ӨМҮР БАЯН
Дагы эле көп нерсеге үйрөнүп келатам
ЖАХАБА — менин «Улуу Насаатчым». Анын «окуучусу» болгонума аябай сыймыктанам (Ыш. 30:20). Ал элин Ыйык Китеп, таңдандырган табият жана уюму аркылуу көп нерсеге үйрөтөт. Насаатташ үчүн ишенимдештерибизди да колдонот. Дээрлик бир кылым жашап, 97ге келип калсам да, Жахаба ушулар аркылуу мени көп нерсе үйрөтүп келет. Анда ушул жөнүндө кобурап берейин.
Мен 1927-жылы Чикагонун (Иллинойс, АКШ) жанындагы чакан шаарда төрөлгөм. Биз 5 бир тууганбыз: Жетта эжем, Дон байкем, мен, Карл жана Жой. Баарыбыз тең жаштайыбыздан Жахабага жан-дилибиз менен кызмат кылабыз деп чечип алганбыз. Жетта эжем 1943-жылы Гилат мектебинин 2-классын бүтүргөн. Дон байкем 1944чү, Карл 1947чи, Жой болсо 1951-жылы Бруклиндеги (Нью-Йорк) Бейтелге чакырылган. Алар жана ата-энем мага мыкты үлгү болушкан. Ошондуктан көбүрөөк кызмат кылганга түрткү алгам.
ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДҮН ЧЫНДЫКТЫ ТААНЫП-БИЛИШИ
Атам менен апам Ыйык Китепти окуган, Кудай деген кишилер болчу. Бизди да Кудайдан коркконго үйрөтүшкөн. Бирок атамдын Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Европадагы салгылашка катышканда чиркөөдөн көңүлү калып калыптыр. Апам атамдын согуштан тирүү кайтып келгенине аябай сүйүнгөн. Бир күнү ага: «Жүр, кайрадан чогуу чиркөөгө барбайлыбы»,— деген. Атам: «Узатып барайын, бирок ичине кирбейм»,— деп жооп берген. Апам себебин сураганда атам: «Согуш учурунда эки тараптын дин кызматчылары бир эле динди тутса да, өздөрүнүн тарабы жеңишке жетиш үчүн жоокерлерге, курал-жаракка батасын беришкен! Ошондо эмне, Кудай эки тарапты тең колдогонбу?» — деп айткан.
Бир жолу апам чиркөөгө кеткенде, үйгө эки Жахабанын Күбөсү келген. Алар атама Аян китеби түшүндүрүлгөн «Жарык» деп аталган эки китепти сунушташкан. Атам кызыгып, ал китептерди алган. Апам да аларды көрөрү менен окуй баштаган. Анан бир күнү эле апам гезиттен Ыйык Китепти «Жарык» деген китептерди колдонуп изилдегенге чакырган кулактандырууну окуп калган. Ошондо апам ал жакка жөнөгөн. Гезитте жазылган дарек боюнча барганда, эшикти бир апа ачыптыр. Апам колундагы китептерди көрсөтүп: «Муну ушул жактан изилдейсиңерби?» — деп сураптыр. Тиги апа: «Ооба, келе кой, каралдым»,— деп ичкери киргизиптир. Ошентип, кийинки жумадан тартып атамдан башкабыз ал жакка дайыма каттай баштадык.
Жолугушуулардын биринде алып барып жаткан бир тууган менден Забур 144:15ти окуп берип коюшумду суранды. Ал жерде Жахабага сыйынгандардын бактылуу экени жазылыптыр. Ошол аят жана 1 Тиметей 1:11, Эфестиктер 5:1 жүрөгүмдү аябай козгогон. Ал аяттарда Жахаба — «бактылуу Кудай» жана «Кудайды туурагыла» деген сөздөр бар экен. Ошондо, эгер Жаратканыма колуман келишинче кызмат кылсам, сөзсүз бактылуу болорумду жана ошондой мүмкүнчүлүк бергени үчүн ага дайыма ыраазычылык билдиришим керектигин түшүнгөм. Ушул эки нерсе жүрөгүмдө ташка тамга баскандай калып калган.
Бизге эң эле жакын жыйналыш Чикагодон 32 километр алыс болчу. Бирок ошого карабай жыйналышты калтырчу эмеспиз. Мунун аркасында Жахаба жөнүндөгү билимим тереңдей берди. Бир жолу жыйналыштан Жетта эжемдин жооп бергени эсимде. Анын айткандарын угуп отуруп, ичимен: «Мен деле буларды билем да. Анда мен деле жооп берсем болот турбайбы»,— деп ойлонгом. Ошондон тартып даярданып барып, жооп бере баштагам. Убакыттын өтүшү менен, берки бир туугандарымдай болуп, Жахабага жакындай бердим. Анан 1941-жылы чөмүлдүм.
ЖАХАБА ЖЫЙЫНДАР АРКЫЛУУ КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨТТҮ
1942-жылы Кливлендде (Огайо) өткөн жыйын такыр эсимен кетпейт. АКШдагы 50дөн ашык шаардагы ишенимдештерибиз ошол жыйынды телефон менен угушкан. Биз болсо жыйынга барып, ал өткөрүлгөн жердин тегерегиндеги чатырларда жашадык. Ал жерди «Чатырлар шаарчасы» деп атап коюшкан. Так ошондо Экинчи дүйнөлүк согуш тутанып, Жахабанын Күбөлөрүнө кысым көрсөтүлө баштаган. Боордошторубуздун коопсуздугу үчүн кечинде бир туугандар машинелерин фаралары конуштун сыртын карап тургандай кылып токтотушту. Анан ар бир машинеде бирден киши түнү бою отурсун деп сүйлөшүштү. Алар кимдир бирөөнүн кол салганы келатканын көрүшсө, машиненин фарасын күйгүзүп, пипилдетмек. Муну укканда башкалар жардамга келмек. Ошондо мен: «Жахабанын эли чын эле кыйын экен! Баарын алдын ала ойлонуштуруп коюшат экен»,— деп ойлонгом. Ушуларды көргөндө эч нерседен коркпой, жыргап уктагам. Бактыга жараша, ошондо эч ким деле келген жок.
Кийин ошол окуя жөнүндө ойлонуп көрүп, апама баа бердим. Ошондо апам алаңдап, корккон эмес. Анткени ал толугу менен Жахабага жана анын уюмуна таянган. Апамдын ошол жакшы үлгүсүн эч качан унутпайм!
Ошол жыйындын алдында апам үзгүлтүксүз пионер болгон. Ошондуктан ал толук убакыттагы кызмат жөнүндө айтылган баяндамаларды кунт коюп укту. Үйгө баратканда апам бизден: «Мен пионердик кызматымды мындан ары да уланткым келет. Бирок үй-жайды да карап, кызмат кылыш оор болуп калат окшойт. Ошон үчүн мага жардам бере аласыңарбы?» — деп сурады. Биз макул болдук. Ал ар бирибизге жыйнаганга бир-эки бөлмөдөн бөлүп берди. Бөлмөлөрдү эртең мененки тамакка чейин жыйначубуз. Андан кийин мектепке кетчүбүз. Апам болсо баарын бир сыйра карап чыгып, кызматка жөнөчү. Анын убактысы тар болсо да, бизди жакшы карачу. Мектептен келгенибизде дайыма тамак жасап, күтүп алчу. Кээде мектептен кийин апам менен кызматка чыкчубуз. Ошонун аркасында пионер болуу кандай экенин билип калганбыз.
ТОЛУК УБАКЫТТАГЫ КЫЗМАТТЫ БАШТАШЫМ
16 жашымда үзгүлтүксүз пионер болдум. Атам Жахабанын Күбөсү болбосо да, кызматымдын кандай болуп жатканын сурап турчу. Бир күнү кечинде атама канча аракет кылсам да, эч ким
менен изилдөө баштай албай жатканымды айттым. Анан бир аз ойлонуп: «Мени менен изилдебейсизби?» — деп сурадым. Атам бир саамдан кийин: «Мейли, изилдесе изилдейли»,— деп айтты. Ошентип, эң биринчи изилдөө өткөн кишим атам болду. Буга аябай сыймыктангам!Атам экөөбүз «Чындык силерди эркин кылат» деген китепти изилдечүбүз. Бир нерсени казып изилдеген, окуткан жагынан жакшырышыма атамдын салымы чоң болду. Бир күнү кечинде изилдеп жатып, абзацты окугандан кийин атам: «Бул китепте жакшы жазылыптыр. Бирок булардын чындык экенин кайдан билесиң?» — деп сурады. Мындай суроого даяр эмес болчумун. Ошондуктан: «Бул сурооңузга азыр жооп бере албайм. Кийинкиде даярданып келип жооп берейин»,— дедим. Анан атамдын суроосуна жооп бере турган аяттарды таптым. Ошол окуядан кийин изилдөөгө жакшы даярданганды, терең изилдөө жүргүзгөндү үйрөндүм. Ошентип, атам экөөбүз тең рухий жактан өстүк. Атам билгендерин жашоосунда колдонуп, 1952-жылы чөмүлдү.
БЕЙТЕЛДЕН КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨНҮШҮМ
17 жашымда уядан учтум. Ал кезде Жетта a эжем миссионер болуп, Дон байкем Бейтелде кызмат кылып жаткан. Экөөнүн жалындап кызмат кылып жүргөнүн көрүп, мен дагы шыктанып калгам. Ошондуктан Бейтелге да, Гилат мектебине да арыз толтуруп, баарын Жахабага тапшырып койдум. Анан 1946-жылы Бейтелге чакырылып калдым.
Бейтелде ар кандай кызматтарды аркаладым. Ошонун аркасында көптөгөн жаңы нерселерге үйрөндүм. Бейтелде кызмат кылган 75 жылдын ичинде басмаканада, эсеп-кысап бөлүмүндө иштедим. Ошондой эле Бейтелге керектүү нерселерди сатып алганды жана аларды башка жерлерге жөнөткөндү үйрөндүм. Баарынан да таңкы сыйынуу, дарс сыяктуу Бейтелдеги рухий программалар билимимди арттырып, чоң кубаныч тартуулап келет.
1947-жылы Бейтелде кызмат кыла баштаган иним Карлдан да көп нерсеге үйрөндүм. Ал Ыйык Китепти казып изилдеген чебер окутуучу болчу. Бир жолу баяндама даярдап жатып, андан кеңеш сурагам. Карлга аябай көп маалымат чогултканымды, бирок аларды кантип колдонушту билбей жатканымды айттым. Ал менден: «Баяндамаңыздын темасы эмне экен?» — деп сурады. Анын ошол бир эле суроосу мага туура багыт алганга жардам берди. Керектүү эле маалыматты калтырып, ашыкчасын алып салдым. Ошондо үйрөнгөн нерсемди дагы деле колдонуп келем.
Бейтелде кубанып кызмат кылыш үчүн кабар айтуу ишине дайыма катышып туруш керек. Ошонун
аркасында ишенимиңди бекемдеген окуяга туш болосуң. Бир күнү кечинде Бронксто болгон (Нью-Йорк шаары) бир окуя такыр эсимен кетпейт. Ишенимдешим экөөбүз мурда «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын алып жүргөн бир аялдыкына барганбыз. Биз сөзүбүздү: «Бүгүн элдин баары менен Ыйык Китептеги бир кызыктуу ойлор менен бөлүшүп жүргөнбүз»,— деп баштадык. Ал аял: «Ыйык Китеп жөнүндө болсо, анда киргиле»,— деди. Биз ага Кудайдын Падышалыгы, жаңы заман жөнүндө аяттарды окуп бердик. Айткандарыбыз ага аябай жакты. Ошон үчүн ал кийинки жумада биз менен сүйлөшкөнгө башка досторун да чакырыптыр. Кийин күйөөсү экөө чындык жолуна түшкөн.ЖУБАЙЫМДАН КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨНҮШҮМ
Менин башынан эле үйлөнөйүн деген максатым бар болчу. Ошон үчүн мага төп келе турган жубайды 10 жылдай издедим. Ылайыктуу жар табыш үчүн Жахабадан жалындуу тиленчүмүн жана: «Үйлөнгөндөн кийин эмне кылгым келет?» — деп да ойлончумун.
1953-жылы Янки стадионунда өткөн жыйындан кийин Мэри Аниол деген кыз менен таанышып калдым. Ал Жетта эжемдин шериги болчу. Ал экөө Гилат мектебинин 2-классын бүтүрүп, Кариб аралдарына миссионер болуп дайындалышкан. Мэри мага кызматы, көптөн бери өткөрүп келаткан изилдөөлөрү жөнүндө күйүп-жанып айтып берди. Жакыныраак таанышкан сайын, алдыга койгон рухий максаттарыбыз окшош экенин байкадык. Бири-бирибизди аябай жакшы көрүп калгандыктан 1955-жылы апрелде баш коштук. Мэри мен үчүн Жахаба берген белек болду. Ал мага көп жагынан үлгү көрсөттү. Дайындообуз кандай болбосун, ал аны дайыма кубанып аткарчу. Падышалыктын ишин биринчи орунга койчу, аябай эмгекчил, камкор болчу (Мт. 6:33). Экөөбүз 3 жыл бою кыдыруучулук кызматты аткардык. Анан 1958-жылы Мэри экөөбүз чогуу Бейтелде кызмат кыла баштадык.
Мен Мэриден көп нерсеге үйрөндүм. Мисалы, жаңы үйлөнгөндө Ыйык Китепти чогуу окуйбуз деп чечип алганбыз. Күнүнө бөлүп-бөлүп 15тей аят окучубуз. Анан аларды кантип колдонсок болорун талкуулачубуз. Мэри Гилаттан билгендерин, миссионердик кызматындагы окуяларды көп айтып берчү. Ошентип чогуу талкуулап тургандын аркасында баяндамаларымды кайсы жактардан жакшыртышым керектигин жана эже-карындаштарды кантип бекемдесем болорун жакшыраак билип калгам (Накыл 25:11).
Сүйүктүү жубайым 2013-жылы каза болуп калды. Аны жаңы заманда тосуп ала турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келем. Ал убак келгиче дагы көп нерсеге үйрөнө бергенге, Жахабага бүт жүрөгүм менен таяна бергенге чечкиндүүмүн (Накыл 3:5, 6). Жаңы заманда кыла турган иштерибизди ойлогондо кадимкидей жыргап калам, жүрөгүм да кубанычка толуп чыгат. Анткени Улуу Насаатчыбыз Жахабадан көптөгөн жаңы нерселерди билебиз. Жахаба мени көп нерсеге үйрөттү жана мага чексиз ырайымын көрсөттү. Бул үчүн ага миң мертебе ыраазымын!
a Жетта Суналдын өмүр баянын бул жактан окуй аласыңар: «Күзөт мунарасы», 2003-ж., 1-март, 23—29-б., ор.