Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

1 Тиметей 5:21де айтылган «тандалган периштелер» деген кимдер?

Элчи Пабыл, ага окшоп, аксакал болуп кызмат кылган Тиметейге: «Кудайдын, Машаяк Исанын жана тандалган периштелердин алдында сага ушул көрсөтмөлөрдү күн мурун терс ойдо болбой, бет карамалык кылбай аткарышыңды буйрук кылам»,— деп жазган (1 Тим. 5:21).

Пабыл «тандалган периштелер» деп кайсы периштелерди айтканын түшүнүш үчүн адегенде ал топко кайсы периштелер кирбей турганын талкуулап алганыбыз маанилүү. «Тандалган периштелерге» 144 000 кирбей турганы айдан ачык. Анткени Пабыл Тиметейге кат жазганда, майлангандар асманга тириле элек болчу. Андыктан элчилер жана башка майлангандар асманга рухий жаратуу болуп тириле элек болгондуктан, «тандалган периштелер» аларды билдириши мүмкүн эмес болчу (1 Кор. 15:50—54; 1 Тес. 4:13—17; 1 Жкн. 3:2).

«Тандалган периштелер» деген сөз айкашы Топон сууда Жахабага каршы чыккан периштелерге карата да айтылбайт. Алар Шайтан тарапты ээлеп кеткендиктен жин-пери болуп калышкан жана Исанын душмандарына айланышкан (Башт. 6:2; Лк. 8:30, 31; 2 Пет. 2:4). Келечекте алар 1 000 жылга түпсүз туңгуюкка камалат, андан соң Ибилис менен кошо жок кылынат (Жүй. 6; Аян 20:1—3, 10).

Ал эми элчи Пабыл айткан «тандалган периштелер», ошол эле аятта сөз кылынгандай, Жахаба менен Исага берилген периштелерди билдирген көрүнөт.

Асманда Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кылган түмөндөгөн периштелер бар (Евр. 12:22, 23). Сыягы, Жахаба периштелердин баарына бирдей тапшырма бере бербейт (Аян 14:17, 18). Алсак, Жахаба бир периштеге ашурлуктардын 185 000 жоокерин кырып салууну тапшырган (2 Пад. 19:35). Көптөгөн периштелерге болсо «[Исанын] Падышалыгынан мыйзамсыз иш кылгандар менен күнөөгө түрткөндөрдүн баарын чогултуу» иши тапшырылса керек (Мт. 13:39—41). Башкалары болсо, кыязы, «тандалгандарды чогултушат» (Мт. 24:31). Дагы бирөөлөрүнө Жахаба бизди «бардык жолдорубузда коргоп» жүрүүнү буйруган (Заб. 91:11; Мт. 18:10; салыштыргыла: Матай 4:11; Лука 22:43).

Андыктан 1 Тиметей 5:21де айтылган «тандалган периштелер» Жахабанын элине байланыштуу атайын иштерди аткарган периштелер деп айтсак болот. Бул аяттын контекстинен көрүнүп тургандай, Пабыл Тиметейге аксакалдар милдетин кантип аткарышы керектигин жана жыйналыштагылар аларды урматташы керектигин айткан. Ошондой эле аксакалдарды башкалар жөнүндө «күн мурун терс ойдо болбогонго», «бет карамалык кылбаганга» жана кайсы бир чечимди кылдат ойлонуп чыгарганга үндөгөн. Ал ыйык рухтун жетеги менен мунун эмне үчүн ушунчалык маанилүү экенин: «Кудайдын, Машаяк Исанын жана тандалган периштелердин алдында. . . буйрук кылам»,— деген сөздөрү менен көрсөткөн. Ошол себептен айрым периштелер жыйналышка жардам бериш үчүн дайындалган десек болот. Башка иштерден тышкары, алар Кудайдын кызматчыларын коргойт жана кабар айтуу ишинде көмөк кылат. Ошондой эле байкагандарын Жахабага айтып турат (Мт. 18:10; Аян 14:6).