Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окуя

Окуя

Бардык адамдарга боорукер болгула

Бир күнү Жаңы Зеландияда жашаган бир ишенимдешибиз «Бири-бириңерге кам көргүлө» деген видеону көрөт. Ал видеодо Жахабанын боору ачып эле тим болбой, боорукердикти иши менен көрсөтөрү баса белгиленген (Ыш. 63:7—9). Видеону көргөндөн кийин ал үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонуп, бирөөгө жакшылык кылайын дейт. Анан так ошол күнү азык-түлүк дүкөнүндө жүрүп, көчөдө калган бир аялды кезиктирет. Ал ага тамак алып берейин деп айтканда, тиги аял макул болот. Ишенимдешибиз тамак сатып келип, ага берет да, бир аз кабар айтат. Анан «Азап-кайгыдан арылабызбы?» деген баракчаны көрсөтөт.

Ошондо тиги аял буркурап ыйлап кирет. Көрсө, ал Жахабанын Күбөсү болгон үй-бүлөдө чоңойгон экен. Бирок кийин Кудайдан алыстап кетиптир. Кызыктуусу, ал жакында эле Жахабадан тиленип, ага кайтып келгенге жардам беришин сураган экен. Ишенимдешибиз ага Ыйык Китеп берип, тиги аял менен Ыйык Китепти изилдей баштайт a.

Биз да, Жахабадай болуп, адамдарга жаныбыз ачып, жардам бере алабыз. Мисалы, туугандарыбызга, ишенимдештерибизге ошентсек болот. Кабар айтканга мүмкүнчүлүк издесек да, боорукердикти ишибиз менен көрсөткөн болобуз.

a Жигердүү эмес болуп калгандарга жардам бериш үчүн «Жахабага кайрылып кел» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2020-жыл, июнь).