Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий байлыкты бүт жүрөгүң менен баала

Рухий байлыкты бүт жүрөгүң менен баала

«Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот» (ЛК. 12:34).

ЫРЛАР: 76, 59

1, 2. а) Жахаба берген рухий байлыкка эмнелер кирет? б) Бул макалада эмнени карайбыз?

ААЛАМДА Жахаба Кудайдай бай эч ким жок (1 Жылн. 29:11, 12). Берешен Ата болгондуктан ал өзүнүн рухий байлыгын анын кадырына жеткендердин баарына кең пейилдик менен берет. Бул үчүн ага кандай гана ыраазыбыз! Ал бизге берген рухий байлыкка 1) Кудайдын Падышалыгы, 2) өмүр куткара турган кызматыбыз жана 3) анын Сөзүндөгү баа жеткис чындыктар кирет. Бирок абайлабасак, аларды баалабай калышыбыз, мындайча айтканда, ыргытып жиберишибиз мүмкүн. Андай болбошу үчүн, аларды жакшы колдонушубуз жана аларга болгон сүйүүбүздү өчүрбөй, дайыма жандандырып турушубуз керек. Иса Машаяк: «Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот»,— деп айткан (Лк. 12:34).

2 Анда Кудайдын Падышалыгына, кызматыбызга жана чындыкка карата сүйүү өрчүтүүгө, аны сактоого эмне жардам берерин карап көрөлү. Буларды карап жатканда рухий байлыкка болгон сүйүүңдү кантип тереңдетсең болору жөнүндө ой жүгүрт.

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ — БАА ЖЕТКИС БЕРМЕТ

3. Исанын мисалындагы соодагер баа жеткис берметти алыш үчүн эмне кылууга даяр болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Оку: Матай 13:45, 46. Иса бермет издеп жүргөн соодагер жөнүндө мисал айткан. Бир канча жылдын ичинде ал соодагердин жүздөгөн берметтерди алып-сатканы шексиз. Бирок бир жолу ушунчалык өзгөчө бермет тапкандыктан, аны көрөрү менен жүрөгү толкуп-ташкан. Ошондуктан аны сатып алыш үчүн колундагысынын баарын сатууга даяр болгон. Ал үчүн ошол берметтин канчалык баалуу болгонун элестетсең!

4. Эгер Падышалыкты соодагер берметти баалагандай бааласак, эмне кылабыз?

4 Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындык баа жеткис берметке окшош. Эгер Падышалыкты соодагер берметти баалагандай бааласак, ага баш ийген элге кошулуш үчүн жана дайыма ал элдин арасында болуш үчүн баарынан баш тартууга даяр болобуз. (Оку: Марк 10:28—30.) Ушундай кылган эки кишинин үлгүсүнө токтололу.

5. Закай Кудайдын Падышалыгы үчүн чечкиндүү түрдө эмне кылган?

5 Закай элден тартып алган акчанын эсебинен байыган башкы салык жыйноочу болгон (Лк. 19:1—9). Анткен менен ал адилетсиз киши Исанын Падышалык жөнүндө айткандарын укканда алардын ушунчалык баалуу экенин түшүнүп, дароо иш-аракет кылган. Ал: «Мырзам, мүлкүмдүн жарымын кедей-кембагалдарга таратып берем. Ал эми башкалардан жалган айып менен тартып алгандарымды төрт эсе кылып кайрып берем»,— деген. Ырас, Закай эч буйдалбай, арам жол менен жыйнаган байлыгынан кечип, ач көздүгүн жеңген.

6. Падышалыкка баш ийип жашаш үчүн Роуз эмнелерди өзгөрткөн жана эмне үчүн?

6 Бир нече жыл мурун бир келин, атын Роуз деп коёлу, Падышалык жөнүндөгү кабарды уккан. Ал кезде ал лесбиян болчу, ошондой эле гомосексуалдардын укуктары үчүн күрөшкөн уюмдун башчысы эле. Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыктын канчалык баалуу экенин билген. Ошондо жашоосунда көп нерсени өзгөртүш керектигин түшүнгөн (1 Кор. 6:9, 10). Жүрөгү ага уюмунан кетип, лесбиянчылыкты таштоого түрткү берген. Роуз 2009-жылы чөмүлүп, кийинки жылы үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштаган. Анын Жахабага жана анын Падышалыгына болгон сүйүүсү денелик каалоолорунун баарынан күчтүү болгон (Мр. 12:29, 30).

7. Падышалыкка болгон сүйүүбүздү сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек?

7 Ооба, Кудайдын Падышалыгына баш ийген элге кошулуш үчүн көбүбүз жашообузда чоң өзгөрүүлөрдү кылдык (Рим. 12:2). Анткен менен күрөшүбүз дагы деле уланууда. Биз Падышалыкка болгон сүйүүбүздү басаңдата турган нерселерден, анын ичинде материалдык, адеп-ахлаксыз нерселерге болгон каалоолордон сак болушубуз керек (Накыл 4:23; Мт. 5:27—29). Падышалыкка болгон сүйүүбүздү ысык сактаганга жардам бериш үчүн Жахаба дагы бир баа жеткис байлык берген.

ӨМҮР КУТКАРА ТУРГАН КЫЗМАТЫБЫЗ

8. а) Эмне үчүн элчи Пабыл кызматты чопо идиштердеги кенчке салыштырган? б) Пабыл кызматты жогору баалаарын кантип көрсөткөн?

8 Иса Машаяктын бизге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууну жана башкаларды окутууну тапшырганын эстесең (Мт. 28:19, 20). Элчи Пабыл ал кызматтын абдан баалуу экенин түшүнгөн. Ал аны чопо идиштердеги кенчке салыштырган (2 Кор. 4:7; 1 Тим. 1:12). Биз жеткилең эмес чопо идиш болсок да, айткан кабарыбыз өзүбүздү да, бизди уккандарды да түбөлүк өмүргө ээ кылат. Муну билгендиктен Пабыл кызматта ар кандай ыкмаларды колдонуп: «Мунун баарын мен жакшы кабар үчүн, аны башкаларга жарыялаш үчүн кылып жатам»,— деп айткан (1 Кор. 9:23). Ооба, Пабыл кызматты аябай жакшы көргөндүктөн шакирт даярдоо ишинде күжүрмөн эмгектенген. (Оку: Римдиктер 1:14, 15; 2 Тиметей 4:2.) Бул ага катуу каршылыктарга чыдоого көмөк кылган (1 Тес. 2:2). Биз да кызматка болгон сүйүүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

9. Кызматты баалаарыбызды көрсөтүүнүн айрым жолдору кайсылар?

9 Пабыл ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кабар айтуу менен да кызматты баалаарын көрсөткөн. Элчилердей жана Исанын алгачкы жолдоочуларындай болуп, биз да расмий эмес, коомдук жайларда жана үймө-үй кабар айтабыз (Элч. 5:42; 20:20). Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша көбүрөөк кызмат кылуунун жолдорун издейбиз. Балким, көмөкчү же үзгүлтүксүз пионер болоттурбуз. Ошондой эле бөтөн тил үйрөнсөк, өлкөбүздүн башка жерине же чет өлкөгө көчүп барсак болоттур (Элч. 16:9, 10).

10. Ирен жакшы кабар айтууга чечкиндүү болгонунун аркасында кандай бата алган?

10 Кошмо Штаттардагы Ирен аттуу бойдок ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал орусча сүйлөгөн иммигранттарга аябай кабар айткысы келген. 1993-жылы кызматтын ошол түрүнө киришкенде, Нью-Йорк шаарындагы орус тилиндеги топто 20дай эле жарчы бар болчу. Ирен ал топто 20 жылдай убактан бери талыкпай эмгектенип келет. «Мен азыр деле орусча суудай сүйлөбөйм»,— дейт ал. Ошентсе да Жахаба анын жана башкалардын ынталуулугуна батасын берүүдө. Бүгүнкү күндө Нью-Йоркто орус тилиндеги 6 жыйналыш бар. Ирен менен изилдегендердин 15и чөмүлгөн. Айрымдары Бейтелде, пионер жана аксакал болуп кызмат кылышат. Ирен: «Көздөсөм боло турган башка максаттар жөнүндө ойлонгонумда, алардын бири да мага мынчалык кубаныч тартууламак эместигин түшүнөм»,— дейт. Ооба, ал кызматын кенчтей баалайт!

Кызматты кенчтей баалайсыңбы? Бул жумалык графигиңен көрүнүп турабы? (11, 12-абзацтарды кара)

11. Куугунтукка багынбай кызмат кылуунун натыйжасы кандай болот?

11 Эгер кызматыбызды жогору бааласак, элчи Пабылга окшоп, куугунтукка карабай кабар айта беребиз (Элч. 14:19—22). 1930-жылдары жана 1940-жылдардын башында Кошмо Штаттардагы бир туугандарыбызга аёосуз каршылык көрсөтүлгөн. Анткен менен, Пабылдай болуп, алар бекем туруп, кызмат кыла беришкен. Кабар айтууга болгон укугубузду коргош үчүн бир туугандар сот майданында далай салгылашышкан. 1943-жылы Нейтан Норр бир тууган АКШнын Жогорку Сотунда болгон бир жеңиш тууралуу сөз кылып, мындай деген: «Жеңиштерге силердин аркаңар менен жетип жатабыз. Эгер ар бир жарчы талаада кызмат кыла бербесе, Жогорку Сотто бир да ишибиз каралмак эмес. Бирок сен, жарчы, бүткүл дүйнө жүзүндөгү ар бир бир тууган, кызматыңды улантып келаткандыктан жана уланта бере тургандыктан, куугунтуктун мизи майтарылууда. Теңирдин эли бекем тургандыктан, акыры ушундай чечим чыгарылды». Башка өлкөлөрдөгү бир туугандардын туруктуу болгону да ошо сыяктуу жеңиштерге ээ кылган. Чынында эле, кызматка болгон сүйүүбүз куугунтукту багындырат.

12. Кызматыңа байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүң?

12 Кызматыбызды Жахаба берген асыл берметтей көрсөк, саатыбызды санап, ошого эле ыраазы болуп калбайбыз. Тескерисинче, «жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүш үчүн» колубуздан келгендин баарын кылабыз (Элч. 20:24; 2 Тим. 4:5). Бирок башкаларга эмнени окутабыз? Эмесе, Кудай берген дагы бир байлыкты карап көрөлү.

ЧЫНДЫКТАР САКТАЛГАН КАЗЫНАБЫЗ

13, 14. Иса пайгамбар Матай 13:52де айткан «казына» эмнени билдирет жана аны кантип толтурсак болот?

13 Үчүнчү рухий байлыгыбыз — ачылып берилген чындыктар сакталган казынабыз. Жахаба — чындыктын Кудайы (Заб. 31:5; Жкн. 17:17). Берешен Ата катары ал өзүнөн корккондорго чындыгын ачып берет. Чындыкты биринчи жолу уккандан тартып биз Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китептен, адабияттарыбыздан, жыйындардан жана жума сайынкы жолугушуулардан чындыктарды чогултуп келдик. Убакыттын өтүшү менен, Иса айткандай, эски да, жаңы да чындыктар сакталган «казынабыз» пайда болду. (Оку: Матай 13:52.) Эгер баа жеткис чындыктарды кенчти издегендей издей берсек, Жахаба бизге жаңыларын таап, казынабызды толтура бергенге жардам берет. (Оку: Накыл сөздөр 2:4—7.) Муну кантип кылсак болот?

14 Биз өздүк изилдөөнү жакшы жүргүзүүнү адат кылып алышыбыз жана Кудайдын Сөзүн, адабияттарыбызды кылдат изилдешибиз зарыл. Бул бизге «жаңы», тактап айтканда, мурда билбеген чындыктарды табууга жардам берет (Жаш. 1:8, 9; Заб. 1:2, 3). «Күзөт мунарасы» журналынын 1879-жылы июлда чыккан эң алгачкы санында мындай деп жазылган: «Чындык турмуштун ээн талаасында өскөн кичинекей, жөнөкөй гүлгө окшош. Жалгандыктын дүркүрөп өскөн отоо чөптөрү аны дээрлик басып салган. Эгер аны тапкың келсе, жакшылап карашың керек... Аны алгың келсе, эңкейишиң керек. Чындыктын бир гүлүнө эле ыраазы болуп калба... Чогулта бер, издей бер». Арийне, ар бирибиз Кудай ачып берген чындыктар сакталган казынабызды байыта берүүгө дилгир болгонубуз маанилүү.

15. Эмне үчүн айрым чындыктарды «эски» деп айтууга болот жана сен алардын кайсынысын өзгөчө баалайсың?

15 Кудайдын эли менен алгач байланыша баштаганда биз айрым баалуу чындыктарды тапканбыз. Аларды ошол убактан бери эле билгендиктен «эски» деп айтууга болот. Ал теңдешсиз чындыктарга эмнелер кирет? Алсак, биз Жахабанын Жараткан, Өмүр Берүүчү экенин жана адамзатка байланыштуу сонун ой-ниетин билгенбиз. Ошондой эле сүйүүсүнөн улам бизди күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн Уулун кун катары бергенин түшүнгөнбүз. Андан тышкары, Кудайдын Падышалыгы адамзатты азап-кайгыдан арылтарын жана анын бийлиги астында түбөлүккө бактылуу өмүр сүрөрүбүздү билгенбиз (Жкн. 3:16; Аян 4:11; 21:3, 4).

16. Кайсы бир чындыкка байланыштуу түшүнүгүбүз өзгөргөндө, эмне кылышыбыз керек?

16 Мезгил-мезгили менен Ыйык Китептеги айрым пайгамбарлыктарга жана билдирүүлөргө байланыштуу түшүнүгүбүз өзгөрүшү мүмкүн. Андайда аларды кылдат изилдөөгө жана ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшүбүз зарыл (Элч. 17:11; 1 Тим. 4:15). Биз эски түшүнүгүбүз менен жаңысынын ортосундагы чоң өзгөрүүлөрдү эле эмес, майда-барат айырмачылыктарды да айкын түшүнгөнгө аракет кылабыз. Ошондо жаңы чындыкты казынабыздын тийиштүү жерине жакшылап сактап койгон болобуз. Эмне үчүн ушундай иш-аракет кылганыбыз арзырлык?

17, 18. Ыйык рух бизге кандайча жардам берет?

17 Иса Машаяк Кудайдын руху окуп-билгендерибизди эсибизге саларын айткан (Жкн. 14:25, 26). Башкаларга кабар айтканыбызда, бул бизге кандайча жардам берет? Питер деген бир туугандын башынан өткөн окуяга токтололу. 1970-жылы ал 19 жашында Британиядагы Бейтелде кызмат кыла баштаган. Бир күнү үймө-үй кабар айтып жүргөндө, бир үйдөн 50 жаштардагы сакалчан киши чыккан. Питер андан Ыйык Китепти түшүнгүсү келер-келбесин сураган. Ал киши таңыркай түшүп, өзүнүн жүйүт раввини экенин айткан. Анан Питерди сынап: «Кана, балам, айтчы, Даниел китеби кайсы тилде жазылган?» — деп сураган. Питер: «Анын айрым бөлүктөрү арамей тилинде жазылган»,— деп жооп берген. «Ошондо раввин анын жообун билгениме таң калып калды,— деп эскерет Питер.— Өзүм андан бетер таң калдым. Ал суроонун жообун кайдан билгем? Үйгө барып „Күзөт мунарасы“ менен „Ойгонгула!“ журналдарынын мурунку айлардагы сандарын карап көрсөм, бир макалада Даниел китеби арамей тилинде жазылганы түшүндүрүлүптүр» (Дан. 2:4) *. Ооба, ыйык рух мурун окуп-билип, казынабызга жакшылап сактап койгон ойлорду эсибизге салат (Лк. 12:11, 12; 21:13—15).

18 Эгер Жахабадан келген акылмандыкты жогору бааласак, жүрөгүбүз казынабызды жаңы да, эски да чындыктарга толтура берүүгө түрткү берет. Ал эми Жахабанын акылмандыгын канчалык жакшы көрүп, баалаган сайын, кабар айтууга жана башкаларды окутууга ошончолук жакшы даяр болобуз.

КЕНЧИҢДИ САКТА

19. Эмне үчүн рухий байлыгыбызды сакташыбыз керек?

19 Шайтан жана анын дүйнөсү ушул макалада талкууланган рухий байлыгыбызга болгон ыраазычылык сезимибизди басаңдатууга же таптакыр эле өчүрүүгө тынымсыз күч жумшап келет. Анын мындай аракеттери бизге таасир этпейт деп ойлобошубуз керек. Сак болбосок, оңой эле кирешелүү мансапка азгырылышыбыз, майкөл-сүткөл жашоону ойлоп кыялга батышыбыз же колубузда бар байлыкка мактана башташыбыз мүмкүн. Элчи Жакан бул дүйнө да, анын кумарлары да өтүп кетерин эскерткен (1 Жкн. 2:15—17). Андыктан рухий байлыкка болгон сүйүүбүздү, ыраазычылыгыбызды жоготуп албаш үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.

20. Рухий байлыгыңды сакташ үчүн эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Кудайдын Падышалыгына болгон сүйүүңдү солгундата турган нерселердин баарынан баш тартууга даяр бол. Өмүр куткаруучу кызматыбызга болгон ыраазычылыгыңды эч качан суутпай, ынталуу кызмат кыла бер. Кудай ачып берип жаткан чындыктарды мындан ары да талыкпай изде. Ошондо «асманга түгөнгүс байлык жыйнаган» болосуң. «Ал жактан ага ууру да жолобойт, күбө да түшпөйт». Байлыгың кайсы жерде болсо, жүрөгүң да ошол жерде болот (Лк. 12:33, 34).

^ 17-абз. Түп нускада Даниел 2:4түн экинчи бөлүгүнөн баштап 7:28ге чейин арамей тилинде жазылган.