Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын күнүнө даяр тургула!

Жахабанын күнүнө даяр тургула!

«Жахабанын күнү түн жамынган уурудай болуп келет» (1 ТЕС. 5:2).

143-ЫР: Кудайдын эркин аткаралы

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Жахабанын күнүнөн аман өтүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ «Жахабанын күнү» деген сөз анын душмандарын соттой турган жана өз элин куткара турган убакытты билдирет. Байыркы убакта Жахаба айрым учурда кээ бир элдерди жазалаган (Ыш. 13:1, 6; Жез. 13:5; Сеп. 1:8). Биздин күндөрдө болсо «Жахабанын күнү» Улуу Бабылга кол салынганда башталып, Армагедон согушу менен аяктайт. Аман калыш үчүн биз азыртадан даярданышыбыз керек. Иса улуу алааматка жөн эле даяр болушубуз эмес, дайыма даяр турушубуз керектигин айткан (Мт. 24:21; Лк. 12:40).

2. 1 Тесалоникалыктар китебин карап чыгуудан кандай пайда алабыз?

2 Пабыл ишенимдештерине Жахабанын улуу сот күнүнө даяр турганга жардам бериш үчүн бир нече мисал келтирген. Алар анын ыйык рухтун жетеги менен тесалоникалыктарга жазган биринчи катында камтылат. Пабыл ал күндүн ошол учурда келбээрин билген (2 Тес. 2:1—3). Ошентсе да ал ишенимдештерин, ал күн эртең эле келет дегендей маанай сактап, даяр турганга үндөгөн. Биз да анын кеңешин колдоно алабыз. Келгиле, Пабылдын төмөнкү үч нерсе жөнүндө эмне дегенине көңүл буралы: 1) Жахабанын күнү кантип келет? 2) Кимдер жок кылынат? 3) Ага кантип даярдана алабыз?

ЖАХАБАНЫН КҮНҮ КАНТИП КЕЛЕТ?

Элчи Пабыл тесалоникалыктарга жазган биринчи катында бизге да пайдасы тие турган мисалдарды колдонгон (3-абзацты карагыла)

3. Кандайча Жахабанын күнү түн жамынган уурудай болуп келет? (Сүрөттү да карагыла.)

3 «Түн жамынган уурудай болуп келет» (1 Тес. 5:2). Бул — Жахабанын күнүнүн келишине байланыштуу айтылган үч салыштыруунун биринчиси. Уурулар көбүнчө тез иш-аракет кылышат жана эч ким күтпөгөн учурда, түн ичинде келишет. Жахабанын күнү да көптөргө күтүлбөгөн окуя болот. Окуялардын ушунчалык тездик менен өрчүп кеткенине, жадагалса, Исанын чыныгы жолдоочулары да таң калышы мүмкүн. Бирок ыймансыздардан айырмаланып, биз жок болбойбуз.

4. Кандайча Жахабанын күнү аялдын толгоо тартканына окшош?

4 «Кош бойлуу аялдын толгоосу сыяктуу... келет» (1 Тес. 5:3). Мына-мына көз жарам деп турган аял толгоосунун качан башталарын так билбейт, бирок толгоосу сөзсүз келерин билет. Анан толгоосу күтүлбөгөн жерден башталат да, уламдан-улам күчөй берет, төрөмөйүн токтобойт. Ошол сыяктуу эле, Жахабанын күнү кайсы күнү, кайсы саатта башталарын билбейбиз. Анткен менен бир нерсени так билебиз: анын күнү сөзсүз келет жана Кудай ыймансыздарга чыгарган сот өкүмүн күтүүсүздөн ишке ашырат. Алар андан качып кутула албайт.

5. Улуу алаамат кандайча таңдын сөгүлүшүнө окшош?

5 Таңдын атышына окшош. Пабыл үчүнчү мисалында кайрадан түн ичинде келген уурулар жөнүндө сөз кылган. Бирок бул жолкусунда ал Жахабанын күнүн, сыягы, таң сөгүлгөн маалга салыштырган (1 Тес. 5:4). Караңгы түндө келген каракчылар кантип таң атып баратканын байкабай калышы ыктымал. Ошол себептен жарык түшкөндө кармалып калышы мүмкүн. Анын сыңарындай, улуу алааматта уурулардай болуп караңгылыкта жүргөндөрдүн, тагыраак айтканда, оңолгусу келбей, Кудайга жакпаган иштерди кылып жүргөндөрдүн бети ачылат. Алардан айырмаланып, Жахабага жакпаган жүрүм-турумдан качышыбыз жана «жакшылыктын бардык түрүнө», «адилдикке», «чындыкка» умтулушубуз зарыл (Эф. 5:8—12). Ушул мисалынан кийин Пабыл ыймансыздарга тиешелүү дагы эки мисал келтирген.

КИМДЕР АМАН КАЛБАЙТ?

6. Бүгүнкү күндө көптөр кандай мааниде уктап жатышат? (1 Тесалоникалыктар 5:6, 7).

6 «Уктагандар» (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:6, 7.) Пабыл Жахабанын күнүндө аман калбай тургандарды уктап жаткандарга салыштырган. Алар тегерек-четинде эмне болуп жатканын, убакыттын кантип өтүп жатканын байкабайт. Ошондуктан маанилүү окуяларды баамдап, ошого ылайык иш кыла албайт. Бүгүнкү күндө көптөр рухий жактан уктап жатат (Рим. 11:8). Алар «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбыздын белгилерине көңүл бурбайт жана улуу алааматтын жакындап келатканына маани бербейт. Дүйнөнү дүңгүрөткөн окуялар болгондо, айрымдар рухий уйкудан ойгонуп, Падышалык жөнүндөгү кабарга анча-мынча кызыгышы мүмкүн. Ошентсе да көптөрү сергек турбай, кайра эле уйкуга кетишет. Айрымдары болсо атүгүл сот күнүнө чейин дагы көп бар деп ойлошот (2 Пет. 3:3, 4). Бирок биз ыйык рухтун жетеги менен берилген: «Сергек тургула»,— деген кеңештин канчалык маанилүү экенин барган сайын түшүнүп жатабыз.

7. Кандайча Кудайдын каарына кала тургандар мас болгондорго окшош?

7 «Мас болгондор». Элчи Пабыл Кудайдын каарына кала тургандарды мас болгондорго салыштырган. Көп ичип алгандар, адатта, жай ойлонуп, жай иш-аракет кылышат жана көбүнчө туура эмес чечим чыгарышат. Ошол сыяктуу эле, ыймансыздар Кудайдын эскертүүсүнө кулак кагышпайт. Алар жок боло тургандардын жолуна түшүп алышкан. Ал эми Кудайдын кызматчылары сак турганга, тунук ой жүгүрткөнгө чакырылат (1 Тес. 5:6). Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «Тунук ой жүгүртүү шашпай, тең салмактуулук менен ой жүгүртүүгө, барын таразалап көрүүгө жана туура чечим чыгарууга өбөлгө түзөт»,— деп сүрөттөгөн. Эмне үчүн биз шашпашыбыз жана тең салмактуу болушубуз керек? Эгер ошентсек, саясий же коомдук маселелерге аралашпайбыз. Жахабанын күнү жакындаган сайын, кайсы бир тарапты ээлөөгө байланыштуу кысымдын күчөй берери турган иш. Андайда эмне кылабыз деп тынчсызданбай эле койсок болот. Себеби Кудайдын ыйык руху бизге шашпай, тең салмактуулук менен ой жүгүрткөнгө, туура чечим чыгарганга жардам берет (Лк. 12:11, 12).

ЖАХАБАНЫН КҮНҮНӨ ДАЯР БОЛУШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

Бүгүн көптөр Жахабанын күнү келатканына олуттуу маани бербейт. Ал эми биз ишеним менен сүйүүнү соот кылып, үмүттү туулга кылып кийип, Жахабанын күнүнө даяр турабыз (8, 12-абзацтарды карагыла)

8. Бизге сергек жана сак болууга жардам берген сапаттар 1 Тесалоникалыктар 5:8де эмнелерге салыштырылган? (Сүрөттү да карагыла.)

8 Соотту, туулганы киели. Пабыл бизди курал-жарагын алып, согушка дайым даяр турган жоокерлерге салыштырган. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:8.) Адатта, жоокер душмандардын чабуулуна ар дайым даяр турат. Биздин да ушундай болгонубуз маанилүү. Эгер ишеним менен сүйүүнү соот кылып, үмүттү туулга кылып кийсек, Жахабанын күнүнө даяр болобуз. Бул сапаттар абдан зарыл.

9. Ишенимибиз бизди кандайча коргойт?

9 Соот жоокердин жүрөгүн сактайт. Ошо сыяктуу эле, ишеним менен сүйүү каймана жүрөгүбүздү сактайт. Булар бизге Кудайга кызмат кылып, Исанын жолун жолдой бергенге жардам берет. Бизде ишеним болсо, Жахаба аны бүт жүрөгү менен издегендерге сыйлык береринен шектенбейбиз (Евр. 11:6). Ошондой эле ишеним бизге Жол башчыбыз Иса Машаякка, атүгүл кыйынчылыктарга чыдаганга туура келсе да, берилгендик көрсөткөнгө түрткү берет. Ишенимибизди кантип бекемдесек болот? Ан үчүн куугунтукка же каржы каатчылыгына карабай, кынтыксыздыгынан жазбаган Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынан үлгү алсак болот. Ошентсек, жашоонун оош-кыйыштарына туруштук бере алабыз. Андан тышкары, Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга коюш үчүн көп нерседен кечкен ишенимдештерден үлгү алып, дүнүйөкорлуктун тузагына түшпөйбүз b.

10. Кудайды жана жакындарыбызды жакшы көргөнүбүз туруктуулук менен кабар айта бергенге кандайча жардам берет?

10 Сергек жана сак туруш үчүн сүйүү да маанилүү (Мт. 22:37—39). Кудайга болгон сүйүү, кабар айтканыбыз үчүн кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, туруктуулук менен жакшы кабарды жарыялай бергенге жардам берет (2 Тим. 1:7, 8). Жахабаны билбегендерге болгон сүйүүбүз аймактарды иштетип, телефон же кат аркылуу кабар айта бергенге түрткү берет. Биз алардын ичинен кимдир бирөө бир күнү өзгөрүп, Кудайга жаккан иштерди кыла баштарынан үмүт үзбөйбүз (Жез. 18:27, 28).

11. Ишенимдештерибизди жакшы көргөнүбүз бизге кандайча жардам берет? (1 Тесалоникалыктар 5:11).

11 Жакындарыбызга ишенимдештерибиз да кирет. Биз аларды да жакшы көрөбүз. Муну аларды «кубаттандырып, бекемдеп» көрсөтөбүз. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:11.) Салгылашта бири бирин жөлөп-таяган жоокерлердей болуп, биз да ишенимдештерибизди колдойбуз. Кээде жоокерлер бири-бирин байкабай жарадар кылып алышы мүмкүн. Бирок муну эч качан атайлап кылбайт. Ошо сыңары, биз ишенимдештерибиздин көңүлүн эч качан атайлап оорутпайбыз же жамандыкка жамандык менен жооп бербейбиз (1 Тес. 5:13, 15). Ошондой эле аксакалдарды урматтап, жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз (1 Тес. 5:12). Пабыл бул катты жазганда Тесалоника жыйналышынын түптөлгөнүнө бир жылдай болуп калган. Кыязы, жыйналышка кам көрүүгө дайындалгандар тажрыйбасыз болчу жана ката кетиришчү. Ошентсе да алар урматталууга татыктуу болушчу. Улуу алаамат учурунда аксакалдар берген көрсөтмөлөргө азыркыдан да көбүрөөк муктаж болушубуз мүмкүн. Анткени башкы башкармалык же филиал менен байланыш үзүлүп калышы ыктымал. Андыктан азыртадан аксакалдарды урматтап, жакшы көргөнгө үйрөнгөнүбүз маанилүү. Кандай жагдай болбосун, келгиле, алардын кемчиликтерине көңүл топтобой, Жахаба Иса Машаяк аркылуу ал ишенимдүү койчуларды жетектеп жатканына көңүл топтойлу. Ошентсек, сак жана сергек бойдон кала алабыз.

12. Үмүтүбүз кандайча акылыбызды сактайт?

12 Туулга жоокердин башын коргогондой эле, үмүтүбүз акылыбызды коргоп, туура ой жүгүрткөнгө жардам берет. Үмүтүбүз бекем болсо, бул дүйнө сунуштаган нерселердин баары эч нерсеге арзыбай турганын унутпайбыз (Флп. 3:8). Үмүт бизге жан дүйнө тынчтыгын сактаганга, туруктуу болгонго көмөк кылат. Үмүттүн күчүн Африкадагы Бейтелде кызмат кылган Валес менен Лауринда сезген. Үч жуманын ичинде эле Валес атасынан, Лауринда апасынан айрылган. COVID-19 пандемиясынын айынан үйүнө барып, туугандары менен чогуу боло алган эмес. Валес мындай деп жазган: «Тирилүүгө болгон үмүт мага алардын бул дүйнөдөгү акыркы күндөрү жөнүндө эмес, жаңы заманда тирилгендеги алгачкы күндөрү жөнүндө көбүрөөк ойлонгонго жардам берди. Күйүтүм күч болуп, жүрөгүм туз куйгандай ачышканда ушул үмүт мага кадимкидей кайрат берет».

13. Кудай ыйык рухун бериши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

13 «Рухтун жалынын өчүрбөгүлө» (1 Тес. 5:19). Пабыл ыйык рухту ичибиздеги жалынга салыштырган. Эгерде бизде Кудайдын ыйык руху бар болсо, жалындап турабыз, туура иштерди кылганга ынталуу болобуз жана Жахабанын ишин аткаргандан эч качан чарчабайбыз (Рим. 12:11). Кудай ыйык рухун бериш үчүн эмне кылыш керек? Ыйык рух сурап тиленишибиз, анын рухунун жетеги менен жазылган Сөзүн изилдешибиз жана ыйык руху менен жетектеп жаткан уюму менен тыгыз байланышта болушубуз керек. Ушул нерселер бизге «рухтун жемишин» өрчүткөнгө жардам берет (Гал. 5:22, 23).

Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Кудайдын ыйык рухун ала бергим келери иштеримден көрүнүп турабы?» (14-абзацты карагыла)

14. Кудай ыйык рухун бербей калбашы үчүн, эмнеден качышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Кудай бизге ыйык рухун бергенден кийин, анын «жалынын өчүрүп» албаш үчүн сак болушубуз керек. Кудай өзүнүн рухун ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун таза сактагандарга гана берет. Эгер жүрөгүбүздө ыпылас ойлор жашап алса жана ыпылас иштерди кылсак, ал бизге ыйык рухун бербей калат (1 Тес. 4:7, 8). Кудай бизге ыйык рухун бере бериши үчүн булардан тышкары, «пайгамбарлык сөздөрдү баркка албай койбошубуз» керек (1 Тес. 5:20). «Пайгамбарлык сөздөргө» Кудайдын ыйык руху аркылуу берип жаткан маалыматтар кирет. Ал өз ичине Жахабанын күнү жана убакыттын тардыгы жөнүндө айтылгандарды камтыйт. Биз Армагедон менин көзүмдүн тирүүсүндө келбейт деп оюбузда Кудайдын күнүн артка жылдырып койбошубуз керек. Анын ордуна күн сайын «Кудайга берилген адамдардай» жашап, ага жаккан иштер менен алек болгонго умтулалы. Ошентсек, ал күндү эсибизге бек сактап, каймана мааниде тездеткен болобуз (2 Пет. 3:11, 12).

«БАРДЫГЫН ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ»

15. Бурмаланган маалыматка жана жиндердин кабарына канткенде алданбайбыз? (1 Тесалоникалыктар 5:21).

15 Жакынкы келечекте Кудайдын душмандары: «Тынчтык жана коопсуздук орноду!» — деп жар салат (1 Тес. 5:3). Жиндерден келген мындай кабар бүтүндөй жер бетине жайылып, көптөрдү адаштырат (Аян 16:13, 14). Биз да алданып калышыбыз мүмкүнбү? Эгер: «Баарын текшерип көргүлө»,— деген кеңешке ылайык иш кылсак, алданбайбыз. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:21.) Грек тилиндеги «баарын текшерип көргүлө» деген сөз баалуу металлдардын таза-таза эмес экенин текшерип көрүүгө карата колдонулган сөз менен байланышта болгон. Ушул сыяктуу эле, уккан же көргөн нерселерибиздин чын-чын эмес экендигин билиш үчүн аларды текшерип көрүшүбүз кажет. Бул тесалоникалыктар үчүн маанилүү болгон. Биз үчүн андан бетер маанилүү. Анткени улуу алаамат жакындап келатат. Биз башкалардын айткандарынын баарына эле ишене берүүдөн сак болушубуз керек. Алданып калбашыбыз үчүн ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонуп, окуган, уккан нерселерибизди Ыйык Китепте айтылгандар менен салыштырып көргөнүбүз дурус. Бул бизге жиндерден келген бир да кабарга алданбаганга жардам берет (Накыл 14:15; 1 Тим. 4:1).

16. Кандай үмүткө ээбиз жана эмне кылганга бел байладыңар?

16 Кудай өзүнүн элин топ катары улуу алааматтан аман алып өтөт. Ал эми жеке ар бирибиз тууралуу айта турган болсок, эртең эмне болорубузду билбейбиз (Жкп. 4:14). Улуу алааматтан тирүү өтөбүзбү же ага чейин көз жумабызбы, ишенимибизден жазбасак, түбөлүк өмүр сыйлыгын алабыз. Майлангандар Машаяк менен чогуу асманда болушат, башка койлор болсо жер бетиндеги бейиште жашашат. Келгиле, баарыбыз тең кереметтүү үмүтүбүздөн көзүбүздү албайлы жана Жахабанын күнүнө дайыма даяр туралы.

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

a 1 Тесалоникалыктар китебинин 5-бөлүмүндө Жахабанын күнү ар кандай нерселерге салыштырылган. Ал эмне болгон күн жана кантип келет? Андан ким аман калат, ким аман калбайт жана ага кантип даярдансак болот? Бул макалада элчи Пабылдын айткандарынан ушул суроолорго жооп алабыз.

b «Жан аябас кызматчылар» деген макалалар жыйнагын карагыла.