук менен колдойт (1 Кор. 11:3). Ал принципке баш ийүү жыйналышта да, үйдө да абдан маанилүү c.

6. Кыздар Ребекадан момун болуу жагынан эмнеге үйрөнө алышат?

6 Ребеканын үлгүсүнө токтололу. Ал акылдуу аял болгон жана орундуу учурларда демилгени колго алып, кайраттуулук менен иш кылган (Башт. 24:58; 27:5—17). Ошол эле учурда ал башкаларды урматтаган жана баш ийүүгө даяр болгон (Башт. 24:17, 18, 65). Эгер силер да, Ребекадай болуп, Жахабанын иш-чараларын момундук менен колдосоңор, үйүңөрдөгүлөргө жана жыйналышыңардагыларга жакшы үлгү боло аласыңар.

7. Кыздар Эстерди кайсы жактан туурай алышат?

7 Исанын бардык жетилген жолдоочулары жөнөкөйлүк же өз чегин билүү сыяктуу сапатты өрчүтүшү керек. Ыйык Китепте: «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү»,— делет (Накыл 11:2). Бул жагынан Эстер жакшы үлгү. Ал Кудайдын ишенимдүү, жөнөкөй кызматчысы болгон. Ошон үчүн өз билемдикке салып иш кылган эмес. Ал агасы Мордохайдын кеңешине кулак кагып, ал айткандай кылган (Эст. 2:10, 20, 22). Силер да башкалардан кеңеш сурап, алар айткандай кылсаңар, өз чегиңерди билериңерди көрсөтөсүңөр (Тит 2:3—5).

8. 1 Тиметей 2:9, 10до айтылгандай, канткенде кыздар сырткы көрүнүшүнө байланыштуу туура чечим чыгара алышат?

8 Эстер бул сапатты башкалардын сезимин эске алып да көрсөткөн. Ал «келбети келишкен, сулуу кыз» болсо да, өзүнө өтө көп көңүл бурдурткан эмес (Эст. 2:7, 15). Андан эмнени үйрөнө аласыңар? Буга байланыштуу 1 Тиметей 2:9, 10до эмне делгенине көңүл бурсаңар. (Аяттарды окугула.) Ал жерде: «Аялдар өздөрүн... тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен, Кудайга сыйынарын ырастаган аялдарга мүнөздүү жакшы иштер менен жасалгалашсын»,— делет. «Уят-сыйыттуулук» жана «акыл-эстүүлүк» деп которулган грек тилиндеги сөздөр башкаларды урматтап, ой-сезимин эске алууну билдирет. Ушул кеңешке кулак каккан эжелерибиз, кыздарыбыз менен абдан сыймыктанабыз.

9. Абигейилден кандай үлгү алсаңар болот?

9 Исанын жетилген жолдоочусу болгусу келген кыздардын баары чагылдырышы керек болгон дагы бир сапат бул — кыраакылык. Кыраакылык деген эмне? Кыраакы киши туураны туура эместен айырмалайт жана туурасын тандап, ошого ылайык иш кылат. Буга Абигейилди мисал кылса болот. Күйөөсүнүн туура эмес чечиминин айынан үйүндөгүлөрүнүн баары өмүрүнөн айрылып кала жаздаган. Абигейил кыраакы болгондуктан буйдалбастан иш кылып, көптөрдүн өмүрүн сактап калган (1 Шем. 25:14—23, 32—35). Кыраакылык бизге да качан сүйлөп, качан унчукпаш керектигин баамдаганга жардам берет. Ошондой эле башкаларга көңүл бурат элем деп алардын жеке жашоосуна кийлигишкенден сактайт (1 Тес. 4:11).

ТУРМУШТА ПАЙДАСЫ ТИЕ ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДИ ҮЙРӨНҮП АЛГЫЛА

Жакшы окугандын жана сабаттуу жазгандын пайдасын көрүп жатасыңарбы? (11-абзацты карагыла)

10, 11. Жакшы окуганды, сабаттуу жазганды үйрөнгөнүңөрдүн кандай пайдасы бар? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Кыздардын кичинекей кезинен эле кийин турмушта керек боло турган нерселерди үйрөнүп алганы жакшы. Алар мунун пайдасын өмүр бою көрөт. Анда эмнелерди үйрөнүп алса болоруна токтололу.

11 Жакшы окуганды жана сабаттуу жазганды үйрөнүп алгыла. Кээ бир жерлерде аял кишинин окуганды же жазганды үйрөнгөнүнүн зарылдыгы жок деп эсептешет. Бирок Кудайдын ар бир кызматчысынын муну үйрөнгөнү абдан маанилүү d (1 Тим. 4:13). Ошондуктан оңой болбосо да, жакшы окуганды, сабаттуу жазганды үйрөнүп алгыла. Анын кандай пайдасы бар? Мисалы, бул жумуш тапканга жардам бериши мүмкүн. Андан сырткары, Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды жакшы окуп-изилдеп, башкаларды да окута аласыңар. Эң маанилүүсү, Ыйык Китепти окуп, окугандарыңар жөнүндө ой жүгүртсөңөр, Жахаба менен ынак достордон боло аласыңар (Жаш. 1:8; 1 Тим. 4:15).

12. Накыл сөздөр 31:26да айтылгандар башкалар менен жакшы маектешкенге кандайча жардам берет?

12 Башкалар менен маектешкенди үйрөнгүлө. Бул Машаяктын жолдоочулары үчүн абдан маанилүү. Буга байланыштуу шакирт Жакып: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын»,— деп кеңеш берген (Жкп. 1:19). Башкалар сүйлөп жатканда кунт коюп уксаңар, аларга кайдыгер карабай турганыңарды көрсөтөсүңөр (1 Пет. 3:8). Маектешиңердин айткандарын же сезимдерин түшүнбөй жатсаңар, ылайыктуу суроолорду бергиле. Анан бир нерсе айтардан мурун жакшылап ойлонгула (Накыл 15:28). Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Мен айта турган сөздөр чындыкпы? Аны бекемдейби? Менин айткандарым боорукердикке жатабы? Ага катуу тийбейби?» (Окугула: Накыл сөздөр 31:26.) Жакшы маектешкенди билген эжелериңерден үйрөнгүлө. Алардын башкалар менен кантип сүйлөшүп жатканына көңүл бургула. Маектешкенди канчалык жакшы үйрөнүп алсаңар, башкалар менен болгон мамилеңер ошончолук жакшы болот.

Үй оокатына тың, меймандос кыз-келиндер үй-бүлөсүнө да, жыйналышка да чоң бата боло алат (13-абзацты карагыла)

13. Үй иштерине тың болуш үчүн эмне кылсаңар болот? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Үй жумуштарын жасаганды үйрөнүп алгыла. Көп жерлерде үй иштеринин көбүн аялдар кылышат. Бул жагынан апаң же жыйналыштагы оокатка тың эжелериң көп нерсени үйрөтө алат. Синди деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Апам мени эмгекти сүйгөнгө үйрөткөн. Ошонусуна аябай ыраазы болом. Тамак жасаганды, үй жыйнаганды, бир нерсе тигип-жамаганды жана соода кылганды үйрөнүп алганыма сүйүнөм. Мунун пайдасын көрүп жатам. Бул мага Жахабага да көбүрөөк кызмат кылганга жардам берүүдө. Апам үйгө конок көп чакырчу. Мунун аркасында мага үлгү боло турган сонун ишенимдештерим менен таанышкам. Меймандос болгонго да үйрөнгөм» (Накыл 31:15, 21, 22). Үй оокатына тың, меймандос кыз-келиндер үй-бүлөсүнө да, жыйналышка да чоң бата боло алат (Накыл 31:13, 17, 27; Элч. 16:15).

14. Кристалдын айтып бергендери эмнеси менен пайдалуу болду жана эмнеге көңүл топтошуңар керек?

14 Өз жаныңарды бакканды үйрөнгүлө. Кудайдын рухий жактан жетилген кызматчыларынын баары өз алдынча иштеп, акча тапканды үйрөнүшү кажет (Флп. 4:11; 2 Тес. 3:7, 8). Кристал деген бир жаш ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Жогорку класста окуп жатканда ата-энем кайсы кесипти тандаганым жакшы болорун айтышкан. Атам мени эсеп-кысап жагын өздөштүрүп алууга үндөгөн. Кийин мунун пайдасы аябай тийди». Келечекте жумуш табыш үчүн кайсы бир кесипке ээ болгондон тышкары, бюджет түзгөндү жана ага карманганды үйрөнгөнүңөр да маанилүү (Накыл 31:16, 18). Зарылдыгы жок карыз алгандан качсаңар, колдо бар нерсеге ыраазы болсоңор, Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга көңүл топтой аласыңар (1 Тим. 6:8).

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МИЛДЕТТЕРИҢЕРДИ АТКАРГАНГА ДАЯРДАНГЫЛА

15, 16. Турмуш курбаган ишенимдештерибизди эмне үчүн абдан баалайбыз? (Марк 10:29, 30).

15 Жахабага жаккан сапаттарды өрчүтсөңөр жана кийин турмушуңарда пайдасы тие турган нерселерге үйрөнүп алсаңар, келечектеги милдеттериңерди жакшы аткара аласыңар. Алардын айрымдарына токтололу.

16 Бир канча убакытка чейин бойдок калуу. Айрым кыздар маданиятына жат келсе да, Иса айткандай, турмушка чыкпай эле коюну чечишет (Мт. 19:10—12). Башкалары жагдай-шартынан улам бойдок калышы мүмкүн. Кандай болбосун, Жахаба да, Иса да аларды эч нерсеге татыксыз деп эсептебейт. Дүйнө жүзүндөгү күйөөгө тийбеген ишенимдештерибиз — жыйналышындагыларга жакшы үлгү. Алар башкаларды чын жүрөктөн жакшы көрүп кам көргөндүктөн, ишенимдештерине эже, сиңди же эне болуп бере алышат. (Окугула: Марк 10:29, 30; 1 Тим. 5:2).

17. Кыздар, толук убакыт кызматты аткарганга кантип даярдана аласыңар?

17 Толук убакыт кызмат кылуу. Дүйнө жүзүндөгү кабар айтуу ишине аялзаты чоң салым кошуп келет (Заб. 68:11). Силер да Жахабага толук убакыт кызмат кылууну ойлонуп жатасыңарбы? Айталы, пионер болсоңор, курулушка катышсаңар же Бейтелде кызмат кылсаңар болот. Ушундай максатыңар болсо, ал тууралуу тиленгиле. Анан ошондой кызматты аркалагандар менен сүйлөшүп, кеңешип көргүлө. Андан соң план түзүп алгыла. Эгер алдыңарга койгон максатыңарга жетсеңер, Жахабага дагы көбүрөөк кызмат кылганга жол ачылат.

Турмуш куруу жөнүндө ойлонуп жүрсөңөр, болочок жолдошуңарды кылдат тандагыла (18-абзацты карагыла)

18. Эмне үчүн болочок жолдошуңарды кылдат тандашыңар керек? (Сүрөттү да карагыла.)

18 Турмушка чыгуу. Бул макалада талкууланган сапаттарды өрчүткөнүңөр жана турмушта пайдасы тие турган нерселерди үйрөнгөнүңөр жакшы жубай болгонго жардам берет. Эгер турмуш курайын деп жүрсөңөр, болочок жолдошуңарды кылдат тандашыңар керек. Бул — жашоодогу эң маанилүү чечимдердин бири. Өзүңөр тандаган жигитке баш ийишиңер керек болорун унутпагыла (Рим. 7:2; Эф. 5:23, 33). Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Ал Машаяктын жетилген жолдоочусубу? Жахабаны жашоосунда биринчи орунга коёбу? Туура чечимдерди чыгарабы? Каталарын мойнуна алабы? Аялзатына урмат-сый менен мамиле кылабы? Рухий, материалдык, эмоциялык жактан кам көрө алабы? Милдеттерин жакшы аткарабы? Жыйналышта кандай милдеттери бар жана аларды кантип аткарат?» (Лк. 16:10; 1 Тим. 5:8). Бирок жакшы күйөө тапкыңар келсе, өзүңөр да жакшы аял болгонго умтулушуңар керек.

19. Аялдын «жардамчы» болгону эмне үчүн анын төмөн турарын билдирбейт?

19 Ыйык Китепте жакшы аялдын күйөөсүн «толуктап тура турган жардамчы» экени айтылат (Башт. 2:18). Бул сөздөр аялдын төмөн турарын билдиреби? Жок, андай эмес. Тескерисинче, аялдын жардамчы болгону — сыймыктуу милдет. Атүгүл Ыйык Китепте да Жахабанын «жардамчы» экени көп айтылат (Заб. 54:4; Евр. 13:6). Эгер зайып күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө таасир эте турган чечимдерин колдосо жана аларды ишке ашырганга жардам берсе, чыныгы жардамчы боло алат. Ошондой эле Жахабаны жакшы көргөндүктөн күйөөсүнүн кадыр-баркын эл алдында көтөргөнгө аракет кылат (Накыл 31:11, 12; 1 Тим. 3:11). Келечектеги ушул милдетиңерди жакшы аткарыш үчүн Жахабага болгон сүйүүңөрдү тереңдете бергиле жана үйдө да, жыйналышта да башкаларга жардамчы боло бергиле.

20. Үй-бүлөдө эненин ролу кандай?

20 Эне болуу. Турмуш кургандан кийин жолдошуң экөөңөр балалуу болушуңар ыктымал (Заб. 127:3). Бул тууралуу алдын ала ойлонгон жакшы. Бул макалада талкууланган Кудайга жаккан сапаттарды өстүргөнүңөр жана турмушта пайдасы тие турган нерселерге үйрөнүп алганыңар жакшы аял, жакшы эне болгонго жардам берет. Мээримдүү, боорукер, чыдамкай болсоңор, үйүңөрдө жагымдуу маанай өкүм сүрөт. Андай үй-бүлөдө балдар өзүн коопсуз сезип, жакшы чоңоюшат (Накыл 24:3).

Ыйык Китеп боюнча тарбияланган жана окуп-билгендерин колдонгон көптөгөн жаштар Исанын жетилген жолдоочусу болушууда (21-абзацты карагыла)

21. Жахабаны сүйгөн кыздарыбызды эмне үчүн жакшы көрөбүз? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

21 Жахабанын жолунда жүргөн сүйүктүү кыздар, биз силерди жакшы көрөбүз! Жахаба жана анын эли үчүн кылып жаткан эмгегиңерди жогору баалайбыз (Евр. 6:10). Силер Кудайга жаккан сапаттарды өстүрүп жатасыңар. Өзүңөрдүн да, башкалардын да жашоосун байыта турган шык-жөндөмдөрдү өрчүтүп жатасыңар. Келечектеги милдеттериңерди жакшы аткарганга даярданып жатасыңар. Ооба, колуңардан келгендин баарын кылып жатасыңар. Силер Жахабанын уюму үчүн баалуу кенчсиңер!

137-ЫР: Жахабаны даңктаган аялзаты

a Сүйүктүү кыздарыбыз, силерди жыйналышыңардагылар абдан баалайт. Кудайга жаккан сапаттарды өстүрсөңөр, кийин пайдасы тие турган нерселерди өздөштүрсөңөр жана келечектеги милдеттериңерди аткарганга даярдансаңар, Машаяктын жетилген жолдоочусу боло аласыңар. Натыйжада Жахабага кызмат кылып, көптөгөн баталарды аласыңар.

b ТҮШҮНДҮРМӨ: Машаяктын жетилген жолдоочусу дүйнөнүн акылмандыгына эмес, Кудайдын ыйык рухуна жетектелет. Ал Исадан үлгү алат. Жахаба менен ынак болуш үчүн колунан келгендин баарын кылат, башкаларды жан-дилден сүйөт.

d Балдарга окуп берүү эмне үчүн маанилүү экени тууралуу jw.org сайтындагы «Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү? (1-бөлүк). Окуган жакшыбы же көргөн жакшыбы?» деген макаланы карагыла.