Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»

«Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»

«Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн... дүйнөгө келгем» (ЖКН. 18:37).

ЫРЛАР: 15, 74

1, 2. а) Дүйнө кандайча бөлүнүп-жарылууда? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

«БАЛА КЕЗИМЕН тартып эле адилетсиздикти көп көрдүм,— деп эскерет Түштүк Европада жашаган карындашыбыз.— Ошондуктан өлкөмдөгү саясий түзүлүштү колдобой, көптөр радикалдык деп эсептеген көз караштарды жактачумун. Атүгүл бир топ жыл бою бир террорист менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүм». Түштүк Африкада жашаган бир ишенимдешибиз да мурун зордук-зомбулукту туура деп эсептечү. «Биздин уруу башкалардыкынан жогору турат деп ойлогондуктан саясий партияга кошулуп кеткем,— дейт ал.— Бизди каршылаштарыбызды, атүгүл өзүбүздүн уруудан болгон, бирок башка саясий партияларды колдогондорду да найза менен өлтүрүүгө үйрөтүшчү». Ал эми Борбордук Европада жашаган бир тууганыбыз: «Мен башкаларга карата бейкалыс пикирде болчумун. Улуту же дини бөлөк адамдардын баарын жек көрчүмүн»,— деп бөлүшөт.

2 Бул үч ишенимдешибиздин айтып бергендери дүйнөдө кеңири кулач жайып бараткан көз караштарды чагылдырып турат. Бүгүнкү күндө көз карандысыздыкты жактаган кыймылдар гүлдөп жатат, саясий бөлүнүүчүлүк барган сайын терең тамыр алууда жана көп жерлерде чет өлкөлүктөрдү жек көргөндөрдүн саны өсүүдө. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, азыркы акыркы күндөрдө «эпке-сөзгө келбеген» адамдар көбөйүүдө (2 Тим. 3:1, 3). Бөлүнүп-жарылуу күч алган ушундай дүйнөдө Кудайдын кызматчылары кантип биримдигин сактай алышат? Исанын күндөрүндө да өлкөдө саясий баш аламандык, туруксуздук өкүм сүргөн. Анын ошондой жагдайда кандай иш-аракет кылганын изилдөө менен көп нерсеге үйрөнө алабыз. Келгиле эмесе, төмөнкү үч суроого жооп алалы: Иса эмне үчүн эч бир саясий топко аралашкан эмес? Ал Кудайдын кызматчыларынын саясий маселелерде кайсы бир тарапты ээлебеши керектигин кантип көрсөткөн? Ошондой эле зордук-зомбулук кылуу туура эмес экенин кантип үйрөткөн?

ИСА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫ ЖАКТАГАНДАРГА КАНДАЙ КАРАГАН?

3, 4. а) Исанын күндөрүндө жүйүттөр кандай саясий өзгөрүүлөрдү күтүшкөн? б) Алардын көз карашы Исанын шакирттерине кандай таасир эткен?

3 Иса кабар айткан жүйүттөрдүн көбү Рим бийлигинен көз карандысыз болууну аябай самашкан. Буга жүйүт элинен болгон зелоттор — улутчул топтор — себепкер болушкан. Зелоттордун көпчүлүгү галилеялык Жүйүттүн көз карашын жактаган. Ал өзүн машаяк деп атап, далайларды адаштырган. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин айтканына ылайык, ал «өз мекендештерин Рим бийлигине салык төлөгөнү үчүн коркоктор деп атап, аларды көтөрүлүш чыгарууга үгүттөгөн». Ошондуктан римдиктер анын көзүн тазалаган (Элч. 5:37). Зелоттордун айрымдары максатына жетиш үчүн атүгүл зордук-зомбулукка барышкан.

4 Алардан айырмаланып, карапайым жүйүттөр Машаяктын келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн. Башкача айтканда, алар Машаяк келип, жүйүт элин мурунку даңкына жеткирет жана Римдин моюнтуругунан бошотот деп үмүттөнүшкөн (Лк. 2:38; 3:15). Көптөр Машаяк Ысрайыл жерине падышалыкты орнотот, анан ар кайсы жакка чачырап кеткен миллиондогон жүйүттөр мекенине кайтып келет деп ишенишкен. Чөмүлдүрүүчү Жакандын бир жолу Исадан: «Келе турган сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деп сураганы эсиңерде болсо керек (Мт. 11:2, 3). Жакан, сыягы, жүйүттөр үмүттөнгөн нерселердин баарын ишке ашыра турган башка бирөөнүн келер-келбесин билгиси келген. Тирилген Исага Эмауска бараткан жолдо жолуккан эки шакирти да Машаякка байланыштуу үмүтү орундалбай калганын айтышкан. (Оку: Лука 24:21.) Ошондон көп өтпөй элчилери Исадан: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашкан (Элч. 1:6).

5. а) Галилеялыктар Исаны эмне үчүн падыша кылгысы келген? б) Иса алардын оюн кантип оңдогон?

5 Машаяк келип, бардык көйгөйлөрүбүздү чечип берет деп күтүп жүргөндүктөн галилеялыктар аны өздөрүнө падыша кылгысы келген. Алар аны эң мыкты башкаруучу болот деп ойлошкону айтпаса да түшүнүктүү. Анткени Иса сөзгө чечен болгон, оорулууларды айыктырган, ачкаларды тойгузган. Бир жолу 5 000дей кишини азыктандыргандан кийин ал ошол жердегилердин эмнени ойлонуштуруп жатканын байкап калган. «Иса алардын келип, аны падыша кылыш үчүн кармаганы жатышканын билгенде кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калган» (Жкн. 6:10—15). Кийинки күнү Галилея деңизинин аркы өйүзүнө барганда, аны падыша кылабыз деп жаткандар бир аз тынчып калса керек. Ошондо Иса аларга өзүнүн кайсы ишти аткаруу үчүн келгенин түшүндүргөн. Ал элге материалдык жактан эмес, рухий жактан жардам бериш үчүн келген. Ошол себептен аларга: «Бузула турган тамак үчүн эмес, түбөлүк өмүр бере турган бузулбас тамак үчүн эмгектенгиле»,— деп айткан (Жкн. 6:25—27).

6. Иса жерде башкаруучу болууну көздөбөй турганын кантип айкын көрсөткөн? (Макаланын башындагы 1-сүрөттү карагыла.)

6 Өлөрүнө аз калганда Иса айрым жолдоочуларынын аны Иерусалимден бийлик кыла турган падышалыкты орнотот деп күтүп жүрүшкөнүн билип, алардын ой жүгүртүүсүн тууралаган. Ан үчүн миналар жөнүндө мисал келтирген. Мисалда «ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бир кишинин», Исанын, алыс жакка бир топ убакытка кеткени айтылган (Лк. 19:11—13, 15). Андан сырткары, Иса Машаяк Рим бийлигине карата бейтараптуу көз карашта экенин да көрсөткөн. Понтий Пилат андан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» — деп сураган (Жкн. 18:33). Ал, кыязы, Иса элди Рим бийлигине каршы төңкөрүш чыгарууга түртөт деп корксо керек. Бирок Иса ага: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп жооп берген (Жкн. 18:36). Ооба, ал саясатка аралашмак эмес, себеби анын Падышалыгы асмандан башкармак. Ал Пилатка жерге «чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн» келгенин айткан. (Оку: Жакан 18:37.)

Бул дүйнөдөгү көйгөйлөргө көңүл топтойсуңарбы же Кудайдын Падышалыгынабы? (7-абзацты карагыла)

7. Көз карандысыздыкты жактагандарды оюбузда да колдобоо эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?

7 Исадай болуп, өзүбүзгө кандай иш тапшырылганын жакшы түшүнсөк, көз карандысыздыкты жактаган кыймылдарды атүгүл оюбузда да колдобойбуз. Бул оңой болбошу мүмкүн. Бир кыдыруучу көзөмөлчү мындай дейт: «Аймагыбыздагы адамдар радикалдык көз караштарды барган сайын көбүрөөк жактоодо. Улутчулдук күч алууда жана көптөр саясий көз карандысыздык жашообузду жакшыртат деп ишенишет. Бактыга жараша, бир туугандар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого көңүл топтоп, ортодогу биримдигин коргоп жатышат. Алар адилетсиздикти жана башка көйгөйлөрүбүздү Кудай гана чечип берерине үмүттөнүшөт».

ИСА САЯСИЙ МАСЕЛЕЛЕРДЕ КАНДАЙ ИШ КЫЛГАН?

8. 1-кылымдагы жүйүттөр кандай кыйынчылыкка кабылышкан?

8 Адилетсиздик көп учурда саясий өзгөрүүлөрдү кылууга болгон каалоону ойготот. Исанын күндөрүндө салык төлөө саясий курч маселе болчу. Жогоруда сөз кылынган галилеялык Жүйүттүн козголоң чыгарышына Рим бийлигинин элден салык жыйноо үчүн аларды каттоодон өтүүнү талап кылганы себеп болгон. Ошол убакта Римге баш ийгендер, анын ичинде Исанын сөздөрүн уккандар ар кандай салыктарды, мисалы, жерге, үйгө салык төлөшчү. Салык жыйноочулардын ач көздүгү элдин жонундагы жүктү ого бетер оордоткон. Алар эл алдында өкмөттөн бийлик сатып алышчу жана ошол бийлигин колдонуп, чогултулган салыктан пайда көрүшчү. Алсак, Жериходогу башкы салык жыйноочу Закай башкалардан опузалап тартып алган акчанын эсебинен байыган (Лк. 19:2, 8). Бул ошол учурдагы көптөгөн салык жыйноочуларга мүнөздүү нерсе болчу.

9, 10. а) Исанын душмандары аны саясий маселеге аралаштырууга кантип аракет кылышкан? б) Анын жообунан эмнеге үйрөнө алабыз? (Макаланын башындагы 2-сүрөттү карагыла.)

9 Иса салык төлөөгө байланыштуу маселеде кайсы бир тарапты ээлеши үчүн, душмандары аны куулук менен сынашкан. Муну менен аны тузакка түшүрүүнү көздөшкөн. Алар андан «киши башына төлөнчү салык» жөнүндө сурашкан. Римдин бийлиги алдындагылар андай салыкка бир динар төлөшчү. (Оку: Матай 22:16—18.) Жүйүттөр, өзгөчө, салыктын ушул түрүнө нааразы болчу. Анткени бул алардын Римге баш ийиши керектигин көрсөтүп турган. Жогорудагы суроону берген «Ироддун жактоочуларынын» ою боюнча, эгер Иса салык төлөбөш керек деп айтса, элди козголоң чыгарууга үгүттөдү деп айыпталмак. Ал эми төлөш керек деп айтса, көп шакирттери андан баш тартып кетмек.

10 Салык төлөөгө байланыштуу маселеде бейтараптуу болуш үчүн Иса сактык менен иш кылган. Ал: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген (Мт. 22:21). Албетте, Иса салык жыйноочулардын алдым-жуттум экенин жакшы билген. Бирок ал көңүлүн ошол нерсе ээлеп алышын каалаган эмес. Ал маанилүү нерсеге, адамзаттын көйгөйлөрүн чечип бере турган Кудайдын Падышалыгына, көңүл топтогон. Бул жагынан бардык жолдоочуларына үлгү калтырган. Кайсы бир тараптыкы туурадай же адилеттүүдөй сезилсе да, Машаяктын жолдоочулары саясий маселелерге аралашпашы керек. Алар Кудайдын Падышалыгын жана анын адилдигин издешет. Саясаттагы кайсы бир адилетсиз иштерге карата кандайдыр бир көз караш өрчүтүп алуудан же аларга каршы бир нерсе айткандан сак болушат (Мт. 6:33).

11. Адилетсиздикке каршы күрөшүүнүн эң жакшы жолу кайсы?

11 Көптөр Жахабанын Күбөсү болгондон кийин саясатка байланыштуу бекем карманып келген мурунку көз карашынан арылышкан. «Университеттен социология боюнча билим алып жүргөндө радикалдык көз караштарды өрчүтүп алгам,— дейт Улуу Британияда жашаган бир ишенимдешибиз.— Мен кара түстөгүлөрдүн укуктарын коргогум келчү, анткени биз адилетсиздиктен көп азап чеккенбиз. Талаш-тартыштарда жеңип чыксам да, көкүрөгүмдөгү бушайман кылган сезимдер кала берчү. Мен расалык адилетсиздикке алып келген көйгөйлөрдүн тамырын адамдардын жүрөгүнөн жулуш керектигин түшүнчү эмесмин. Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганда муну өзүмөн башташым керектигин түшүндүм. Мага ушул көйгөйүмөн арылганга ак түстөгү бир эже чыдамдуулук менен жардам берди. Азыр жаңдоо тилиндеги жыйналышта үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылам жана тек-жайы ар кандай адамдарга кабар айтканга аракет кылам».

«КЫЛЫЧЫҢДЫ КЫНЫНА САЛ»

12. Иса эскерткендей, шакирттери кайсы «ачыткыдан» сак болушу керек эле?

12 Исанын убагында дин саясатка көп аралашчу. Машаяктын күндөрүндөгү Палестинадагы жашоо тууралуу жазылган бир китепте «жүйүттөрдөн турган диний секталардын кандайдыр бир деңгээлде саясий партияларга окшош болгону» айтылган («Daily Life in Palestine at the Time of Christ»). Ошондуктан Иса шакирттерине: «Байкагыла! Фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула»,— деп эскерткен (Мр. 8:15). Иса бул жерде Ирод деп анын жактоочуларын айтса керек. Фарисейлер жөнүндө айта турган болсок, алар жүйүттөрдүн көз карандысыз болушун каалашкан. Матайдын жазгандарынан көрүнүп тургандай, Иса жогорудагы сөздөрдү айтканда садукейлер тууралуу да сөз кылган. Ал топтогулар ээлеген абалын сактап калууга умтулушкан. Алардын көбү Римдин башкаруусу алдында саясий бийликке ээ болчу. Иса шакирттерине ошол үч топтун ачыткысынан, тактап айтканда, окууларынан сак болушу керектигин аябай эскерткен (Мт. 16:6, 12). Кызыктуусу, Иса бул сөздөрдү эл аны падыша кылгысы келгенден көп өтпөй эле айткан.

13, 14. а) Саясий жана диний маселелер кандайча зордук-зомбулукка, адилетсиздикке алып барган? б) Эмне үчүн адилетсиздиктен улам жасалган зордук-зомбулукту актоого болбойт? (Макаланын башындагы 3-сүрөттү карагыла.)

13 Дин менен саясат аралашканда, зордук-зомбулук бат эле пайда болот. Иса Машаяк шакирттерине ар дайым бейтараптуу болушу керектигин айткан. Жогорку дин кызматчылар менен фарисейлердин Исаны өлтүргүсү келгенинин бир себеби ушунда болгон. Алар аны өздөрүнүн ээлеген абалына коркунуч туудурган саясий, диний атаандашы катары көрүшкөн. Ошондуктан: «Эгерде ушу бойдон тим койсок, ага баары ишенип калат. Анан римдиктер келип, ибадатканабызды да, элибизди да басып алышат»,— деп сүйлөшүшкөн (Жкн. 11:48). Ошондо башкы дин кызматчы Каяпа Исанын көзүн тазалоону сунуш кылган (Жкн. 11:49—53; 18:14).

14 Каяпа түн ичинде Исаны кармап келүүгө жоокерлерди жөнөткөн. Иса алардын арам оюн билгендиктен элчилерин маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн алар менен акыркы жолу тамактанып жатып кылыч алып алууну айткан. Бул үчүн эки кылыч жетиштүү болмок (Лк. 22:36—38). Ошол түнү Петир Исаны кармаганы келген кишилердин бирине кылыч шилтеген. Петир алардын Исаны кармаш үчүн түн ичинде келип адилетсиздик кылганына ачуусу келгендиктен ошенткени шексиз (Жкн. 18:10). Бирок Иса ага: «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт»,— деген (Мт. 26:52, 53). Анын ушинтип үйрөткөнү ошол түнү мурунураак айткан тиленүүсүнө шайкеш келген: ал Атасынан шакирттеринин дүйнөгө таандык болбошу керектиги жөнүндө тиленген. (Оку: Жакан 17:16.) Ооба, адилетсиздик болгондо, аны Кудайга тапшырып койгонубуз туура.

15, 16. а) Кудайдын Сөзү анын кызматчыларына жаңжалдардан алыс болууга кандайча жардам берип келет? б) Жахаба бул дүйнөгө көз салганда кандай айырмачылыкты көрөт?

15 Макаланын башында сөз кылынган түштүк европалык ишенимдешибиз да ушул маанилүү нерсеге үйрөнгөн. «Мен зордук-зомбулук кылуу менен адилеттүүлүктү орнотуу мүмкүн эмес экенине ынанып келем,— дейт ал.— Зордук-зомбулукка баргандардын көп учурда өмүрүнөн айрыларын, башкалары болсо катаал болуп кетишерин көрдүм. Ыйык Китептен жер бетине адилеттүүлүктү Кудай гана орното аларын билгенде аябай сүйүнгөм. Акыркы 25 жылдан бери ошол жөнүндөгү кабарды жарыялап келем». Түштүк Африкада жашаган бир тууган болсо найзасын «рухтун кылычына», Кудайдын Сөзүнө, алмаштырып, кайсы уруудан экенине карабай, адамдардын баарына тынчтык жөнүндөгү кабарды айтууда (Эф. 6:17). Ал эми Борбордук Европадагы ишенимдешибиз Жахабанын Күбөсү болгондон кийин мурун өзү жек көргөн уруудан болгон кишиге турмушка чыккан. Бул бир туугандарыбыз Машаякка окшошкусу келгендиктен өзгөрүшкөн.

16 Мындай өзгөрүүлөрдү кылуу абдан маанилүү! Ыйык Китепте адамзат алай-дүлөй түшкөн, тынч ала албаган деңизге салыштырылат (Ыш. 17:12; 57:20, 21; Аян 13:1). Саясий маселелер адамдарды дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарып, зордук-зомбулукка түртүп жатса да, биз тынчтыкта жана биримдикте жашап жатабыз. Жахаба азыркы бөлүнүп-жарылган дүйнөгө көз салганда өзүнүн элинин ортосундагы биримдикти көрүп кубанары шексиз. (Оку: Сепания 3:17.)

17. а) Биримдикке кайсы үч жол менен салым кошо алабыз? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

17 Бул макалада карап чыкканыбыздай, биз Кудайдын элинин арасындагы биримдикке төмөнкү үч жол менен салым кошо алабыз: 1) Кудайдын Падышалыгы гана адилетсиздикти жоё аларына ишенебиз, 2) саясий маселелерде эч бир тарапты жактабайбыз жана 3) зордук-зомбулукту четке кагабыз. Анткен менен кээде бейкалыстыктан улам биримдигибизге коркунуч туулат. Бул кыйынчылыкты Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларындай болуп кантип жеңе аларыбызды кийинки макалада талкуулайбыз.