Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

Ата-энелер, балаңарга ишенимин чыңдаганга кантип жардам бере аласыңар?

Ата-энелер, балаңарга ишенимин чыңдаганга кантип жардам бере аласыңар?

«Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билгиле» (РИМ. 12:2).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макаладан ата-энелер балдары менен жакшы пикирлешкенге жана алардын Кудайга, Ыйык Китепке болгон ишенимин бекемдегенге жардам берген кеңештерди биле алат.

1, 2. Ата-энелер балдарынын Ыйык Китептеги окууларга байланыштуу берген суроолоруна кандай карашы керек?

 КӨПТӨР ата-эне болууну 24 саат бою иштеген жумушка салыштырат. Ооба, ата-эне болуш оңой эмес. Анткени башка милдеттериңерден тышкары, балдарыңардын ишенимин бекемдеш үчүн колуңардан келишинче күч жумшайсыңар. Бул үчүн силерди мактагыбыз келет (Мыйз. 6:6, 7). Балаңар чоңойгон сайын Ыйык Китептеги окууларга жана Кудай бекиткен адеп-ахлак нормаларына байланыштуу олуттуу суроолорду бере башташы этимал.

2 Башында буга тынчсызданышыңар мүмкүн. Атүгүл: «Баламдын Кудайга болгон ишеними сууп баратабы?» —деп да ойлонушуңар ыктымал. Бирок балаңардын ушундай суроолорду бергени жакшы. Анткени ошонун аркасында өзү ишенген нерселеринин эмне үчүн туура экенине ынана алат (1 Кор. 13:11). Ошондуктан мындан коркпой эле койгула. Тескерисинче, бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, ага тереңирээк ой жүгүрткөнгө жардам бергиле.

3. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

3 Бул макалада ата-энелер баласына же балдарына төмөнкү жактардан кантип жардам берсе болору талкууланат: 1) Кудайга жана Ыйык Китепке бекем ишеним өрчүтүү; 2) Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына эмне үчүн карманыш керектигин түшүндүрүү; 3) Башкаларга өзү ишенген нерселерди түшүндүрүп бергенге жардам берүү. Ошондой эле балдардын суроо бергенинин кандай жакшы жактары бар экенине жана ата-энелер балдары менен Ыйык Китепте айтылгандар жөнүндө сүйлөшкөнгө кантип мүмкүнчүлүк тапса болоруна токтолобуз.

ИШЕНИМИН ЧЫҢДАГАНГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

4. Балаңар кандай суроолорду бериши мүмкүн жана эмне үчүн?

4 Ата-энелер Кудайга болгон ишеним балдарына тукум кууп өтпөй турганын жакшы билет. Себеби өздөрү деле Жахабага болгон ишенимин өрчүтүш үчүн күч жумшаган. Балдар тууралуу деле ушуну айтса болот. Убакыттын өтүшү менен аларды: «Кудайдын бар экенин каяктан билем? Ыйык Китепте жазылгандардын чын экенине ишенсем болобу?» — деген суроолор ойго сала башташы мүмкүн. Ыйык Китеп да бизди «акыл жөндөмүбүздү» колдонгонго, «бардыгын текшерип көргөнгө» чакырат (Рим. 12:1; 1 Тес. 5:21). Анда балаңардын ишеними бекем болушу үчүн эмне кыла аласыңар?

5. Ата-энелер балдарынын Ыйык Китепке болгон ишенимин кантип өстүрө алат? (Римдиктер 12:2).

5 Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ынанганга түрткү бергиле. (Окугула: Римдиктер 12:2.) Балаңар суроо бергенде, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, «Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал» деген сыяктуу адабияттарды колдонгонду көрсөтүп койгула. Ошондо ал суроосуна жооп тапканды үйрөнөт. Мисалы, «Ыйык Китеп» деген бөлүктүн «Ыйык рухтун жетеги менен жазылган» деген бөлүкчөсүн караса болот. Ал жактан Ыйык Китептин адамдар жазган жөн эле жакшы китеп эмес, «Кудайдын сөзү» экенин көрсөткөн далилдерди окуй алат (1 Тес. 2:13). Же балким, байыркы ашурлуктардын шаары Нинеби жөнүндө изилдеп көрөттүр. Мурун айрым окумуштуулар: «Нинеби деген шаар эч качан болгон эмес»,— деп айтышчу. Бирок 1850-жылдары окумуштуулар Нинебинин урандыларын табышкан. Бул Ыйык Китепте жазылгандардын так экенин көрсөтүп турат (Сеп. 2:13—15). Нинеби шаарынын так Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай талкаланганы жөнүндө билиш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2021-жылы ноябрь айында чыккан санындагы «Билесиңерби?» деген макаланы карап көрсө болот. Биздин адабияттарда жазылгандар менен башка беделдүү булактарда айтылгандарды салыштырып көрсө, балаңар Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ого бетер ишенип калат.

6. Ата-энелер канткенде балдарына ой жүгүрткөнгө түрткү бере алат? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.)

6 Ой жүгүрткөнгө түрткү бергиле. Ата-энелер Кудайга эмне үчүн ишенерибиз же Ыйык Китеп жөнүндө балдары менен кызыктуу маек курганга көп мүмкүнчүлүк тапса болот. Андай мүмкүнчүлүк музейге, ботаникалык бакка же Бейтелдердеги көргөзмөлөргө барганда түзүлүшү мүмкүн. Алсак, музейге барганда же ал жакка онлайн саякаттаганда балаңардын Ыйык Китепке болгон ишенимин бекемдеш үчүн тарыхый окуяларга же табылгаларга көңүл бургула. Балаңар Маап ташы жөнүндө билеби? 3 000 жыл болгон ал ташта Жахабанын ысымы жазылган. Ал таш учурда Франциянын Париж шаарындагы Лувр музейинде турат. Уориктеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгыбыздагы «Ыйык Китеп жана Кудайын ысмы» деген көргөзмөдөн да Маап ташына окшоштурулуп жасалган ташты көрсө болот. Негизи, ошол ташта Маап падышасы Мешанын ысрайылдыктарга каршы чыкканы жазылган. Бул Ыйык Китепте жазылгандарга дал келет (2 Пад. 3:4, 5). Балаңар Ыйык Китепте жазылгандардын чындык жана так экенин өз көзү менен көргөндө ишеними чыңдалат. (Салыштыргыла: 2 Жылнаама 9:6.)

Музейдеги табылгалар аркылуу балаңардын ишенимин кантип бекемдей аласыңар? (6-абзацты карагыла)


7, 8. а) Табияттын чебердик менен долбоорлонгонунан жана кооздугунан эмнени биле алабыз? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.) б) Балаңардын Жаратканга болгон ишенимин бекемдеш үчүн кандай суроолорду берсеңер болот?

7 Табият жөнүндө ой жүгүрткөнгө үндөгүлө. Жаратылышка чыкканда же бакчада иштегенде балаңардын көңүлүн өсүмдүктөрдүн түзүлүшүнө бургула. Ошондо ал өсүмдүктөрдүн акылмандык менен кылдат ойлонуштурулуп жасалганын байкайт. Маселен, спираль түрүндөгү түзүлүштү окумуштуулар көптөгөн жылдардан бери изилдеп келет. Никола Фамили деген биофизик табияттагы спираль түрүндөгү түзүлүштө белгилүү бир сандардын кайталанып турарын түшүндүргөн. Бул Фибоначчи санынын тартиби деп аталат. Спираль түрүндөгү түзүлүш көп жерде, айталы, айрым галактикаларда, наутилустун үлүл кабыгында, өсүмдүктөрдүн жалбырагында жана күн караманын себетчесинде кездешет a.

8 Балаңар биология сабагынан да көп нерселердин формасы белгилүү бир мыйзамдарга баш иерин билиши мүмкүн. Мисалга, даракты алалы. Анын негизги бутагынан бутакча, бутакчадан майдараак бутакчалар чыгат. Ушул кайталанма процессти математиктер фракталдык түзүлүш деп аташат. Бул түзүлүштү жаратылыштагы башка нерселерден да көрсө болот. Бирок ушундай кооздукту пайда кылган мыйзамдарды ким негиздеген? Табияттагы мыкты тартиптин, чебер долбоордун аркасында ким турат? Балаңар ушул сыяктуу нерселер жөнүндө канчалык көп ойлонсо, бардык нерсени Кудай жаратканына болгон ишеними чыңдалары шексиз (Евр. 3:4). Балаңар чоңоюп калганда минтип сурасаңар болот: «Эгер бизди Кудай жараткан болсо, анда канткенде бактылуу боло аларыбызды ал гана жакшы билет деп айтсак болобу?» Анан бул жөнүндө Ыйык Китептен биле аларыбызды баса белгилегиле.

NASA, ESA, and the Hubble Heritage (STScl/AURA)-ESA/Hubble Collaboration

Табиятты укмуштуудай чебердик менен ким долбоорлогон? (7, 8-абзацтарды карагыла)


КУДАЙ БЕКИТКЕН АДЕП-АХЛАК НОРМАЛАРЫНЫН ТУУРА ЭКЕНИНЕ ЫНАНДЫРГЫЛА

9. Балаңарда эмнеден улам адеп-ахлак нормаларына байланыштуу суроо туулушу мүмкүн?

9 Эгер балаңар Кудай бекиткен адеп-ахлак нормаларынын туура экенинен шектенип жатса, анын эмне үчүн ушинтип жатканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ал ошол нормаларга каршы чыгып жатабы? Же тек гана башкаларга кантип түшүндүрүштү билбей жатабы? Кандай болбосун, балаңар менен «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебин чогуу изилдеп, Кудай бекиткен нормалардын туура экенин түшүндүрө аласыңар b.

10. Балаңарга Жахаба менен дос болгонго кантип жардам бере аласыңар?

10 Жахаба менен дос болгонго үндөгүлө. Балаңар менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда, оюн билиши үчүн «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебиндеги жеке көз карашты билгенге жардам берген суроолорду жана сүрөттөрдү колдонгула (Накыл 20:5). Мисалы, 8-бөлүмдө Жахаба бизди коргогусу келген, камкор доско салыштырылат. 1 Жакан 5:3тү талкуулагандан кийин: «Жахаба ушундай жакшы дос болсо, анын айткандарын кандай кабыл алышыбыз керек?» — деп сурап көргүлө. Бул, бир караганда, жөнөкөй эле суроодой көрүнсө да, балаңарга Жахаба мыйзамдарды бизди жакшы көргөндүктөн берерин түшүнгөнгө жардам бериши ыктымал (Ыш. 48:17, 18).

11. Балаңар Ыйык Китептеги принциптерди жогору баалаш үчүн эмне кылсаңар болот? (Накыл сөздөр 2:10, 11).

11 Ыйык Китептеги принциптерди колдонгондун кандай пайдасы бар экенин талкуулагыла. Ан үчүн Ыйык Китепти же күндөлүк аятты чогуу окугандан кийин, андагы принциптердин үй-бүлөңөргө кандай пайдасын тийгизип жатканын сүйлөшкүлө. Мисалы, балаңар эмгекчил жана чынчыл болгондун пайдасын көрүп жатабы? (Евр. 13:18). Мындан тышкары, Ыйык Китептеги принциптерди колдонсок, денибиз сак, жан дүйнөбүз тынч болорун баса белгилегиле (Накыл 14:29, 30). Ушул сыяктуу принциптерди талкуулап турсаңар, балаңар аларды көбүрөөк баалап калары шексиз. (Окугула: Накыл сөздөр 2:10, 11.)

12. Стив уулуна Ыйык Китептеги принциптерди баалаганга кантип жардам берет?

12 Франциядан болгон Стив жубайы экөө өспүрүм курактагы баласы Эйтанга Жахаба мыйзамдарды бизди сүйгөндүктөн берерин түшүндүрүш үчүн минтип сурашат: «Эмне үчүн Жахаба ушул принципке карманышыбызды күтөт? Бул Жахабанын бизди жакшы көрөрүн кандайча көрсөтүп турат? Эгер муну аткарбай койсок, эмне болот?» Ушинтип сүйлөшкөнү Эйтанга Жахабанын принциптерин жүрөгүнө сиңиргенге жардам берет. Стив: «Биз Эйтанга Ыйык Китептеги акылмандыктын адамдардын акылмандыгынан канчалык жогору турарын түшүндүргүбүз келет»,— деп кошумчалайт.

13. Балдарыңарга Ыйык Китептеги принциптерди колдонгонду кантип үйрөтө аласыңар? Мисал келтиргиле.

13 Ыйык Китептеги принциптерди колдонгонду үйрөткүлө. Мисалга балаңарга мугалими кайсы бир чыгарманы окуп келүүнү тапшырды дейли. Ал чыгармада ыпылас же зордук-зомбулукчул кишилер жакшы каарман катары көрсөтүлүшү мүмкүн. Андайда балаңарды ошол каармандын иш-аракеттерин Ыйык Китептеги принциптердин негизинде таразалаганга үйрөтсөңөр болот (Накыл 22:24, 25; 1 Кор. 15:33; Флп. 4:8). Мунун аркасында, эгер мугалими же классташтары ошол чыгарма жөнүндө сурап калса, балаңар көз карашын тартынбай эле айтып бере алат.

ЭМНЕГЕ ИШЕНЕРИН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ ДАЯРДАГЫЛА

14. Жаштар эмнеден уялышы мүмкүн жана эмне үчүн?

14 Айрым учурларда жаштар ишенген нерселерин мектептегилерге айткандан коркушу мүмкүн. Же сабактан эволюция жөнүндө өткөндө өзүнүн көз карашын айткандан уялышы мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени көп учурда мугалимдер эволюцияны факт катары көрсөтүшөт. Балдарыңарды ишенген нерселерин коркпой жактаганга кантип үйрөтө аласыңар?

15. Жаштарга ишенген нерселеринен шектенбегенге эмне жардам берет?

15 Ишенген нерселеринен шектенбегенге жардам бергиле. Балаңарда Жаратканга ишенгенден уялганга эч кандай себеп жок экенин түшүндүргүлө (2 Тим. 1:8). Белгилей кетчү нерсе, көптөгөн окумуштуулар жашоонун кокусунан пайда болуп калганына кошулбайт. Жаратылыштагы нерселердин абдан татаал экенин жана аны акылдуу бирөө долбоорлогонун да тана алышпайт. Ошондуктан алар дүйнө жүзү боюнча мектептерде окутулган эволюция теориясына ишенишпейт. Андан тышкары, балаңар башка ишенимдештеринин Жараткандын бар экенине эмне үчүн ишенип калганы жөнүндө айтып бергендерин окуса да, ишеними чыңдалып, кадимкидей кайраттанып калат c.

16. Балаңарды Кудайга ишенерин башкаларга түшүндүрүп бергенге кантип үйрөтсөңөр болот? (1 Петир 3:15). (Сүрөттү да карагыла.)

16 Эмне үчүн Кудайга ишенерин түшүндүрүп бергенге көмөк кылгыла. (Окугула: 1 Петир 3:15.) Ан үчүн jw.org сайтындагы «Жаштардын суроолору. Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы?» деген катар макалаларды чогуу окуп көргүлө. Анан балаңар өзүнө түшүндүрүп бергенге оңой болгон далилди тандап алса болот. Андан кийин аны башкаларга түшүндүрүп бергенге көнүккүлө. Балаңарга классташтары менен сүйлөшкөндө талашпашы керектигин айтып койгула. Кызыккандарына акылга сыярлык жөнөкөй мисалдарды айтып бергенге үндөгүлө. Мисалы, классташы: «Мен көргөн нерсеме гана ишенем. Кудайды эч качан көргөн эмесмин. Ошондуктан ага ишенбейм»,— деши мүмкүн. Балаңар минтип айтса болот: «Киши көп барбаган бир токойдо жүргөнүңдү элестетсең. Кетип баратып эле жыгачтан салынган кооз үйдү көрүп каласың. Ошондо эмне деп ойлойт элең? Дароо эле аны кимдир бирөө курган деп ойломоксуң. Анда укмуштуудай татаал аалам кантип эле өзүнөн өзү пайда болуп калсын?»

Классташтарыңарга ой жүгүрткөнгө түрткү бериш үчүн жөнөкөй эле нерселерди айткыла (16, 17-абзацтарды карагыла) d


17. Балдарыңарды башкаларга кабар айтканга кантип үндөсөңөр болот? Мисал келтиргиле.

17 Ыйык Китепте жазылгандарды башкаларга айтып бергенге мүмкүнчүлүк издегенге үндөгүлө (Рим. 10:10). Мисалы, балаңардын ишенген нерселери тууралуу башкаларга айтып бергенге жумшаган аракетин музыкалык аспапты үйрөнгөнгө салыштырса болот. Башында үйрөнчүктөр жөнөкөй обондордон башташат. Бара-бара аны оңой эле ойноп калат. Ушул сыңары, жаштар башында ишенген нерселери тууралуу жөнөкөй эле нерселерди айтып берсе болот. Алсак, балаңар классташынан: «Инженерлердин көп нерсени табияттагы нерселерди туурап жасаарын билчү белең? Ушул жөнүндө бир сонун видео көрсөтөйүнбү?» — деп сураса болот. «Өзү жаралганбы?» деген рубрикадагы видеолордун бирин көрсөткөндөн кийин мындай десе болот: «Окумуштууларды табияттагы бар нерсени эле жасап койгону үчүн мактайбыз, ал эми ошол нерсени жараткан үчүн ким макталышы керек?» Ушундай жөнөкөй эле суроолор классташтарынын кызыгуусун арттырып, дагы көбүрөөк билгенге түрткү бериши мүмкүн.

БАЛАҢАРГА ИШЕНИМИН ЧЫҢДАГАНГА МЫНДАН АРЫ ДА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

18. Балдарыңардын Кудайга болгон ишенимин чыңдай бериш үчүн эмне кылсаңар болот?

18 Азыркы учурда адамдардын басымдуу бөлүгү Жахабага ишенбейт (2 Пет. 3:3). Ошондуктан, ата-энелер, балдарыңар менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда аларды Кудайдын Сөзүн жана андагы адеп-ахлак нормаларын баалаганга жардам берген темаларды казып изилдегенге үндөгүлө. Жахаба жараткан кереметтүү табият жөнүндө ойлонгонго да түрткү бергиле. Ошондой эле Ыйык Китептеги буга чейин аткарылган жүрөк козгоорлук пайгамбарлыктарды түшүнгөнгө көмөк кылгыла. Эң маанилүүсү, алар менен жана алар үчүн тиленгиле. Ушулардын баарын кылсаңар, Жахаба балаңарга ишенимин чыңдаганга жардам бериш үчүн кылып жаткан аракетиңерге сөзсүз батасын берет! (2 Жылн. 15:7).

133-ЫР: Жаш кезде Жахабага кызмат кылабыз

a Көбүрөөк маалымат алыш үчүн jw.org сайтындагы «Жаратылгандын баары Жараткандын даңкын жар салат» деген видеону көргүлө.

b Эгер балаңар «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебин изилдеп бүткөн болсо, анда 3чү, 4чү бөлүктөгү Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына байланыштуу айрым бөлүмдөрдү кайра карап чыксаңар болот.

c Карагыла: «Эмне үчүн Жаратканга ишенишет?» («Ойгонгула!», сент., 2006-ж.). «Тиричиликтин башаты. Маанилүү беш суроо» деген китепче. Дагы көбүрөөк мисалдарды jw.org сайтындагы «Тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу пикирлер» деген видеотоптомунан таба аласыңар.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жаш ишенимдешибиз дрондорго кызыккан классташына «Өзү жаралганбы?» деген рубрикадан бир видео көрсөтүп жатат.