Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңарбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Жахаба аялзатына кандай мамиле кылат?

Кудай аялды эркектен төмөн көрүп, бет карамалык кылбайт. Ал аялзатын кунт коюп угат. Алардын сезимдерине, жүрөгүн түпөйүл кылган ойлоруна кайдыгер карабайт. Аларга ишеним артып, көп иштерди тапшырат. w24.01 15, 16-б.

Канткенде Эфестиктер 5:7деги: «Алар менен эч кандай байланышыңар болбосун»,— деген сөздөргө ылайык жашай алабыз?

Бул жерде элчи Пабыл бизди Жахабанын адил талаптарына бекем карманып жашаганга тоскоол болгондордон сак болгонго үндөгөн. Андайлар менен биз бетме-бет эле эмес, соцтармактар аркылуу да байланышып калышыбыз ыктымал. w24.03 22, 23-б.

Кандай маалыматтан сак болушубуз керек?

Жаман ою жок эле жөнөтүп койгон ишенимдештерибизден же биз тааныбаган бирөөлөрдөн келген, же болбосо Ыйык Китепке кызыгымыш болуп көрүнгөн чындыктан четтеген адамдардан келген тастыкталбаган маалыматтардан сак болушубуз керек. w24.04 12-б.

Жахабанын Сулайман падышага, Содом менен Амор шаарларынын тургундарына жана Топон сууда өлгөн адамдарга кандай өкүм чыгарганы жөнүндө эмнелерди билебиз жана эмнелерди билбейбиз?

Биз Жахабанын аларды түбөлүккө жок кылган-кылбаганын так билбейбиз. Анткен менен анын бардык нерсени эске аларын жана абдан ырайымдуу экенин билебиз. w24.05 3, 4-б.

Жахабанын «Аска» болгону бизди эмнеге ынандырат? (Мыйз. 32:4)

Жахаба «Аска» болгондуктан, ага баш калкалаар аска-зоо катары таяна алабыз. Анын убадаларын дайыма аткарган ишеничтүү Кудай экенинен шектенбейбиз. Ошондой эле ой-ниетин аткарууну көздөгөн туруктуу Кудай экенин билебиз. w24.06 26—28-б.

Жаңы жыйналышка канткенде бат көнүп кете аласыңар?

Жахабага таянгыла. Ал байыркы учурдагы кызматчыларына жардам бергендей эле, силерге да жардам берет. Мурунку жыйналышыңар менен салыштырбагыла. Жаңы жыйналышыңардагылар менен камыр-жумур болуп, жаңы досторду күткүлө. w24.07 26—28-б.

Матай 25-бөлүмдөгү мисалдардан эмнелерге үйрөнө алабыз?

Койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалда ишенимдүү болуп, берилгендиктен жазбашыбыз керектиги баса белгиленген. Акылдуу жана акылсыз кыздар жөнүндөгү мисалда даяр жана сергек болгонго үндөлөбүз. Ал эми таланттар жөнүндөгү мисалда күжүрмөн эмгектенишибиз керектиги айтылган. w24.09 20—24-б.

Сулайман курган ибадаткананын кире бериши канчалык бийик болгон?

2 Жылнаама 3:4тө айрым байыркы кол жазмаларда ибадаткананын кире беришинин бийиктиги «120 чыканак» (53 метр) деп турса да, башка беделдүү кол жазмаларда «20 чыканак» (9 метр) деп турат. Ибадаткананын дубалдарынын калыңдыгын эске алганда, кире бериш өтө бийик болгон эмес көрүнөт. w24.10 31-б.

Кызмат жардамчысынын «бир эле аялы» болушу керектиги эмнени билдирет? (1 Тим. 3:12)

Бул анын бир эле аял менен ак никеде турушу жана ойноштук кылбашы керектигин билдирет. Ошондой эле ал башка аялдарга орунсуз мамиле кылбашы керек. w24.11 19-б.

Жакан 6:53тө Эскерүү кечесинин кантип өткөрүлүшү керектигине байланыштуу көрсөтмө жазылган эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

Жакан 6:53тө Иса түбөлүк өмүргө ээ болгусу келгендер анын денесин жеп, канын ичиши керектигин айткан. Ал бул сөздөрү б. з. 32-жылы Галилеяда ага ишенбеген жүйүттөргө айткан. Ал эми Эскерүү кечесин ошондон бир жыл өткөндөн кийин Иерусалимде негиздеген. Мунусунда ал өзү менен асманда башкара тургандарга кайрылган. w24.12 10, 11-б.