ЭМНЕНИ ИЗИЛДЕСЕ БОЛОТ?
Жахабага ишенимдүү адамдар убадасына турат
Иптах менен кызы убадасын кантип аткарганын билиш үчүн Бийлер 11:30—40-аяттарды окугула.
Контекстти талдагыла. Ишенимин бек сактаган ысрайылдыктар Жахабага берген убадасына кандай караган? (Сан. 30:2). Иптах менен кызы Жахабага бекем ишенерин кантип көрсөтүшкөн? (Бий. 11:9—11, 19—24, 36).
Тереңирээк казгыла. Жахабага убада берип жатканда Иптах, сыягы, эмнелерди эске алган? (w16.04 7-б., 12-абз.). Убадасына туруш үчүн Иптах да, кызы да эмнелерден кечкен? (w16.04 7, 8-б., 14—16-абз.). Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары кандай убадаларды бериши мүмкүн? (w17.04 5—8-б., 10—19-абз.)
Эмнелерге үйрөнсөңөр болот? Минтип ойлонуп көргүлө:
-
Өзүмдү Жахабага арнаганда берген убадама турганга эмне жардам берет? (w20.03 13-б., 20-абз.)
-
Жахабага дагы көбүрөөк кызмат кылыш үчүн эмнелерден баш тартсам болот?
-
Жубайыма берген убадама бек туруш үчүн эмне кылышым керек? (Мт. 19:5, 6; Эф. 5:28—33).