Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба менен Исадай болуп, баарыбыз биримдикте бололу

Жахаба менен Исадай болуп, баарыбыз биримдикте бололу

«Суранам... алардын бардыгы бир болсун. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун» (ЖКН. 17:20, 21).

ЫРЛАР: 24, 99

1, 2. а) Иса элчилери менен чогуу акыркы жолу тиленгенде Атасынан эмнени сураган? б) Иса эмне үчүн элчилеринин биримдигин ойлоп тынчсызданган?

ИСА МАШАЯК элчилери менен акыркы жолу тамактанган кечте алардын биримдигин ойлоп тынчсызданган. Алар менен чогуу тиленгенде Атасынан, өзү аны менен биримдикте болгондой эле, бардык шакирттеринин биримдикте болушун суранган. (Оку: Жакан 17:20, 21.) Алардын биримдиги Жахабанын Исаны жерге өзүнүн эркин аткаруу үчүн жибергенин көрсөткөн күчтүү далил болмок. Машаяктын чыныгы жолдоочулары бири-бирине көрсөткөн сүйүүсү менен айырмаланмак жана ошол сүйүү алардын биримдигине шарт түзмөк (Жкн. 13:34, 35).

2 Исанын биримдикке басым жасаганы таң калыштуу эмес. Анткени ал элчилеринин анча биримдүү эмес экенин байкаган. Мисалы, ошол кечте алар адаттагысындай эле «кимиси баарынан чоң экени тууралуу катуу талашып киришкен» (Лк. 22:24—27; Мр. 9:33, 34). Дагы бир жолу болсо Жакып менен Жакан Исадан Падышалыгында өзүнүн жанынан орун беришин суранышкан (Мр. 10:35—40).

3. Исанын шакирттеринин биримдигине эмнелер коркунуч туудурушу мүмкүн эле жана бул макалада кайсы суроолорго токтолобуз?

3 Исанын шакирттеринин биримдигине көрүнүктүү абалга умтулуудан башка нерселер да коркунуч туудурган. Ал убакта көптөр бири-бирин жек көргөндүктөн жана бейкалыс пикирде болгондуктан бөлүнүп-жарылган. Исанын шакирттери андай терс сезимдерден арылышы керек эле. Бул макалада төмөнкү суроолорду карап чыгабыз: Иса бейкалыстык менен кантип күрөшкөн? Ал жолдоочуларын бет карамалыктан качууга, чындап биримдүү болууга кантип үйрөткөн? Анын айткандары биримдигибизди сактаганга кандайча жардам берет?

ИСА МЕНЕН ЖОЛДООЧУЛАРЫНЫН БЕЙКАЛЫСТЫККА КАБЫЛЫШЫ

4. Иса кандайча бейкалыстыкка кабылган? Мисал келтиргиле.

4 Иса пайгамбар өзү да бейкалыстыкка кабылган. Филип Натанаелге Машаякты табышканын айтканда, ал: «Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле?» — деген (Жкн. 1:46). Кыязы, Натанаел Микей 5:2де жазылган пайгамбарлыкты билген жана Назаретти Машаяк чыккыдай белгилүү шаар деп эсептеген эмес көрүнөт. Ал эми Жүйүт жериндеги таасирдүү кишилер Исаны галилеялык болгону үчүн баркка алган эмес (Жкн. 7:52). Жүйүт аймагында жашагандардын көбү галилеялыктарды төмөн көрүшчү. Кээ бир жүйүттөр болсо Исаны самариялык деп басынтышкан (Жкн. 8:48). Самариялыктар жүйүт элинен болгон эмес, ошондой эле башка динди тутушкан. Жүйүттөр да, галилеялыктар да самариялыктарды киши ордуна көрбөй, алардан оолак болушчу (Жкн. 4:9).

5. Башкалар Исанын жолдоочуларына кантип бейкалыс мамиле кылышкан?

5 Жүйүттөрдүн диний жетекчилери Исанын жолдоочуларын да жек көрүшкөн. Алсак, фарисейлер аларды «каргышка калгандар» деп эсептеген (Жкн. 7:47—49). Алар раббилердин мектебинен билим албагандарды же алардын каада-салттарына карманбагандарды санда жок карапайым адамдар катары көрүшчү (Элч. 4:13, шилт.). Иса менен шакирттери кабылган бейкалыстык диний, социалдык жана этникалык бөлүнүүчүлүктөн улам келип чыккан. Бейкалыстык шакирттерге да таасир эткен. Андыктан биримдикте болуш үчүн алар калыптанып калган ой жүгүртүүсүн өзгөртүшү керек болчу.

6. Бейкалыстык бизге канчалык таасир этерине мисал келтиргиле.

6 Бүгүнкү күндө да бейкалыстык кеңири кулач жайган. Өзүбүз бейкалыстыкка кабылышыбыз же биз башкаларга карата ошондой көз карашта болушубуз мүмкүн. Австралияда жашаган бир пионер: «Аборигендердин мурун да, азыркы убакта да адилетсиздиктен улам жапа чеккенине көңүл топтоп алгандыктан ак түстөгү адамдарды жек көрүп калгам. Мындай сезимдин күч алышына өзүмдүн да ошондой жаман мамилеге кабылганым себеп болгон»,— дейт. Ал эми канадалык бир тууган сүйлөгөн тилинен улам башкаларга карата бейкалыс пикирде болчу. Ал: «Французча сүйлөгөндөр мыкты деп ойлочумун. Ошондуктан англисче сүйлөгөндөрдү көрөйүн деген көзүм жок болчу»,— деп бөлүшөт.

7. Иса бейкалыстык менен кантип күрөшкөн?

7 Исанын күндөрүндөгүдөй эле, азыр да бейкалыстыкка түрткөн сезимдер терең тамырлап алышы мүмкүн. Иса бейкалыстык менен кантип күрөшкөн? Биринчиден, бет карамалык кылбай, баарына тегиз караган. Ал байларга да, кедейлерге да, фарисейлерге да, самариялыктарга да, атүгүл салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөргө да кабар айткан. Экинчиден, окуулары жана үлгүсү менен шакирттерине башкалардын ниетине шек санабашы, аларга карата терс ойдо болбошу керектигин көрсөткөн.

СҮЙҮҮ ЖАНА МОМУНДУК БЕЙКАЛЫСТЫКТЫ ЖЕҢЕТ

8. Биримдигибиздин негизин кайсы принцип түзөт? Түшүндүргүлө.

8 Иса пайгамбар жолдоочуларына биримдигибиздин негизин түзгөн маанилүү принципти үйрөткөн. Ал: «Силер... бир туугансыңар»,— деген. (Оку: Матай 23:8, 9.) Бир тууган болгонубуздун бир себеби баарыбыз Адам атадан тараганбыз (Элч. 17:26). Бирок мунун башка себептери да бар. Иса шакирттерине алар Жахабаны асмандагы Атабыз деп эсептегендиктен бир туугандар экенин түшүндүргөн (Мт. 12:50). Андан сырткары, алар сүйүүсү менен ишениминин аркасында бириккен чоң рухий үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Ошондуктан элчилер өздөрүнүн каттарында ишенимдештерине көп учурда «бир туугандар» деп кайрылышкан (Рим. 1:13; 1 Пет. 2:17; 1 Жкн. 3:13) *.

9, 10. а) Эмне үчүн жүйүттөрдө улутунан улам бой көтөрүүгө эч кандай себеп жок болчу? б) Иса башка расадагыларга бейкалыс мамиле кылбаш керектигин кантип көрсөткөн? (Макаланын башындагы 1-сүрөттү карагыла.)

9 Бири-бирибизди бир туугандар катары көрүшүбүз керектигин айткандан кийин Иса момун болууга басым жасаган. (Оку: Матай 23:11, 12.) Жогорудан көргөнүбүздөй, текебердик элчилердин биримдигине терс таасир эткен. Өз расасын өйдө көрүү да көйгөй жаратышы мүмкүн эле. Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан болгону жүйүттөрдүн менменсинишине негиз бергенби? Көптөгөн жүйүттөр ошондой көз карашка бекем карманышкан. Бирок Чөмүлдүрүүчү Жакан аларга: «Кудайдын Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып берүүгө кудурети жетет»,— деген (Лк. 3:8).

10 Иса адамдын расасынан улам бой көтөргөнү туура эмес экенин айткан. Бир китепчи андан: «Менин жакыным ким?» — деп сураганда, Иса ушул ойду баса белгилеген. Анын суроосуна жооп бериш үчүн жолдон уурулар сабап кеткен жүйүткө боорукердик менен кам көргөн самариялык киши жөнүндө аңгеме айтып берген. Ал жол менен бараткан айрым жүйүттөр байкуш кишиден кыя өтүп кетишкен, ал эми самариялык кишинин ага боору ачыган. Иса сөзүнүн аягында китепчиге самариялыктай иш кылышы керектигин айткан (Лк. 10:25—37). Ал жүйүттөргө ошол кишиден жакынын сүйүү деген чынында эмнени билдирерин үйрөнсө болорун көрсөткөн.

11. Исанын шакирттери эмне үчүн башка улуттагыларга бет карамалык кылбашы керек болчу? Иса аларга муну түшүнүүгө кантип жардам берген?

11 Өздөрүнө тапшырылган ишти аткарыш үчүн Исанын шакирттери текебердиктен, бейкалыстыктан арылышы керек эле. Асманга кетерден мурун Мырзасы аларды «бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин» кабар айтууга дайындаган (Элч. 1:8). Иса шакирттеринин көңүлүн бөтөн жерликтердин жакшы жактарына буруп, аларды ушул зор ишке мурдатан эле даярдай баштаган. Алсак, башка элден болгон аскер башчыны күчтүү ишеними үчүн мактаган (Мт. 8:5—10). Өзү чоңоюп-өскөн Назарет шаарында жүргөндө ал Жахабанын бөтөн жерликтерге: Сарепатта жашаган финикиялык аялга, пес оорулуу сириялык Нааманга кантип боорукердик көрсөткөнүн айтып берген (Лк. 4:25—27). Ошондой эле бир жолу самариялык аялга кабар айткандан тышкары, самариялыктардын шаарында эки күн болгон. Себеби алар анын кабарына аябай кызыгышкан (Жкн. 4:21—24, 40).

1-КЫЛЫМДАГЫ ШАКИРТТЕРДИН БЕЙКАЛЫСТЫК МЕНЕН КҮРӨШҮШҮ

12, 13. а) Исанын самариялык аял менен сүйлөшүп жатканын көргөндө элчилер кандай сезимде болушкан? (Макаланын башындагы 2-сүрөттү карагыла.) б) Жакып менен Жакандын Исанын эмнеге үйрөткүсү келгенин толук түшүнбөгөнү эмнеден көрүнүп турат?

12 Бирок элчилерге башкаларга карата калыптанып калган бейкалыс көз карашынан арылуу оңой болгон эмес. Исанын самариялык аял менен сүйлөшүп жатканын көргөндө алар абдан таң калышкан (Жкн. 4:9, 27). Жүйүттөрдүн диний жетекчилери жаман атка конгон самариялык аял менен сүйлөшмөк түгүл, дегеле аялзаты менен элдин көзүнчө сүйлөшчү эмес. Элчилер Исаны тамактанып алууга чакырышканда, анын жообунан Кудайдын Сөзү жөнүндө сүйлөшүүгө ушунчалык берилип кеткендиктен ачка болгонуна көңүл бурбаганы көрүнгөн. Башкаларга, атүгүл самариялык аялга да кабар айтуу Атасынын эрки болгон жана Иса муну иче турган тамагындай эле көргөн (Жкн. 4:31—34).

13 Өкүнүчтүүсү, Жакып менен Жакан Исанын ошол окуя аркылуу эмнеге үйрөткүсү келгенин толук түшүнүшкөн эмес. Бир жолу алар жана башка шакирттер Иса менен чогуу Самария аркылуу өтүп баратып ал жактагы бир айылдан түнөк жай издешкен. Самариялыктар аларды кабыл албай койгондо, Жакып менен Жакандын каары кайнап, асмандан от түшүрүп, бүтүндөй айылды жок кылып салгысы келген. Бирок Иса аларды катуу тыйып койгон (Лк. 9:51—56). Эгер ошол айыл Жакып менен Жакандын мекени болгон Галилея аймагында жайгашкан болсо, алар ошентет беле? Сыягы, алардын жек көрүү сезиминин ойгонуп кетишине бейкалыс пикирде болгону себеп болсо керек. Кийин самариялыктардын жеринде кабар айтып, зор ийгиликтерге күбө болгондо, балким, Жакан бир кезде ачууга алдырып койгонун эстеп, ыңгайсыз болгондур (Элч. 8:14, 25).

14. Башка тилде сүйлөгөндөргө байланыштуу көйгөй кантип чечилген?

14 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан көп өтпөй жыйналышта адилетсиздикке жаткан бир көйгөй пайда болгон. Муктаж болгон жесирлерге тамак-аш бөлүштүрүүдө грекче сүйлөгөн жесирлер көңүлгө алынбай калган (Элч. 6:1). Буга, кыязы, бейкалыстык себеп болгон. Элчилер көйгөйдү тезинен чечүү үчүн талаптарга жооп берген бир туугандарды тамак-аш бөлүштүрүүгө дайындашкан. Рухий жактан жетилген ал бир туугандардын баарынын аты грекче болгон. Бул көңүлү ооруп калган жесирлерди сооротсо керек.

15. Петир эч кимге бет карамалык кылбаганга кантип үйрөнгөн? (Макаланын башындагы 3-сүрөттү карагыла.)

15 Б.з. 36-жылы башка улуттагылар да Машаяктын шакирти боло баштаган. Мурун элчи Петир жүйүттөр менен гана мамилелешчү. Бирок Кудай өзүнүн кызматчылары бет карамалык кылбашы керектигин айкын көрсөткөндөн кийин, Петир Корнелий деген римдик жоокерге кабар айткан. (Оку: Элчилер 10:28, 34, 35.) Ошондон тартып ал башка улуттан болгон ишенимдештери менен чогуу тамактанып, сүйлөшүп калган. Анткен менен жылдар өткөндөн кийин Антиохия шаарында жүргөндө Петир жүйүт элинен болбогон шакирттер менен чогуу тамактанбай, алардан оолактай баштаган (Гал. 2:11—14). Ошондо Пабыл аны ашкерелеген. Петирдин анын кеңешин кабыл алганы шексиз. Кийин ал жүйүт элинен жана башка улуттан болгон Кичи Азиядагы ишенимдештерине биринчи катын жазганда бир туугандардын баарын сүйүү маанилүү экенин айткан (1 Пет. 1:1; 2:17).

16. Машаяктын алгачкы жолдоочулары эмнеси менен белгилүү болуп калышкан?

16 Ооба, элчилер Исадан «ар кандай адамдарды» сүйүүгө үйрөнгөн (Жкн. 12:32; 1 Тим. 4:10). Убакыт талап кылынса да, алар ой жүгүртүүсүн өзгөртүшкөн. Натыйжада Машаяктын алгачкы жолдоочулары бири-бирин жакшы көргөнү менен белгилүү болуп калышкан. 2-кылымда жашаган Тертуллиан деген жазуучу башкалардын Исанын жолдоочулары жөнүндө: «Алар бири-бирин... сүйүшөт, бири-бири үчүн атүгүл өлүүгө даяр»,— деп айтышканын жазган. «Жаңы табиятты кийүүнүн» аркасында алгачкы шакирттер бардык адамдарга Кудайдын көз карашы менен карап, бирдей мамиле кылууга үйрөнүшкөн (Кол. 3:10, 11).

17. Канткенде жүрөгүбүздөн бейкалыстыкты тамыры менен жула алабыз? Мисал келтиргиле.

17 Бүгүнкү күндө жүрөгүбүздөн бейкалыстыкты тамыры менен жулуп салыш үчүн бизге да убакыт керек болушу мүмкүн. Франциялык ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Жахаба мага сүйүү деген эмне экенин, башкалар менен бөлүшө билүү деген эмне экенин, бардык адамдарды сүйүү деген эмне экенин үйрөтүп келет. Бирок мен дагы деле башкаларга карата бейкалыс пикирде болбогонго үйрөнүп келем, бул дайыма эле оңой боло бербейт. Ошондуктан ушул тууралуу ар убак тиленем». Испанияда жашаган ишенимдешибиздин да жагдайы ушуга окшош. Ал: «Кээде мага айрым этностук топторго карата болгон жек көрүү сезими менен күрөшүүгө туура келет. Көбүнчө жеңем, бирок мындан ары да күрөшө беришим керектигин түшүнөм. Жахабанын жардамы менен биримдүү үй-бүлөнүн мүчөсү болгонума сүйүнөм»,— дейт. Ар бирибиз өзүбүздү чынчылдык менен текшерип көрсөк болот. Балким, биз да ушул эки ишенимдешибизге окшоп бейкалыс көз караштан арылышыбыз керектир.

СҮЙҮҮ БЕЙКАЛЫСТЫКТЫ СҮРҮП ЧЫГАРАТ

18, 19. а) Эмне үчүн ар бир адамды жылуу кабыл алышыбыз керек? б) Ан үчүн эмне кылсак болот?

18 Бир кездерде баарыбыз эле Кудайды тааныбаган адамдардан болгонубузду унутпашыбыз керек (Эф. 2:12). Жахаба бизди өзүнө «сүйүү жиби менен» жакындаткан (Ош. 11:4; Жкн. 6:44). Иса Машаяк да ар бирибизди жылуу тосуп алган. Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушубуз үчүн, Иса бизге, мындайча айтканда, эшик ачкан. (Оку: Римдиктер 15:7.) Ал бизди, жеткилең эмес болсок да, жылуу тосуп алгандыктан, кимдир бирөөнү четке какканыбыз таптакыр туура эмес болуп калмак!

Жахабанын эли жогорудан келген акылмандыкка умтулат жана аларды сүйүү бириктирип турат (19-абзацты карагыла)

19 Азыркы бузулган дүйнөнүн аягы жакындаган сайын, бөлүнүп-жарылуу, бейкалыстык, жек көрүүчүлүк күч ала берери шексиз (Гал. 5:19—21; 2 Тим. 3:13). Жахабанын кызматчылары катары биз жогорудан келген акылмандыкка умтулушубуз керек. Андай акылмандык эки жүздүү эмес жана тынчтыкка өбөлгө түзөт (Жкп. 3:17, 18). Башка өлкөдөн келгендер менен дос болсок, алардын маданиятындагы өзгөчөлүктөрдү туура кабыл алсак, атүгүл тилин үйрөнсөк, зор кубаныч алабыз. Ошондо тынчтык дарыядай, адилеттик деңиз толкундарындай болот (Ыш. 48:17, 18).

20. Сүйүү ички дүйнөбүздү, ой жүгүртүүбүздү өзгөрткөндө, эмне болот?

20 «Мен үчүн билимдин чоң дарбазалары ачылды»,— дейт макаланын башында айтылган австралиялык ишенимдешибиз. Ал Ыйык Китепти изилдегени өзүнө кандай таасир эткени тууралуу: «Ички дүйнөм, ой жүгүртүүм түп-тамыры менен өзгөрдү. Ошонун аркасында жүрөгүмө терең тамырлаган бейкалыстык менен жек көрүү сезими көз алдымда эрип жок болду»,— деп кошумчалайт. Ал эми Канадада жашаган бир тууган «расизмге көбүнчө түркөйлүк себеп болорун жана адамдын сапаттары төрөлгөн жеринен көз каранды эмес экенин» түшүнгөнүн айтат. Ал англисче сүйлөгөн ишенимдешибизге үйлөнгөн. Мындай өзгөрүүлөр бир туугандык сүйүү бейкалыстыкты жеңе аларын жана жеңип келатканын ырастап турат. Андай сүйүүнүн аркасында биримдигибиздин түйүнү бекем болот (Кол. 3:14).

^ 8-абз. «Бир туугандар» деген жыйналыштагы эже-карындаштарды да билдирет. Пабыл Римдеги «бир туугандарга» кат жазганда, алардын арасына эже-карындаштардын да киргени шексиз, анткени ал айрымдарынын атын атап өткөн (Рим. 16:3, 6, 12). «Күзөт мунарасында» көп жылдардан бери эле ишенимдештерибизге карата «бир туугандар» деген сөз айкашы колдонулуп келет.