Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Акылыңа береке»

«Акылыңа береке»

БУЛ мактоо сөздөрүн байыркы ысрайыл элинен болгон Дөөтү алдынан тосуп чыккан келинге айткан. Анын аты Абигейил эле. Дөөтү аны эмнеден улам мактаган? Ал келинден кандай үлгү алсак болот?

Дөөтү Абигейилди Шабул падышадан качып жүргөн убакта жолуктурган. Анын күйөөсүнүн аты Набал болчу. Набал абдан бай киши эле. Анын жер жайнаган малы Жүйүт жеринин түштүк жагындагы тоолуу аймакта жайыла турган. Дөөтү менен кишилери анын малына да, койчуларына да «чеп болуп беришкен». Кийин Дөөтү Набалга кишилерин жиберип, андан тамак-аш жагынан колунан келген жардамын беришин сураган (1 Шем. 25:8, 15, 16). Алардын Набалга кандай жакшылык кылганын эске алганда, бул өтүнүч орундуу эле болгон.

Бирок Набал «акылсыз» дегенди билдирген атына жараша иш кылган. Ал Дөөтүнүн суранычын орундатпай, анын кишилерине орой мамиле кылып, кемсинткен. Набалдын андай жоругуна каары кайнаган Дөөтү андан өч алмакчы болгон. Набалдын акылсыздыгы үчүн өзү да, үйүндөгүлөрү да оң тапмак эмес (1 Шем. 25:2—13, 21, 22).

Дөөтүнүн ойлогон ою жакшылык менен бүтпөсүнө көзү жеткендиктен Абигейил кайратын топтоп, жагдайга кийлигишүүнү чечкен. Ал Дөөтүгө сылык кайрылып, Жахаба менен болгон мамилесин ойлоого түрткү берген. Ошондой эле ага — Ысрайылдын кийинки падышасына — жана анын кишилерине мол тамак-аш ала келген. Дөөтү Жахабанын Абигейилди колдонуп, анын алдында күнөөгө батуудан сактап калганын түшүнгөн. Ошол себептен ага: «Мени бүгүн канга забын болуудан... сактап калганың үчүн, Кудай сага батасын берсин, акылыңа береке берсин»,— деген (1 Шем. 25:18, 19, 23—35).

Биз Набалдай болуп башкалардын жакшылыгын баалабай калгыбыз келбейт. Андан тышкары, жагдайдын курчуп баратканын байкасак, аны оңдош үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Ырас, биз: «Мени... акыл-эстүүлүккө үйрөт, мага билим бер»,— деп ырдаган забурчунукундай маанайда болгубуз келет (Заб. 119:66).

Башкалар иш-аракетибизден акыл-эстүүлүгүбүздү байкашы мүмкүн. Муну бизге айтабы же жокпу, алар: «Акылыңа береке берсин»,— деген Дөөтүнүкүндөй сезимде болушу ыктымал.