Жахаба бизди ар кандай жагдайда сооротот
«Ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай... бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот» (2 КОР. 1:3, 4).
1, 2. Кыйынчылыктарга кабылганыбызда, Жахаба бизди кантип сооротот жана анын Сөзү бизди эмнеге ынандырат?
БИР бойдок жаш бир тууган, аты Эдуардо деп коёлу, Стивен деген үй-бүлөлүү аксакал менен өзүн тынчсыздандырган нерселер жөнүндө сүйлөшкөн. Эдуардо 1 Корунттуктар 7:28деги: «[Турмуш кургандардын] жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болот»,— деген сөздөр тууралуу ойлонуп жүргөн. Ал аксакалдан: «Бул жерде кайсы кыйынчылыктар тууралуу айтылып жатат? Үйлөнсөм, аларды кантип көтөрүп кете алам?» — деп сураган. Анын суроолоруна жооп берерден мурун Стивен аны Пабыл жазган дагы бир нерсе жөнүндө, тагыраак айтканда, Жахабанын «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» экени тууралуу ой жүгүртүп көрүүгө чакырган (2 Кор. 1:3, 4).
2 Ооба, Жахаба — биздин мээримдүү Атабыз. Кыйынчылыктарга кабылганыбызда, ал бизди сооротот. Балким, сен Кудайдын көбүнчө өзүнүн Сөзү аркылуу колдоо көрсөткөнүн, жетектегенин көп эле жолу сезип көргөндүрсүң. Биз анын, байыркы убактагы кызматчыларына жакшылык кылып келгендей эле, бизге да дайыма жакшылык кыларынан Жеремия 29:11, 12.)
шектенбесек болот. (Оку:3. Кайсы суроолорго жооп алабыз?
3 Эгер кыйынчылыктарыбыздын же көйгөйлөрүбүздүн себебин билсек, алар менен күрөшүү оңоюраак болот. Никеге же үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу кыйынчылыктар тууралуу да ошону айтууга болот. Анда Пабыл сөз кылган кыйынчылыктарга эмнелер кирет? Ыйык Китептеги жана бүгүнкү күндөгү кайсы адамдардын үлгүсү бизди сооротот? Муну билүү бизге көйгөйлөр менен күрөшүүгө көмөк кылат.
ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР
4, 5. Жубайлар кабылган кыйынчылыктардын айрымдары кайсылар?
4 Адам баласынын тарыхынын башталышында Жахаба Кудай: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деген (Башт. 2:24). Бул сөздөрдү ал биринчи никени негиздегенде айткан. Бирок баарыбыз жеткилеңсиз болгондуктан, турмуш куруп, жаңы түтүн булата баштаганда, кыйынчылыктар болбой койбойт (Рим. 3:23). Адатта, турмушка чыккан кызды ата-энеси эмес, күйөөсү башкарып калат. Кудай эркекке башчылык кылууга бийлик берген (1 Кор. 11:3). Баш кошкондо айрым зайыптарга да, күйөөлөргө да жаңы милдеттерин аткаруу оңойго турбайт. Кудайдын Сөзүнө ылайык, зайып ата-энесинин эмес, күйөөсүнүн айтканы боюнча иш кылууга көнүшү керек. Жаш жубайлар кайын-журт менен болгон мамиледен улам да кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн.
5 Андан тышкары, келинчеги жолдошуна: «Сүйүнчү, балалуу болот экенбиз»,— дегенден тартып, жубайлар ар нерсени ойлоп тынчсыздана башташат. Адатта, аларды аралаш сезимдер чулгайт: бир чети сүйүнүшсө, бир чети кош бойлуулук мезгил жакшы эле өтөбү, чүрпөбүздүн дени сак болобу деп сарсанаа болушат. Андан тышкары, ошол убакта да, андан кийин да чыгымдар көп болот. Ал эми бала көз жарганда, дагы башка нерселерди өзгөртүүгө туура келет. Эненин бүт убактысы, көңүлү баласына бурулуп калат. Ушундан улам көптөгөн күйөөлөр өздөрүн унутта калгандай сезишет. Ошол эле учурда атанын да милдеттери көбөйөт. Эми ал ымыркайын да багып, камсыз кылышы керек болот.
6—8. Балалуу болууга байланыштуу тилектин орундалбаганы кандайча кайгыга салат?
6 Кээ бир жубайлар кыйынчылыктын дагы бир түрүнө дуушар болот. Алар аябай самашса да, балалуу боло алышпайт. Ушунун айынан аял кишинин көңүлү чөгүп, кыйналышы мүмкүн. Никенин же балалуу болуунун өзү кыйынчылыктардан арылтпаса да, мындай каалоо-тилектин орундалбаганы өзүнчө бир кыйынчылык (Накыл 13:12). Байыркы учурда аял кишинин төрөбөс болгону өтө уят нерсе катары каралчу. Алсак, Жакыптын зайыбы Рахил эжесинин балдары болуп, өзүнүкү жок экенине жүрөгү сыздаган (Башт. 30:1, 2). Үй-бүлөлөр көп балалуу болгон жерлерде кызмат кылган миссионерлерден көптөр эмне үчүн балдары жок экенин сурай беришет. Алар анын себебин сылыктык менен ачык-айкын түшүндүрүп бергенден кийин деле айрымдардан: «Жакшы доктурга көрүнүп көрсөңөрчү!» — деген сыяктуу сөздөрдү угушат.
7 Дагы бир жагдайды алып көрөлү. Англиялык бир ишенимдешибиз балалуу болууну эңсеп, бирок тилеги аткарылбай келген. Анан этек кири токтогон мезгил келип калгандыктан, бул дүйнө түзүлүшүндө эне бакытын сезе албай турганын түшүнгөн. Ошондо үмүтү үзүлүп, жүрөгү кайгыга малынган. Кийинчерээк жолдошу экөө бала багып алууну чечишкен. Бирок ал: «Ошондо деле кайгымдан толук арылган эмесмин. Анткени бала багып алганың өзүң
төрөгөндөй болбой турганын жакшы билчүмүн»,— деген.8 Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылган аялды «бала төрөгөнү коргой» турганы айтылган (1 Тим. 2:15). Бирок бул бала төрөө же балалуу болуу түбөлүк өмүргө ээ кылат дегенди билдирбейт. Ал сөздөр аялдын эне болгону, ошондой эле үй-бүлөсүнө кам көрүү менен алек болгону аны ушак-айыңга аралашуудан, башкалардын ишине кийлигишүүдөн сакташы мүмкүн деген мааниде айтылган (1 Тим. 5:13). Чынында, балалуу болгон күндө деле никеге, үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу кыйынчылыктар аны кыя өтпөйт.
9. Кайсы кыйынчылык жубайлар үчүн өзгөчө оор болот?
9 Никеде тургандар туш болчу кыйынчылыктардын дагы бири — жанындай көргөн түгөйүнөн айрылуу. Мындай өзгөчө оор сыноого көптөр кабылып келет. Алар бул дүйнө түзүлүшүндө ушундай азап башыма түшөт деп такыр ойлогон эместир. Кудайдын кызматчылары Иса Машаяктын өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу убадасына бекем ишенишет (Жкн. 5:28, 29). Бул үмүт көзү өтүп кеткен адамдын жарына кандай таасир этет? Аны бир топ сооротору бышык. Асмандагы мээримдүү Атабыз кыйынчылык тартып жаткандарга өзүнүн Сөзү аркылуу колдоо көрсөтүп, жубатат. Келгиле анда, Жахабанын сооротконунун аркасында анын айрым кызматчылары өздөрүн кандай сезишкенин жана кандай пайда алышканын карап көрөлү.
КУДАЙ СЫНОО УЧУРУНДА ЖУБАТАТ
10. Анна эмнеден улам жеңилдеп калган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)
10 Элкананын сүйүктүү жубайы Анна оор сыноону баштан кечирген. Ал төрөбөс аял эле, ал эми күңдөшү Пенинанын балдары бар болчу. (Оку: 1 Шемуел 1:4—7.) Пенина Аннаны «жыл сайын» ызалантып, басынта берчү. Ошондон улам Аннанын жүрөгү жараланып, кайгысы жанына бата турган. Ошентсе да ал көйгөйүн Жахабага тапшырып, тиленгенден кийин жеңилдеп калган. «Анна Жахабадан көпкө чейин тиленген». Ал Жахаба тилегин орундатат деп күттү беле? Анна ошого үмүттөнсө керек. Кандай болбосун, тиленгенден кийин «анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калган» (1 Шем. 1:12, 17, 18). Ал Жахабанын ага бала берерине же башкача жол менен жубатарына толук ишенген.
11. Кандайча тиленүү бизди жубатат?
11 Азырынча жеткилеңсиз болгондуктан жана Шайтан башкарган дүйнөдө жашап жаткандыктан кыйынчылыктар менен алпуруша берерибиз түшүнүктүү (1 Жкн. 5:19). Анткен менен Жахабанын «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» экенин билгенибиз кандай сонун! Андан жардам алуунун бир жолу — тиленүү. Анна жүрөгүндөгүсүнүн баарын Жахабага төккөн. Анын сыңарындай, башыбызга мүшкүл түшкөндө, кандай сезимде болуп жатканыбызды Жахабага жөн эле айтып койбошубуз керек. Биз жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү сезимдерибиздин баарын төгүп, жалынып-жалбарып тиленишибиз керек (Флп. 4:6, 7).
12. Жесир калган Аннага эмне кубаныч тартуулаган?
12 Наристе жытын жыттабагандыктан же сүйүктүү жарыбыздан айрылгандыктан кайгыга батсак да, сооронуч ала алабыз. Исанын убагында Анна деген пайгамбар аял күйөөсү менен жети эле жыл жашагандан кийин жесир калган. Ыйык Китепте анын балдары болгону айтылбайт. 84 жашка чыгып калса да Анна эмне кыла берген? Лука 2:37ден анын «орозо кармап, Кудайга жалынып, күнү-түнү ыйык кызмат кылып, дайыма ибадатканада жүргөнүн» окуйбуз. Ооба, Жахабага сыйынганы аны сооротуп, кубаныч тартуулаган.
13. Жакындарыбыздан улам жүрөгүбүз ооруганда, чыныгы досторубуз жубата аларын кайсы мисал көрсөтүп турат?
Накыл 18:24). Паула деген бир тууганды мисалга алалы. Беш жашында апасы чындыктан баш тартып кеткенде, ал абдан кайгырган. Муну көтөрүү оңойго турган эмес. Бирок жыйналыштагы Энн деген пионер эже ага өзгөчө көңүл буруп, рухий жактан жардам бере баштаганда, ал аябай бекемделип калган. «Энн тууганым болбосо да, мээримдүүлүк менен кам көргөнү мага бир топ жардам берди,— дейт Паула.— Бул мага Жахабага кызмат кыла берүүгө көмөк кылды». Паула азыркыга чейин ишенимдүү кызмат кылып келет. Учурда апасы менен кайрадан бир жыйналышта жүргөнүнө абдан сүйүнөт. Энн да буга аябай кубанат, себеби ал Паулага рухий энесиндей болуп калган.
13 Ишенимдештерибиз менен ынак болуп, пикир алмашып турсак, жакын досторду табабыз (14. Башкаларга көңүл бургандар кандай бата алышат?
14 Кызыктуусу, башкаларга сүйүү менен кам көргөнүбүздө өзүбүздүн кыйынчылыктарыбызды унутуп калабыз. Бойдокпу же турмушка чыкканбы, эже-карындаштар жакшы кабарды таратуунун аркасында Кудай менен кызматташып жатканын билгендиктен кубаныч алышат. Алардын максаты — Кудайдын эркин аткаруу менен аны даңктоо. Атүгүл айрымдар кызматка катышууну дартынын дабасындай көрүшөт. Эгер башкаларга, анын ичинде Флп. 2:4). Бул жагынан элчи Пабыл мыкты үлгү көрсөткөн. Ал Тесалоникадагы бир туугандар үчүн «балдарын бөпөлөп баккан энедей», ошондой эле рухий атасындай болгон. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:7, 11, 12.)
аймагыбыздагы адамдарга жана ишенимдештерибизге чын дилден көңүл бурсак, жыйналыштагы биримдиктин чыңдалышына салым кошобуз (ҮЙ-БҮЛӨГӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ
15. Балдарга чындыкты окутуп-үйрөтүү негизинен кимдин милдети?
15 Биз үй-бүлөлөргө жардам берип, колдоо көрсөтүшүбүз керек. Бул — көңүл бурушубузга арзый турган тармактардын бири. Айрым учурларда жаңыдан чындык жолуна түшүп жаткандар жетилген жарчылардан балдарына Кудайды таанып-билүүгө жардам беришин, атүгүл алар менен Ыйык Китепти изилдешин суранышат. Кудайдын Сөзүнө ылайык, балдарын окутуп-үйрөтүү жана тарбиялоо негизинен ата-эненин милдети болуп саналат (Накыл 23:22; Эф. 6:1—4). Бирок кээде башкалардын жардамы керек болушу мүмкүн. Андай жардам жогору бааланат. Анткен менен бул ата-энени милдетинен бошотпойт. Алар балдары менен дайыма пикирлешип турушу зарыл.
16. Балдарга жардам берүүдө эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?
16 Эгер ата-эне кимдир бирөөдөн баласы менен изилдешин суранса, изилдөө өтө турган бир тууган ата-эненин ордун ээлеп албашы керек. Кээ бир ишенимдештерибиз ата-энеси чындыкта эмес балдар менен изилдөө өтүшү мүмкүн. Андайда ишенимдешибиздин балдарга рухий жактан жардам көрсөтүп жатып анын ата-энеси болуп алуудан сак болгону маанилүү. Эске алчу дагы бир нерсе, балдар менен изилдөөнү алардын үйүндө ата-энесинин көзүнчө же улуураак Жахабанын Күбөсү менен чогуу, же болбосо эл бар ылайыктуу жерде өткөрүү акылдуулукка жатат. Ошондо башкаларда ниетибиздин тазалыгына шектенүүгө эч кандай негиз болбойт. Убакыттын өтүшү менен ата-энеси балдарына рухий жактан кам көрүү милдетин өздөрү аткара башташы ыктымал.
17. Кандайча балдар сооронучтун булагы боло алышат?
17 Чыныгы Кудайды сүйүүгө үйрөнүп, анын акыл-насааты боюнча жашаган балдар үй-бүлөсү үчүн сооронучтун булагы боло алышат. Ан үчүн алар ата-энесин урматтап-сыйлап, аларга жардам бериши кажет. Ошондой эле балдар үй-бүлөсүнө рухий жактан да бир топ колдоо көрсөтө алышат. Топон сууга чейин жашаган Шеттин тукумунан чыккан Лемек Жахабага кызмат кылган. Ал уулу Нух жөнүндө: «Бул биздин Жахаба каргаган жерди иштеткенде тарткан азабыбызды, оор эмгегибизди жеңилдетип, сооронуч болот»,— деп айткан. Бул пайгамбарлык жерге карата айтылган каргыш алынып салынганда аткарылган (Башт. 5:29; 8:21). Бүгүнкү күндө Жахабага ишенимдүү кызмат кылган ар бир бала да үйүндөгүлөрүнө учурдагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, келечекте Топон суудан да чоң алааматтан аман өтүүгө жардам берип, үй-бүлөсү үчүн сооронуч боло алат.
18. Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, кайраттуу болуп, баарына чыдаганга бизге эмне жардам берет?
18 Тиленүү, Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү жана Жахабанын эли менен тыгыз мамиледе болуу миллиондогондорду азыртадан эле ар кандай жагдайда сооротуп келет. (Оку: Забур 145:18, 19.) Ошондой эле Жахабанын бизди дайыма соороторун билүү бизге азыр да, келечекте да бардык кыйынчылыктарга чыдап, кайраттуу болууга жардам берери шексиз.