Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

147-ЫР: Кудай түбөлүк өмүр убада кылган

Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылыш керек?

Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылыш керек?

«Уулун таанып-билип, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот» (ЖКН. 6:40).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Майлангандар жана башка койлор Иса Машаяктын курмандыгынын аркасында кандай бата алат?

1. Эмне үчүн көптөргө түбөлүк жашоо мүмкүн эместей сезилет?

 БҮГҮНКҮ КҮНДӨ көптөр узагыраак жашаш үчүн туура тамактанып, көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугун чыңдап турушат. Ошентсе да түбөлүк жашайбыз деп үмүттөнүшпөйт. Анткени бул мүмкүн эместей сезилет жана карылыктын азабын түбөлүккө тарткысы келбейт. Бирок Жакан 3:16да жана 5:24тө айтылгандай, Иса адамдардын «түбөлүк өмүр» сүрө аларын айткан.

2. Жакан 6-бөлүмдө түбөлүк өмүр жөнүндө эмне деп айтылган? (Жакан 6:39, 40).

2 Бир жолу Иса керемет кылып балык менен нанды көбөйтүп, миңдеген кишини тойгузган a. Албетте, эл буга абдан таң калган. Бирок Исанын кийинки күнү Галилея деңизине жакын жайгашкан Капернаумга барган элге айткан сөздөрү аларды ого бетер аң-таң кылган. Иса аларга тирилүү болорун жана алар түбөлүк жашай алышарын айткан. (Окугула: Жакан 6:39, 40.) Ушул сөздөрдү эске алып, көзү өтүп кеткен жакындарыңар, досторуңар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Исанын айтканына ылайык, көптөр тирилет жана силер жакындарыңар менен бирге түбөлүк өмүр сүрө аласыңар! Анткен менен Машаяктын Жакан 6-бөлүмдөгү сөздөрүн көптөр түшүнгөн эмес. Азыр да түшүнбөй келишет. Анда эмесе, анын эмне дегенине кененирээк токтололу.

3. Иса Жакан 6:51де өзү жөнүндө эмне деген?

3 Капернаумдагы эл Иса аларды нан менен тойгузганда Жахабанын илгери ата-бабаларын да манна менен тойгузганын эстесе керек. Ыйык Китепте маннанын «асмандан түшкөн нан» экени айтылат (Заб. 105:40; Жкн. 6:31). Иса маннаны сөз кылып, угармандарын маанилүү нерсеге үйрөткүсү келген. Кудай маннаны керемет жолу менен берсе да, аны жегендер акыр-аягы өлүшкөн (Жкн. 6:49). Иса болсо өзүн асмандан келген «чыныгы нан», «Кудай берген нан» жана «өмүр наны» деп атаган (Жкн. 6:32, 33, 35). Ушинтип айтканда Иса манна менен «өмүр нанынын», тагыраак айтканда, өзүнүн айырмасын баса белгилеген. Ал: «Мен асмандан келген тирүү нанмын. Ким бул нандан жесе, түбөлүк жашайт»,— деген. (Окугула: Жакан 6:51.) Муну укканда жүйүттөрдүн башы маң болгон. Алар: «Кантип эле Иса асмандан келген «нан» болсун? Ал Кудай ата-бабаларыбызга берген маннадан да артыкпы?» — деп ойлонушса керек. Иса нан деп эмнени айтып жатканын түшүндүрүп: «Мен бере турган нан — . . .денем»,— деген. Ал эмнени айткысы келген? Биздин да муну түшүнгөнүбүз маанилүү. Анткени ошондо өзүбүз да, жакындарыбыз да канткенде түбөлүк жашай аларыбызды билебиз. Анда анын сөздөрү эмнени билдирерин карап көрөлү.

ТИРҮҮ НАН ЖАНА ИСАНЫН ДЕНЕСИ

4. Исанын айткандарын укканда айрымдардын эмне үчүн төбө чачы тик турса керек?

4 Исаны угуп тургандардын айрымдары анын денесин «адамзаттын өмүрү үчүн берерин» укканда дал болуп эле туруп калса керек. Балким, алар Иса өз денесин бизге жегенге бергени жатат деп түшүнүп алгандыр (Жкн. 6:52). Андан ары Иса: «Адам Уулунун денесин жеп, канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар»,— деп айтканда, алардын төбө чачы ого бетер тик турса керек (Жкн. 6:53).

5. Исанын элди анын канын түзмө-түз ичкенге үндөбөгөнүн кайдан билебиз?

5 Нухтун күндөрүндө Кудай адамдарга канды жегенге тыюу салган (Башт. 9:3, 4). Кийин Жахаба Ысрайыл элине да канды жебеши керектигин айткан. Кан жеген киши элдин арасынан «жок кылынган» (Леб. 7:27). Иса жүйүттөрдү Кудай берген мыйзамдардын баарын аткарганга үндөгөн (Мт. 5:17—19). Андыктан ал аларга түзмө-түз анын денесин жеп же канын ичиш керектигин эч качан айтмак эмес. Элди айран-таң кылган ушул сөздөрдү айтканда Иса тек гана канткенде «түбөлүк өмүр» алса болорун түшүндүргүсү келген (Жкн. 6:54).

6. Исанын сөздөрүн кандай мааниде түшүнүшүбүз керек?

6 Иса эмне дегиси келген? Албетте, Иса ал сөздөрдү каймана мааниде айткан. Ошондон мурунураак самариялык аял менен сүйлөшкөндө да ал ушул сыяктуу салыштырууну колдонгон. Ал ага: «Ким мен берген суудан ичсе, эч качан суусабайт. Мен берген суу анын ичинде түбөлүк өмүр бере турган оргуштаган булакка айланат»,— деген (Жкн. 4:7, 14) b. Иса самариялык аялга кадимки суудан ичсе эле түбөлүк жашап каларын айткысы келген эмес. Капернаумга чогулган элге да түбөлүк жашаш үчүн анын кадимки денесин жеп, канын ичиш керектигин айткысы келген эмес.

ЭКИ ЖАГДАЙДЫН АЙЫРМАСЫ

7. Айрымдар Жакан 6:53төгү Исанын сөздөрүн кандай түшүнүшөт?

7 Айрым христиан дининдегилер Жакан 6:53төгү сөздөр Иса Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечесин кантип өткөрүшү керектигине байланыштуу айтылган дешет. Анткени Иса кийин Эскерүү кечесин негиздегенде ушул сыяктуу сөздөрдү айткан (Мт. 26:26—28). Алардын айтымында, Эскерүү кечесине келгендердин баары колдон колго өткөрүлгөн шарап менен нандан ооз тийиш керек. Бул туурабы? Муну так билип алганыбыз маанилүү. Анткени жыл сайын дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар ошол кечеге чогулушат. Анда келгиле, Жакан 6:53тө жазылган сөздөр менен Исанын кийин Эскерүү кечесин негиздегенде айткан сөздөрүн салыштыралы.

8. Эки жагдай бири биринен кайсы жактардан айырмаланат? (Сүрөттү да карагыла.)

8 Анда ошол эки жагдайдын бири биринен эмнеси менен айырмаланарын карайлы. Биринчиден, Жакан 6:53—56-аяттардагы сөздөрдү Иса качан жана каерде айткан? Иса муну б. з. 32-жылы Галилеяда айткан. Ал эми Эскерүү кечесин ошондон бир жыл өткөндөн кийин Иерусалимде негиздеген. Экинчиден, Иса бул сөздөрдү кимдерге айткан? Галилеядагы элге. Алардын көбү Жахаба же анын Падышалыгы жөнүндө угайын деп эмес, курсагын тойгузайын деп келген (Жкн. 6:26). Ошондуктан Иса аларга түшүнгөнгө кыйын нерселерди айтканда, ага дароо эле ишенбей калышкан. Атүгүл шакирттеринин айрымдары да аны жолдобой калган (Жкн. 6:14, 36, 42, 60, 64, 66). Ал эми ошондон бир жыл өткөндөн кийин, б. з. 33-жылы Иса Эскерүү кечесин негиздегенде, анын жанында 11 ишенимдүү элчиси болгон. Алар Исанын айткандарынын маанисин толугу менен түшүнбөсө да, аны менен болушкан. Галилеядагылардан айырмаланып, алар Исанын Кудайдын Уулу экенине жана асмандан келгенине ишенишчү (Мт. 16:16). Ошон үчүн Иса элчилерин: «Силер сыноолорго кабылганда жанымда болдуңар»,— деп мактаган (Лк. 22:28). Ушул эки эле айырмадан Исанын Жакан 6:53төгү сөздөрү Эскерүү кечесине байланыштуу айтылбаганы көрүнүп турат. Эми дагы башка айырмачылыктарга токтололу.

Жакан 6-бөлүмдөгү сөздөрүн Иса Галилеядагы жүйүттөргө айткан (солдо). Бир жылдан кийин ал Иерусалимде 11 элчиси менен сүйлөшүп жатат (оңдо) (8-абзацты карагыла)


ИСАНЫН СӨЗДӨРҮНҮН БИЗГЕ КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР?

9. Исанын Эскерүү кечесинде айткан сөздөрү кимдерге тиешелүү болгон?

9 Иса Эскерүү кечесин негиздеп жатканда ачытылбаган нанды элчилерине узатып, бул анын денесин билдирерин айткан. Шараптын болсо «келишимдин канын» билдирерин айткан (Мр. 14:22—25; Лк. 22:20; 1 Кор. 11:24). Келишим жөнүндө айтканы аябай маанилүү болгон. Ал жаңы келишим жалпы адамзат менен эмес, «Кудайдын Падышалыгында» башкара турган «[рухий] Ысрайыл үйү» менен түзүлгөн (Евр. 8:6, 10; 9:15). Элчилер анын маанисин түшүнүшкөн эмес. Бирок алар көп өтпөй ыйык рух менен майланып, Иса менен чогуу асманда башкарыш үчүн жаңы келишимге кошулушмак (Жкн. 14:2, 3).

10. Исанын Галилеяда айткандары Эскерүү кечесин негиздеп жатканда айткандарынан эмнеси менен айырмаланат? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Белгилей кетчү нерсе, Исанын Эскерүү кечесинде айткан сөздөрү «кичине оторго» эле тиешелүү болгон. Ал топко биринчилерден болуп, Иса менен чогуу бир бөлмөдө отурган ишенимдүү элчилери кирген (Лк. 12:32). Кийинчерээк Эскерүү кечесинде колдонулган символдордон, башкача айтканда, нан менен шараптан ошол топко кошула тургандар да ооз тийиши керек болмок. Алар да Иса менен чогуу асманда башкарат. Бул дагы бир айырма. Биринчисинде Иса Галилеядагы элге кайрылса, экинчисинде өзүнүн элчилерине эле кайрылган. Бирок анын Галилеяда айткан сөздөрү көптөргө тиешелүү болгон.

Нан менен шараптан ооз тийгендердин саны чектелүү, бирок каалагандардын баары Исага ишенип, түбөлүк өмүр ала алат (10-абзацты карагыла)


11. Иса Галилеядан эмне деген жана анын сөздөрү чакан топко тиешелүү эмес экенин каяктан билсек болот?

11 Б. з. 32-жылы Исанын Галилеяда айткан сөздөрү негизинен курсагын тойгузуш үчүн келген жүйүттөргө эле тиешелүү болгон. Иса алардын көңүлүн кадимки тамактан да көбүрөөк пайда алып келе турган нерсеге, түбөлүк өмүр бере турган нерсеге, бурган. Ошондой эле ал өлгөндөрдү акыркы күнү тирилтерин жана алардын түбөлүк жашаарын айткан. Ошол учурда ал, Эскерүү кечесиндегиден айырмаланып, көп кишиге сүйлөгөн. Андан тышкары, бардык адамдар ала турган баталар жөнүндө айткан. Ошондуктан ал: «Ким бул нандан жесе, түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан — адамзаттын өмүрү үчүн бериле турган денем»,— деп айткан (Жкн. 6:51).

12. Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылыш керек?

12 Иса Галилеядагы жүйүттөргө жерде жашап өткөн же кийин жашай турган адамдардын баары түбөлүк өмүр алат деп айткысы келди беле? Жок, ошол «нандан жегендер» же Исага ишенгендер гана түбөлүк жашайт. Бүгүнкү күндө көптөр: «Исага ишенсең жана аны куткаруучуң катары кабыл алсаң, куткарыласың»,— деп айтышат (Жкн. 6:29). Бирок Галилеядагылардын айрымдары башында Исага ишенгени менен, кийин аны таштап кетишкен. Эмне үчүн?

13. Исанын чыныгы шакирти болгусу келгендер эмне кылышы керек эле?

13 Иса тойгузгандардын көбү өздөрү каалаган нерсесин алыш үчүн эле аны ээрчип жүрүшкөн. Эл Исанын алардын ооруларын айыктырып беришин, курсагын тойгузушун жана өздөрү уккусу келген жакшы нерселерди эле айтышын каалаган. Бирок Иса жерге адамдардын каалоолорун орундатыш үчүн эле эмес, анын чыныгы шакирти болушу үчүн эмне кылыш керектигин үйрөткөнү келген. Эгер алар анын айткандарын кабыл алып, ошого ылайык жашаса, анын чыныгы шакирти боло алмак (Жкн. 5:40; 6:44).

14. Жакан 6:53кө ылайык, эмне кылганыбыз маанилүү?

14 Иса элге курмандыкка чала турган денеси менен канынын түбөлүк өмүргө жол ачарына ишениши керектигин баса белгилеген. Бул жүйүттөр үчүн аябай маанилүү болгон. Бүгүн деле ушундай (Жкн. 6:40). Демек, Жакан 6:53төгү Исанын каны менен денеси жөнүндө айтылгандар түбөлүк өмүр алыш үчүн анын курмандыгына ишениш керектигин билдирет. Мындай мүмкүнчүлүк баарына берилет (Эф. 1:7).

15, 16. Жакан 6-бөлүмдө кандай маанилүү нерсе жөнүндө айтылган?

15 Жакан 6-бөлүмдөн баарыбыздын ишенимибизди бекемдей турган маанилүү ойлорду билдик. Исанын адамдардын жыргалчылыгын дайыма ойлой турганын да көрдүк. Алсак, ал Галилеядан оорулууларды айыктырган, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берген жана элдин ачка болгонуна көз жумуп койбой, алардын курсагын тойгузган (Лк. 9:11; Жкн. 6:2, 11, 12). Андан да маанилүүсү, өзүнүн «өмүр наны» экенин ачып берген (Жкн. 6:35, 48).

16 Иса «башка койлор» деп атагандар жыл сайын анын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулганда нан менен шараптан ооз тийбейт жана ооз тийбеши да керек (Жкн. 10:16). Анткен менен алар «өмүр нанынан» ооз тийишет. Башкача айтканда, Исанын куткаруу курмандыгына жана анын аркасында укмуштуудай нерселерге жол ачылганына ишенишет (Жкн. 6:53). Ал эми нан менен шараптан ооз тийгендер Кудайдын Падышалыгынын мураскорлору катары жаңы келишимге кирерин көрсөтүшөт. Майланганбызбы же башка койлордонбузбу, Жакан 6-бөлүмдө жазылгандардын баарыбыз үчүн пайдасы чоң. Ал аятта баса белгиленгендей, Исанын курмандыгына ишенсек, түбөлүк өмүр алабыз!

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

a Жакан 6:5—35-аяттар буга чейинки макалада талкууланган.

b Иса айткан суу адамзат түбөлүк жашай алышы үчүн Жахабанын мурун кылган жана кылып жаткан бардык иштерин билдирет.