Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба даңкталышы үчүн, «жарыгыңар... жаркырап турсун»

Жахаба даңкталышы үчүн, «жарыгыңар... жаркырап турсун»

«Башкалар... асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн,.. жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун» (МТ. 5:16).

ЫРЛАР: 77, 59

1. Кубанышыбызга кандай өзгөчө себеп бар?

ЖАХАБАНЫН элинин өсүп жатканын угуу кандай гана жүрөк толкутарлык! Былтыр үзгүлтүксүз өткөрүлгөн ыйык китептик изилдөөлөрдүн саны 10 000 000дон ашты. Бул Кудайдын кызматчылары жарыгын жаркыратып жатканын көрсөтүп турат. Эскерүү кечесине келген миллиондогон адамдар тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Алар ошол кечеге келүү менен Кудайдын бизге куткаруу курмандыгы аркылуу сүйүү көрсөткөнүн билип жатышат (1 Жкн. 4:9).

2, 3. а) «Чырактай жаркырашыбызга» эмне тоскоолдук кыла албайт? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Жахабанын дүйнө жүзүндөгү эли ар кандай тилде сүйлөйт. Бирок бул асмандагы Атабыз Жахабаны биримдикте даңктоого бөгөт коё албайт (Аян 7:9). Кайсы тилде сүйлөбөйлү, кайсы жерде жашабайлы, «бул дүйнөдө чырактай жаркырай» алабыз (Флп. 2:15).

3 Биз күбө болуп жаткан өсүш, арабызда өкүм сүргөн биримдик жана сергек болууга умтулуп жатканыбыз Жахабанын даңкталышына шарт түзөт. Анда эмесе, ушул үч тармакта жарыгыбызды кантип жаркырата аларыбызды талкуулайлы. (Оку: Матай 5:14—16.)

БАШКАЛАРГА ЖАХАБАГА СЫЙЫНУУГА ЖАРДАМ БЕРЕЛИ

4, 5. а) Кабар айткандан тышкары, жарыгыбызды дагы кантип жаркырата алабыз? б) Жылуу мамилебиз эмнелерге шарт түзүшү мүмкүн?

4 «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарыгын жаркыратпаса,.. азыркы акыркы күндөрдө эч ким Мырзабызга ишенимдүү бойдон кала албайт». Бул сөздөр «Күзөт мунарасынын» 1925-жылы 1-июнда чыккан санындагы «Караңгылыктагы жарык» деген макалада жазылган. Макалада андан ары: «Ан үчүн ал жер бетиндеги адамдарга жакшы кабарды таратышы жана жарыкка ылайык жашашы керек»,— делген. Ооба, жарыгыбызды жаркыратуунун бир жолу — кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу (Мт. 28:19, 20). Андан сырткары, өзүбүздү үлгүлүү алып жүрүү менен да Жахабаны даңктай алабыз. Көптөр жүрүм-турумубузга байкоо салышат. Жылуу жылмайганыбыз, жакшы маанайда учурашканыбыз кандай адам экенибизден жана кандай Кудайга сыйынарыбыздан кабар берет.

5 Иса шакирттерине: «Үйгө киргениңерде ал үйдө жашагандар менен саламдашкыла»,— деп айткан (Мт. 10:12). Иса менен элчилери кабар айткан аймакта чоочун адамдарды үйгө киргизүү кадимки эле нерсе болгон. Ал эми бүгүн көп жерлерде андай эмес. Ошентсе да достук маанайда сүйлөп, эмне үчүн келгенибизди жылуу-жумшак түшүндүрүп берсек, үй ээси анча тынчсызданбай же ачууланбай калат. Жылмаюу көп учурда сөз баштоого шарт түзөт. Адабият текчеси менен кабар айткан бир туугандар буга өз тажрыйбасынан ынанууда. Кызматтын андай түрүнө катышкандар алардын жылуу жылмайганы, учурашканы башкаларга жакшы таасир этерин байкашат. Мындай мамиле текченин жанынан өткөндөргө адабият алууга түрткү бериши мүмкүн. Бул атүгүл сөз баштоого да жол ачат.

6. Бир жубайлар кызматка жигердүү катышуу үчүн эмне кылышкан?

6 Жашы өр тартып калган англиялык бир жубайлар ден соолугунун айынан үйдөн үйгө кабар айта албай калышкан. Ошол себептен жарыгын үйүнүн жанынан эле жаркыратууну чечишкен. Алар жакын жердеги мектептен ата-энелер балдарын алып кетчү маалда адабияттарды үстөлгө тизип, сыртка коюп коюшчу. Көптөр кызыгып, «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 1, 2-томдорун жана китепчелерди алышкан. Алар менен жыйналышындагы бир пионер да кызматташчу. Ошол бир туугандын жүрүм-турумун жана улгайып калган жубайлардын башкаларга жардам бериш үчүн чын жүрөктөн аракет кылып жатканын байкаган ата-энелердин бири Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон.

7. Биз жакка жаңы көчүп келгендерге кантип жардам берсек болот?

7 Акыркы жылдары көптөгөн өлкөлөргө качкындар агылып келүүдө. Андай адамдарга Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө билүүгө кантип көмөк кыла алабыз? Алгач биздин аймакка көчүп келгендер сүйлөгөн тилде учурашканды үйрөнүп алсак болот. Бул жагынан JW Language программасы жакшы жардам берет. Ошондой эле алардын кызыгуусун пайда кыла турган бир нече сөз жаттап алсак болот. Мунун аркасында аларды jw.org сайтына кирип көрүүгө чакырып, эне тилиндеги ар кандай видеолорду, адабияттарды көрсөтө алабыз (Мыйз. 10:19).

8, 9. а) Иш күндөрүндөгү жолугушуудан кандай пайдалуу көрсөтмөлөрдү алабыз? б) Ата-энелер балдарын жыйналыштан жооп берүү жагынан эмнеге үйрөтө алышат?

8 Кабар айтуу ишинде көбүрөөк ийгиликке жете алышыбыз үчүн, Жахаба сүйүүсүнөн улам «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» деп аталган жолугушууну уюштурган. Ал жактан алган көрсөтмөлөр көптөрүбүзгө кайра жолугууга барганда же ыйык китептик изилдөө өткөргөндө өзүбүздү ишенимдүү сезүүгө жардам берүүдө.

9 Жыйналышка жаңы келгендердин көбүн балдардын жооптору аябай таасирлентет. Андыктан, ата-энелер, балдарыңарга өз сөзү менен жооп берүүнү үйрөтүп, жарыгын жаркыратууга көмөк кылгыла. Балдардын жөнөкөй, чын жүрөктөн чыккан жооптору кызыккандарга чындыкты тапканына ынанууга жардам берген учурлар болгон (1 Кор. 14:25).

БИРИМДИККЕ САЛЫМ КОШОЛУ

10. Үй-бүлө менен сыйынуу кечи канткенде биримдикке шарт түзөт?

10 Жарыгыбызды жаркыратуунун дагы бир жолу — үй-бүлөбүздө жана жыйналышта биримдикке салым кошуу. Ан үчүн ата-энелер үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүккө учуратпай өткөрүшү керек. Көптөр JW телеберүүсүнүн ай сайынкы программасын да көрүп турушат. Программаны көргөндөн кийин ал жакта айтылган ойлорду кантип колдонсоңор болорун талкуулоого убакыт бөлгөнүңөр жакшы. Үй-бүлөлүк изилдөөнү өткөрүүдө кичинекей бала менен өспүрүмдүн муктаждыктары кыйла айырмаланышы мүмкүн экенин эске алгыла. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү пайда ала тургандай материалдарды тандагыла (Заб. 148:12, 13).

Улууларга көңүл бурсак, ишенимибиз бекемделет (11-абзацты карагыла)

11—13. Канткенде баарыбыз жыйналыштын биримдигине шарт түзүп, башкаларга жарыгын жаркыратууга жардам бере алабыз?

11 Жаштар канткенде жыйналышта биримдик болушуна салым кошуп, башкаларга жарыгын жаркыратууга жардам бере алышат? Эгер Кудайдын жаш кызматчысы болсоң, улууларга көңүл бурууну максат кылып ал. Маселен, алардан кызмат кылып жүргөндө болгон окуяларынан айтып беришин сурасаң болот. Андай окуялар сени аябай бекемдээри шексиз жана пикирлешүүнүн аркасында өзүң да, алар да чындыктын жарыгын жаркыратууга мурдагыдан да чечкиндүү болуп каласыңар. Падышалык залына келгендерди жылуу тосуп алууга баарыбыз аракет кылсак болот. Бул биримдикке шарт түзгөндөн тышкары, жыйналышка жаңыдан келип жаткандарга жарыгын жаркыратууга түрткү бериши мүмкүн. Мисалы, алар менен достук маанайда учурашып, зарыл болсо, орун тапканга жардам береттирбиз. Жаңыларды башкалар менен тааныштырганыбыз да жакшы. Себеби ошонун аркасында алар өздөрүн үйүндөгүдөй сезе алышат.

12 Эгер кабар айтуу жолугушуусун өткөрүүгө дайындалган болсоңор, кары бир туугандарга кызматка чыгууга жардам берүү үчүн көп нерселерди кыла аласыңар. Алсак, алардын ылайыктуу аймагы барбы? Керектүү жардам көрсөтө алышы үчүн, кээде жаштарды кары бир туугандарга кошуп береттирсиңер. Ошондой эле ден соолугу начар, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бир туугандарга түшүнүү менен мамиле кылгыла. Камкордугуңар, кыраакылыгыңар жаштарга да, карыларга да, тажрыйбалууларга да, тажрыйбасыздарга да жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялоого жардам берет (Леб. 19:32).

13 Забурчу: «Бир туугандардын биримдикте жашаганы кандай сонун, кандай жагымдуу!» — деп ырдаган. (Оку: Забур 133:1, 2.) Ысрайылдыктар Жахабага сыйынуу үчүн чогулганда бири-бирине жакшы таасир этип, зор пайда алышчу. Бул жыты жагымдуу, жан сергиткен майдай болгон. Ошо сыңары, биз да башкаларга оң таасир этип, арабыздагы биримдикти чыңдаганга умтулалы. Эгер ушинтип жатсаңар, анда мактоого татыктуусуңар. Ошентсе да «жүрөгүңөрдү кенен ача» аласыңарбы, башкача айтканда, дагы көбүрөөк бир туугандар менен жакыныраак таанышканга аракет кыла бересиңерби? (2 Кор. 6:11—13).

14. Өзүңөр жашаган жерде жарыгыңарды кантип жаркырата аласыңар?

14 Өзүңөр жашаган жерде Ыйык Китептеги чындыктын жарыгын жаркыратуу үчүн эмнелерди кылсаңар болот? Сылык-сыпаалыгыңар, жакшы иштериңер кошунаңарды чындыкка тартышы мүмкүн. Андыктан мындай деп ойлонуп көргүлө: «Кошуналарым мени кандай адам деп эсептейт? Алар жакшы ойдо болушу үчүн, үйүмдү, тегерек-четимди таза күтөмбү? Башкаларга жардам берүүгө умтуламбы?» Кайсы бир ишенимдешиңер менен пикир алмашып жатканда алардан кылган жакшылыгы жана үлгүлүү жүрүм-туруму туугандарына, кошуна-колоңдоруна, чогуу иштешкендерине же классташтарына кандай таасир эткенин сурасаңар болот. Алар кызыктуу окуяларды айтып бериши мүмкүн (Эф. 5:9).

СЕРГЕК БОЛОЛУ

15. Сергек болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

15 Жарыгыбызды уламдан-улам жаркырата бериш үчүн кандай убакта жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Иса пайгамбар шакирттерине: «Сергек болгула»,— деп кайра-кайра эскерткен (Мт. 24:42; 25:13; 26:41). Эгер «улуу алааматка» дагы көп бар, ал биз жашап жаткан убакта келбейт деп ой жүгүртсөк, кабар айтуу ишинин шашылыш экенин эстен чыгарып коюшубуз мүмкүн (Мт. 24:21). Анте турган болсок, жарыгыбыз жаркырабай эле, бүлбүлдөп калат, атүгүл өчүп калышы ыктымал.

16, 17. Сергек болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Акыркы күндөр барган сайын оор боло бергендиктен, баарыбыз сергек болушубуз зарыл. Жахаба өз убагында иш-аракет кылат. Буга эч шектенбесек болот (Мт. 24:42—44). Ал убак келгенге чейин чыдамдуу болуп, мурдагыдан да сергек турганга умтулалы. Кудайдын Сөзүн күн сайын окуп, тиленүү жагынан сергек бололу (1 Пет. 4:7). Кубанычын жоготпой, сергек турган жана жарыгын жаркыраткан бир туугандардын дем-күч берерлик үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз да маанилүү. Андай ишенимдештерибиздин биринин өмүр баяны 2012-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» 18—21-беттерине чыккан. Ал «70 жылдан бери жүйүттүн этегин кармап келем» деп аталат.

17 Дайыма Жахабанын иши менен алек болуп, бир туугандар менен пикир алмашып туралы. Бул зор кубаныч тартуулайт жана убакыттын кантип өтүп кеткенин билбей калабыз (Эф. 5:16). Бир кылым мурун ишенимдештерибиз кабар айтууга жигердүү катышып, көп нерселерди ишке ашырышкан. Ал эми биз бүгүн Жахабанын жетекчилиги алдында андан да көп иштерди аткарып жатабыз. Жарыгыбыз мурун болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаркыроодо.

Аксакалдар менен сүйлөшкөндө Кудайдын Сөзүндөгү даанышман кеңештерден пайда алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт (18, 19-абзацтарды карагыла)

18, 19. Жыйналыштагы аксакалдар бизге Жахабага ынталуу кызмат кылууга кантип жардам беришет? Мисал келтиргиле.

18 Жеткилеңсиздигибиз Жахаба Кудайга жаккандай кызмат кылууга тоскоол боло албай турганын билүү ишенимибизди бекемдейт. Бизге жардам бериш үчүн Жахаба «адам түрүндөгү белектерди» — жыйналыштагы аксакалдарды — берген. Аларды жогору баалайлы. (Оку: Эфестиктер 4:8, 11, 12.) Эгер аксакал силер менен сүйлөшүп калса, анын акылмандыгынан жана баалуу кеп-кеңештеринен пайда алганга умтулгула.

19 Англияда жашаган бир жубайларга жардам керек болуп, эки аксакал алар менен сүйлөшкөнү барган. Аялы күйөөсүнүн рухий иштерде жетекчиликти колго албай жатканына жаман болуп жүргөнүн, күйөөсү болсо өзүнүн окутууга жөндөмдүү эмес экенин, ошондуктан үй-бүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүккө учуратып коюп жатканын айткан. Аксакалдар жубайлардын көңүлүн Иса пайгамбардын үлгүсүнө бурушкан. Иса шакирттерине кам көрүп, алардын муктаждыктарын эске алчу. Аксакалдар үй-бүлө башчысын андан үлгү алганга, ал эми аялын чыдамдуу болууга үндөшкөн. Алар жубайларга үй-бүлөлүк изилдөөсүн эки баласы менен чогуу кантип өткөрсө болоруна байланыштуу да пайдалуу кеңештерди беришкен (Эф. 5:21—29). Кийин аксакалдар үй-бүлө башчысын күч жумшап жатканы үчүн макташкан. Ошондой эле аны мыкты башчы болуу үчүн андан ары да аракет кыла берүүгө жана Кудайдан ыйык руху аркылуу жардам беришин сурап, тиленүүгө үндөшкөн. Алардын мээримдүүлүк менен көңүл буруп, колдоо көрсөткөнү ал үй-бүлөгө жарыгын жаркыратууга көмөк кылган.

20. Жарыгыбызды жаркырата берсек, натыйжасы кандай болот?

20 Забурчу: «Жахабадан корккон, анын жолдорунда жүргөн ар бир адам бактылуу»,— деп ырдаган (Заб. 128:1). Ооба, башкаларга Кудайга кызмат кылууга жардам берип, үлгүлүү жүрүм-турумубуз аркылуу биримдикке шарт түзүп, сергек болуу менен жарыгыбызды мындан ары да жаркырата берсек, кубанычыбызга кубаныч кошулат. Көптөр жакшы иштерибизди көрүп, асмандагы Атабыз Жахабаны даңктоого түрткү алышат (Мт. 5:16).