Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Күзөт мунарасына» чыккан кошумча макалалар

«Күзөт мунарасына» чыккан кошумча макалалар

Көптөгөн жарчылар жолугушууларга даярданыш үчүн JW Library® тиркемесин колдонушат. Ошондой эле анын «Күзөт мунарасындагы» изилдей турган макалаларды оңой таба алгыдай кылып жасалганына абдан ыраазы. Бирок «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышына көп учурда рухий тамакты камтыган башка кошумча макалалар да чыгып турат. Аларды окугандан чоң пайда ала аласыңар. Анда JW Library тиркемесинен ал макалаларды кантип тапсаңар болот?

  • «Күзөт мунарасындагы» ар бир изилдөө макаласынын аягында «Кошумча окуганга» деген жер бар. Анын астындагы «Бул сандагы башка макалалар» деген шилтемени баскыла. Журналдын мазмунуна бир сыйра көз чаптыргыла. Изилдөө макалалары номурланып тургандыктан аларды дароо көрдүңөр болуш керек. Эми окугуңар келген кошумча макаланы ачкыла.

  • JW Library тиркемесинин башкы бетиндеги «Жаңылар» деген жерден «Күзөт мунарасынын» жаңы санын жүктөп алгыла. Журналды ачып, мазмунун карап чыккыла. Макалалардын баарын окуп чыккан-чыкпаганыңарга ынангыла.