Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса төрөлгөндөн кийин, Жусуп менен Мариям эмне үчүн Назаретке кайтып барбай, Бетлехемде калып калышкан?

Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бирок андан алардын чечимине таасир эткен айрым кызыктуу нерселерди билүүгө болот.

Периште Мариямга анын боюна бүтүп, уул төрөөрүн айткан. Ошол учурда Мариям менен Жусуп Галилеядагы Назарет шаарында жашап жатышкан (Лк. 1:26—31; 2:4). Кийинчерээк алар Мисирден кайтып келгенден кийин, кайра Назаретте жашап калышкан. Иса ошол жерде чоңоюп-өскөн. Ошон үчүн назареттик деп белгилүү болуп калган (Мт. 2:19—23). Мына ошол себептен Иса, Жусуп же Мариям делгенде дароо эле Назаретти эстейбиз.

Мариямдын Жүйүт жеринде жашаган Элизабет деген тууганы бар болчу. Элизабет дин кызматчы Закарыянын аялы болчу. Кийин Чөмүлдүрүүчү Жаканды төрөгөн (Лк. 1:5, 9, 13, 36). Мариям Жүйүт жеринде жашаган Элизабеттикине барып, ал жакта үч ай жашап калган. Анан кайра Назаретке кайтып барган (Лк. 1:39, 40, 56). Ушундан улам Мариям Жүйүт аймагын анча-мынча билип калган десе болот.

Кийин Жусуп «каттоодон өтүүгө» байланыштуу буйрукка баш ийип, Назареттен Бетлехемге жөнөгөн. Бетлехем болсо, пайгамбарлыкка ылайык Машаяк төрөлө турган «Дөөтүнүн шаары» болчу. Мариям Исаны ошол шаарда төрөгөн (Лк. 2:3, 4; 1 Шем. 17:15; 20:6; Мик. 5:2). Ошондуктан Жусуп, жаңы эле көз жарган аялын, жаңы төрөлгөн баласын алып алып, Назаретти көздөй узак сапарга чыкпай эле коюуну чечкен көрүнөт. Алар Иерусалимден тогуз километрдей алыстыкта жайгашкан Бетлехемде калышкан. Ал шаар ымыркайын ибадатканага алып барганга жана талап кылынган курмандыктарды чалганга ыңгайлуу болмок (Леб. 12:2, 6—8; Лк. 2:22—24).

Буга чейин Кудайдын периштеси Мариямга анын уулу «Дөөтүнүн тактысына» отурарын жана «падыша болорун» айткан. Жусуп менен Мариям Исанын Дөөтүнүн шаарында төрөлүшү керектигин маанилүү деп эсептегенби? (Лк. 1:32, 33; 2:11, 17). Мүмкүн, алар Кудай аларга андан ары эмне кылыш керектигин айтканга чейин ошол жерден кетпей турууну туура көргөн.

Астрологдор келгенде, алардын Бетлехемде жашап жатканына канча убакыт болгонун билбейбиз. Анткен менен алар келгенде, Жусуп менен Мариям үйдө жашап жаткан. Ал эми Иса жаңы төрөлгөн ымыркай эмес, торолуп калган бала болчу (Мт. 2:11). Мындан алар Назаретке кайтып барбай, Бетлехемде отурукташып калганына бир нече убакыт болгонун көрсө болот.

Ирод падыша «Бетлехемдеги... эки жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүүнү» буйруган (Мт. 2:16). Ошондо периште Жусупка ушул тууралуу эскерткен. Жусуп Мариям менен Исаны алып, Мисирге качкан. Анан ошол жакта Ирод өлгөнгө чейин болгон. Кийин үй-бүлөсүн алып, Назаретке кайткан. Алар эмне үчүн кайра Бетлехемге кайтып барган эмес? Анткени Жүйүт жеринде Ироддун Архелай деген мыкаачы уулу башкарып турган. Анын үстүнө, периште да ал жакка барбоону эскерткен. Ал эми Назарет шаары коопсуз болгондуктан, Жусуп Исаны Кудайдын чыныгы кызматчысы кылып чоңойто алмак (Мт. 2:19—22; 13:55; Лк. 2:39, 52).

Кыязы, Жусуп Иса башкаларга асмандагы жашоого жол ачканга чейин эле көз жумган көрүнөт. Ошондуктан ал жерде тирилгендердин арасында болот. Көптөрүбүз аны менен жолуга алабыз жана Иса төрөлгөндөн кийин, Мариям экөө эмне үчүн Бетлехемде калганын кененирээк сурап биле алабыз.