Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Үмүтүбүз сөзсүз ишке ашат

Үмүтүбүз сөзсүз ишке ашат

«Үмүт... көңүлүбүздү кайт кылбайт» (РИМ. 5:5).

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА: a

1. Ыбрайым уулдуу болорунан эмне үчүн үмүттөнгөн деп айта алабыз?

 ЖАХАБА өзүнүн досу Ыбрайымга анын тукуму аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата аларын убада кылган (Башт. 15:5; 22:18). Ыбрайым Кудайга бекем ишенгендиктен анын убадасын аткарарынан түк да шектенген эмес. Анткен менен Ыбрайым 100гө, байбичеси 90го чыгып калса да, наристе жытын жыттай элек болчу (Башт. 21:1—7). Ошентсе да, Ыйык Китепте айтылгандай, «Ыбрайым көптөгөн элдердин атасы болушу үчүн, үмүтүн үзбөй ишене берген» (Рим. 4:18). Акыры, Ыбрайымдын үмүтү ишке ашып, өзү эңсеп келгендей, Ыскак деген уулдуу болгон. Ал Жахабанын өз убадасын аткарарына эмне үчүн бекем ишенген?

2. Эмне үчүн Ыбрайым Жахабанын өз убадасын аткарарынан шектенген эмес?

2 Ыбрайым Жахаба менен ынак мамиледе болгондуктан анын «өз убадасын аткарууга кудуреттүү экенине толук ишенген» (Рим. 4:21). Ишеними күчтүү болгону үчүн ал Жахабага жаккан жана анын алдында адил деп эсептелген. Римдиктер 4:18де жазылгандай, Ыбрайымдын ишеними эле эмес, үмүтү да болгон. Келгиле эмесе, элчи Пабылдын Римдиктер 5-бөлүмдө үмүт жөнүндө эмне деп жазгандарына көңүл буралы.

3. Элчи Пабыл үмүт жөнүндө эмнелерди айткан?

3 Пабыл үмүтүбүздүн сөзсүз ишке ашарына эмне үчүн ишенсек болорун түшүндүрүп берген. Ошондой эле Кудайдын кызматчыларынын үмүтү барган сайын кантип жалындай берерин жазган. Андыктан Римдиктер 5:1—5-аяттарды талкуулап жатканда келечекке болгон үмүтүңөрдүн убакыттын өтүшү менен кандайча бекемделип жатканы жөнүндө ойлонуп көргүлө. Андан сырткары, бул макаладан үмүтүбүздү кантип азыркыдан да күчтүү кылсак болорун билебиз. Бирок адегенде элчи Пабыл айткан көңүлүбүздү кайт кылбай турган кереметтүү үмүтүбүзгө кененирээк токтололу.

КЕРЕМЕТТҮҮ ҮМҮТҮБҮЗ

4. Римдиктер 5:1, 2д: эмнелер жөнүндө айтылат?

4 Окугула: Римдиктер 5:1, 2. Пабыл бул сөздөрдү Римдеги жыйналышка жазган. Ал жактагы ишенимдештери Жахаба жана Иса жөнүндө билип, аларга ишенип калганынын аркасында Машаяктын жолдоочулары болушкан. Ошол себептен Кудай аларды ишениминин негизинде «адил деп жарыялап», ыйык руху менен майлаган. Ошентип, алар теңдешсиз үмүткө ээ болушкан.

5. Майлангандардын кандай үмүтү бар?

5 Пабыл кийин Машаяктын Эфестеги майланган жолдоочуларына жазгандай, Кудай аларга үмүттү «мурас катары» бермек (Эф. 1:18). Ал эми колосалыктарга жазган катында ал сыйлыкты каяктан аларын ачып берген. Ал аларга: «Силер асманда өзүңөр үчүн сакталган нерсеге үмүттөнүп [жатасыңар]»,— деп жазган (Кол. 1:4, 5). Ооба, Машаяктын майланган жолдоочулары асманда жашаш үчүн тирилип, Машаяк менен чогуу башкарууга үмүттөнөт (1 Тес. 4:13—17; Аян 20:6).

Фредерик Френц Машаяктын майланган жолдоочуларынын үмүтү сөзсүз ишке ашарына бекем ишенерин айткан (6-абзацты карагыла)

6. Бир майланган ишенимдешибиз үмүтү жөнүндө эмне деп айткан?

6 Машаяктын майланган жолдоочулары үмүтүн жогору баалашат. Алардын бири Фредерик Френц үмүтү жөнүндө мындай деген: «Биздин үмүтүбүз эч убакта таш каппайт. „Кичине оторго“ кирген 144 000дин ар биринин үмүтү сөзсүз ишке ашат. Ала турган сыйлыгыбыз биз күткөн нерселердин баарынан ашып түшөт». Кудайга ондогон жылдар бою ишенимдүү кызмат кылгандан кийин Фредерик бир тууганбыз 1991-жылы мурун айткандарын мындай деп бышыктаган: «Биз үмүтүбүздү дагы деле жогору баалайбыз. Анын аткарылышын канчалык көп күткөн сайын, ошончолук баалап калдык. Атүгүл анын ишке ашышына миллион жыл талап кылынса да, ал — күткөнгө арзый турган нерсе. Мен үмүтүмдү барган сайын көбүрөөк баалап жатам».

7, 8. Көптөр эмнеге үмүттөнөт? (Римдиктер 8:20, 21).

7 Бүгүнкү күндө Жахабага сыйынгандардын көбү Ыбрайым үмүттөнгөн нерсеге үмүттөнүшөт. Алар жер бетин Кудайдын Падышалыгы башкара турган заманда түбөлүк жашайбыз деп күтүп жатышат (Евр. 11:8—10, 13). Элчи Пабыл ошентип үмүттөнгөндөрдүн эң акырында кандай сыйлык аларын жазган. (Окугула: Римдиктер 8:20, 21.) Ыйык Китептеги келечегибиз жөнүндөгү убаданы биринчи жолу укканда баарынан да эмнени чыдамсыздык менен күтө баштадыңар эле? Күнөөнүн кулу болбой, жеткилеңдикке жете турган күндүбү? Же көзү өтүп кеткен жакындарыңар кайрадан жер бетиндеги бейиште жашай турган күндүбү? Муну билгенде жүрөгүңөр толкуду беле? Чынында эле, Кудай бизге ушундай үмүт бергени үчүн, баарыбыз көптөгөн жакшы нерселердин болушун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

8 Асманда же жерде түбөлүк жашаганга үмүттөнөбүзбү, ошол кереметтүү үмүтүбүз баарыбызга чоң кубаныч тартуулайт. Анын ишке ашарына барган сайын ынанып келебиз. Пабылдын андан ары жазган сөздөрүнөн мунун кандайча болорун биле алабыз. Анда анын үмүтүбүз жөнүндө эмне дегенине токтололу. Ошентсек, үмүтүбүздүн ишке ашарына ого бетер ишенип калабыз.

ҮМҮТҮБҮЗДҮ КАНТКЕНДЕ ЧЫҢДАЙ АЛАБЫЗ?

Кудайдын кызматчыларынын баары кыйынчылыкка кабыларын билет (9, 10-абзацтарды карагыла)

9, 10. Пабылдын мисалынан көрүнүп тургандай, биз эмнелерге кабылышыбыз мүмкүн? (Римдиктер 5:3). (Сүрөттөрдү да карагыла.)

9 Окугула: Римдиктер 5:3. Байкасаңар, кыйынчылыктарга кабылганыбызда, үмүтүбүз ого бетер бекемделиши мүмкүн. Бул, бир караганда, таң калыштуу угулушу ыктымал. Машаяктын жолдоочуларынын баары ар кандай кыйынчылыктарга туш болорун билишет. Буга Пабылды мисал кылсак болот. Ал Тесалоникадагыларга: «Жаныңарда жүргөнүбүздө силерге кыйынчылыктарга дуушар болорубузду алдын ала айтканбыз. Эми ошондой болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар»,— деп жазган (1 Тес. 3:4). Ал эми Корунттагы ишенимдештерине: «Башыбызга кандай кыйынчылык түшкөнүн билишиңерди каалайм... Оор жагдайга туш болуп, аман каларыбыздан да үмүт үзүп койгон элек»,— деген (2 Кор. 1:8; 11:23—27).

10 Машаяктын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да жашоосу телегейи тегиз болбой турганын билишет (2 Тим. 3:12). Силер да Машаяктын жолун жолдогонуңар үчүн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатасыңарбы? Мисалы, досторуңар же туугандарыңар силерди шылдыңдашы, атүгүл ырайымсыз мамиле кылышы мүмкүн. Бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан жумушуңарда көйгөйлөр туулабы? (Евр. 13:18). Үмүттөнгөн нерселериңер жөнүндө башкаларга айткан үчүн өкмөт тарабынан каршылыкка туш болуп жатасыңарбы? Бирок башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, Пабыл айткандай, кубанышыбыз керек. Эмне үчүн?

11. Кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөнгө эмне үчүн чечкиндүү болушубуз керек?

11 Башыбыздан оор кыйынчылыктарды өткөргөндө бир баалуу сапатты өрчүтөбүз. Ал тууралуу Римдиктер 5:3тө: «Кыйынчылыктар туруктуулукту жаратат»,— деп жазылган. Кудайдын бардык кызматчылары кыйынчылыкка туш болот. Ошондуктан, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, туруктуу болобуз деп чечип алышыбыз керек. Туруктуу болуп, Жахабага ишенимдүү кызмат кылганда гана үмүтүбүздүн ишке ашканын көрө алабыз. Биз Исанын мисалындагы таштак жерге түшкөн үрөндөргө салыштырылган адамдарга окшошуп калгыбыз келбейт. Алар жакшы кабарды угар замат кубаныч менен кабыл алса да, «кыйынчылыкка же куугунтукка дуушар болгондо» четтеп кетишет (Мт. 13:5, 6, 20, 21). Албетте, куугунтукка же кыйынчылыкка туш болгон баарыбызга эле жакпайт, оңой да эмес. Бирок аларды туруктуулук менен көтөрсөк, пайдасын сөзсүз көрөбүз. Кандайча?

12. Кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөнүбүздүн кандай пайдасы бар?

12 Шакирт Жакып кыйынчылыктарга туруктуулук менен чыдоонун пайдасын баса белгилеген. Ал: «Бардык жагынан жеткилең, кемчиликсиз, эч кынтыксыз болушуңар үчүн, туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн»,— деп жазган (Жкп. 1:2—4). Жакып белгилегендей, «туруктуулугубуз» толугу менен көрсөтүлүшү керек. Эгер ошентсек, натыйжасы кандай болот? Чыдамдуулук, ишеним сыяктуу сапаттарды көбүрөөк өрчүтө алабыз, Кудайга да көбүрөөк таянып калабыз. Анткен менен туруктуу болгонубуздун дагы бир пайдасы бар.

13, 14. Туруктуулук көрсөткөнүбүздүн натыйжасы кандай болот жана ал үмүтүбүзгө кандай таасир этет? (Римдиктер 5:4).

13 Окугула: Римдиктер 5:4. Пабыл туруктуулугубуздун аркасында Кудайга жага аларыбызды айткан. Албетте, бул кыйналып жатканыбыз Жахабага жагат дегенди билдирбейт. Ал көйгөйлөрүбүздү туруктуулук менен көтөргөнүбүздү көрүп кубанат. Ошону билгенибиз бизге багынбаганга дем-шык берет (Рим. 5:12).

14 Ыбрайымдын кыйынчылыктарга туруктуулук менен чыдап, ошонун аркасында Жахабага жакканын эстесеңер. Жахаба Ыбрайымды өзүнүн досу деп атап, адил деп тапкан (Башт. 15:6; Рим. 4:13, 22). Биз да Жахаба менен ошондой мамиледе боло алабыз. Аябай көп кызмат кылсак эле же кандайдыр бир сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркаласак эле, Кудайга жагабыз деп ойлоо жаңылыштык болуп калмак. Жахаба биздин кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү кызмат кылганыбызды баалайт. Ошондо гана ага жага алабыз. Жаш-курагыбызга, жагдай-шартыбызга же шык-жөндөмүбүзгө карабай, баарыбыз туруктуу боло алабыз. Учурда кайсы бир кыйынчылыкка туруктуулук менен чыдап жатасыңарбы? Эгер ошондой болсо, Жахабаны кубантып жатканыңардан шектенбесеңер болот. Кудайга жаккандай иш кылып жатканыбызды түшүнсөк, анын сыйлык берерине ого бетер үмүттөнүп калабыз.

ҮМҮТҮБҮЗ БЕКЕМДЕЛГЕНДЕ...

15. Пабыл андан ары эмне деп айткан жана ушундан улам кандай суроо туулушу мүмкүн?

15 Пабыл жогоруда айткандай, кыйынчылыктарда туруктуу болсок, Жахабага жага алабыз. Пабылдын андан ары эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Кудайдын жактыруусу үмүткө ээ кыларын билебиз. Үмүт болсо көңүлүбүздү кайт кылбайт»,— деп жазган (Рим. 5:4, 5). Бул сөздөр айрымдарга түшүнүксүз болушу мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени Римдиктер 5:2де жазылгандай, Пабыл Римдеги Машаяктын жолдоочуларынын «Кудайдын даңкына ортоктош болгонго» үмүттөнө аларын айткан. Ошол себептен айрымдарда: «Эгер алар үмүтү бар экенин ага чейин эле билсе, эмне үчүн Пабыл кайра үмүт жөнүндө сөз кылган?» — деген суроо туулушу мүмкүн.

Силерди өзүнө тарткан үмүт жүрөгүңөрдөн терең орун алып, жалындаган (16, 17-абзацтарды карагыла)

16. Үмүтүңөр кантип жалындаган? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

16 Үмүттүн уламдан-улам жалындай берерин эске алсак, Пабылдын эмне дегенин айкыныраак түшүнөбүз. Кудайдын Сөзүндөгү кереметтүү үмүт жөнүндө биринчи жолу укканыңарда кандай сезимде болгонуңарды эстесеңер. Балким, жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аларыңар жөнүндөгү ой абдан жакса да, силерге тек гана куру кыялдай сезилгендир. Анткен менен Жахаба жана Ыйык Китептеги убадалар жөнүндө канчалык көп билген сайын ал үмүттүн ишке ашарына ошончолук көбүрөөк ишене баштагансыңар.

17. Өзүңөрдү Кудайга арнап, чөмүлгөндөн кийин үмүтүңөр андан ары кандайча чыңдалган?

17 Өмүрүңөрдү Жахабага арнап, чөмүлгөндөн кийин көбүрөөк билим алып, рухий жактан жетилген сайын, үмүтүңөр чыңдала берген (Евр. 5:13—6:1). Балким, силер Римдиктер 5:2—4-аяттарда жазылган нерселерди сезип көргөндүрсүңөр. Алсак, ар кандай кыйынчылыктарга кабылып, аларды туруктуулук менен жеңгенсиңер жана Жахабага жаккандай иш кылганыңарга ынангансыңар. Муну билгендиктен ал убада кылган нерселерди аларыңарга мурдагыдан да бекем ишенип калгансыңар. Үмүтүңөр да баштагыга караганда алда канча бекем болуп калган. Ал жүрөгүңөрдөн дагы да терең орун алып, анын ишке ашарынан түк да шектенбей калгансыңар. Натыйжада ал силердин жашооңордун ар бир тармагына, мисалы, үйүңөрдөгүлөргө кандай мамиле кыларыңарга, кандай чечим чыгарарыңарга, убактыңарды каякка жумшаарыңарга таасир эткен.

18. Жахаба кандай кепилдик берген? (Рим. 15:13).

18 Элчи Пабыл Кудайга жакканыбызды билгенибиз үмүтүбүзгө кандай таасир этерине байланыштуу дагы бир маанилүү ойду айткан. Ал үмүтүбүздүн ишке ашарына ынандырган. Мындан эмне үчүн шектенбесек болот? Ал буга кепилдик катары: «Үмүт болсо көңүлүбүздү кайт кылбайт, себеби Кудайдын сүйүүсү өзүбүзгө берилген ыйык рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн»,— деген сөздөрдү жазган (Рим. 5:5). Ырас, Жахаба ар бирибизге ушундай үмүт берген.

19. Үмүтүңөргө байланыштуу эмнеден шектенбесеңер болот?

19 Жахабанын Ыбрайымга берген убадасы, ага жакканына кантип ынандырганы жана аны досу деп эсептегени жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ыбрайымдын үмүтү таш капкан эмес. Ыйык Китепте: «Ыбрайым ал убаданы чыдамкайлык көрсөткөндөн кийин алган»,— делет (Евр. 6:15; 11:9, 18; Рим. 4:20—22). Чынында эле, Жахаба Ыбрайымдын көңүлүн кайт кылган эмес. Эгер Жахабага ишенимдүү бойдон калсак, биз да сыйлык аларыбыздан шектенбей, бекем үмүттөнө алабыз. Үмүтүбүз куру кыял эмес, ал бизге кубаныч тартуулайт, көңүлүбүздү кайт кылбайт (Рим. 12:12). Андыктан, Пабыл айткандай, «ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүттүн булагы болгон Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн» (Рим. 15:13).

139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол

a Бул макаладан Кудайдын кызматчыларынын кандай үмүтү бар экенин жана анын ишке ашарынан эмне үчүн шектенбесек болорун карайбыз. Римдиктер 5-бөлүмдөгү ойлор үмүтүбүз чындыкты жаңы уккандагыга караганда кандай болуп калганын көргөнгө жардам берет.