Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Жахабага кызмат кылуу күтүлбөгөн окуяларга жол ачып, көп нерсеге үйрөттү

Жахабага кызмат кылуу күтүлбөгөн окуяларга жол ачып, көп нерсеге үйрөттү

БАЛА кезде көктө каалгып бараткан учакты көргөндө мен да учак менен саякаттасам деп кыялданчумун. Бирок бул эч качан орундалбачудай сезилчү.

Ата-энем Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Эстониядан Германияга көчүп барыптыр. Ошол жерде мен төрөлүптүрмүн. Андан кийин алар Канадага бет алганга даярдана башташкан. Алгач Оттавага (Канада) жакын жерге көчүп бардык. Ал жакта жөжөлөр багылган чакан имараттын бурчунда жашачубуз. Аябай жакыр турсак да, күнүгө эртең менен жумуртка жечүбүз.

Бир күнү Жахабанын Күбөлөрү апама Аян 21:3, 4тү окуп бериптир. Ошондо апамдын жүрөгү ушунчалык козголуп, ал ыйлап жибериптир. Чындыктын үрөнү өсүп отуруп, кыска убакыттын ичинде апам да, атам да чөмүлгөн.

Ата-энем англисче жакшы билбесе да, Жахабага ынталуу кызмат кылышчу. Атам Садберидеги (Онтарио) никель чыгарган заводдо түнү менен иштечү. Ошентсе да дээрлик ар бир ишемби сайын карындашым Силвия экөөбүздү кызматка алып чыкчу. Биз жума сайын үй-бүлөбүз менен «Күзөт мунарасын» чогуу изилдечүбүз. Атакем менен апакем жүрөгүмдө Кудайга болгон сүйүүнүн уялашына өлчөөсүз эмгек жумшаган. Ошондуктан 1956-жылы 10 жашымда чөмүлгөм. Алар Жахабаны аябай жакшы көрчү. Алардын үлгүсү мага азыркыга чейин күч берип келет.

Мектепти аяктагандан кийин бир аз алаксып кеткем. Эгер пионер болсом, көп акча таба албай калам деп ойлогом. Акчам жок болсо, саякаттайм деген кыялым ишке ашпай калмак. Ошентип, бир радиостанцияда музыка коюп иштеп калдым. Жумушум аябай жакчу. Бирок кечкисин иштегендиктен жыйналышты көп калтырчу болдум. Кудайга сыйынбагандар менен да көп пикирлеше баштадым. Акыры, Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийириме кулак салып, жашоомду өзгөртөйүн деп чечтим.

Көп өтпөй Ошавага (Онтарио) көчүп кеттим. Ал жактан Рей Норман, карындашы Лесли жана башка пионерлер менен тааныштым. Алар мага жакшы көңүл бурушту. Алардын кубанып кызмат кылганын көрүп, мен да максаттарым жөнүндө ойлонуп калдым. Алар мага пионер болгонго түрткү беришти. Анан 1966-жылы, сентябрда пионердик кызматты баштадым. Ошондой бактылуу күндөрдү өткөрүп жүргөндө, бир күтүлбөгөн окуя болгону жатыптыр.

«ЭГЕР ЖАХАБА КАЙСЫ БИР ИШТИ ТАПШЫРСА, АНЫ СӨЗСҮЗ КЫЛЫП КӨР»

Чоң класстарда окуп жатканда Торонтодогу (Канада) Бейтелге арыз толтургам. Кийин пионер болуп жүргөндө Бейтелге 4 жылга чакырылдым. Бирок мен Леслини аябай жакшы көрчүмүн. Ошондуктан Бейтелге кетсем, аны жоготуп аламбы деп коркком. Ушу тууралуу көп жолу жалындуу тиленгенден кийин, канчалык кыйын болбосун, Леслиге кош айтып, Бейтелге бардым.

Башында кир жуучу жайда иштедим, кийин катчы болдум. Ал ортодо Лесли Гантиного (Квебек) атайын пионер болуп дайындалды. Мен: «Лесли эмне кылып жүрөт болду экен? Туура эле кылдымбы?» — деп көп ойлончумун. Ошентип жүргөнүмдө күтүлбөгөн, жагымдуу бир окуя болду: Леслинин агасы Рей Бейтелге чакырылып, экөөбүз чогуу жашап калдык! Анан Лесли менен үзүлүп калган мамилемди кайра уладым. Ошентип, 1971-жылы, 27-февралда — Бейтелдеги 4 жылдык кызматымдын акыркы күнүндө — баш коштук.

1975-жылы райондук кызматты башташыбыз

Лесли экөөбүз Квебектеги француз тилиндеги жыйналышка дайындалдык. Бир нече жылдан кийин күтүүсүз окуя болду. Мени 28 жашымда райондук көзөмөлчү кылып дайындашты. Мен өзүмдү өтө эле жаштай, бул кызматка даяр эместей сезгем. Бирок мени Жеремия 1:7, 8деги сөздөр бекемдеди. Дагы бир кыйынчылык бар болчу: Лесли бир нече жолу жол кырсыгына кабылган, түнүчүндө да уктай алчу эмес. Андыктан: «Кыдыруучулук кызматты аркалай алабызбы?» — деп ойлондук. Ошондо Лесли: «Эгер Жахаба кайсы бир ишти тапшырса, аны сөзсүз аткарып көрүшүбүз керек эмеспи?» — деди. Ошон үчүн ал дайындоого макул болдук. Кыдыруучулук кызматты 17 жыл аркаладык.

Райондук көзөмөлчү болуп жүргөндө колум такыр бошочу эмес. Аялыма да жетиштүү убакыт бөлө албай калчумун. Бирок бир нерсеге үйрөнүшүм керек болду. Бир күнү, дүйшөмбү эртең менен, коңгуроо шыңгырап калды. Карасак эле — эшиктин алдында себет туруптур. Ичинде дасторкон, жер-жемиш, сыр, нан, бир бөтөлкө шарап жана стакандар бар экен. Анан кагазга: «Аялыңды жаратылышка алып чыгып кел»,— деп жазып коюшуптур. Аба ырайы сонун болуп турган. Бирок мен баяндама даярдашым керек болчу. Ошондуктан Леслиге бара албай турганыбызды айттым. Албетте, ал мени түшүндү. Бирок бир аз капа болуп калды. Баяндамама киришкенде, абийирим соттой баштады. Оюма Эфестиктер 5:25, 28 келди. Балким, Жахаба ошол сөздөр аркылуу аялымдын сезимдерин эске алганга түрткү бергендир. Анан тилендим да, Леслиге: «Жүр, кеттик!» — дедим. Анын көздөрү жайнай түштү. Экөөбүз суунун жээгине барып, дасторкон жайып, сонун убакыт өткөрдүк. Ошол күн жашообуздагы унутулгус учурлардын бири болуп калды. Анан кайра келип баяндамамды даярдадым.

Райондук көзөмөлчү болуп жүргөндө Британ Колумбиясынан Ньюфаундлендге чейин кыдырдык. Көп кубанычтуу окуяларга туш болдук. Ушинтип бала кездеги кыялым ишке ашты. Негизи, Гилат мектеби жөнүндө ойлонуп калчумун, бирок чет өлкөгө барып, миссионер болгум келчү эмес. Мага миссионерлер өзгөчө кишилердей көрүнчү. Алардай боло албайм деп ойлочумун. Андан тышкары, оорулар, согуштар көп болгон Африканын бир өлкөсүнө жөнөтүп салабы деп коркчумун. Ошон үчүн Канадада эле жүргөнүм өзүмө жакчу.

КҮТҮҮСҮЗДӨН ЭСТОНИЯГА ЖАНА БАЛТИКА ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ДАЙЫНДАЛЫШЫБЫЗ

Балтика өлкөлөрүн кыдырышыбыз

1992-жылы мурунку СССРге кирген айрым өлкөлөрдөгү ишибизге коюлган чектөөлөр алынган. Ошондо филиал бизден Эстонияда миссионер болуп кызмат кыла аларыбызды сурады. Муну такыр күткөн эмеспиз. Ошондуктан ушул тууралуу тилендик. Анан кайрадан: «Эгер Жахаба кайсы бир ишти тапшырса, аны сөзсүз кылып көрүшүбүз керек эмеспи?» — дедик. Ошентип, макул болдук. Мен ичимен: «Негизгиси, Африкага кетпей элебиз да»,— деп ойлондум.

Биз дароо эле эстон тилин үйрөнүүгө кириштик. Эстонияда кызмат кылганыбызга бир нече ай болгондо, бизди райондук көзөмөлчү кылып дайындашты. Биз Эстониядагы, Латвиядагы, Литвадагы жана Орусияга кирген Калининграддагы 46 жыйналышты жана топторду кыдырышыбыз керек болчу. Ал үчүн бизге латыш, литва жана орус тилин үйрөнүүгө туура келди. Бул оңой болгон жок. Ал жактагы ишенимдештерибиз аракетибизге кубанып, бизге жардам беришти. 1999-жылы Эстонияда филиал ачылды. Ал жакта Томас Эдур, Лембит Рейле жана Томми Кауколор менен комитеттин мүчөсү болуп кызмат кылдым.

Солдо: Литвадагы жыйында сөз сүйлөп жатам

Оңдо: 1999-жылы Эстонияда филиалдын комитети уюшулган

Биз мурун Сибирге сүргүнгө айдалып кеткен ишенимдештерибиз менен тааныштык. Түрмөдөгү катаал мамилеге, үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калганына карабай, алар эч качан ачуулуу болуп кеткен эмес. Кызматты ынталуу аткара беришкен. Аларды көрүп, кыйынчылыкка кабылганда кубанычыбызды кемитпей, туруктуу боло аларыбызды түшүндүк.

Биз көп жыл бою жетиштүү эс албай, жан үрөп кызмат кыла бериптирбиз. Анан бир күнү эле Лесли эч нерсеге дарманы келбей, катуу чарчай баштады. Анын фибромиалгияга чалдыкканын дароо билбегендиктен кайра Канадага кетсекпи деп ойлонуп жүргөнбүз. Ал ортодо Патерсондогу (АКШ, Нью-Йорк) Комитеттин мүчөлөрү үчүн мектепке чакырылдык. Бирок мен бара аларыбыздан шектендим. Ошентсе да бул тууралуу жалындуу тилендик да, бара берели деп чечтик. Жахаба чечимибизге батасын берди. Мектепте окуп жатканда Лесли дарылана алды. Натыйжада кызматыбызды мурункудай уланта алдык.

ДАГЫ БИР КҮТҮҮСҮЗ ДАЙЫНДОО

2008-жылы Эстонияда жүргөнүбүздө бир күнү кечинде башкы башкармалыктан чалып калышты. Бизден: «Конгодо кызмат кыла аласыңарбы?» — деп сурашты. Муну укканда жана жообун эртеси күнү айтышыбыз керектигин билгенде дал болуп эле туруп калдым. Башында Леслиге айткан жокмун, анткени ал уктабай чыкмак. Бирок ошол түнү Африкага байланыштуу сарсанаамдын баарын Жахабага айтып, өзүм кирпик какпай чыктым.

Эртеси күнү баарын Леслиге айтып бердим. Лесли экөөбүз: «Бизди Африкага Жахаба өзү чакырып жатса, ал жакка барбай туруп, кубанычты татпай туруп, кантип „жок“ деп айтабыз!» — деп ойлондук. Ошентип, Эстонияда 16 жыл кызмат кылгандан кийин Конго Киншасага учуп бардык. Конгодогу филиал абдан кооз, тынч жерде жайгашкан экен. Лесли дароо эле бөлмөбүзгө Канададан бери сактап келаткан открыткасын койду. Анда «Отургузулган жериңде гүлдө» деп жазылган болчу. Ишенимдештерибиз менен таанышып, изилдөөлөрдү өткөрүп, миссионердик кызматтын даамын татып, бир башкача кубанычка бөлөндүк. Кийин Африканын 13 өлкөсүндөгү Бейтелге башкы башкармалыктын өкүлү катары бардык. Ошонун аркасында тек-жайы ар кандай сонун боордошторубуз менен тааныштык. Баштагыдай болуп, Африкада жүргөндөн коркпой калдык. Жахабага бизди ошол жакка жөнөткөнүнө аябай ыраазы болдук.

Конгодон алдыбызга эч качан жей албайт болушубуз керек деген тамактарды, курт-кумурскаларды коюшту. Ишенимдештерибиздин жыргап жеп жатканын көргөндө, биз да жеп көрөлү дедик. Анан жеп көргөнүбүзгө сүйүндүк.

Конгодогу айрым кыштактарга уюшкан топтор кирип барып, аялдар менен балдарга кол салган учурлар болгон. Ошол жакка ишенимдештерибизди сооротуш үчүн, зарыл нерселерди жеткириш үчүн барганбыз. Алардын көбү жакыр турушат. Эч нерсеси жок болсо да, тирилүүгө болгон үмүтүн, Жахабага болгон сүйүүсүн жана уюмга болгон берилгендигин көрүп, жүрөгүбүз козголгон. Алардын үлгүсү бизге да Жахабага эмне үчүн кызмат кылып жатканыбызды текшергенге, ага болгон ишенимибизди бекемдегенге түрткү берген. Айрым ишенимдештерибиз үйлөрүнөн, түшүмүнөн айрылган. Ушуларды көрүп, мал-мүлктүн бир заматта эле жок болуп кетерин жана рухий байлыктын алда канча маанилүү экенин түшүндүк. Башынан оор кыйынчылыктарды кечиришсе да, ал ишенимдештерибиз кейип-кепчишчү эмес. Алардын оң маанай сактаганы бизге кыйынчылыктарга тике караганга, ден-соолугубузду ойлоп, өтө эле тынчсызданбаганга түрткү берди.

Солдо: Качкындарга баяндама айтып жатам

Оңдо: Дунгуга (Конго) азык-түлүк, дары-дармек жеткиришибиз

АЗИЯДАГЫ КЫЗМАТ

Анан дагы бир күтүүсүз окуя болду. Бизден Гонконгдун филиалына көчүп барууну суранышты. Чыгыш өлкөлөрүндө жашап каларыбыз үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Ар бир дайындоодо Жахабанын бизди алаканына салып, мээримине бөлөгөнүнө күбө болгондуктан, Азияга барганга дароо эле макул болдук. Ошентип, 2013-жылы жаныбыздай жакшы көргөн досторубуз, табияты көз жоосун алган Африка менен көз жаш төгүп коштошуп, алдыбызда эмне күтүп турганын билбей, жаңы сапарга бет алдык.

Африка менен Гонконгдун айырмасы асман менен жердей экен. Гонконг эл быкылдаган, көк тиреген имараттары жайнаган шаар экен. Кантон диалектисин үйрөнүш кыйын болду. Ишенимдештерибиз кучак жайып тосуп алышты, ал жактын тамактары да абдан жакты. Филиалда жумуш көбөйө берип, дагы кошумча имараттар керек болуп калды. Сатып алалы десек, баасы асмандын башы болуп кетти. Ошон үчүн Жетектөөчү Кеңеш бөлүмдөрдү ар кайсы жакка чачыратып, филиалдын көп имараттарын сатты. Ошондон көп өтпөй 2015-жылы Түштүк Кореядагы Бейтелге дайындалдык. Азыр ошол жакта кызмат кылып жатабыз. Бул жактан кайра жаңы тил үйрөнүшүбүз керек болду. Корей тилинде жакшы сүйлөй албасак да, досторубуз жылыш болуп жатканын айтып, мактап турушат.

Солдо: Гонконгдо жашай баштаганыбыз

Оңдо: Кореядагы филиал

ҮЙРӨНГӨН НЕРСЕЛЕРИБИЗ

Жаңы дос күтүү дайыма эле оңой эмес. Бирок тезирээк достошом десең, өзүң аракет кылып, башкаларды конокко чакырышың керек экен. Биз буларды байкадык: боордошторубуздун айырмачылыктарына караганда окшош жактары көп экен; Жахаба бизди жүрөгүбүздү кенен ачып, көптөр менен достошуп, аларга жылуу сезимди туя алгыдай кылып жаратыптыр (2 Кор. 6:11).

Лесли экөөбүз башкаларга Жахаба карагандай карашыбыз керектигин жана Жахабанын сүйүүсүн, жетегин аңдай билишибиз керектигин түшүндүк. Көңүлүбүз чөккөндө же өзүбүздү керексиз сезгенде досторубуздун открыткаларын, каттарын кайра окуп чыгабыз. Жахабанын тилегибизге жооп берерине, жакшы көрөрүнө жана күч берерине көп жолу ынандык.

Жылдар оошкон сайын Лесли экөөбүз, иштерибиз канчалык көп болбосун, бири-бирибизге убакыт бөлүшүбүз керектигин түшүндүк. Ошондой эле каталарыбызга күлгөндү, өзгөчө, тил үйрөнүп жатканда ошенткенди үйрөндүк. Күн сайын жатарда Жахабага эмнелерге рахмат айтсак болору жөнүндө да ойлонобуз.

Ачыгын айтканда, башка өлкөгө көчүп баруу же миссионер болуу колуман келбейт деп ойлочумун. Көрсө, Жахабанын жардамы менен баарын кылса болот экен. Ушуну ойлогондо Жеремиянын: «Сен мени алдадың, оо, Жахаба»,— деген сөздөрү эсиме келет (Жер. 20:7). Ооба, Жахаба бизге күтпөгөн жерден көп жагымдуу окуяларды тартуулады, эч качан ойлобогон баталарды төктү. Атүгүл учакка отуруп саякаттайм деген кыялымды орундатты. Лесли экөөбүз бала кезимде кыялдангандан да көп жерлерге бардык. Беш континенттеги филиалдарды кыдырдык. Каякка барбайлы, Лесли мени дайыма жөлөп-таяп келет. Анын ушунусун жогоруу баалайм.

Биз ушунун баарын ким үчүн, эмне үчүн кылып жатканыбызды дайыма эсибизге салып турабыз. Азыр алып жаткан баталар келечекте ала турган баталардын чети эле. Ал заман келгенде, Жахаба колун ачып, «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатат» (Заб. 145:16).