Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса чындап эле мен үчүн өлгөнбү?

Иса чындап эле мен үчүн өлгөнбү?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ «биздикиндей эле сезимдери бар» кишилердин чын жүрөктөн чыккан сөздөрү арбын кездешет (Жкп. 5:17). Мисалы, Пабыл Римдиктер 7:21—24-аяттарда: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат... Мен бир байкуш адаммын!» — деп ачык айткан. Биз анын эмне дегиси келгенин дароо эле түшүнөбүз. Кудайдын Пабылдай болгон ишенимдүү кызматчыларынын да өзү жөнүндө ушундай ойдо болгонун билүү кемчилик-каталарыбыз менен күрөшкөн учурларда бизди абдан сооротот.

Бирок Пабыл башка сезимдери тууралуу да айткан. Ал Галатиялыктар 2:20да Иса жөнүндө: «Мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген»,— деп ишенимдүү түрдө жазган. Сен да ушундай ойдосуңбу? Балким, кээде бул кыйынга тураттыр.

Эгер мурунку күнөөлөрүбүздөн улам өзүбүздү эч нерсеге татыксыз сезе берсек, Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө, кечирерине ишенүү, куткаруу курмандыгын жеке биз үчүн берилген белек катары көрүү кыйын болушу мүмкүн. Иса кунду белек катары көрүшүбүздү чындап эле каалайбы? Эгер кааласа, аныкындай көз карашта болууга эмне жардам берет? Келгиле, ушу эки суроого токтололу.

ИСАНЫН КӨЗ КАРАШЫ

Иса куткаруу курмандыгын жеке ар бирибиз үчүн берилген белек катары көрүшүбүздү каалайт. Буга эмне үчүн бекем ишенсек болот? Лука 23:39—43-аяттарда жазылган окуяны көз алдыңа тартып көрсөң. Исанын жанында кадалып турган киши өзүнүн мурун жаман иш кылганын мойнуна алат. Анын ошол иши олуттуу болсо керек, себеби оор кылмыш кылгандарды гана ушинтип ырайымсыздык менен жазалашчу. Кылмышкер ушундай күнгө туш болгонуна ушунчалык бушайман болуп, Исага: «Падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп жалбарат.

Иса кандай жооп кайтарат? Анын сай-сөөгү сыздап турганына карабай, кылмышкерди караш үчүн башын эптеп бурганын элестетсең. Жаны кейип турса да, бүт күчүн топтоп, жылуу жылмайып, аны: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп ынандырат. Иса ошондо: «Адам Уулу... көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген»,— деп айтып койсо деле болмок (Мт. 20:28). Бирок анын ордуна өзүнүн курмандыгы жеке ал үчүн да берилерин жумшактык менен баса белгилеген. «Сен», «мени менен» деген сөздөрдү айтканда, анын үнүнөн мээримдүүлүк чагылдырылып турган. Иса өзүнүн курмандыгы жеке ал кишиге кандай пайда алып келерин, атап айтканда, анын жер бетиндеги бейиште жашоого мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан.

Ырас, Иса өзүнүн курмандыгы ага да пайда алып келерин кылмышкердин түшүнүшүн каалаган. Эгер ал Кудайга кызмат кылууга мүмкүнчүлүгү болбой калган кылмышкерге ушундай көз карашта болсо, анда чөмүлүп, Кудайга кызмат кылып жаткан жолдоочуларын андан бетер баалабайбы?! Анда мурунку күнөөлөрүбүзгө карабай өзүбүзгө карата ушундай көз карашта болууга эмне жардам берет?

ПАБЫЛГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН?

Пабылга кабар айтуу ишин Иса тапшырган. Ошондон улам Пабыл Исанын өз өмүрүн ал үчүн да бергенин түшүнгөн. Бул туурасында ал: «Мага күч берген Мырзабыз Машаяк Исага мени ишенимдүү деп эсептеп, кызматка дайындаганы үчүн ыраазымын. Мурун акарат кылуучу, куугунтуктоочу жана уятсыз киши болсом да, мага кайрымдуулук көрсөтүлдү»,— деп жазган (1 Тим. 1:12—14). Жаман иштерди кылып келгенине карабай ушундай кызмат тапшырылгандыктан, Пабыл Исанын аны жакшы көрөрүнө, ага ырайым көрсөткөнүнө, ишеним артарына ынанган. Иса кабар айтуу ишин бизге да тапшырган (Мт. 28:19, 20). Бул анын жеке ар бирибиз үчүн өлгөнүн түшүнүүгө жардам береби?

Дээрлик 34 жыл мурун жыйналыштан чыгарылып, жакында эле Жахабага кайрылып келген Алберт мындай дейт: «Күнөөлөрүм ар дайым көз алдымда. Бирок кабарда жүргөндө мен так эле Пабылдыкындай сезимде болом. Мага кызматты Иса өзү тапшырган. Бул өзүмдү бактылуу сезүүгө, өзүмө жана жашоомо карата терс көз карашта болбоого, келечекке үмүт менен кароого жардам берет» (Заб. 51:3).

Ким менен изилдөө өткөрбө, аны Исанын ага ырайым көрсөтөрүнө, аны жакшы көрөрүнө ынандыр

Чындык жолуна түшкөнгө чейин кылмышкер, зөөкүр болгон Алан мындай деп бөлүшөт: «Башкаларга канчалык зыян келтиргеним тууралуу дагы деле ойлоно берем. Ошондон улам кээде чөгүп кетем. Бирок мендей күнөөкөр пендеге элге кабар айтууга жол бергени үчүн Жахабага ушунчалык ыраазымын. Жакшы кабарга кулак каккандарды көргөндө Жахабанын канчалык жакшы, мээримдүү экенин эстейм. Анын мени өзүмө окшогон адамдарга жардам бериш үчүн колдонуп жатканын сезем».

Ооба, кызматта жүргөндө биз күчүбүздү жакшы иштерге жумшап, оюбузду жакшы нерселерге топтойбуз. Бул болсо Исанын бизге ырайымдуулук менен мамиле кыларына, ишеним артарына, бизди сүйөрүнө ынандырат.

ЖАХАБА «ЖҮРӨГҮБҮЗДӨН ЧОҢ»

Шайтандын бузулган дүйнөсү жок болмоюнча, жүрөгүбүз бизди мурунку күнөөлөрүбүз үчүн айыптай бериши мүмкүн. Андай терс сезимдер менен күрөшүүгө эмне көмөк кылат?

Жаш кезинде үйүндө, жыйналышта жакшы кыз болуп, бирок сыртта жаман иштерди кылып жүргөнү үчүн өзүн көп жемелеген Жейн: «Кудайдын жүрөгүбүздөн чоң экенин билүү кадимкидей сооротот»,— дейт (1 Жкн. 3:19, 20). Жахаба менен Исанын күнөөкөр экенибизди өзүбүзгө караганда жакшы түшүнөрүн билүү бизди да жубатат. Алардын сүйүүсүнөн улам кунду жеткилең адамдар үчүн эмес, өкүнгөн күнөөкөрлөр үчүн беришкенин эч качан унутпа (1 Тим. 1:15).

Исанын жеткилеңсиз адамдарга кылган мамилеси жөнүндө терең ой жүгүртсөк жана ал тапшырган ишти аткарууга колдон келишинче аракет кылсак, жүрөгүбүздү кундун жеке биз үчүн берилген белек экенине ынандыра алабыз. Мунун аркасында, Пабылдай болуп, Иса тууралуу: «Мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген»,— деп айта алабыз.