Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасынын» ушул жылы чыккан сандарын көңүл коюп окудуңарбы? Анда төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Акылды «жаңыртуу» деген эмнени билдирет? (Рим. 12:2)

Жашообузда анча-мынча эле жакшы иштерди кылып койсок, акылыбыз жаңырып калбайт. Ан үчүн жүрөгүбүздүн түпкүрүндө кандай адам экенибизди текшерип, жашообуз мүмкүн болушунча Жахабанын талаптарына ылайык болушу үчүн, оңолушубуз керек. w23.01, 8, 9-б.

Дүйнөдөгү окуяларга байкоо салганда канткенде тең салмактуу боло алабыз?

Биз дүйнөдөгү окуяларды карап кайсы пайгамбарлыктар аткарылып жатканына кызыгабыз. Бирок божомолдобой, айткандарыбызды Жахабанын уюму берген маалыматка негиздейбиз. Болбосо биримдигибиз ыдырашы мүмкүн (1 Кор. 1:20). w23.02, 16-б.

Исанын чөмүлгөнү жолдоочуларыныкынан эмнеси менен айырмаланат?

Иса Жахабага арналган элден чыккандыктан, биздей болуп, өзүн Жахабага арнашы керек болгон эмес. Ал эч качан күнөө кылбаган жеткилең киши болгон. Ошондуктан өкүнүшү зарыл болгон эмес. w23.03, 5-б.

Башкалар жыйналыштан жооп бере алышы үчүн, эмне кылсак болот?

Кыска-нуска жооп берсек, башкалар да жооп бере алат. Эгер абзацтагы ойдун баарын айтып салсак, башкаларга эч нерсе калбай калат. w23.04, 23-б.

Ышая 35:8де айтылган «Ыйыктык жолу» деген эмнени билдирет?

Каймана маанидеги бул жол башында жүйүттөр Бабылдан өз мекенине кайтып барыш үчүн басып өткөн жолго карата айтылган. Азырчы? 1919-жылга чейин жолду даярдоо иши жүргөн. Мисалы, Ыйык Китеп которулган, басып чыгарылган. Кудайдын эли «Ыйыктык жолу» менен басып, рухий бейиште жашап жатат. Бул жол, акыры, Падышалык төгө турган баталарга алып барат. w23.05, 15—19-б.

Накыл сөздөр 9-бөлүмдө эки аялдын чакырыгы жазылган. Алар кимдер?

Бул бөлүмдө «акылсыз аял» жөнүндө айтылат. Аны уккандар «көрдүн түбүнө түшөт». Ал эми дагы бир аял катары сүрөттөлгөн «чыныгы акылмандык» түшүнүккө жана өмүргө ээ кылат (Накыл 9:1, 6, 13, 18). w23.06,  22—24-б.

Жахабанын Лотко жасаган мамилесинен момун, эстүү экени кандайча көрүнгөн?

Жахаба Лотко Содомдон тоого кач деп айткан. Бирок Лот Соарга барайынчы дегенде, анын суранычын аткарган. w23.07, 21-б.

Жолдошу порнография көрүп жүрсө, аялы эмне кылса болот?

Ал өзүн күнөөлөбөшү керек. Жахаба менен болгон мамилесине көңүл топтогону, Ыйык Китептеги Жахабадан тиленип, сооронуч алган аялдар жөнүндө окуп, ой жүгүрткөнү жакшы. Ошондой эле ал жолдошуна азгырык боло турган жагдайлардан качканга жардам бере алат. w23.08, 14—17-б.

Ишенген нерселерибизди талашка салышканда, түшүнүктүүлүк жумшак болгонго кандайча жардам берет?

Бирөө суроо бергенде же талашканда, муну анын оюн билгенге же эмне тынчсыздандырып жатканын билгенге жардам берген мүмкүнчүлүк катары көргүлө. Ошондо сылык-сыпаа жооп бере аласыңар. w23.09, 17-б.

Канткенде Мариямдай болуп күчкө толо алабыз?

Машаяктын энеси болорун билгенде ал башкалардын аркасы менен күчкө толгон. Мисалы, Жебирейил периште жана Элизабет ага Ыйык Жазмадагы аяттарды айтып дем-күч беришкен. Бизге да ишенимдештерибиз күч берип, кубаттай алат. w23.10, 15-б.

Тиленгенибизде, Жахаба кантип жооп бериши мүмкүн?

Ал убада кылгандай, үнүбүздү сөзсүз угат жана өтүнүчтөрүбүздүн анын эркине ылайык келер-келбесине карайт (Жер. 29:12). Бир эле нерсени сураган ар кайсы кызматчысына окшош жооп бербеши мүмкүн. Ошондой болсо да дайыма колдоо көрсөтөт. w23.11, 21, 22-б.

Римдиктер 5:2де «үмүт» жөнүндө айтылса, эмне үчүн 4-аятта кайра эле ал тууралуу сөз кылынган?

Жакшы кабарды уккан киши жер бетиндеги Бейиште жашаарын билгенде үмүтү жанышы мүмкүн. Бирок кыйынчылыктарга кабылып, туруктуу болсо, Жахабага жагарын түшүнсө, үмүтү ого бетер жалындайт. Ал үмүт жүрөгүнөн терең орун алат. w23.12, 12, 13-б.