Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

97-ЫР: Өмүрүбүз Кудайдын Сөзүнөн көз каранды

Исанын нанды колдонуп керемет жасаганынан эмнени билебиз?

Исанын нанды колдонуп керемет жасаганынан эмнени билебиз?

«Мен өмүр нанымын. Ким мага келсе, эч качан ачка болбойт» (ЖКН. 6:35).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Жакан 6-бөлүмдөгү Исанын элди нан жана балык менен тойгузганда жасаган керемети жөнүндө айтылат. Ошол окуяны кененирээк карап чыксак, көп нерсени биле алабыз.

1. Байыркы учурда нан канчалык маанилүү болгон?

 НАН байыркы убакта адамдардын негизги азыгы болгон (Башт. 14:18; Лк. 4:4). Ошондуктан Ыйык Китепте тамакка карата «нан» деген сөз колдонулган учурлар кездешет (Мт. 6:11). Иса көптөргө белгилүү болгон эки кереметинде нанды колдонгон (Мт. 16:9, 10). Ал кереметтердин бири Жакан 6-бөлүмдө жазылган. Анда ошол окуядан эмнеге үйрөнө аларыбызга токтололу.

2. Кандай жагдайда эл тамакка муктаж болгон?

2 Исанын элчилери көп жерлерди кыдырып кабар айтып келгендиктен, аябай чарчап калышкан. Ошондуктан Иса өздөрүнчө болуш үчүн шакирттери менен кайыкка түшүп, Галилея деңизинин аркы өйүзүнө кетет (Мр. 6:7, 30—32; Лк. 9:10). Алар Бетсаиданын тегерегиндеги эл жок жерге барышат. Бирок көп өтпөй эле алардын артынан миңдеген киши ээрчип барат. Ошондо Иса эмне кылган? Ал убактысын аябай, элди Падышалык жөнүндө окутуп, оорулууларын айыктырган. Кеч кирип калганда шакирттер эл курсагын кантип тойгузат болду экен деп тынчсыздана башташкан. Анткени көптөрүнүн жегенге эч нерсеси жок болгондуктан башка жакка барып, тамак-аш сатып келгенге туура келмек (Мт. 14:15; Жкн. 6:4, 5). Иса эмне кылмак?

ИСАНЫН НАНДЫ КОЛДОНУП КЕРЕМЕТ ЖАСАШЫ

3. Иса элчилерине эмне кылууну буйруган? (Сүрөттү да карагыла.)

3 Иса элчилерине: «Элди таратуунун зарылдыгы жок. Аларга тамак-ашты силер бергиле»,— деген (Мт. 14:16). Ошондо элчилердин башы катса керек. Анткени ал жакта, бери дегенде эле, 5 000дей эркек болгон. Ал эми аялдар менен балдарды кошкондо, баары биригип, 15 000дей киши болчу (Мт. 14:21). Анан Андрес: «Бул жерде бир баланын беш арпа наны, эки кичинекей балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге бул эмне болмок эле?» — деген (Жкн. 6:9). Ошол кезде байбы, кедейби, баары эле арпа нан жечү. Кичинекей балыктарды болсо адатта туздап, кургатып коюшчу. Бирок 5 нан менен 2 кичинекей балык кимге жетет эле?

Иса адамдардын рухий да, кадимки да муктаждыктарына көңүл бурган (3-абзацты карагыла)


4. Жакан 6:11—13-аяттарда жазылгандардан эмнелерге үйрөнө алабыз? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

4 Иса «меймандарына» сый көрсөтөйүн деп чечкен. Ал элге топ-топ болуп көк чөпкө отурууну буйруган. (Мр. 6:39, 40; окугула: Жакан 6:11—13.) Андан ары Ыйык Китептен Исанын нанды жана балыкты алып, Кудайга ыраазычылык билдиргенин окуйбуз. Тамак-ашты Жахаба бергендиктен ага ыраазычылык билдирүү эң эле туура болгон. Бул биз үчүн да жакшы үлгү. Биз да, Исаны туурап, жалгызбызбы, жаныбызда киши барбы, жокпу, тамак ичерде Жахабадан тиленебиз. Иса тиленген соң нан менен балыкты элге тарата баштаган. Анан баары тоё жешкенден кийин да толтура нан ашып калган. Иса аларды ысырап кылгысы келген эмес. Ошондуктан, сыягы, каалагандар дагы жеш үчүн чогулттуруп койгон. Исадан колубузда болгон нерселерди сарамжалдуу колдонгонго үйрөнсөк болот. Эгер балдарыңар бар болсо, алар менен ушул окуяны чогуу окуп, тиленүү жана меймандос, берешен болуу жөнүндө эмнелерди үйрөнсө болорун талкуулагыла.

«Исадан үлгү алып, тамак ичер алдында тиленемби?» — деп ойлонуп көргүлө (4-абзацты карагыла)


5. Исанын кереметин көргөн эл эмне кылгысы келген жана Иса кандай жооп кайтарган?

5 Исанын окутканын, кылган кереметтерин көргөндө эл аябай таасирленип калган. Балким, алар Мусанын улуу пайгамбар чыгары жөнүндө айтканын эстеп: «Иса ошол пайгамбар болуп жүрбөсүн?» — деп ойлогондур (Мыйз. 18:15—18). Эгер ошондой болсо, Иса аларга бүт ысрайылдыктарды нан менен тойгузган мыкты башкаруучу болчудай сезилген. Ошондуктан эл Исаны кармап алып падыша кылайын деген (Жкн. 6:14, 15). Эгер буга жол берип койсо, анда Иса римдиктердин бийлиги алдындагы жүйүттөрдүн саясатына аралашып кетмек. Ал эмне кылды эле? Иса буйдалбастан «тоого кетип калган». Ооба, ал кысымга алдырып, саясатка аралашып кеткен эмес. Бул биз үчүн кандай гана сонун үлгү!

6. Канткенде Исаны туурай алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

6 Албетте, эч ким бизден керемет жолу менен элдин курсагын тойгузууну, оорулууларды айыктырууну же башкаруучу болууну суранбайт. Бирок башкалар кайсы бир саясатчыга үмүт артып, бизди да ага добуш бергенге кысым көрсөтүшү ыктымал. Мындайда Исаны эстегенибиз маанилүү. Ал саясий иштерге аралашкандан баш тартып, кийинчерээк: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп ачык эле айткан (Жкн. 17:14; 18:36). Биз Исадан үлгү алгандыктан, ага окшоп ой жүгүртүп, ага окшоп иш кылабыз. Ошондой эле ал башкарган Падышалыкты колдойбуз, ошол тууралуу башкаларга айтабыз жана анын келишин сурап тиленебиз (Мт. 6:10). Эми нан жөнүндөгү кереметке кайра кайрылып, дагы эмнелерге үйрөнсөк болорун талкуулайлы.

Иса жүйүттөрдүн да, римдиктердин да саясий иштерине аралашпай, бизге мыкты үлгү калтырган (6-абзацты карагыла)


НАН ЖӨНҮНДӨГҮ КЕРЕМЕТТИН МААНИСИ

7. Иса эмне кылган жана муну көргөндө элчилери эмне дешкен? (Жакан 6:16—20).

7 Калың элди тойгузгандан кийин Иса элчилерине кайыкка отуруп Капернаумга барууну буйруйт. Өзү болсо элдин аны падыша кылгысы келип жатканын билип, жалгыз тоого кетип калат. (Окугула: Жакан 6:16—20.) Элчилер кайык менен сүзүп баратканда катуу шамал башталып, деңиз толкуй баштайт. Бир маалда алар Исанын суунун үстү менен аларды көздөй басып келатканын көрүшөт. Анан Петир сурангандыктан, Иса аны суунун үстү менен басып келүүгө чакырат (Мт. 14:22—31). Андан кийин Иса кайыкка отуруп, деңизди тынчтандырат. Муну көргөндө шакирттери таң калып: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң»,— деп айтышат a (Мт. 14:33). Кызыктуусу, шакирттер бул сөздөрдү Иса элди ага чейин керемет жолу менен тойгузганда эмес, ушул кереметин көргөндөн кийин айткан. Марк да ушул окуяга байланыштуу: «Шакирттер буга аябай таң калып жатышты. Себеби алар нанга байланыштуу кереметтин маанисин дагы деле түшүнө элек эле, жүрөктөрү да ачыла элек болчу»,— деп кошумчалаган (Мр. 6:50—52). Ооба, алар Жахабанын Исага ар кандай кереметтерди кылганга күч бергенин түшүнө элек болчу. Ошондон көп өтпөй эле Иса нанга байланыштуу керемет жөнүндө кайрадан сөз кылган. Анын айткандарынан биз маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз.

8, 9. Эл Исаны эмне үчүн издеген? (Жакан 6:26, 27).

8 Иса тойгузган эл кара курсагынын эле камын ойлогон. Эмне үчүн ушинтип айтсак болот? Кийинки күнү алар Иса менен шакирттеринин кетип калганын билишкен. Ошондо Тибериядан келген кайыктарга отуруп алып, Исаны издеп Капернаумга жөнөшкөн (Жкн. 6:22—24). Эл Исаны Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн издеди беле? Жок, алар биринчи кезекте курсагын тойгузгусу келген. Муну кайдан билебиз?

9 Капернаумга издеп барган элге Исанын эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал аларга аны тамак үчүн эле издеп келишкенин ачык эле айткан. Анткени алардын нанга, «бузула турган тамакка», тойгонуна эле ыраазы болуп калганын көргөн. Ошондуктан «түбөлүк өмүр бере турган бузулбас тамак үчүн эмгектенгенге» үндөгөн. (Окугула: Жакан 6:26, 27.) Иса андай тамакты Атасы бере аларын айткан. Түбөлүк өмүр бере турган тамак жөнүндө укканда, эл аң-таң болсо керек. Ал эмне болгон тамак эле жана аны кантип ала алышмак?

10. Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эл эмне кылышы керек эле?

10 Сыягы, ошол жүйүттөр андай тамакка жетиш үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерди кылыш керек деп ойлосо керек. Балким, алар Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамындагы «иштер» жөнүндө ойлонгондур. Бирок Иса: «Ал кимди жиберсе, ошого ишенгиле. Кудайга жаккан иш мына ушул»,— деп айткан (Жкн 6:28, 29). Ооба, «түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн» алар Кудай жиберген өкүлгө ишениши керек болчу. Иса бул жөнүндө ага чейин эле айткан (Жкн. 3:16—18, 36). Кийин да ушул тууралуу бир нече жолу сөз кылган (Жкн. 17:3).

11. Жүйүттөрдүн эси-дартынын баары эле эмне болгон жана бул эмнеден көрүнгөн? (Забур 78:24, 25).

11 Ал жүйүттөр Исага ишениш керектигин, ошол нерсе «Кудайга жаккан иш» экенин кабыл алышкан эмес. Алар: «Сага ишенип калышыбыз үчүн, кандай керемет көрсөтөсүң?» — деп сурашкан (Жкн. 6:30). Эл Мусанын күндөрүндө ата-бабалары асмандан келген нанды — маннаны — жешкенин айткан. (Нек. 9:15; окугула: Забур 78:24, 25.) Ооба, алардын эси-дартынын баары эле нанга тоюу болчу. Алар Исанын маннадан айырмаланып, түбөлүк өмүр бере турган асмандан келген «чыныгы нан» жөнүндө айткандарынын эмнени билдирерин сурап да коюшкан эмес (Жкн. 6:32). Алар курсагынын эле айласын ойлоп алгандыктан, Иса үйрөткүсү келген маанилүү чындыктарды көз жаздымда калтырышкан. Биз бул окуядан кандай сабак алсак болот?

БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ ТОПТОШУБУЗ КЕРЕК?

12. Биз үчүн эмне маанилүү болушу керектигин Иса кантип көрсөткөн?

12 Жакан 6-бөлүмдө биз үчүн маанилүү сабак камтылган. Биз биринчи кезекте рухий муктаждыгыбызды канааттандырууга көңүл топтошубуз керек. Шайтан Исаны азгырганда, Иса тамакка караганда Жахабага баш ийүү алда канча маанилүү экенин көрсөткөн (Мт. 4:3, 4). Тоодо айткан насаатында да ушул ойду баса белгилеген (Мт. 5:3). Андыктан: «Жашоомдо эмне биринчи орунда турат? Жахаба менен болгон мамилемби же күнүмдүк муктаждыктарымбы?» — деп ойлонуп көргүлө.

13. а) Эмне үчүн ичип-жеп, жашоодон рахат алганыбыздын жаман жери жок? б) Кайсы эскертүүгө олуттуу маани беришибиз керек? (1 Корунттуктар 10:6, 7, 11).

13 Күнүмдүк нерселер жөнүндө тиленгенибиздин жана жашоодон рахат алганыбыздын жаман жери жок (Лк. 11:3). Ыйык Китепте «адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок» экени жана бул «чыныгы Кудайдын колунан экени» айтылат (Нас. 2:24; 8:15; Жкп. 1:17). Ошентсе да материалдык нерселер жашообузда биринчи орунда туруп калбашы керек. Элчи Пабыл да жүйүт түзүлүшүнүн соңунда жашаган Машаяктын жолдоочуларына ушуну эскерткен. Ал байыркы ысрайыл элинин башынан өткөн окуяларды, анын ичинде Синай тоосунун жанында болгон окуяны эсине салган. Анан ошол ысрайылдыктарга окшоп, «жамандыкты эңсебеши» керектигин айткан. (Окугула: 1 Корунттуктар 10:6, 7, 11.) Алардын эси-дартынын баары эле тамак болуп калгандыктан, Жахаба керемет жолу менен берген азыкты «жамандыктай» же болбогон нерседей көрүп калышкан (Сан. 11:4—6, 31—34). Алтын музоого сыйынышканда да эл ичип-жеп, көңүл ачкан (Чыг. 32:4—6). Пабыл ошол окуяларды б. з. 70-жылы жүйүт түзүлүшү жок болор маалда жашаган Машаяктын жолдоочуларына эскертүү болуш үчүн айткан. Биз да бүгүн Шайтандын дүйнөсү жок болоруна аз калган убакта жашап жатабыз. Андыктан элчи Пабылдын кеңешине олуттуу көңүл бурганыбыз маанилүү.

14. Жаңы заманда эмнени эңсеп күтүп жатасыңар?

14 Иса: «Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр»,— деп тиленгенди үйрөткөндө: «Асмандагыдай эле жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп да суранышыбыз керектигин айткан (Мт. 6:9—11). Ошол убак келгенде жашоонун кандай болорун элестетип көрсөңөр. Кудайдын эркинин жерде аткарылышына тамак-аштын мол болору да кирет. Ышая 25:6—8-аяттарга ылайык, Жахабанын Падышалыгы башкарганда түркүн дүйүм тамак кенен болот. Забур 72:16да алдын ала айтылгандай, «дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот». Ошол эгинден өзүңөр жакшы көргөн нанды же тамакты жасай турган убакты эңсеп күтүп жатасыңарбы? Ошондой эле өзүңөр отургузган жүзүмдүн мөмөсүнөн тамшанып жеп жатканыңарды көз алдыңарга тартып көрсөңөр (Ыш. 65:21, 22). Ал учур келгенде баарыбыз рахаттанып жашайбыз!

15. Жаңы заманда тирилгендер кандай билим алышат? (Жакан 6:35).

15 Окугула: Жакан 6:35. Иса керемет жасап, нан менен балыкка тойгузган адамдардын келечеги кандай болот? Жаңы заманда алардын айрымдарына жолугушуңар мүмкүн. Учурунда Исага ишенбей коюшса да, Жахаба аларды тирилтиши ыктымал (Жкн. 5:28, 29). Ошондо алар Исанын: «Мен өмүр нанымын. Ким мага келсе, эч качан ачка болбойт»,— деген сөздөрүнүн маанисин түшүнүшү керек болот. Ошондой эле Иса өзүнүн өмүрүн бүт адамзат үчүн, анын ичинде алар үчүн «курмандыкка» бергенине ишениши керек болот. Жаңы заманда тирилгендер жана ошол жакта төрөлгөндөр Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө билим алат. Ошол окутуу программасына катышканда чоң кубанычка бөлөнөбүз! Бул кадимки нанды тоё жегенден да көбүрөөк кубаныч тартуулайт.

16. Кийинки макалада эмнени карайбыз?

16 Биз Жакан китебинин 6-бөлүмүндөгү айрым нерселерди эле карап чыктык. Бирок Иса «түбөлүк өмүр» жөнүндө дагы көп нерсени айткан. Анын сөздөрү ошол кездеги жүйүттөрдүн көңүлүн байлап алган. Бул биз үчүн да кызыктуу болот. Жакан 6-бөлүмдө айтылгандарды кийинки макалада да карайбыз.

20-ЫР: Жалгыз уулуңду бердиң