Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын ырайымына ээ боло алмак

Кудайдын ырайымына ээ боло алмак

БИЗ Жахабага кызмат кылабыз. Ошондуктан дайыма анын ырайымына ээ болгубуз келери шексиз. Бирок ал кандай адамдарга ырайым кылып, батасын берет? Байыркы убакта айрымдар олуттуу күнөө кылса да, анын ырайымынан ажыраган эмес. Ал эми кээ бирлер жакшы сапаттарды чагылдырганына карабай, Кудайдын жактыруусунан айрылып калышкан. Андыктан бизде: «Жахаба биринчи кезекте эмнебизге көңүл бурат?» — деген суроо туулушу мүмкүн. Буга жооп алууга Жүйүт падышасы Рехабамдын окуясы жардам берет.

НАЧАР БАШТАЛЫШ

Рехабамдын атасы Сулайман Ысрайылда 40 жыл падышалык кылган (1 Пад. 11:42). Ал б.з.ч. 997-жылы көз жумган. Рехабам атасынын ордуна такка отуруш үчүн Иерусалимден түндүккө, Шекемге, барган (2 Жылн. 10:1). Ал өзгөчө акылмандыгы менен белгилүү болгон атасындай падыша боло алар-албасы жөнүндө ойлонуп, тынчсызданганбы? Кандай болбосун, көп өтпөй эле анын татаал маселелерди чечүүгө канчалык жөндөмдүү экени сыналмак.

Рехабам Ысрайылдагы жагдайдын курч экенин байкаса керек. Ал падыша болгондон кийин, эл өкүлдөрү ага келип: «Сенин атаң мойнубузга оор моюнтурук салган эле, эми сен ошол моюнтурукту, жумушубузду жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз»,— деп маселени кабыргасынан коюшкан (2 Жылн. 10:3, 4).

Муну укканда Рехабам өзүн жарга такалгандай эле сезген болуш керек. Эгер элдин талабын аткарса, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана ак сарайдагылардын жашоосу мурдагыдай майкөл-сүткөл болбой калмак, элден да көптү талап кыла алмак эмес. Ал эми аткарбаса, алар көтөрүлүш чыгармак. Рехабам эмне кылган? Жаңы падыша адегенде Сулаймандын кеңешчилери болгон улуу кишилерден акыл сураган. Андан соң өзү теңдүүлөр менен кеңешкен. Ал ошолордун айтканындай кылып, элди эзүүнү чечкен. Аларга: «Мен силердин моюнтуругуңарды оордотом, аны ого бетер оор кылам. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен силерди тиштери бар камчы менен жазалайм»,— деп жооп берген (2 Жылн. 10:6—14).

Андан кандай сабак алсак болот? Жашы улуу, рухий жактан жетилген бир туугандарды угуу көп учурда акылдуулукка жатат. Тажрыйбага бай ишенимдештерибиз кайсы бир чечимдин арты кандай болушу мүмкүн экенин көрө билгендиктен бизге туура кеңеш бере алышат (Аюп 12:12).

«АЛАР ЖАХАБАГА ТИЛ АЛЫШКАН»

Рехабам аскерин топтоп, көтөрүлүш чыгаргандар менен согушмакчы болгон. Ошондо Жахаба Шемая деген пайгамбарын жиберип: «Бир туугандарыңар менен, Ысрайыл уулдары менен, согушканы барбагыла. Үйлөрүңөргө кайткыла, анткени бул менден болду»,— деп айттырган (1 Пад. 12:21—24) *.

Рехабамга Жахабанын тилин алуу оңой болгонбу? Анын канчалык тынчсызданганын элестетип көрсөңөр. Элди «тиштери бар камчы менен жазалайм» деп коркутуп жаткан падыша жүрөктүн үшүн алган козголоңго каршы эчтеке кылбай койсо, башкалар эмне деп ойлоп калат? (Салыштыр: 2 Жылнаама 13:7.) Алар эмне деп ойлобосун, падыша менен аскерлери «тил алып, Жахаба айткандай, үйлөрүнө кайтышкан».

Андан эмнеге үйрөнсөк болот? Башкалар шылдыңдашы мүмкүн болсо да, Кудайга баш ие бергенибиз акылдуулукка жатат. Ага тил алсак, ырайымына, батасына ээ болобуз (Мыйз. 28:2).

Рехабамдын Кудайдын айтканына ылайык иш кылганы өзүнө кандай пайда алып келген? Ал Жахабага баш ийгендиктен жаңы уюшулган элге каршы согушам деген оюнан кайтып, өзү башкарып турган Жүйүт менен Бенжемин урууларына таандык жерлерге шаарларды курууга киришкен. Ошондой эле бир топ шаарды «абдан чыңдаган» (2 Жылн. 11:5—12). Баарынан маанилүүсү, ал кайсы бир убакка чейин Жахабанын мыйзамдарын аткарып жашаган. Жеробам башкарган он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы бурканга табынуучулукка белчесинен батып кеткендиктен, ал жактагылардын көбү чыныгы сыйынууну жактап, «Рехабамга колдоо көрсөтүү» үчүн Иерусалимге келген (2 Жылн. 11:16, 17). Ошентип, Рехабамдын тил алчаактыгынын аркасында падышалыгы бекемделген.

КҮНӨӨСҮ ҮЧҮН ӨКҮНГӨН

Кейиштүүсү, падышалык бийлиги бекемделгенден кийин, Рехабам тетири иш кылган. Ал Жахабанын мыйзамдары боюнча жашабай, жалган кудайларга сыйынып кеткен. Эмне үчүн? Ага Амондун тукумдарынан болгон энеси таасир эткенби? (1 Пад. 14:21). Буга эмне себеп болбосун, жалпы жонунан алганда, бүт эл анын артынан ээрчип кеткен. Ошон үчүн Жахаба Мисир падышасы Шишакка Жүйүт жериндеги Рехабам чыңдаган көптөгөн шаарларды басып алууга жол берип койгон (1 Пад. 14:22—24; 2 Жылн. 12:1—4).

Акыры, Шишак Рехабамдын тактысы турган Иерусалимге жеткен. Ошондо жагдай ого бетер курчуган. Так ошол убакта Шемая пайгамбар Рехабам менен анын төрөлөрүнө Кудайдын: «Силер мени таштап койгонуңар үчүн, мен да силерди таштап, Шишактын колуна салып бердим»,— деген сөздөрүн кабарлаган. Рехабам буга кандай жооп кайтарган? Бактыга жараша, ал туура кабыл алган. Ыйык Китептен: «Ысрайыл төрөлөрү менен падыша Кудайдын алдында моюн сунуп: „Жахаба адил“,— дешти»,— дегенди окуйбуз. Ошондуктан Жахаба Рехабамды да, Иерусалимди да душмандан сактап калган (2 Жылн. 12:5—7, 12).

Мунун аркасында Рехабам түштүк падышалыгында бийлик кыла берген. Көз жумардын алдында ал көптөгөн уулдарына марттык менен белектерди берген. Сыягы, өзүнөн кийин такка отура турган уулу Абияга эч кимиси каршы чыкпашы үчүн ошенткен көрүнөт (2 Жылн. 11:21—23). Ушундайча Рехабам жашыраак кезине караганда акылдуулук менен иш кылган.

ЖАКШЫ ПАДЫША БОЛГОНБУ ЖЕ ЖАМАНБЫ?

Рехабам жакшы иштерди кылса да, Кудайдын ырайымына ээ болгон эмес. Ыйык Китепте анын кандай падыша болгонуна байланыштуу: «Рехабам жаман иштерди кылды»,— деп айтылат. Эмне үчүн? Анткени ал «Жахабаны издөөгө бүт жүрөгү менен чечкиндүү болгон» эмес (2 Жылн. 12:14).

Дөөтү падышадан айырмаланып, Рехабам Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөн эмес

Рехабам жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Ал кээде Кудайга баш ийген. Ошондой эле Жахабанын эли үчүн жакшы иштерди кылган. Бирок Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөн эмес, ага жагууга болгон каалоосу да күчтүү болгон эмес. Ошондуктан жаман иштерди кылып, жалган кудайларга сыйынып кеткен. Балким, мындай деп ойлонушуңар мүмкүн: «Кудай пайгамбары аркылуу оңдоп-түзөгөндө, Рехабам чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн жана Кудайга жаккысы келгендиктен анын тилин алганбы же башкалар айткандыктан эле ошенткенби?» (2 Жылн. 11:3, 4; 12:6). Кийин ал кайрадан Кудайга жакпаган иштерди кыла баштаган. Рехабам чоң атасы Дөөтүдөн кандай гана айырмаланган! Дөөтүнүн деле ката кетирген учурлары болгон, бирок ал Жахабаны сүйүп, чыныгы сыйынууну берилгендик менен колдогон жана кылган күнөөлөрү үчүн чындап өкүнгөн (1 Пад. 14:8; Заб. 51:1, 17; 63:1).

Ооба, Рехабам жөнүндөгү билдирүүдөн көп нерсеге үйрөнсөк болот. Үй-бүлөбүзгө кам көргөнүбүз жана жакшы иштерди кылганыбыз мактоого татырлык. Бирок Жахабанын ырайымына ээ болуш үчүн биринчи кезекте ага жаккандай сыйынышыбыз жана аны менен ынак мамиле өрчүтүшүбүз керек.

Ан үчүн Жахабага болгон сүйүүбүздү тереңдете беришибиз зарыл. От өчүп калбашы үчүн отун салып туруу маанилүү болгондой эле, Кудайга болгон сүйүүбүздү өчүрбөш үчүн анын Сөзүн дайыма окуп-изилдешибиз, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз жана ар убак тиленишибиз кажет (Заб. 1:2; Рим. 12:12). Жахабага болгон сүйүүбүз өз кезегинде дайыма ага жаккандай иш кылууга болгон каалообузду арттырат. Бул болсо ката кетирип алганда чындап өкүнгөнгө түрткү берет. Натыйжада, Рехабамдан айырмаланып, чыныгы сыйынууну берилгендик менен жактайбыз (Жүй. 20, 21).

^ 9-абз. Сулайман падыша ишенимсиз болуп калгандыктан, Кудай падышалыктын экиге бөлүнөрүн мурун эле айткан болчу (1 Пад. 11:31).