Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

Жахаба төккөн көз жашыбыздын бирин да унутпайт

Жахаба төккөн көз жашыбыздын бирин да унутпайт

«Көз жашымды чаначыңа сактап кой. Анын баары китебиңе жазылган эмеспи?» (ЗАБ. 56:8).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Жахаба жүрөгүбүздүн канчалык сыздап жатканын толугу менен түшүнөт жана бизди соороткусу келет.

1, 2. Эмнеден улам көз жаш төгүшүбүз мүмкүн?

 БААРЫБЫЗДЫН эле көз жаш төккөн учурларыбыз болот. Кээде ушунчалык сүйүнгөндүктөн көзүбүзгө жаш алабыз. Алсак, балалуу болгондо, жашообуздагы жүрөк толкуткан окуяларды эстегенде же көптөн бери көрө элек досубузга жолукканда көзүбүздөн жаш кылгыраттыр.

2 Бирок көп учурда жан дүйнөбүз жаралангандыктан ыйлайбыз. Мисалы, кимдир бирөө көңүлүбүздү катуу калтырганда нурлуу жүзүбүздү жаш жууйт. Же көпкө созулган оорудан кыйналганда жана жакын адамыбыздан айрылганда жаныбыз сыздап, жашыбыз тыйылбай калат. Ошондой учурларда бизди да Жеремия пайгамбардыкындай сезимдер чулгашы мүмкүн. Бабылдыктар Иерусалимди басып алганда, ал: «Көзүмдүн жашы көл болду. Көз жашым төгүлүп жатат, ал токтобойт, тыйылбайт»,— деп зар какшаган (Ый 3:48, 49).

3. Кызматчыларынын кыйналып жатканын көргөндө Жахаба кандай сезимде болот? (Ышая 63:9).

3 Жахаба мүңкүрөткөн жагдайлардан улам биздин канча жолу көз жаш төккөнүбүздү жакшы билет. Ыйык Китептен анын башыбыздан кандай кыйынчылыктарды кечирип жатканыбызды билерин жана жардамга чакырганыбызда угарын биле алабыз (Заб. 34:15). Бирок Жахаба ушуну менен эле тим болбойт. Балдары ыйлап жатканда карап тура албаган мээримдүү атадай болуп, ал бизге боор ооруйт жана жардам бергенге шашат. (Окугула: Ышая 63:9.)

4. Азыр кимдердин мисалына токтолобуз жана андан Жахаба жөнүндө эмнелерди билебиз?

4 Жахаба өзүнүн Сөзүнө кызматчылары көз жаш төккөн учурларда эмне кылганын жаздырып койгон. Муну Аннанын, Дөөтүнүн жана Хиския падышанын мисалынан көрсөк болот. Алардын көз жаш төгүшүнө эмнелер себеп болгон? Жахаба аларга кантип жардам берген? Биз ызаланганда, кимдир бирөө сатып кеткенде же үмүтсүз абалда калганда, Жахаба кантип сооротот?

ЫЗАДАН УЛАМ ТӨГҮЛГӨН КӨЗ ЖАШ

5. Анна эмнеден улам ызаланчу?

5 Аннанын арманы көп болгондуктан ызаланып, ыйлачу. Анын көп ыйлашына күндөшү Пенина себеп болчу. Ал ага аябай жаман мамиле кылчу. Анысы аз келгенсип, Анна төрөбөс аял эле. Пенинанын болсо бир нече баласы бар болчу (1 Шем. 1:1, 2). Ал ошону айтып Аннаны көп басынта турган. Анна ушунчалык «катуу кайгыргандыктан» ыйлап, «тамак жечү эмес» (1 Шем. 1:6, 7, 10). Аннанын ордунда болсоңор, кандай сезимде болот элеңер?

6. Жан дүйнөсүн жай алдырыш үчүн Анна эмне кылган?

6 Жан дүйнөсү жай алышы үчүн Анна эмне кылган? Ал ошол учурда таза сыйынуунун борбору болгон ыйык чатырга барган. Ал жактан, сыягы, ыйык чатырдын короосунун кире беришинин жанына туруп алып, «көз жашын төгүп, Жахабадан тилене баштаган». Ал Жахабадан: «Күңүңдүн кайгысына назарыңды салып, мени эсте»,— деп жалбарган (1 Шем. 1:10б, 11). Ооба, Анна жан дүйнөсүн түнөрткөн сезимдерин, ойлорун Жахабага айткан. Сүйүктүү кызынын көз жашын көргөндө Жахабанын канчалык боору ооруганын элестетсеңер.

7. Жүрөгүндөгүсүн Жахабага төккөндөн кийин Анна өзүн кандай сезип калган?

7 Анна Жахабага жүрөгүндөгүсүнүн баарын төккөндөн кийин жана башкы дин кызматчы Эйлинин сөздөрүн уккандан кийин өзүн кандай сезип калган? Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Ал тамак иче баштады. Анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды»,— делет (1 Шем. 1:17, 18). Кайгыга салган жагдайы өзгөрбөсө да, Анна жеңилдеп калган. Анткени ал жүрөгүн уйгу-туйгу кылган санаасын Жахабага тапшырып койгон. Жахаба болсо анын кайгысын көрүп турган, зарлаган үнүн уккан жана кийинчерээк уул берген (1 Шем. 1:19, 20; 2:21).

8, 9. Еврейлер 10:24, 25ке ылайык, эмне үчүн эч нерсеге карабай жыйналышка барганыбыз маанилүү? (Сүрөттү да карагыла.)

8 Эмнеге үйрөнсөк болот? Балким, силер да башыңарга мүшкүл түшкөндүктөн көз жаш төгүп жаткандырсыңар. Мүмкүн, жакын тууганыңардан же досуңардан айрылгандырсыңар. Мындай учурларда жаныбыз жалгыздыкты самап калары турган иш. Ошентсе да сооронуп, күч кубатка толуш үчүн ыйык чатырга барган Аннадан үлгү алгыла. Ага окшоп, эч нерсеге көңүлүңөр чаппай жатса да, жыйналышка барсаңар, сооронуп каласыңар. (Окугула: Еврейлер 10:24, 25.) Жыйналыштан жүрөгүңөргө кубат берген аяттарды уга аласыңар. Алар аркылуу Жахаба караңгылык баскан жан дүйнөңөргө жарык чачат. Натыйжада жагдайыңар дароо эле жакшырып кетпесе да, өзүңөрдү кадыресе жакшы сезип каласыңар.

9 Андан тышкары, жыйналыштан силерди чындап жакшы көргөн, силер үчүн күйүп-бышкан ишенимдештериңер менен сүйлөшсөңөр, сергийсиңер (1 Тес. 5:11, 14). Аялы каза болуп калган бир атайын пионердин эмне деп айтканына көңүл бурсаңар. Ал мындай деп бөлүшкөн: «Кээде аялымды эстеп, куса болуп, токтоно албай ыйлайм. Ошондойдо жалгыз болгум келсе да, жыйналышка барам. Ал жактан кадимкидей күч-кубатка толуп калам. Ишенимдештеримдин жылуу сөздөрү мени аябай сооротот. Кабыргам кайышып, жан дүйнөм сыздап жатса да, жыйналышка барганда өзүмдү дайыма жакшыраак сезип калам». Ооба, жыйналышка барганыбызда Жахаба боордошторубуз аркылуу бизди жөлөп-таяйт.

Бизди ишенимдештерибиз соорото алат (8, 9-абзацтарды карагыла)


10. Кайгыга батканда канткенде Аннадан үлгү ала алабыз?

10 Анна Жахабага жүрөгүн өйүгөн сезимдерин айтып да сооронгон. Силер да «бардык түйшүгүңөрдү [Жахабага] артсаңар» болот. Анын силерди угарынан жана жардам береринен шектенбегиле (1 Пет. 5:7). Күйөөсүн куралчан кишилер тоноп, өлтүрүп кеткен бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Ошондо жан дүйнөм быркырап калгандай, кайра эч качан калыбына келбечүдөй сезилген. Ошондой учурларда асмандагы мээримдүү Атам Жахабадан тиленгенде сооронуп, жеңилдеп калчумун. Кээде сезимдеримди сөз менен жеткире албай кыйналчумун. Бирок Жахаба мени түшүнчү. Өзөгүм өрттөнүп, эмне кылаарымды билбей калганда, Жахабадан жан дүйнөмө тынчтык орнотушун суранчумун. Анан дароо эле жүрөгүм тынчып, ошол күнү кыла турган иштериме киришчүмүн». Кайгынын чеңгелинен чыга албай жатсаңар, Жахабага кайрылгыла. Ал силерди кандай сезимдер чулгап жатканын толугу менен түшүнөт. Көйгөйүңөр чечилип калбаса да, Жахаба силерди сооротуп, тынчтандырып коё алат (Заб. 94:19; Флп. 4:6, 7). Ал силердин ага ишенимдүү бойдон калыш үчүн колуңардан келгендин баарын кылып жатканыңарды сөзсүз байкап, сыйлык берет (Евр. 11:6).

ЧЫККЫНЧЫЛЫКТАН УЛАМ ТӨГҮЛГӨН КӨЗ ЖАШ

11. Башкалар жаман мамиле кылганда Дөөтү өзүн кандай сезген?

11 Дөөтүнүн ар кандай оор жагдайлардан улам көз жашын төккөн учурлары болгон. Анын көзүн тазалагысы келген душмандары көп болчу. Атүгүл өзү ишенген кишилери ага чыккынчылык кылган (1 Шем. 19:10, 11; 2 Шем. 15:10—14, 30). Душмандарынын айынан ушунчалык кыйналгандыктан бир жолу ал: «Үшкүрүнө берип алым кетти, түнү бою жаткан жерим көз жашка чыланып, төшөгүм суу болуп чыгат»,— деген (Заб. 6:6, 7). Мына ушундай себептерден улам анын токтоно албай ыйлаган учурлары болгон.

12. Забур 56:8ге ылайык, Дөөтү эмнеге бекем ишенген?

12 Башына кандай мүшкүл түшпөсүн, Дөөтү Жахабанын аны жакшы көрөрүнөн шектенген эмес. Ошондуктан: «Жахаба ыйымды угат»,— деп жазган (Заб. 6:8). Дагы бир жолу Забур 56:8де ал кызыктуу бир салыштырууну колдонгон. (Аятты окугула.) Анын сөздөрүнөн Жахабанын өзүнүн кызматчыларына канчалык назик мамиле кыларын көрө алабыз. Дөөтү Жахабаны анын көз жашын чаначына чогултуп же китебине жазып келаткандай кылып сүрөттөгөн. Мындан Дөөтүнүн Жахаба анын кыйналган учурларын көрүп турганынан, аларды эсинде сактаарынан шектенбегенин биле алабыз. Ошондой эле ал асмандагы мээримдүү Атасынын анын кандай кыйынчылыктар менен алпурушуп жатканын эле эмес, алардын ага кандай таасир этип жатканын да билерине бекем ишенген.

13. Башкалар көңүлүңөрдү калтырганда эмнени унутпашыңар керек? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Эмнеге үйрөнсөк болот? Силер ишенип жүргөн киши көңүлүңөрдү калтыргандыктан же сатып кеткендиктен жаман болуп жүрөсүңөрбү? Балким, жубайыңар же баш кошууга убадалашып койгон адамыңар таштап кеткендиктен, же болбосо жакыныңар Жахабага кызмат кылбай калгандыктан жүрөгүңөр жаралангандыр. Аялы көзүнө чөп салып, аны таштап кеткен бир ишенимдешибиз мындай деген: «Уккан кулагыма ишене албай дал болуп эле туруп калдым. Өзүмдү эч кимге керегим жоктой сездим. Ичим өрттөнүп, ушунчалык жаман болдум». Эгер жакыныңар чыккынчылык кылса же көңүлүңөрдү калтырган болсо, Жахабанын силерди эч качан таштабай турганын эсиңерден чыгарбагыла. Жогоруда айтылган бир тууганыбыз: «Мен муну түшүндүм: адамдар дайыма эле бири бирине берилгендик сактай бербейт экен. Бирок Жахаба эч качан берилгендигинен жазбайт. Жашооң астын-үстүн болуп кетсе да, ал дайыма жаныңда болот. Ал ага берилгендерди эч качан таштабайт»,— деп кошумчалаган (Заб. 37:28). Андан тышкары, силерди бир да киши Жахабадай жакшы көрө албай турганын унутпагыла. Жаныңардай жакшы көргөн адамыңар таштап кеткенде аябай эле оор болот. Бирок Жахабанын силерге болгон көз карашы такыр өзгөрбөйт. Ал силерди мурункудай эле баалайт (Рим. 8:38, 39). Андыктан башкалар силерге кандай мамиле кылбасын, асмандагы Атаңардын силерди дайыма жакшы көрөрүнөн шектенбегиле.

Забур китебинде жазылгандар Жахабанын жүрөгү жаралангандарга жакын экенине ынандырат (13-абзацты карагыла)


14. Забур 34:18де жазылгандар бизди эмнеге ынандырат?

14 Жакыныңар чыккынчылык кылса, Дөөтүнүн Забур 34:18де жазылган сөздөрүн окуп да, соороно аласыңар. (Аятты окугула.) Бир эмгекте «жүрөгү жаралангандар» деген сөздөр «жакшы нерседен үмүтүн үзүп койгондор» деп да которулат. Жахаба ошондой кызматчыларына кантип жардам берет? Ыйлап жаткан баласын бооруна кысып, соороткон мээримдүү атадай болуп, Жахаба аларга «жакын». Жакыныбыз таштап кеткендиктен жүрөгүбүз жараланганда, ал бизге өзгөчө боору ооруп, мээримине бөлөйт. Кудайыбыз жан дүйнөсү жабыркагандардын жараатын таңып, өзүн эч кимге кереги жок сезгендерди сооротот. Ошондой эле ал жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө жардам берет. Ошонун аркасында кыйынчылыктарыбызды оңоюраак көтөрө алабыз (Ыш. 65:17).

ҮМҮТСҮЗДҮКТӨН УЛАМ ТӨГҮЛГӨН КӨЗ ЖАШ

15. Хиския эмнеден улам өксөп ыйлаган?

15 Жүйүт падышасы Хиския 39 жашында айыккыс ооруга чалдыкканын билет. Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу анын ошол оорусунан көз жумарын айтат (2 Пад. 20:1). Мындай жаман кабар укканда Хискиянын үмүтү өчүп, өксөп ыйлаган. Анан Жахабадан жалбарып тиленген (2 Пад. 20:2, 3).

16. Хискиянын көз жашын көргөндө Жахаба эмне кылган?

16 Жахаба Хискиянын көз жашын көрүп, боору ачып кеткен. Ошондуктан ага Ышая пайгамбарды жиберип: «Мен сенин тиленүүңдү уктум, көз жашыңды көрдүм. Мен сени ооруңдан айыктырам»,— деп айттырган. Ошондой эле ага ырайым кылып, өмүрүн узартарын жана Иерусалимди ашурлуктардын колунан куткарарын убада кылган (2 Пад. 20:4—6).

17. Олуттуу илдетке чалдыкканыбызда Жахаба бизди кантип колдойт? (Забур 41:3). (Сүрөттү да карагыла.)

17 Эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер айыккыс ооруга чалдыккан болсоңор, эмне кылсаңар болот? Кааласаңар, Жахабага ыйлап тиленгиле. Ыйык Китептен билгенибиздей, «боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайыбыз» бизди, кандай кыйынчылыкка туш болбойлу, соорото алат (2 Кор. 1:3, 4). Албетте, Жахаба азыркы көйгөйлөрүбүздүн баарынан арылтпайт. Бирок ал бизди сөзсүз колдойт. Буга шектенбесек болот. (Окугула: Забур 41:3.) Ыйык руху аркылуу ал бизге күч, акылмандык жана жан дүйнө бейкуттугун берет (Накыл 18:14; Флп. 4:13). Ошондой эле келечекте оорулар жок боло турган замандан үмүт үзбөгөнгө жардам берет (Ыш. 33:24).

Жахаба тилегибизди кабыл кылып, бизге күч, акылмандык жана жан дүйнө тынчтыгын берет (17-абзацты карагыла)


18. Жарга такалгандай жагдайга туш болгондо кайсы аят силерди сооротот? (« Көз жашыбызды „аарчыган“ аяттар» деген кутучаны карагыла.)

18 Хискияны Жахабанын сөзү жубаткан. Ошол сыңары, биз да Кудайдын Сөзүн окуп, соороно алабыз. Жахаба Ыйык Китепке кыйынчылык учурунда бизди күч-кубатка толтура турган сөздөрдү жаздырып койгон (Рим. 15:4). Батыш Африкадагы бир ишенимдешибиз ракка чалдыкканын билгенде кайгырып, көп ыйлай баштаган. Ал мындай дейт: «Мени Ышая 26:3төгү сөздөр өзгөчө жубатты. Көп учурда жагдайыбызды өзгөртө албайбыз. Бирок, бул аятта айтылгандай, башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, Жахаба жүрөгүбүзгө тынчтык орноторуна жана чыдаганга күч берерине ынандырат». Эч бир чыгуу жолу жоктой, жарга такалгандай сезилгенде, силерди кайсы аят сооротот?

19. Бизди кандай келечек күтүп турат?

19 Дүйнөнүн акырына аябай эле аз калгандыктан, көз жашыбызды төктүрө турган жана азапка сала турган жагдайлар көбөйөрү турган иш. Бирок Аннанын, Дөөтүнүн жана Хиския падышанын мисалынан көргөнүбүздөй, Жахаба көз жашыбызды көрүп турат жана бизге боору ооруйт. Ал төккөн көз жашыбыздын бирин да унутпайт. Ошондуктан, кандай кыйынчылык менен беттешпейли, Жахабадан тиленип, жүрөгүбүздөгүнү төгөлү. Эч качан обочолонбойлу, тескерисинче, жыйналыштагы ишенимдештерибизге ынак бололу. Ошондой эле мындан ары да Ыйык Китептеги күч-кубатка толтурган сөздөрдү окуп, соороно берели. Эгер берилгендигибизден жазбасак, Жахаба сыйлыксыз калтырбайт. Жаңы заманда болсо ызадан, чыккынчылыктан жана үмүтсүздүктөн улам төккөн көз жашыбыздын баарын аарчый турганын убада кылат (Аян 21:4). Ошол убакыт келгенде кубанганыбыздан гана көзүбүзгө жаш алабыз.

4-ЫР: «Жахаба — менин Койчум»