25-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Аксакалдар, Гидондон үлгү алгыла!
«Гидон,.. жана башка[лар]... жөнүндө айтууга убактым да жетпейт» (ЕВР. 11:32).
124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз
БУЛ МАКАЛАДА a
1. 1 Петир 5:2ге ылайык, аксакалдарга кандай сыймыктуу иш тапшырылган?
ЖАХАБА аксакалдарга койлоруна кам көрүүнү тапшырган. Аксакалдар ишенимдештерине кызмат кылууну чоң сыймык деп эсептешет жана жакшы койчу болуш үчүн колунан келгендин баарын кылышат. (Жер. 23:4; окугула: 1 Петир 5:2.) Ушундай койчулардын болгонуна кандай гана ыраазыбыз!
2. Айрым аксакалдар кандай кыйынчылыктарга туш болушат?
2 Аксакалдар өз милдетин аткарып жатканда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат. Алсак, жыйналышка кам көрүш үчүн көп нерсе кылыш керек болот. Кошмо Штаттарда жашаган Тони деген бир аксакалды мисалга алалы. Ага өз чегин билгенди, өзүнө өтө көп жумуш артып албаганды үйрөнгөнгө туура келген. Тони мындай деп бөлүшөт: «COVID-19 пандемиясы башталганда онлайн жолугушууларды жана кабар айтуу жолугушууларын көп-көптөн уюштурганга аракет кылдым. Бирок канчалык аракет кылбайын, кыла турган иштер ошончолук көбөйө берди. Барып отуруп Ыйык Китеп окуганга, өздүк изилдөө жүргүзгөнгө, тиленгенге жетиштүү убакыт бөлө албай калдым». Косоводогу Илир деген аксакал башка кыйынчылыкка туш болгон. Ага согуш болуп жаткан жерде жүргөндө уюм тарабынан келген көрсөтмөлөргө баш ийүү оор болгон. Ал мындай дейт: «Филиал мени кооптуу аймакта жашаган ишенимдештериме жардам берүүгө жөнөттү. Ошондо кадимкидей коркуп, кайратым качты. Уюм тарабынан берилген көрсөтмөлөр ошол жагдайда колдонулбачудай сезилди». Ал эми Азияда миссионер болуп кызмат кылган Тим деген аксакалга күн сайын кылыш керек болгон иштерди кылуу кыйынга турган. Ал: «Кээде мээм чарчап, эмоциялык күчүм калбай калчу»,— дейт. Башынан ушундай кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан аксакалдарга эмне жардам берет?
3. Гидондун үлгүсүн карап чыгуунун аркасында баарыбыз кандай пайда алабыз?
3 Аксакалдар Гидондон көп нерсеге үйрөнө алышат (Евр. 6:12; 11:32). Ал Кудайдын элин коргошу да, кайтарышы да керек болчу (Бий. 2:16; 1 Жылн. 17:6). Ага окшоп, аксакалдар да азыркы коогалаңдуу мезгилде Кудайдын элине кам көрүүгө дайындалышат (Элч. 20:28; 2 Тим. 3:1). Баарыбыз тең Гидондон өз чегибизди билгенге, момун болгонго жана баш ийүүгө үйрөнө алабыз. Ага тапшырылган ишти аткарганда анын туруктуулугу сыналган. Аксакалбызбы же жокпу, койчуларыбызга көбүрөөк ыраазы боло алабыз. Ошондой эле оор эмгектенген койчуларга колдоо көрсөтө алабыз (Евр. 13:17).
МОМУНДУГУҢАР СЫНАЛГАНДА
4. Гидон момун экенин жана колунан баары эле келбей турганын түшүнөрүн кантип көрсөткөн?
4 Гидон баары эле колунан келбей турганын түшүнгөн момун адам болгон b. Периште ага Жахабанын аны жайнаган аскери бар мидиандыктардан Ысрайылды куткарууга тандап алганын айткан. Ошондо Гидон момундук менен: «Менин үй-бүлөм Менаше уруусундагы үй-бүлөлөрдүн эң кичинеси, өзүм да атамдын үйүндөгүлөрүнүн эң кичүүсүмүн»,— деген (Бий. 6:15). Ал бул менин колуман келбейт деп ойлогон. Бирок Жахаба анын ал ишти аткара аларын билген. Анан, чынында эле, Гидон Жахабанын жардамы менен ийгиликке жеткен.
5. Кайсы учурларда аксакалдардын момундугу жана өз чегин билери сыналышы мүмкүн?
5 Аксакалдар бардык жагынан өз чегин билгенге, момун болгонго аракет кылышат (Мик. 6:8; Элч. 20:18, 19). Алар жөндөмдүүлүктөрүн же жетишкендиктерин айтып, көкүрөк какпайт. Ошол эле учурда ката-кемчиликтеринин айынан өздөрүн эч нерсеге жарабаган киши деп эсептебейт. Бирок кээде аксакалдарга өз чегин билип, момун болуу оңой эмес. Мисалы, алар көп милдет артып алып, жетишпей кыйналышы мүмкүн. Же болбосо кайсы бир иши үчүн башкалар сындашы же көкөлөтө макташы ыктымал. Ушундайда алардын момундугу, өз чегин билгени сыналат. Анда аксакалдар Гидонду кантип туурай алышат?
6. Аксакалдар Гидондон эмнени үйрөнө алышат? (Сүрөттү да карагыла.)
6 Жардам сурагыла. Гидон күчү эмнеге жетерин билген киши болгондуктан жардам сурагандан тартынган эмес (Бий. 6:27, 35; 7:24). Акылдуулук менен иш кылганга умтулган аксакалдар да ушинтет. Жогоруда айтылган Тони мындай дейт: «Мен өзүмө өтө көп иш үйүп алганга жакын болчумун. Анткени мени ушинтип тарбиялашкан. Ошол үчүн ушул теманы үй-бүлөлүк сыйынууда талкуулайлы дедим. Буга карата аялымдын оюн да сурадым. jw.org сайтындагы „Иса Машаяктан үлгү алып, үйрөткүлө, ишенгиле, бийлик бергиле“ деген видеону дагы бир сыйра көрүп чыктым». Ошондон кийин Тони жыйналыштагы милдеттерин аткарганга башкалардан жардам сурай баштаган. Натыйжасы кандай болгон? «Ошенткенимдин аркасында жыйналыштын иштери да калып калган жок, Жахаба менен болгон мамилемди да бекемдегенге көбүрөөк убакыт пайда болду»,— дейт ал.
7. Сын пикир укканда аксакалдар Гидонду кантип туурай алышат? (Жакып 3:13)
7 Сындашканда, ачууга алдырбагыла. Сын пикир угуу аксакалдарга дайыма эле оңойго турбайт. Андайда да алар Гидонду эстешсе болот. Ал өзүнүн да жаңыларын билгендиктен эпрайымдыктардын кыйкымына жумшак жооп кайтарган (Бий. 8:1—3). Ал өзүн кармап, ачууга алдырган эмес. Аларды кунт коюп угуп, туура сөздөрдү таап сүйлөп, курчуп турган жагдайды жөнгө салып кеткен. Анын сыңарындай, Гидондон үлгү алган аксакалдар сын пикир айтылганда кунт коюп угуп, ачууга алдырбай, жумшак жооп берет. (Окугула: Жакып 3:13.) Ушинтип жыйналышта тынчтык болушуна өбөлгө түзүшөт.
8. Аксакалдар башкалар макташканда эмне кылышы керек? Мисал келтиргиле.
8 Даңкты Жахабага ыйгаргыла. Башкалар Гидонду мидиандыктарды жеңгени үчүн мактаганда, ал бүт көңүлдү Жахабага бурган (Бий. 8:22, 23). Жетекчиликти колго алгандар Гидонду кантип туурай алышат? Алар аткарган иши үчүн даңкты Жахабага ыйгарышы керек (1 Кор. 4:6, 7). Мисалы, башкалар аксакалды жакшы окутканы үчүн мактаганда, ал бүт көңүлдү бардык көрсөтмөлөрдүн булагы болгон Кудайдын Сөзүнө же бизди окутуп үйрөтүп жаткан Жахабанын уюмуна бура алат. Маал-маалы менен аксакалдар: «Окутуп жатканда башкаларды таасирленткенге аракет кыламбы же Жахабаны даңктагангабы?» — деп ойлонуп турушу зарыл. Тимати деген аксакалдын эмне дегенине токтололу. Ал жаңы эле аксакал болгон кезде эл алдында баяндама айтканды жакшы көрчү. «Мен баяндамаларымда терең ойлонуштурулган кириш сөздөрдү, мисалдарды айтканды жакшы көрчүмүн. Баяндамадан кийин көптөр мени ошол мисалдарым үчүн макташчу. Бирок көңүлдүн баары Ыйык Китепке же Жахабага эмес, мага бурулуп калчу»,— дейт ал. Убакыттын өтүшү менен Тимати баяндамаларын өзүнө көңүл бурдурбагыдай кылып айтышы керектигин түшүнгөн (Накыл 27:21). Натыйжасы кандай болгон? Ал мындай дейт: «Эми ишенимдештерим баяндамадагы ойлор аларга кыйынчылыкка чыдаганга, көйгөйлөр менен күрөшкөнгө же Жахабага жакындаганга жардам бергенин айтып калышты. Мурун деле макташканда кубанчумун, бирок азыр мурункудан да көбүрөөк кубанып калам».
ТИЛ АЛЧААКТЫГЫҢАР ЖЕ КАЙРАТТУУЛУГУҢАР СЫНАЛГАНДА
9. Гидондун тил алчаактыгы жана кайраттуулугу кандайча сыналган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)
9 Гидон бий болгондон кийин анын тил алчаактыгы жана кайраттуулугу сыналган. Ага кооптуу иш тапшырылган: ал атасынын Баалга арналган курмандык жайын талкалашы керек болчу (Бий. 6:25, 26). Кийинчерээк ал кол топтой баштаганда, Жахаба анын аскеринин санын азайтууну эки жолу айткан (Бий. 7:2—7). Анан душмандарга караңгы түндө кол салышы керектигин буйруган (Бий. 7:9—11).
10. Аксакалдардын тил алчаактыгы кандайча сыналышы мүмкүн?
10 Аксакалдар «баш ийүүгө даяр» болушу керек (Жкп. 3:17). Тил алчаак аксакал Ыйык Китепте айтылгандарга жана уюмдан келген көрсөтмөлөргө даярдуулук менен баш иет. Ушундайча башкаларга жакшы үлгү көрсөтөт. Ошентсе да кээде тил алчаактыгы сыналат. Маселен, көрсөтмөлөр көп келиши же бат-баттан өзгөрүп турушу мүмкүн. Андайда баш ийүү оңойго турбашы ыктымал. Айрым учурларда ал: «Бул көрсөтмөлөр бизге колдонорлукпу же акылга сыярлыкпы?» — деп ойлонушу мүмкүн. Же болбосо эркиндигин тобокелге салган иш тапшырылышы этимал. Ушул сыяктуу жагдайларда аксакалдар Гидондон эмнеге үйрөнө алышат?
11. Аксакалдардын тил алчаактыгы эмнеден көрүнөт?
11 Көрсөтмөгө олуттуу маани берип, ага кармангыла. Жахаба Гидонго атасынын курмандык жайын кантип талкалашы, Жахабага арнап жаңы курмандык жайын каякка курушу жана кайсы малды курмандыкка чалышы керектигин айткан. Гидон ал көрсөтмөнү талашка салбай, так Жахаба айткандай кылган. Бүгүнкү күндө аксакалдар уюмдан саламаттыгыбызды сактаганга, Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдаганга жардам берген көрсөтмөлөрдү алып турат. Алар каттар, кулактандыруулар аркылуу берилет. Аксакалдар ал көрсөтмөлөргө тыгыз карманат. Биз аларды ошол үчүн аябай жакшы көрөбүз. Алардын баш ийгенинин аркасында бүт жыйналыш пайда алат (Заб. 119:112).
12. Өзгөрүүлөр киргенде, аксакалдар Еврейлер 13:17ни кантип колдоно алышат?
12 Өзгөргөнгө даяр болгула. Эстесеңер, Жахабанын буйругуна ылайык, Гидон аскерлеринин санын дээрлик 100 пайызга азайткан (Бий. 7:8). Балким, ал: «Ушинткенибиз зарылбы? Жеңилип калбайбызбы?» — деп ойлогондур. Кандай болбосун, Гидон кулак каккан. Бүгүнкү күндө уюм кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизгенде, аксакалдар, Гидонго окшоп, аларга баш иет. (Окугула: Еврейлер 13:17.) Алсак, 2014-жылы Жетектөөчү Кеңеш Падышалык залдарынын жана жыйын залдарынын курулушун каржылоону өзгөрткөн (2 Кор. 8:12—14). Мурда уюм жыйналыштарга Падышалык залын курганга карызга акча берчү. Жыйналыштар ал акчаны кайрып берчү. Эми болсо уюм бүткүл дүйнөлүк тартууларды колдонуп, муктаж болгон жыйналыштарга, алардын каражаты жетишсиз болсо да, Падышалык залын же жыйын залын куруп бере алат. Муну билгенде Хосе деген ишенимдешибиз: «Эми бир да Падышалык залы курулбай калбайбы? Мындай жаңы ыкма биз жакта жакшы деле натыйжа бербейт го»,— деп шектенген. Хосеге өзгөрүүнү колдогонго эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Накыл сөздөр 3:5, 6дагы сөздөр Жахабага таяныш керектигин эсиме салды. Натыйжасы мен ойлогондон да сонун болду. Азыр мурункудан да көп Падышалык залы курула баштады. Тартуулар ушинтип колдонулгандыктан, бири-бирибиздин кем-карчыбызды толуктап жатабыз».
13. a) Гидон эмнеден шектенген эмес? б) Аксакалдар аны кантип туурай алышат? (Сүрөттү да карагыла.)
13 Жахабанын эркин кайраттуулук менен аткаргыла. Гидон корксо да, жанын тобокелге салса да, Жахабанын тилин алган (Бий. 9:17). Жахаба Гидон менен болоруна ынандыргандан кийин, Гидон Жахабанын аны колдой турарына, ысрайылдыктарды коргогонго жардам берерине эч шектенбей калган. Гидонду ишибизге тыюу салынган өлкөлөрдө жашаган аксакалдар да туурай алышат. Аларды бийликтегилер кармап кетиши, суракка алышы, уруп-сабашы мүмкүн же алар жумушунан айрылып калышы ыктымал c. Ошого карабай андай аксакалдар жыйналышты өткөрүүдө демилгени кайраттуулук менен колго алышат. Улуу алаамат учурунда аксакалдарга өмүрүн тобокелге салганга туура келсе да, кайраттуу болуп, берилген көрсөтмөлөргө карманышы керек болот. Алсак, Кудайдын сот өкүмүн жарыялоого жана Магок жеринен чыккан Гок кол салганда кантип аман калсак болоруна байланыштуу көрсөтмөлөр берилиши мүмкүн (Жез. 38:18; Аян 16:21).
ТУРУКТУУЛУГУҢАР СЫНАЛГАНДА
14. Гидондун туруктуулугу кантип сыналган?
14 Бий болуп дайындалгандан кийин Гидондон өзүнө тапшырылган ишти аткарыш үчүн бүт күчүн салуу талап кылынган. Гидон жоокерлери менен түн ичинде кол салганда, мидиандыктар качып жөнөгөн. Ошондо Гидон кишилери менен, сыягы, тикенектүү бадалдар көп өскөн Изреил өрөөнүнөн тартып Иордан дарыясына чейин кууп барган (Бий. 7:22). Алар Иорданга келип токтоп калды беле? Жок! Канчалык чарчап-чаалыгышпасын, ал 300 жоокери менен дарыянын наркы өйүзүнө өтүп, андан ары душмандарын кууп кете беришкен. Акыры, мидиандыктарды кууп жетип, аларды талкалаган (Бий. 8:4—12).
15. Кандай учурларда аксакалдардын туруктуулугу сыналышы мүмкүн?
15 Кээде аксакалдар жыйналышына, үй-бүлөсүнө кам көрөм деп жүрүп шайы ооп, мээси чарчап же эмоциялык күчү калбай калышы мүмкүн. Ушундай учурларда аксакалдар Гидонду кантип туурай алышат?
16, 17. Гидонго туруктуу болгонго эмне жардам берген жана аксакалдар эмнеден шектенбесе болот? (Сүрөттү да карагыла.)
16 Жахабанын күчкө толтурарына бекем ишенгиле. Гидон Жахабанын аны күчкө толтурарына бекем ишенген жана чынында эле ошондой болгон (Бий. 6:14, 34). Гидон жана анын кишилери, кыязы, төө менен качып бараткан эки мидиандык падышаны жөө кубалашкан (Бий. 8:12, 21). Бирок Жахабанын жардамы менен аларды кубалап жетип, жеңип алышкан. Ошо сыяктуу эле, аксакалдар Жахабага таяна алышат. Анткени Жахаба «чарчабайт да, чаалыкпайт». Ал алар муктаж болгондо зарыл күч да берет. (Окугула: Ышая 40:28—31.)
17 Ооруканалар менен байланышуу комитетинде кызмат кылган Метьюнун мисалына токтололу. Ага туруктуу болгонго эмне жардам берет? Метью мындай дейт: «Мен Филипиликтер 4:13тө жазылгандардын чындык экенин өз жон терим менен сезип көрдүм. Көп учурда аябай чарчап, эч нерсе кылганга дарманым жетпей калчу. Андайда бир туугандарымды колдош үчүн Кудайдан жүрөгүмдү кубаттандырып, билегиме күч беришин сурап жалындуу тиленчүмүн. Ошондой учурларда Жахабанын мени ыйык руху аркылуу күчкө толтуруп, туруктуу болууга жардам берип жатканын сезчүмүн». Оторду кайтарыш оңой иштерден болбосо да, аксакалдар, Гидонго окшоп, Жахабанын элине кам көрүш үчүн бүт күчүн жумшашат. Ошол эле учурда алар өз чегин билип, колунан баары эле келбей турганын түшүнүшү керек. Ошентсе да алар Жахабага жардам сурап кайрылганда анын угарынан жана туруктуу болууга күч береринен шектенбесе болот (Заб. 116:1; Флп. 2:13).
18. Корутундулай турган болсок, аксакалдар Гидонду кантип туурай алышат?
18 Ооба, аксакалдар Гидондон бүгүнкү күндө колдонорлук көптөгөн нерселерди үйрөнө алышат. Мисалы, өзүнө өтө көп милдеттерди алып албаш үчүн, сын пикир же мактоо укканда аларды туура кабыл алыш үчүн, өз чегин билип, момун болушу керек. Бул дүйнөнүн аягы жакындап келе жаткандыктан алар тил алчаак жана кайраттуу болушу зарыл. Ошондой эле, кандай кыйынчылыктарга кабылышпасын, Жахаба күч берерине толук ишениши керек. Биз ал койчулардын күжүрмөн эмгектенип жатканына аябай ыраазыбыз жана аларды жогору баалайбыз (Флп. 2:29).
120-ЫР: Машаяктан үлгү алып, момун бололу
a Жахаба Гидонду өз элин жетектеп, коргогонго дайындаган. Ал убак Ысрайыл элинин тарыхындагы эң оор учур болгон. Гидон ага тапшырылган ишти дээрлик 40 жыл бою ишенимдүүлүк менен аткарган. Бирок ал башкарып турган учурда башынан далай кыйынчылыктарды өткөргөн. Бул макалада аксакалдар кыйынчылыктарга туш болгондо Гидонду кантип туураса болорун билебиз.
b Момундук жана өз чегин билүү бири-бири менен тыгыз байланышта. Өз чегибизди билсек, өзүбүз тууралуу өтө эле жогору ойдо болбойбуз жана баарын эле кыла албай турганыбызды моюнга алабыз. Момун болсок, башкаларды урматтап, аларды өзүбүздөн жогору коёбуз (Флп. 2:3). Жалпылаганда, өз чегин билген адам — момун адам.
c «Тыюу салынганда да Жахабага сыйына берели» деген макаланы карагыла. («Күзөт мунарасы», 2019-ж., июль, 10, 11-б., 10—13-абз.)