Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Жакшы ырдаш үчүн кайсы төрт нерсени кылсак болот?

Ыр китебибизди өйдө кармап, түз турушубуз зарыл. Терең дем алганыбыз да маанилүү. Ошондой эле оозубузду кенен ачып, үнүбүздү бийик чыгарсак, катуураак ырдай алабыз (w17.11, 5-б.).

Ысрайылдагы баш калкалоочу шаарлардын каякта жайгашканы жана ал жакка алып барган жолдор эмне үчүн таасирлентет?

Ал 6 шаар Ысрайылдын ар кайсы жерлеринде жайгашкан жана аларга алып барган жолдор жакшы каралган. Ошондуктан бирөөнү кокустан өлтүрүп алган киши ал жакка тезирээк, оңоюраак жете алган (w17.11, 14-б.).

Кудайдын өз Уулун кун катары бергенин эмне үчүн эң баалуу белек деп айтууга болот?

Ал белек түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон каалообузду жана күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонууга болгон муктаждыгыбызды канааттандырат. Кудай Адам атанын урпактарын сүйгөндүктөн күнөөкөр кезибизде эле Исаны кун катары берген (wp17.6, 6, 7-б.).

Кандайча Забур 118:22де Исанын тирилүүсү жөнүндө айтылган?

Жүйүт диний жетекчилери Исаны Машаяк катары кабыл албай, өлтүрүп салышкан. Бирок ал «бурчка коюлуучу негизги таш» болуш үчүн кайра тирилмек (w17.12, 9, 10-б.).

Машаяктын чоң аталарынан болуш үчүн сөзсүз туңгучтук укукка ээ болуу зарыл беле?

Исанын санжырасында саналган эркектердин баары эле тун уулдар болгон эмес. Алсак, Дөөтү Жышайдын акыркы уулу болчу. Бирок Машаяк анын тукумунан чыккан (w17.12, 14, 15-б.).

Ыйык Китепте ден соолукка байланыштуу кандай принциптер камтылат?

Мыйзамга ылайык, жугуштуу оору менен ооругандарды өзүнчө бөлүп коюшчу. Өлүккө тийген киши колун жуушу керек болчу. Ошондой эле заң-заараны тийиштүү түрдө көмүү талап кылынган. Жаңы төрөлгөн баланы сегизинчи күнү сүннөткө отургузушчу, себеби ошол убакта кан жакшыраак уюйт (wp18.1, 7-б.).

Өзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде сүйгөнүбүз эмне үчүн орундуу?

Биз жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүшүбүз керек (Мр. 12:31). Күйөөлөр «аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү» зарыл (Эф. 5:28). Бирок, сак болбосок, өзүбүзгө болгон сүйүүбүз чектен чыгып кетиши мүмкүн (w18.01, 23-б.).

Рухий жактан өсүш үчүн эмне кылсак болот?

Кудайдын Сөзүн окушубуз, ой жүгүртүшүбүз, билгендерибизди колдонушубуз керек. Ошондой эле ыйык рухтун акылыбыз менен жүрөгүбүзгө таасир этишине жол бергенибиз, башкалардын жардамын ыраазычылык менен кабыл алганыбыз маанилүү (w18.02, 26-б.).

Эмне үчүн астрология жана көзү ачыктык кылуу келечекти билүүнүн жолу эмес?

Мунун ар кандай себептери бар. Баарынан маанилүүсү, экөө тең Ыйык Китепте айыпталат (wp18.2, 4, 5-б.).

Бирөө конокко чакырганда, эмне кылышыбыз керек?

Эгер макул болгон болсок, сөзүбүзгө турушубуз зарыл (Заб. 15:4). Эч кандай себеп жок эле кайра баш тартып койбошубуз керек. Анткени үй ээси аябай даярданып алышы мүмкүн (w18.03, 18-б.).

Дайындалган ага-инилер Тиметейден эмнеге үйрөнсө болот?

Тиметей башкаларга чындап кам көргөн, рухий иштерди биринчи орунга койгон. Ыйык кызматка бүт күчүн жумшаган, билгендерин иш жүзүндө колдонгон. Ошондой эле өзүн машыктырган, Жахабанын ыйык рухуна таянган. Андан аксакалдар да, башкалар да үлгү алса болот (w18.04, 13, 14-б.).