Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

53-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Уландар, Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго умтулгула

Уландар, Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго умтулгула

«Күчтүү, эр жүрөк бол» (1 ПАД. 2:2).

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Машаяктын жолун жолдогон эркек ийгиликке жетиш үчүн эмне кылышы керек?

 ДӨӨТҮ падыша уулу Сулайманга: «Күчтүү, эр жүрөк бол»,— деп айткан (1 Пад. 2:1—3). Бүгүнкү күндө Машаяктын жолун жолдогон эркектердин баары ушул кеңешке кулак кагышы зарыл. Ийгиликке жетиш үчүн алар Кудайдын мыйзамына баш ийгенди жана Ыйык Китептеги принциптерди жашоосунун бардык тармагында колдонгонду үйрөнүшү керек (Лк. 2:52). Уландар, Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго умтулганыңар эмне үчүн маанилүү?

2, 3. Уландардын Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго умтулганы эмне үчүн маанилүү?

2 Кудайга кызмат кылган эркектер үйүндө да, жыйналышта да маанилүү милдеттерди аркалайт. Уландар, келечекте кандай милдеттерди аткарышыңар мүмкүн экени жөнүндө ойлоноруңар шексиз. Мисалы, толук убакыт кызмат кылам, кызмат жардамчысы, кийин аксакал болом деген максатыңар бар чыгар. Балким, үйлөнүп, балалуу болгуңар да келеттир (Эф. 6:4; 1 Тим. 3:1). Ушул максаттарга жетиш үчүн жана силерди ийгилик коштоп жүрүшү үчүн рухий жактан жетилишиңер керек b.

3 Рухий жактан жетилгенге эмне жардам берет? Ан үчүн кийин кереги тие турган айрым нерселерди өздөштүрүп алганыңар жакшы. Келечектеги милдеттерди жакшы аткарыш үчүн азыртадан кантип даярдансаңар болот?

КАНТКЕНДЕ РУХИЙ ЖАКТАН ЖЕТИЛЕ АЛАСЫҢАР?

Рухий жактан жетилген адам болуш үчүн Машаякты туурагыла (4-абзацты карагыла)

4. Кимдерден үлгү алсаңар болот? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Кимдерден үлгү аларыңарды тандагыла. Ыйык Китепте боз уландарга жакшы үлгү калтырган көптөгөн эркектер жөнүндө жазылган. Алар Кудайды жан-дили менен жакшы көргөн жана анын элине кам көрүш үчүн ар кандай милдеттерди аркалаган. Силерге үйүңөрдөгү жана жыйналышыңардагы рухий жактан жетилген эркектер да жакшы өрнөк боло алат (Евр. 13:7). Андан тышкары, жеткилең үлгү калтырган Иса Машаяктын изи менен бассаңар болот (1 Пет. 2:21). Ошол инсандар жөнүндө изилдеп жатканда алардын мыкты сапаттарын байкаганга аракет кылгыла (Евр. 12:1, 2). Андан соң аларды кантип туурасаңар болорун ойлонуп көргүлө.

5. «Ой жүгүртүү жөндөмүн» кантип өрчүтсөңөр болот жана бул эмне үчүн маанилүү? (Забур 119:9).

5 «Ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүтүп, аны «сактагыла» (Накыл 3:21). Ойлонуп иш кылганга умтулган эркек чечим чыгарарда баарын кылдат таразалайт. Кылдат ой жүгүрткөндү адат кылып алганыңар жакшы. Эмне үчүн? Анткени азыркы дүйнөдө көптөгөн уландар чечимдерди эч ким менен кеңешпей же сезимдерине негиздеп чыгарат (Накыл 7:7; 29:11). Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасири да күчтүү болушу мүмкүн. Анда канткенде акыл токтотуп иш кылганга үйрөнө аласыңар? Ыйык Китептеги принциптерди изилдеп жана алардын пайдасы жөнүндө ой жүгүрткүлө. Анан ошол принциптерге ылайык чечим чыгарып, Жахабаны кубанткыла. (Окугула: Забур 119:9.) Эгер ушинтип ой жүгүрткөндү адат кылып алсаңар, бул силерге Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго жардам берет (Накыл 2:11, 12; Евр. 5:14). Анда акыл калчаганды үйрөнүп алганыңар төмөнкү эки жагдайда кандайча жардам берерин билели. Биринчиси, кыздарга мамиле кылууда. Экинчиси, сырткы көрүнүшкө байланыштуу чечим чыгарууда.

6. Уландар кыздарды урматтаарын кантип көрсөтө алышат?

6 Жахабадай ой жүгүрткөн бала аялзатын урматтап-сыйлайт. Албетте, уландардын Машаяктын жолдоочусу болгон кыз менен жакыныраак таанышкысы келгенинин жаман жери жок. Анткен менен акыл токтото билген жигит үйлөнөйүн деген максаты жок болсо, кайсы бир кыздын сезимдерин козгобойт. Мисалы, аны жакшы көрүп калгандай түр көрсөтпөйт, кызды ойго салган сөздөрдү айтпайт, жазбайт же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди кылбайт (1 Тим. 5:1, 2). Ал эми сүйлөшүп жүрсө, ал кыздын аброюн ойлоп, эч ким жок жерде эч качан жалгыз калбайт же жанына бирөөнү ээрчитип алат (1 Кор. 6:18).

7. Ой жүгүртүү жөндөмү жаш жигиттерге кийимге жана чач жасалгага байланыштуу туура чечим чыгарганга кандайча жардам берет?

7 Жахабага жаккандай ой жүгүрткөн иничектерибиз кийген кийими, чач жасалгасы менен да акыл-эстүү экенин көрсөтө алышат. Белгилей кетчү нерсе, жаңы модадагы кийимдерди чыгаргандар Жахабанын принциптерин баркка албайт же адеп-ахлаксыз жашоо өткөрөт. Алардын ою бузук экени чып жармашкан же эркекти аялдай кылып көрсөткөн кийимдерди чыгарганынан көрүнүп турат. Машаяктын жетилген жолдоочусу болгусу келген уландар эмне киерин Ыйык Китептеги принциптерге жана жыйналышындагы жакшы үлгү болгон агаларына карап чечишет. Алар мындай деп ойлонуп көрсө болот: «Сырткы көрүнүшүмөн акыл-эстүү экеним жана башкалардын сезимдерин эске аларым көрүнүп турабы? Кийингенимен Кудайга берилген адам экеним дароо эле айкын болобу?» (1 Кор. 10:31—33; Тит 2:6). Акыл калчаган жаш жигит ишенимдештеринин эле эмес, асмандагы Атасынын да урмат-сыйына татыйт.

8. Уландар, канткенде ишеничтүү болгонго үйрөнө аласыңар?

8 Ишеничтүү болгула. Ишеничтүү уландар артылган милдеттерин жан-дили менен аткарат (Лк. 16:10). Жеткилең үлгү калтырган Машаяк жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал өзүнө тапшырылган ишке эч качан шалаакы мамиле кылган эмес. Тескерисинче, жоопкерчиликтүү болуп, Атасы берген тапшырма канчалык оор болбосун аткарган. Ал элди, өзгөчө, шакирттерин жакшы көргөн. Ошондуктан өз өмүрүн курмандыкка чалган (Жкн. 13:1). Силер да өзүңөргө тапшырылган ишти, Исаны туурап, бүт күчүңөрдү жумшап аткаргыла. Эгер кантип кылышты билбей жатсаңар, момун болуп, рухий жактан жетилген агалардан сурагыла. Талап кылынган нерселерди эле кылып тим болбогула (Рим. 12:11). Баарын «адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай» жан-дилден кылганга умтулгула (Кол. 3:23). Албетте, жеткилең эмес болгондуктан жаңылышыңар мүмкүн. Андайда момун болуп, катаңарды моюнга алгыла (Накыл 11:2).

ТУРМУШТА ПАЙДАСЫ ТИЕ ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДИ ҮЙРӨНҮП АЛГЫЛА

9. Эмне үчүн жаш жигиттер кийин турмушта пайдасы тие турган нерселерди үйрөнүп алышы зарыл?

9 Машаяктын рухий жактан жетилген жолдоочусу болуш үчүн кийин пайдасы тие турган нерселерди үйрөнүп алганыңар да жакшы. Бул жыйналыштагы милдеттериңерди аткарганга, өзүңөргө же үй-бүлөңөргө кам көрүш үчүн жумуш тапканга жана башкалар менен жакшы мамиледе болгонго жардам берет. Анда эмнелерди үйрөнүп алышыңар керектигин карайлы.

Окуганды, жазганды жакшы үйрөнүп алганыңардын өзүңөргө да, жыйналышка да пайдасы тиет (10, 11-абзацтарды карагыла)

10, 11. Жакшы окуганыңардын, сабаттуу жазганыңардын өзүңөргө да, жыйналыштагыларга да кандай пайдасы тиет? (Забур 1:1—3). (Сүрөттү да карагыла.)

10 Жакшы окуганды, сабаттуу жазганды үйрөнгүлө. Ыйык Китепте Кудайдын Сөзүн күн сайын окуганга, окугандары тууралуу ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгөн адамдын бактылуу болору жана ийгиликке жетери айтылат. (Окугула: Забур 1:1—3.) Ыйык Китепти күндө окугандыктан ал Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнө алат. Бул болсо тунук ой жүгүрткөнгө, окугандарын кантип колдонсо болорун түшүнгөнгө жардам берет (Накыл 1:3, 4). Жыйналышка мына ушундай жигиттер керек. Эмне үчүн?

11 Анткени алар ишенимдештерин Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга окутуп, туура кеңештерди бере алат (Тит 1:9). Эгер жакшы окусаңар жана сабаттуу жаза алсаңар, башкалардын ишенимин бекемдей турган маңыздуу баяндамаларды жана жоопторду даярдай аласыңар. Ошондой эле өздүк изилдөө жүргүзгөндө, жыйналыштан, жыйындан баяндамаларды укканда керектүү ойлорду жаза аласыңар. Жазып алгандарыңарды болсо өзүңөрдүн ишенимиңерди бекемдеш үчүн жана башкаларга дем-шык бериш үчүн колдонсоңор болот.

12. Башкалар менен жакшы маек курганга үйрөнүш үчүн эмне кылсаңар болот?

12 Башкалар менен жакшы маек курганды үйрөнгүлө. Машаяктын жолдоочусу болгон эркек башкалар менен жакшы пикир алышканды билиши керек. Бул өз ичине уга билүүнү, кишинин ой-сезимин түшүнүүнү билдирет (Накыл 20:5). Маектешип жаткан адамдын үнүнүн тонунан, жүзүнөн жана жаңсоолорунан анын кандай сезимде болуп жатканын аңдай билүү да маанилүү. Бирөөлөр менен чогуу убакыт өткөрбөсөңөр, буга үйрөнө албайсыңар. Эгер башкалар менен соцтармактар аркылуу сүйлөшүп көнүп алсаңар, бетме-бет сүйлөшүү кыйынга туруп калат. Ошондуктан жүзмө-жүз сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк издегиле (2 Жкн. 12).

Кийин жумуш тапканга жардам бере турган өнөрлөрдү өздөштүрүп алгыла (13-абзацты карагыла)

13. Жаш жигиттер дагы эмнелерди өздөштүрүп алышы керек? (1 Тиметей 5:8). (Сүрөттү да карагыла.)

13 Өзүңөрдү камсыз кылганды үйрөнгүлө. Кудайдын жетилген кызматчысы өзүн да, үйүндөгүлөрүн да багышы керек (Окугула: 1 Тиметей 5:8.) Кээ бир өлкөлөрдө жаштар кайсы бир кесипке атасынан же башка тууганынан үйрөнө алышат. Башка өлкөлөрдө болсо балдар мектептен эле кайсы бир кесипке ээ болуп чыгышат. Кандай болбосун, кийин жан бакканга жардам бере турган өнөр өздөштүрүп алганыңар жакшы (Элч. 18:2, 3; 20:34; Эф. 4:28). Күжүрмөн эмгектенген, баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарган киши катары таанымал болгула. Эгер ошондой болсоңор, иш табыш оңоюраак болот, жумуш ордун да жоготуп албайсыңар. Бул макалада талкууланган сапаттарды өрчүткөнүңөр жана кийин пайдасы тие турган нерселерди үйрөнүп алганыңар Кудайдын жолунда жүргөн эркектер аткара турган милдеттерди жакшы аркалаганга жардам берет. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МИЛДЕТТЕРИҢЕРДИ АТКАРГАНГА ДАЯРДАНГЫЛА

14. Уландар толук убактагы кызматка кантип даярдана алышат?

14 Толук убактагы кызмат. Рухий жактан жетилген көптөгөн эркектер толук убактагы кызматты жаш кезинде эле баштаган. Пионердик кызмат силерге ар кандай адамдар менен тил табышканды үйрөтөт. Бюджет түзгөнгө, акчаңарды туура колдонгонго да жардам берет (Флп. 4:11—13). Адегенде көмөкчү пионер болуп кызмат кылсаңар болот. Бул — толук убактагы кызматка жол ачкан биринчи кадам. Көптөр бир канча убакыт көмөкчү пионер болгондон кийин үзгүлтүксүз пионер болгонго даяр болуп калышат. Ал эми үзгүлтүксүз пионердик кызмат толук убактагы кызматтын башка түрлөрүнө, алсак, курулушта же Бейтелде кызмат кылганга жол ачат.

15, 16. Канткенде жигиттер кызмат жардамчысы жана аксакал боло алышат?

15 Кызмат жардамчысы же аксакал болуу. Машаяктын жолун жолдогон ар бир эркек ишенимдештерине кызмат кылыш үчүн аксакал болууга умтулушу керек. Ыйык Китепте мунун «жакшы иш» экени айтылат (1 Тим. 3:1). Аксакал болгонго чейин эркектер кызмат жардамчысы болгонго максат коюшу керек. Кызмат жардамчылары аксакалдарга көп жагынан көмөк көрсөтө алышат. Аксакалдар да, кызмат жардамчылары да ишенимдештерине момундук менен кызмат кылып, кабарга ынталуу катышышы абзел. Уландар 17 жаштан тартып эле кызмат жардамчысы боло алышат. Ал эми милдетин жакшы аткарган кызмат жардамчылары 20 жаштарынан баштап аксакал боло алышат.

16 Ан үчүн алардын Ыйык Китепте жазылган талаптарга жооп бергени маанилүү. Бирок ошол сыймыктуу жоопкерчиликти аркалаганга биринчи кезекте Жахабага, үй-бүлөңөргө жана жыйналыштагыларыңарга болгон сүйүүңөр түрткү бериши керек (1 Тим. 3:1—13; Тит 1:6—9; 1 Пет. 5:2, 3). Ар бир талаптын маани-маңызын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Жахабадан ошол талаптарга жооп бергенге жардам беришин сурап да тиленгиле c.

Жахаба күйөөлөрдөн аялы менен балдарын жакшы көрүшүн, аларга материалдык, эмоциялык жана эң маанилүүсү, рухий жактан кам көрүшүн күтөт (17-абзацты карагыла)

17. Уландар жакшы күйөө жана үй-бүлө башчысы болгонго кантип даярдана алышат? (Сүрөттү да карагыла.)

17 Күйөө жана үй-бүлө башчысы болуу. Иса айткандай, анын айрым жетилген жолдоочулары бойдок калууну туура көрүшөт (Мт. 19:12). Айрымдар болсо үй-бүлө курууну чечишет. Андайда алар күйөөнүн же үй-бүлө башчысынын милдетин аткарышы керек болот (1 Кор. 11:3). Жахаба күйөөлөрдөн аялын сүйүшүн, ага материалдык, эмоциялык жана рухий жактан кам көрүшүн күтөт (Эф. 5:28, 29). Бул макаладан талкуулаганыбыздай, акыл калчап иш кылуу, аялзатын урматтоо, ишеничтүү болуу сыяктуу жакшы сапаттар мыкты үй-бүлө башчысы болгонго жардам берет. Ошондуктан азыртадан жакшы күйөө жана үй-бүлө башчысы болгонго даярдангыла.

18. Жаш жигиттер ата болгонго кантип даярдана алат?

18 Ата болуу. Үйлөнгөндөн кийин балалуу болуп калышыңар мүмкүн. Жакшы ата болуу жагынан Жахабадан көп нерсени үйрөнө аласыңар (Эф. 6:4). Жахаба Уулу Исага жакшы көрөрүн ачык айтып, аны колдоп турган (Мт. 3:17). Эгер ата болуп калсаңар, балдарыңарга жакшы көрөрүңөрдү дайыма айтып тургула. Аларды жакшы иштери үчүн сөзсүз мактагыла. Жахабадан үлгү алган аталар баласына Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго жардам бере алат. Ата болгонго азыртан эле даярдана аласыңар. Ан үчүн үйүңөрдөгүлөргө, жыйналышыңардагыларга мээримдүүлүк менен кам көргүлө. Аларды жакшы көрөрүңөрдү, баалаарыңарды айтканды үйрөнгүлө (Жкн. 15:9). Бул силерге күйөө же ата болуп калсаңар, милдетиңерди жакшы аткарганга көмөк кылат. Азыр ушуларды кыла берсеңер, Жахабанын, үйүңөрдөгүлөрдүн жана жыйналыштын сүймөнчүгү боло аласыңар.

АЗЫРТАН ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Ыйык Китеп боюнча тарбияланган жана билгендерин иш жүзүндө колдонгон уландар Исанын жетилген жолдоочусу болушууда (19, 20-абзацтарды карагыла)

19, 20. Рухий жактан жетилген жигит болгонго силерге эмнелер жардам берет? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

19 Сүйүктүү иничектерибиз, силер бир паста эле Машаяктын жетилген жолдоочусу болуп калбайсыңар. Ан үчүн кимдерден үлгү алсаңар болорун аныктап алгыла, «ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүткүлө, ишеничтүү болгула, кийин жашоодо керек боло турган нерселерге үйрөнүп алгыла жана келечектеги милдеттериңерди аткарганга даярдангыла.

20 Балким, эмнелерди кылышыңар керектигин ойлонгондо тынчсызданаттырсыңар. Бирок ийгиликке жете аларыңардан шектенбегиле. Анткени силерге Жахаба өзү жардам берет. Муну унутпагыла (Ыш. 41:10, 13). Жыйналыштагы ишенимдештериңер да көмөк көрсөткөнгө дилгир. Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонуңарда жашооңор байып, канааттануу тартуулайт. Кымбаттуу уландар, биз силерди жакшы көрөбүз! Рухий жактан жетилген жигиттерден болуш үчүн жумшаган күч-аракетиңерге Жахаба батасын мол төгө берсин (Накыл 22:4).

65-ЫР: Алгалай бер!

a Жыйналышка рухий жактан жетилген эркектер абдан керек. Бул макаладан уландар канткенде Машаяктын жетилген жолдоочусу боло аларын биле алышат.

b «Түшүндүрмөнү» буга чейинки макаладан карагыла.

c Карагыла: «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз», 5, 6-бөл.