Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Кыйын учурларда дайыма сооротуп келет

Кыйын учурларда дайыма сооротуп келет

Инд дарыясынын батыш жээгинде, азыркы Пакистанда, байыркы Суккур шаары жайгашкан. Мен ошол жерде 1929-жылы 9-ноябрда жарык дүйнөгө келгем. Ошол убактарда ата-энем англиялык бир миссионерден мукабасы ар кандай түстөгү китептерди алыптыр. Ыйык Жазмага негизделген ал китептер чындыкты таанып-билип, Жахабанын Күбөсү болушума зор таасир эткен.

АЛ КИТЕПТЕРДИ «асан-үсөн жыйнагы» деп атап коюшар эле. Алардагы көңүлдү байлап ала турган сүрөттөр элестетүү жөндөмүмдү арттырды. Мунун аркасында кичинекейимен эле Ыйык Китепте, анын ичинде ошол кереметтүү китептерде камтылган билимге суусай баштадым.

Экинчи дүйнөлүк согуштун эпкини Индияга да тие баштаган убакта, жашоомду астын-үстүн кылган окуя болду. Атам менен апам бөлөк жашап, андан кийин ажырашып кетишти. Мен жанымдай көргөн ата-энемдин эмне үчүн бири-бирин таштап кеткенин түшүнө албай жаттым. Жан дүйнөм жараланып, өзүмдү эч кимге керегим жоктой сездим. Ал кезде кичинекей эле бала болчумун. Ушунчалык зар болуп турган сооронучту, колдоону эч жерден таба албачудай сезилген.

Ал учурда апам экөөбүз Пакистандын алгачкы борбор шаары болгон Карачиде жашап жатканбыз. Бир күнү үйүбүзгө Жахабанын Күбөсү болгон улгайып калган Фред Хардакер деген доктур келип калды. Ал ата-энеме баягы китептерди берген миссионер менен ишенимдеш экен. Фред байке апама Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылды. Апам макул болгон жок, бирок ага менин кызыгышым мүмкүн экенин айтты. Ошентип, кийинки эле жумада ал байке менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.

Бир нече жумадан кийин анын бейтапканасында өткөрүлгөн жолугушууларга бара баштадым. Ал жерге жашы өр тартып калган 12ге жакын Жахабанын Күбөсү чогулуп турчу. Алар мени сооротуп-жубатып, баласындай кам көрүшчү. Алардын жаныма ылдый болуп отуруп, жүзүмө карап мени менен чыныгы досундай сүйлөшкөнүн эстесем, жүрөгүм жылый түшөт. Мен так ошондой мамилеге муктаж элем.

Көп өтпөй Фред байке мени өзү менен чогуу кызматка чыгууга чакырды. Ыйык Китепке негизделген кыска баяндамалардын жаздыруусун элге угуза алышыбыз үчүн, ал мага патефонду кантип иштетсе болорун үйрөттү. Баяндамалардын айрымдары аябай эле ачык, түз айтылгандыктан, кээ бир үй ээлери аларды жактыра берчү эмес. Бирок мен башкаларга кабар айткандан зор кубаныч алчумун. Ыйык Китептеги чындыкка болгон ынтам ушунчалык күчтүү эле. Ошол себептен аны башкаларга айтканды жакшы көрчүмүн.

Жапон аскерлери Индияны басып алууга даярданып жатканда, Британиянын бийлик башчылары Жахабанын Күбөлөрүнө кысым көрсөтө башташты. Акыры, 1943-жылы июлда андай кысымдан мен да жапа чектим. Мектептин деректири, англикан чиркөөсүнүн дин кызматчысы, мени мектептен чыгарып салды. Ал апама Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып жүргөнүм башка окуучуларга жаман таасир этип жатканын айтты. Ошондо апамдын жүрөгү түшүп, Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп турушума тыюу салып койду. Ал эми кийинчерээк мени кемеге салып, түндүктү көздөй 1370 километрдей алыстыкта жайгашкан Пешавар шаарына атама жөнөтүп жиберди. Жахабанын Күбөлөрү менен пикир алмашпай, рухий тамактан өксүп калгандыктан, ишенимим алсырап кетти.

РУХИЙ ЖАКТАН КАЙРАДАН БУТУМА ТУРУШУМ

1947-жылы жумуш издеп Карачиге кайтып бардым. Ал жактан доктур болуп иштеген баягы Фред байкенин бейтапканасына бардым. Ал мени кучак жайып тосуп алды.

Дарыланганы келди деп ойлоп, менден: «Кана, эмнең ооруп жатат?» — деп сурады.

«Эч жерим ооруган жок, мен рухий жактан ооруп жатам. Ыйык Китепти изилдешим керек болуп жатат»,— деп жооп бердим.

Ал: «Качан баштайлы?» — деп сурады.

«Мүмкүн болсо, азыр»,— дедим.

Ошол кечте экөөбүз Ыйык Китепти изилдеп, аябай жакшы сүйлөштүк. Өзүмдү рухий үй-бүлөмө кайтып келгендей эле сездим. Жахабанын Күбөлөрү менен байланышпашым үчүн, апам бир топ тоскоолдук кылды, бирок мен бул жолкусунда Жахабага кызмат кылам деп чечип алгам. Ошентип, 1947-жылы 31-августта өмүрүмдү Кудайга арнап, чөмүлдүм. Көп өтпөй 17 жашымда үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштадым.

КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН ПИОНЕРДИК КЫЗМАТ

Алгач мен бир кезде Британ аскеринин кайтаруу посту болгон Кветта шаарына дайындалдым. 1947-жылы Индия экиге: Индия жана Пакистан болуп бөлүнүп кетти *. Мунун айынан диний зордук-зомбулук кеңири кулач жайып, көптөр башка жакка качууга аргасыз болушту. Бул тарыхтагы чоң миграциялардын бири катары катталган. Ошондо 14 миллиондой киши жер которгон. Индиядагы мусулмандар Пакистанга, ал эми Пакистандагы индустар менен сикхилер Индияга көчүшкөн. Баш аламандык күч алып турган ошондой маалда Карачиден элге жык толгон поезд менен Кветтага жөнөдүм. Поезддин сыртындагы кармагычка жармашып, бир топ жерге чейин эптеп бардым.

Индияга райондук жыйынга барышым, 1948-жыл

Кветтадан 25тердеги Жорж Сиң деген атайын пионерге жолуктум. Ал мага эски велосипед берди. Аны тээп алып (же түртүп алып) адырлуу аймакты иштетчүмүн. Көбүнчө жалгыз кабар айтар элем. Алты айдын ичинде 17 киши менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Айрымдары кийин чындык жолуна түшүштү. Алардын бири Садик Меси деген офицер Жорж экөөбүзгө Ыйык Китепке негизделген айрым адабияттарды Пакистандын улуттук тили болгон урду тилине которууга жардам берди. Убакыттын өтүшү менен ал жакшы кабар тараткан ынталуу жарчы болду.

«Куин Элизабет» кемеси менен Гилат мектебине баратканда

Кийинчерээк Карачиге кайтып барып, Гилат мектебин жаңы эле бүткөн Генри Финч жана Харри Форест деген миссионерлер менен кызмат кыла баштадым. Алар мага теократиялык иштерди аткарууга байланыштуу көп нерселерди үйрөтүштү. Бир жолу Финч бир тууган менен Пакистандын түндүк жагына кабар айтып барып калдым. Бийик тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан кыштактан урду тилинде сүйлөгөн, Ыйык Китептеги чындыкка суусаган көптөгөн момун кишилерге жолуктук. Эки жылдан кийин өзүм да Гилат мектебинен билим алып, кайра Пакистанга дайындалдым. Убактымдын жарымын райондук ишке жумшачумун. Мектепти бүтүп келгенден кийин үч миссионер менен чогуу Лахордогу миссионерлер үйүндө жашап калдым.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН БАШ КӨТӨРҮШҮМ

Өкүнүчтүүсү, 1954-жылы Лахордогу миссионерлер бири-бири менен келише албай, кыйынчылыктар пайда болду. Ошол себептен филиалга дайындоолорду алмаштырууга туура келди. Мен талаш-тартышта бир тарапты ээлеп алгандыктан, катуу кеңеш уктум. Ошондо рухий жактан өзүмдү эч нерсеге жарабай калгандай сезип, аябай көңүлүм чөктү. Баарын башынан баштайм деген үмүт менен кайрадан Карачиге көчүп кеттим, анан Лондонго (Англия) бардым.

Лондондо мен барган жыйналышта көптөгөн бейтелдиктер бар эле. Филиалдын кызматчысы болгон Прайс Хьюз деген боорукер бир тууган мени мээримдүүлүк менен көп нерсеге үйрөттү. Бир күнү ал мага дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишин көзөмөлдөгөн Рутерфорд бир туугандан катуу кеңеш укканын айтып берди. Прайс бир тууган өзүн актамакчы болгондо, Рутерфорд анын туура эмес кылып жатканын олуттуу түрдө эскертиптир. Прайс байкенин ошол окуяны жылмайып алып айтып берип жатканына аябай таң калдым. Ал башында капаланганын, бирок кийин ошондой кеңештин зарыл болгонун жана Жахабанын ага ушундайча сүйүү көрсөткөнүн түшүнгөнүн айтып берди (Евр. 12:6). Бул жүрөгүмдү козгоп, рухий жактан бутума турууга көмөк кылды.

Ошол убактарда апам Лондонго көчүп келип, кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Жон Барр менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болду. Ал рухий жактан тез ийгилик кылып, 1957-жылы чөмүлдү. Кийинчерээк атамдын да көз жумганга чейин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенин билдим.

1958-жылы Англияда жашаган Лене деген даниялык кызга үйлөндүм. Бир жыл өткөн соң кыздуу болуп, атын Жейн койдук. Андан кийин дагы төрт балалуу болдук. Фулем жыйналышында сыймыктуу жоопкерчиликтерге да ээ болдум. Убакыттын өтүшү менен Лененин ден соолугунан улам жылуураак жакка жер которууга туура келди. Ошентип, 1967-жылы Австралиянын Аделаида деген шаарына көчүп кеттик.

ЖҮРӨГҮБҮЗДҮ СЫЗДАТКАН КАРГАША

Аделаидадагы жыйналышыбызда жашы улуу 12 майланган бир тууган бар эле. Алар кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алып, ага жигердүү катышчу. Ал жактан рухий күн тартибибизди бат эле калыбына келтирдик.

1979-жылы бешинчи балабыз Дэниел төрөлдү. Ал Даун оорусунун * оор түрүнө кабылгандыктан, доктурлар көпкө жашабайт деп айтышкан. Ошондо канчалык азап чеккенибизди эстесем, азыр деле жаман болуп кетем. Ага кам көрүш үчүн колубуздан келгендин баарын кылчубуз, ошол эле учурда берки төрт балабызды калтырып койчу эмеспиз. Дэниелдин жүрөгүндө эки тешик бар болгондуктан, кээде кычкылтек жетишпей, бир заматта көгөрүп калчу. Ошондо аны дароо ооруканага алып жөнөчүбүз. Бирок ден соолугу өтө начар болсо да, аябай акылдуу, жароокер бала эле. Жахабаны да абдан жакшы көрчү. Үй-бүлөбүз менен чогуу тамактын алдында тиленгенде, ал быйтыйган колдорун бириктирип алып, башын ылдый кылып, «оомийин» деп чын жүрөктөн айта турган. Ошондон кийин гана тамагын жечү.

Дэниел төрткө чыкканда лейкемиянын оор түрүнө чалдыгып калды. Лене экөөбүз алдан-күчтөн тайып, эмоциялык жактан да аябай кыйналдык. Мээм чыңалып, жетер чегине жетип калгандай сезилген. Бирок көңүлүбүз чөгүп, кайгыга батып турганыбызда, Невил Бромич деген райондук көзөмөлчүбүз үйгө келип калды. Ошол түнү ал бизди кучактап, көзүнө жаш тегеренип отурду. Баарыбыз ыйладык. Анын жүрөк жылыткан сөздөрү бизди ушунчалык сооротуп-жубатты. Ал үйүбүздөн түнкү бирлерде кетти. Көп өтпөй эле Дэниел каза болуп калды. Бул жашообуздагы эң эле оор кайгы болду. Бирок Дэниелди эч нерсе, атүгүл өлүм да Жахабанын сүйүүсүнөн ажырата албай турганына бекем ишенгендиктен, күйүтүбүздү көтөрүп кеттик (Рим. 8:38, 39). Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө аны менен кайрадан чогуу боло турган күндү эңсеп келебиз (Жкн. 5:28, 29).

БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨН КУБАНЫЧ АЛАМ

Эки жолу катуу инсульт болсом да, бүгүнкү күнгө чейин аксакал болуп кызмат кылып келем. Башыман өткөндөрдөн улам башкаларга, өзгөчө, көйгөйлөр менен күрөшүп жүргөндөргө боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылууга үйрөндүм. Мен аларды айыптабаганга аракет кылам. Анын ордуна, мындай деп ойлоном: «Жашоосунда туш болгон жагдайлар алардын сезимине, ой жүгүртүүсүнө кандай таасир эткен? Аларга кам көрүп жатканымды кантип көрсөтсөм болот? Жахабанын эркине ылайык иш кылууга кантип үндөй алам?» Мага жыйналыштагыларга кайтаруучулук жолугууга барган аябай жагат. Башкаларды жубатып, рухий жактан сергиткенимде өзүм да сооронуп, сергип калам.

Кайтаруучулук жолугууга баруу кубаныч тартуулайт

Өзүмдү Жахабага: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан»,— деп айткан забурчудай сезем (Заб. 94:19). Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарга, диний каршылыктарга, көңүл кайттыкка, көңүл чөгөттүккө кабылганымда, Жахаба мени колдоду. Ооба, ал мага чыныгы Атамдай кам көрүп келет!

^ 19-абз. Башында Пакистанды Батыш Пакистан (азыркы Пакистан) менен Чыгыш Пакистан (азыркы Бангладеш) түзгөн.