Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Мьянмада

Жан аябас кызматчылар Мьянмада

«ТҮШҮМ... көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла» (Лк. 10:2). Иса пайгамбар 2 000 жылдай мурун айткан бул сөздөр Мьянмадагы жагдайды таамай сүрөттөп турат. Эмне үчүн? Калкы 55 миллионду түзгөн Мьянмада 4 200дөй эле жарчы жакшы кабарды таратууда.

Бирок «оруп-жыюу ишинин Кожоюну» Жахаба ар кайсы өлкөдөгү жүздөгөн ишенимдештерибиздин жүрөгүн козгогондуктан, алар Түштүк-Чыгыш Азиядагы ал өлкөгө түшүм жыйноо ишине көмөк кылыш үчүн барышкан. Аларга өз жерин калтырууга эмне түрткү берген? Ал жакка көчүп барууга эмне көмөк кылган? Алар кандай баталарды алууда? Келгиле, билип көрөлү.

«КЕЛЕ БЕРГИЛЕ, БИЗГЕ КӨП ПИОНЕРЛЕР КЕРЕК!»

Жапонияда пионер болуп кызмат кылган Казухиро бир нече жыл мурун талма болуп, эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Доктур ага эки жыл машине айдабашы керектигин айткан. Ошондо Казухиро аябай жаман болуп: «Жакшы көргөн пионердик кызматымды эми кантип аткарам?» — деп ойлонгон. Ал Жахабадан жалындуу тиленип, пионердик кызматын улантуунун жолун таап беришин суранган.

Казухиро менен Мари

Казухиро мындай дейт: «Мьянмада кызмат кылып жаткан досум бир айдан кийин акыбалым жөнүндө угуп, мага чалды. Анан: „Бул жакта эл негизинен автобус менен жүрөт. Келсең, кызматыңды машинеси жок эле уланта аласың!“ — деди. Мен доктурумдан ушундай акыбалым менен Мьянмага барсам болор-болбосун сурадым. Таң калыштуусу, ал: „Мьянмадан келген мээ ооруларын дарылаган бир адис азыр Жапонияда жүрөт. Сени аны менен тааныштырып коёюн. Эгер кайра талмаң кармаса, ал сага кам көрөт“,— деди. Анын айткандарын Жахабанын жообу деп кабыл алдым».

Казухиро дароо Мьянмадагы филиалга кат жөнөтүп, аялы экөөнүн ал жакта пионер болуп кызмат кылгысы келерин билдирген. Беш күндөн кийин эле филиалдан: «Келе бергиле, бизге көп пионерлер керек!» — деген жооп келген. Казухиро менен аялы Мари машинелерин сатып, виза ачтырып, учакка белет алышкан. Учурда алар Мандалайдагы жаңдоо тилиндеги топто кубанычтуу кызмат кылууда. Казухиро: «Ушундай кылганыбыздын аркасында Кудайдын Забур 37:5теги: „Жолуңду Жахабага тапшыр, ага таян, ошондо ал өзү иш-аракет кылат“,— деген убадасына болгон ишенимибиз аябай бекемделди»,— деп бөлүшөт.

ЖАХАБА ЖОЛ АЧЫП БЕРЕТ

2014-жылы Мьянмадагы Жахабанын Күбөлөрү атайын жыйын өткөрүү сыймыгына ээ болушкан. Ал жыйынга чет өлкөдөн көптөгөн коноктор барган. Алардын бири Кошмо Штаттардан болгон 34төгү Моник мындай дейт: «Жыйындан келгенден кийин Жахабага кайрылып, жашоомдо жасагым келген кийинки кадам жөнүндө тилендим. Ошондой эле ата-энем менен рухий максаттарым жөнүндө сүйлөштүм. Мьянмага кайтып барышымды үчөөбүз тең туура көрдүк. Бирок акыркы чечимди чыгарганга чейин бир нече убакыт өттү. Ошол убакыт аралыгында көп жолу тилендим». Мунун себеби эмнеде эле?

Моник менен Ли

Моник: «Иса Машаяк жолдоочуларын „канча чыгым кетерин эсептеп чыгууга“ үндөгөн. Ошондуктан: „Көчүп кете аламбы? Ал жакка барганда аз эле иштеп өзүмдү камсыз кыла аламбы?“ — деп ойлондум»,— дейт. Анан: «Башка өлкөгө көчүп кетүүгө каражатым жетишсиз экенин дароо эле түшүндүм»,— деп кошумчалайт. Анда ал кантип көчүп кеткен? (Лк. 14:28).

Моник мындай деп сөзүн улайт: «Бир күнү жумуш берүүчүм мага жолуккусу келерин айтты. Жумуштан чыгарайын деп жатат го деп аябай тынчсыздандым. Бирок ал жакшы иштеп жатканым үчүн ыраазычылык билдирди. Анан мага сыйлык акча берилишине кам көргөнүн айтты. Карызымды төлөп, көчүп кеткенге так ошончо акча керек эле!»

Моник Мьянмада 2014-жылдын декабрынан бери кызмат кылууда. Ал кызматы жөнүндө кандай ойдо? «Бул жакка келгениме аябай сүйүнөм.— дейт ал.— Үч киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатам. Алардын бири 67де. Ал апа мени дайыма жылмайып, кучактап тосуп алат. Кудайдын ысмы Жахаба экенин укканда ал көзүнө жаш алган. Ошондо апа мага: „Кудайдын аты Жахаба экенин өмүрүмдө биринчи жолу угуп жатам. Менден бир топ кичүү болсоң да, мага абдан маанилүү нерсени үйрөттүң“,— деп айткан. Эмне дээримди билбей, менин да көзүмө жаш тегеренген. Муктаждык көп жерде кызмат кылуу ушу сыяктуу окуялардан улам зор канааттануу тартуулайт». Моник жакында эле Падышалыктын жарчылары үчүн мектепке барып келди.

Дагы башкаларга Мьянмага көчүп барууга Жахабанын Күбөлөрүнүн 2013-жылдагы жылдык китебине чыккан ошол өлкө жөнүндөгү билдирүү түрткү берген. 30дан ашкан Ли Түштүк-Чыгыш Азиянын башка жеринде жашачу жана толук күн иштечү. Ал «Жылдык китептеги» маалыматты окугандан кийин Мьянмада кызмат кылуу жөнүндө ойлонгон. Ли мындай дейт: «2014-жылы Янгондо өткөн атайын жыйынга барганымда Мьянмага муктаждык боюнча көчүп барып, кытай талаасында кызмат кылып жаткан бир жубайлар менен таанышып калдым. Кытай тилинде сүйлөгөндүктөн Мьянмадагы кытай тобуна жардам бериш үчүн ал жакка көчүп барууну чечтим. Ошентип, Моник менен чогуу Мандалайга көчүп кеттим. Жахаба бизге батасын берип, экөөбүз тең бир мектепте жарым күн сабак берип иштей баштадык, жакын жерден батир да таптык. Аба ырайы ысык болсо да жана айрым нерселер ыңгайсыздык жаратса да, мага ушул жакта кызмат кылган ыракат тартуулайт. Мьянмадагы эл жөнөкөй жашайт, сылык келет жана жакшы кабарды укканга дилгир. Жахабанын ишти тездетип жатканын көрүү жүрөк козгоорлук. Мандалайга келгеним Жахабанын эрки болгонуна толук ишенем».

ЖАХАБА ТИЛЕНҮҮЛӨРДҮ УГАТ

Муктаждык бар жерде кызмат кылган көптөгөн ишенимдештерибиз тиленүүнүн зор күчкө ээ экенине ынанышкан. Мисалга 30дан ашкан Жумпа менен аялы Наону алалы. Алар Жапонияда жаңдоо тилиндеги жыйналышта кызмат кылышчу. Ал жубайлар эмне үчүн Мьянмага көчүп кетишкен? Жумпа мындай дейт: «Жубайым экөөбүздүн чет өлкөдө муктаждык бар жерде кызмат кылсак деген максатыбыз бар болчу. Жаңдоо тилиндеги жыйналышыбыздагы бир ишенимдешибиз Жапониядан Мьянмага көчүп кеткен. Сактап койгон акчабыз аз эле болсо да, 2010-жылы майда биз да көчүп келдик. Мьянмадагы бир туугандарыбыз бизди кучак жайып тосуп алышты!» Жумпа Мьянмада жаңдоо тилинде кабар айтуу жөнүндө эмне дейт? «Кызыккандар аябай көп. Кулагы укпаган адамдарга жаңдоо тилиндеги видеотасмаларды көрсөткөнүбүздө, алар таң калышат. Жахабага кызмат кылыш үчүн ушул жакка келгенибизге абдан сүйүнөбүз!» — дейт ал.

Нао менен Жумпа

Жумпа менен Наонун акчага байланыштуу кыйынчылыгы кантип чечилген? Жумпа мындай дейт: «Үч жылдан кийин акчабыздын көбү түгөнүп, кийинки жылга батирибизге төлөгөнгө акча жетишсиз болуп калды. Аялым экөөбүз жалындуу тиленип жаттык. Анан эле күтпөгөн жерден филиалдан кат келди. Катта бизге убактылуу атайын пионер болуп кызмат кылуу сунуш кылыныптыр! Биз Жахабага таянганбыз. Ал бизди калтырбай, ар кандай жолдор менен кам көрүп келатат». Жакында эле Жумпа менен Нао Падышалыктын жарчылары үчүн мектептен билим алып келишти.

ЖАХАБА КӨПТӨРГӨ ТҮРТКҮ БЕРҮҮДӨ

Италиялык Симоне 43 жашта. Ал эми аялы Анна 37де. Ал Жаңы Зеландиядан болот. Аларга Мьянмага көчүп барууга эмне түрткү берген? «2013-жылдагы „Жылдык китепке“ чыккан Мьянма жөнүндөгү маалымат»,— дейт Анна. Симоне мындай деп бөлүшөт: «Мьянмада кызмат кылуу зор сыймык! Бул жерде жашоо аябай жөнөкөй болгондуктан, Жахабанын ишине көп убактымды арнай алам. Муктаждык чоң жерде кызмат кылып жатып Жахабанын камкордугун сезүү жүрөк толкутарлык» (Заб. 121:5). Анна болсо мындай дейт: «Мен мурдагыдан да бактылуумун. Жашообуз жөпжөнөкөй. Күйөөм менен көп убакыт өткөргөндүктөн, экөөбүз ынак болуп калдык. Ошондой эле сонун досторду таптык. Бул жактагылар Жахабанын Күбөлөрүнө карата жакшы ойдо жана кабарды ушунчалык кызыгып угушат!» Буга байланыштуу бир окуяга токтололу.

Симоне менен Анна

Анна мындай дейт: «Бир жолу базардан университетте окуган бир кызга кабар айтып, кайра жолугууга макулдаштык. Аны менен жолукканы барсам, досун ала келиптир. Кийинкисинде дагы бир нече кызды ээрчите келиптир. Ал эми кийинки жолукканыбызда андан да көбүрөөк болуп келишти. Азыр алардын бешөө менен изилдеп жатам». Симоне болсо: «Кызматта жолуктурган адамдар сылык-сыпаа, бир нерсени билгенге дилгир. Кабарга көптөрү кызыгат. Алардын баарына кам көргөнгө убактыбыз жетпейт»,— дейт.

Сакхио менен Мизухо

Мьянмага көчүп барганга чейин айрымдар кандай кадамдарды жасашкан? Жапониялык Мизухо мындай дейт: «Күйөөм Сакхио экөөбүз муктаждык көп өлкөдө кызмат кылсак дечүбүз, бирок каякка барарыбызды билчү эмеспиз. 2013-жылдагы „Жылдык китептен“ Мьянма жөнүндө окуганыбызда андагы жүрөк козгоорлук окуялар ушунчалык таасир эткендиктен, Мьянмага барып кызмат кыла алар-албасыбыз тууралуу ойлоно баштадык». Сакхио: «Мьянмадагы ири шаарлардын бири Янгонго бир жумага барып, чалгындап келели деп чечтик. Кыска эле убакытка созулган ошол сапарыбыздан кийин ал жакка көчүп барышыбыз керектигин түшүндүк»,— деп кошумчалайт.

СЕН ДА БАРА АЛАСЫҢБЫ?

Жейн, Даника, Родни жана Жордан

50дөн ашып калган австралиялык жубайлар Родни менен Жейн уулу Жордан жана кызы Даника менен чогуу Мьянмада 2010-жылдан бери кызмат кылышат. Родни: «Адамдардын Кудай жөнүндө билүүгө ынтызар экенин көргөндө аябай таасирлендик. Үй-бүлөлөргө Мьянма сыяктуу өлкөдө кызмат кылууну сунуштамакмын»,— дейт. Эмне үчүн? Ал мындай дейт: «Үй-бүлөбүз менен Жахабага мурдагыдан да жакын болуп калдык. Жаштардын көбүнүн эси-дартын телефон, машине, жумуш жана башка нерселер ээлеп алган. Ал эми биздин балдарыбыз кабар айтыш үчүн жаңы сөздөрдү үйрөнүү менен алек. Алар Ыйык Китепти такыр билбеген адамдар менен кантип сүйлөшсө, жыйналыштан жергиликтүү тилде кантип жооп берсе болорун үйрөнүүгө аракет кылып жатышат. Ошондой эле кубаныч тартуулаган дагы башка рухий иштерге бүт дити менен катышууда».

Оливер менен Анна

Кошмо Штаттардан болгон 37 жаштагы Оливер эмне үчүн башкаларга кызматтын ушул түрүн сунуштаарын мындайча түшүндүрөт: «Көнүп калган ыңгайлуу шартты, чөйрөнү таштап, муктаждык чоң жерде Жахабага кызмат кылуу көп пайда алып келүүдө. Алыс жакта кызмат кылуунун аркасында, кандай жагдай болбосун, Жахабага ишеним артып, ага таянганды үйрөндүм. Мурун такыр көрбөгөн бир туугандар менен кызматташып жатам. Бирок биз ишенген нерселерибиз бир болгондуктан биримдиктебиз. Мындай нерсе Кудайдын уюмунда гана мүмкүн». Азыркы тапта Оливер менен жубайы Анна кытай тилинде сүйлөгөн адамдарга кабар айтууда.

Тразел

52 жаштагы австралиялык Тразел деген ишенимдешибиз Мьянмада 2004-жылдан бери кызмат кылууда. Ал мындай дейт: «Жагдай-шарты жол бергендерге муктаждык көп жерге барып кызмат кылгыла демекмин. Жахабанын ага кызмат кылгысы келгендердин аракетине батасын берерине өз тажрыйбаман ынандым. Жашоом ушундай сонун болот деп эч качан ойлогон эмесмин. Бул — батага бай, канааттануу тартуулаган жашоо. Мен так ушуну эңсеп келгем».

Мьянмада муктаждык боюнча кызмат кылган ушул бир туугандардын чын жүрөктөн чыккан сөздөрү силерге жакшы кабар жете элек аймактардагы жүрөгү таза адамдарга жардам берүүгө түрткү бере берсин. Ооба, алар: «Мьянмага келип, бизге жардам бергиле»,— деп чакырып жатышат.