Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Эмне үчүн Жахабадан коркушубуз керек?

Эмне үчүн Жахабадан коркушубуз керек?

«Жахаба Өзүнөн корккондор менен ынак мамиледе» (ЗАБ. 25:14).

8-ЫР: Жахаба — баш маанабыз

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Забур 25:14кө ылайык, Жахаба менен ынак дос болгубуз келсе, эмне кылышыбыз керек?

 КИМДИР БИРӨӨ менен ынак достордон болуш үчүн кайсы сапаттар керек деп ойлойсуңар? Балким, жакшы достор бири-бирин жакшы көрүшү, бири-бирине жөлөк-таяк болушу керек деп жооп береттирсиңер. Бирок достук бекем болуш үчүн коркуу сезими да маанилүү деп эч качан ойлогон эместирсиңер. Анткен менен бул макаланын негизги аятында айтылгандай, Жахаба менен ынак дос болгусу келгендер андан коркушу зарыл. (Окугула: Забур 25:14.)

2 Жахабага канча убактан бери кызмат кылып келатпайлы, баарыбыз тең андан коркушубуз, тагыраак айтканда, аны терең урматташыбыз абзел. Анда Жахабадан коркуу деген эмнени билдирет? Андан коркконду кантип үйрөнө алабыз? Ак сарай кызматчысы Обадиядан, башкы дин кызматчы Жояттан жана Жааш падышадан Кудайдан коркууга байланыштуу эмнелерди билсек болот?

КУДАЙДАН КОРКУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

3. Коркуу сезими бизди эмнелерден сактайт?

3 Кайсы бир нерседен зыян тартып каларыбызды билсек, ошол нерсени кылгандан коркобуз. Ушундай коркуу сезими пайдалуу жана бизге акылдуулук менен иш кылганга жардам берет. Алсак, кулап кетүүдөн корккондуктан асканын кырына өтө жакын барбайбыз. Жаракат алгандан корккондуктан кооптуу жагдайлардан качабыз. Жакшы көргөн досубуз менен болгон мамилебизди бузуп алуудан корккондуктан ага жакпаган нерселерди айтпайбыз же кылбайбыз.

4. Шайтан биздин Кудайдан кантип коркушубузду каалайт?

4 Шайтан адамдардын Жахабадан калтырап-титиреп коркушун көксөйт. Ал биздин Элипаз айткандай ойлорго ишенишибизди каалайт. Элипаз Жахабаны ачуулуу, жазалаганга маш, эч нерсе жактырбаган Кудай деген сыяктуу ойду айткан (Аюп 4:18, 19). Шайтан бизди Жахабадан калтырап-титиреп корко берип ага кызмат кылбай калса экен дейт. Бирок Кудайдан антип коркпошубуз керек. Анткендин ордуна анын жүрөгүн оорутуп албайын деп коркконубуз, аны терең урматтаганды үйрөнгөнүбүз маанилүү.

5. Кудайдан коркуу деген эмнени билдирет?

5 Кудайдан коркуу дегенди туура түшүнгөн киши аны жакшы көрөт, анын жүрөгүн ооруткусу келбейт жана аны менен болгон мамилесин буза турган нерселерден качат. Иса Кудайдан так ушинтип корккон (Евр. 5:7). Ал Жахабадан эч качан калтырап-титиреп корккон эмес (Ыш. 11:2, 3). Тескерисинче, аны бүт жүрөгү менен жакшы көргөн жана дайыма ага баш ийгиси келген (Жкн. 14:21, 31). Исадай болуп, биз да Жахабаны терең урматтап, кастарлайбыз. Анткени ал мээримдүү, акылман, адилеттүү жана кудуреттүү. Ошондой эле Жахабанын бизди абдан жакшы көрөрүн жана анын окутуп-үйрөткөнүнө кандай жооп кайтарганыбыз ага таасир этерин билебиз. Биз кылган иштерибиз менен аны же кайгыртабыз, же кубантабыз (Заб. 78:41; Накыл 27:11).

КУДАЙДАН КОРКУУГА ҮЙРӨНҮҮ

6. Кудайдан коркконго үйрөнүүнүн бир жолу кайсы? (Забур 34:11).

6 Биз Жахабадан коркуу сезими менен төрөлбөйбүз. Андыктан аны өрчүтүшүбүз керек. (Окугула: Забур 34:11.) Мунун бир жолу — жаратылышка байкоо салуу. Кудай жараткан нерселерден анын акылмандыгын, күчүн, бизге болгон сүйүүсүн канчалык көбүрөөк көргөн сайын, аны ошончолук урматтап, ага болгон сүйүүбүз арта берет (Рим. 1:20). Адрейина деген ишенимдешибиз мындай деген: «Жахабанын колунан бүткөн табиятка байкоо салганда анын канчалык акылман Кудай экенине таң берем. Ошонун аркасында мага эмне жакшы болорун ал гана эң мыкты билерине ынанам». Ушинтип ой жүгүртүп турганынын натыйжасында ал мындай жыйынтыкка келген: «Мага өмүр берген Жахаба менен болгон мамилеме эч бир нерсенин терс таасир этишин каалабайм». Ушул жумада Жахаба жараткан кайсы бир нерсе тууралуу ой жүгүрткөнгө убакыт бөлө аласыңарбы? Эгер ушинтип ой жүгүртүп турсаңар, Жахабага болгон сүйүүңөр күчтөнүп, аны мурункудан да көбүрөөк урматтап каласыңар (Заб. 111:2, 3).

7. Тиленүү Жахабага болгон коркуу сезимин кандайча өрчүтөт?

7 Кудайдан коркконго үйрөнүүнүн дагы бир жолу — дайыма тиленүү. Канчалык көп тиленсек, Жахабаны ошончолук жакшыраак таанып-биле беребиз. Кыйынчылыктарды көтөргөнгө күч сурап тиленген сайын, анын канчалык кудуреттүү экенин эсибизге салабыз. Уулунун биз үчүн кылган жакшылыгына ыраазычылык билдирген сайын, Жахабанын бизди канчалык жакшы көрөрүн эске салып турабыз. Кайсы бир көйгөйдү чечишин сурап, Жахабадан жалбарганыбыз анын акылмандыгы зор экенин унутпаганга көмөк кылат. Ушинтип тиленсек, ага болгон кастарлоо сезимибиз өсөт. Ошондой эле аны менен болгон мамилебизди талкалай турган иштерден качканга күч берет.

8. Жахабаны урматтабай калбаш үчүн эмне кылыш керек?

8 Ыйык Китепте жакшы да, жаман да адамдар тууралуу жазылган. Ыйык Китепти изилдеп жатканда: «Алардан эмнелерге үйрөнө алам?» — деп ойлонсок, Жахабаны дайыма терең урматтайбыз. Келгиле, ошондой адамдардын үчөөнө токтололу. Алгач Ахап падышанын ак сарай башчысы Обадия тууралуу, андан соң башкы дин кызматчы Жоят тууралуу сүйлөшөлү. Ал экөө тең Жахабага ишенимдүү кызмат кылган. Акырында Жүйүт падышасы Жааштын катасынан кандай сабак алсак болорун билебиз. Ал башында Жахабага ишенимдүү кызмат кылса да, кийин аны таштап кеткен.

КУДАЙДАН КОРККОН ОБАДИЯГА ОКШОП, КАЙРАТТУУ БОЛГУЛА

9. Жахабадан корккону Обадияга кандай киши болгонго жардам берген? (1 Падышалар 18:3, 12).

9 Ыйык Китепте биринчи жолу Обадия b тууралуу айтылганда: «Обадия Жахабадан абдан корккон киши эле»,— делет. (Окугула: 1 Падышалар 18:3, 12.) Кудайдан коркконунун аркасында Обадия кандай киши болгон? Чү дегенде эле, чынчыл, ишенимдүү киши болгон. Ошондуктан падыша ага үйүндөгүлөрүнө кам көрүүнү тапшырып, аны башчы кылып дайындаган. (Салыштыр: Некемия 7:2.) Ошондой эле Кудайдан корккону ага кайраттуу болгонго жардам берген. Дал ушул сапат ага абдан керек болгон. Анткени «ал Жахабанын алдында жаман иштерди кылып, өзүнөн мурункулардын баарынан ашып түшкөн» Ахап падыша башкарган учурда жашаган (1 Пад. 16:30). Андан тышкары, Ахаптын Баалга сыйынган Изабел деген аялы Жахабаны абдан жек көргөн. Ошол себептен ал түндүк падышалыкта чыныгы сыйынууну жок кылууну көздөгөн. Ал атүгүл Кудайдын көп пайгамбарларынын көзүн тазалаган (1 Пад. 18:4). Ооба, Обадия Жахабага оор учурда кызмат кылган.

10. Обадиянын кайраты таштай катуу экени эмнеден көрүнгөн?

10 Обадиянын кайраттуулугу таштай катуу экени эмнеден көрүнгөн? Изабел каныша Кудайдын пайгамбарларын жер үстүнөн жексен кылам деп издеп жүргөндө, Обадия 100 пайгамбарды аман алып калган. Ал «50 кишиден үңкүрлөргө жашырып, нан-суу менен камсыз кылып турган» (1 Пад. 18:13, 14). Эгер Изабел билип калса, Обадияны жөн калтырбайт болчу. Албетте, Обадия биздей эле пенде болгондуктан, өмүрүнөн айрылгысы келген эмес. Бирок ал Жахабаны жана ага кызмат кылгандарды абдан жакшы көргөндүктөн алар үчүн өмүрүн бергенге да даяр болгон.

Ишибизге тыюу салынганына карабай бир тууганыбыз кайраттуулук менен ишенимдештерине рухий тамакты жеткирүүдө (11-абзацты карагыла) d

11. Кантип Обадиядай боло алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Бүгүнкү күндө Жахабанын көптөгөн кызматчылары ишибизге тыюу салынган жерлерде жашашат. Ал сүйүктүү ишенимдештерибиз бийликтегилерге урмат көрсөтөт. Бирок, Обадиядай болуп, Жахабага толук берилгендигин сакташат (Мт. 22:21). Алар Кудайдан корккондуктан биринчи кезекте ага баш ийишет (Элч. 5:29). Ошол себептен алар жакшы кабар айтууну токтотушпайт жана жыйналыштарды жашыруун өткөрө беришет (Мт. 10:16, 28). Ошондой эле ишенимдештеринин Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаганга шарт түзгөн нерселердин баары болуп турушуна талыкпай кам көрүшөт. Африканын бир канча жыл бою ишибизге тыюу салынган өлкөсүндө жашаган Генринин мисалына токтололу. Ишибизге тыюу салынган маалда Генри ишенимдештерине адабияттарды жеткирип турууга өз ыктыяры менен макул болгон. Ал мындай деп жазган: «Мен өзүмдү кайраттуумун деп деле эсептебейм. Андыктан Жахабаны кастарлаганым мени ошол учурда күч-кайратка толтурган деп ишенимдүү түрдө айта алам». Силер да Генридей кайраттуу боло аласыңарбы? Эгер Кудайдан корксоңор, сөзсүз боло аласыңар!

БАШКЫ ДИН КЫЗМАТЧЫ ЖОЯТТАЙ БОЛУП, БЕРИЛГЕНДИГИҢЕРДИ САКТАГЫЛА

12. Башкы дин кызматчы Жояттын жана анын аялынын Жахабага берилген экени кандайча көрүнгөн?

12 Башкы дин кызматчы Жоят Жахабадан корккон киши болгон. Ошондуктан ал Кудайга берилгендик сактаган жана чыныгы сыйынууну жан-дили менен колдогон. Бул жүйүт падышалыгынын тактысын мыйзамсыз түрдө тартып алган Изабелдин кызы Аталеянын учурунда айкын болгон. Эл Аталеядан коркуп жашачу. Анткени ал абдан ырайымсыз аял болгон. Бийликке ушунчалык жутунгандыктан падыша тукумун — өзүнүн эле неберелерин — кырып салган (2 Жылн. 22:10, 11). Анткен менен алардын бири — Жааш — тирүү калган. Аны Жояттын аялы Жехошабет аман алып калган. Ал күйөөсү экөө баланы бир канча жыл жашырып, аны чоңойтушкан. Ушундайча Жоят менен Жехошабет Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалардын жок болуп кетпешине шарт түзүшкөн. Жоят Жахабага берилгендигин сактап, Аталеядан корккон эмес (Накыл 29:25).

13. Жааш 7ге чыкканда Жоят Жахабага берилген адам экенин дагы бир ирет кантип көрсөткөн?

13 Жааш 7ге чыкканда Жоят Жахабага берилген киши экенин дагы бир ирет көрсөткөн. Ал бир иш ойлонуштурган. Эгер иши оңунан чыкса, Жааш Дөөтүнүн мыйзамдуу мураскору катары падыша болмок. Оңунан чыкпай калса, Жоят өмүрү менен кош айтышмак. Жахабанын батасы менен ал иш ийгиликтүү ишке ашкан. Жоят жүз башылардын жана лебилердин колдоосу менен Жаашты падыша кылып майлап, Аталеяны өлтүрткөн (2 Жылн. 23:1—5, 11, 12, 15; 24:1). Андан кийин ал «алар Жахабанын эли болушу үчүн, Жахаба менен падышанын жана элдин ортосунда келишим түзгөн» (2 Пад. 11:17). Ошондой эле «кайсы бир себептен улам таза эмес болуп калган киши кирип кетпеши үчүн, Жахабанын үйүнүн дарбазасына дарбазачыларды койгон» (2 Жылн. 23:19).

14. Жахаба Жоятты кантип урматтаган?

14 Ошондон бир нече кылым мурун Жахаба: «Мени урматтаганды урматтайм»,— деп айткан. Жахаба Жоятка ушундай кылган (1 Шем. 2:30). Мисалы, ал башкы дин кызматчынын жакшы иштерин биздин пайдабыз үчүн Ыйык Китепке жаздырып койгон (Рим. 15:4). Кийин Жоят көз жумганда ага өзгөчө урмат көрсөтүлгөн. «Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына, падышалар коюлган жерге коюшкан». «Анткени ал Ысрайылда чыныгы Кудай үчүн жана анын үйү үчүн жакшы иштерди жасаган» (2 Жылн. 24:15, 16).

Башкы дин кызматчы Жояттай болуп, Жахабаны терең урматтасак, ишенимдештерибизди берилгендик менен колдойбуз (15-абзацты карагыла) e

15. Жоят жөнүндөгү билдирүүдөн эмнелерге үйрөнө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

15 Жоят жөнүндөгү окуя баарыбызга Жахабадан коркуу сезимин өрчүткөнгө жардам берет. Аксакалдар оторго сак болуп, жыйналышты коргош үчүн колунан келгендин баарын кылып, Жоятты туурай алышат. (Элч. 20:28). Улгайып калгандар, Жояттай болуп, Жахабадан коркуп, ага берилгендигин сактай алышат. Ошентсе, Жахаба өз эркин аткарганга аларды колдонот. Жахаба аларды четке кагып койбойт. Ал эми жаштар Жахабанын Жоятка кылган мамилесинен көп нерсеге үйрөнө алышат. Алар кары-картаң ишенимдештерине, өзгөчө, Жахабага көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткандарына урмат-сый менен мамиле кылып, аны туурай алышат (Накыл 16:31). Андан тышкары, баарыбыз тең Жоятты колдогон жүз башылар менен лебилерден да үлгү ала алабыз. Ан үчүн, келгиле, жетекчиликти колго алгандарга баш ийип, аларды берилгендик менен колдойлу (Евр. 13:17).

ЖААШКА ОКШОШУП КАЛБАГЫЛА

16. Жааштын алсыз экени эмнеден көрүнгөн?

16 Жояттын аркасы менен Жааш жакшы падыша болгон (2 Пад. 12:2). Ал жаш кезинде Жахабага жагууга умтулган. Бирок Жояттын көзү өткөндөн кийин, Жааш Жахабадан алыстап кеткен жүйүт төрөлөрүн угуп калган. Кесепети кандай болгон? Өзү да, эл да «ыйык устундар менен буркандарга кызмат кыла баштаган» (2 Жылн. 24:4, 17, 18). Бул Жахабанын жүрөгүн ооруткан. Ошол үчүн ал «аларды өзүнө кайрыш үчүн пайгамбарларды жиберип турган, бирок эл аларды уккан эмес». Атүгүл Жояттын уулу Закарыяга c да кулак каккан эмес. Айта кетчү нерсе, Закарыя Жахабанын пайгамбары жана дин кызматчысы болгондон тышкары, Жааштын жээни болгон. Жааш бир кезде өмүрүн сактап калган Жоят менен Жехошабеттин жакшылыгын эстебей, жүзү каралык менен алардын уулу Закарыяны өлтүргөн (2 Жылн. 22:11; 24:19—22).

17. Жахабадан коркпой калгандан кийин акыры Жааш эмне болгон?

17 Жааш бара-бара Жахабадан коркпой калган жана ошонун залакасын тарткан. Себеби Жахаба: «Мени урматтабаганды басынтам»,— деп айткан (1 Шем. 2:30). Кийин сириялыктардын аз сандагы эле аскери Жааштын көп сандаган аскерин жеңип алган. Жааш өзү да катуу ооруп калган. Сириялыктар кеткенден кийин, Закарыянын каны үчүн Жаашты өзүнүн кызматчылары эле өлтүрүп салган. Ал ыймансыз падышанын сөөгүн «падышалар коюлган жерге койгонго татыксыз»,— деп табышкан (2 Жылн. 24:23—25).

18. Жеремия 17:7, 8ге ылайык, канткенде Жааштай болуп калбайбыз?

18 Жааштын катасынан кандай сабак алсак болот? Ал терең тамыр албаган, кулап калбашы үчүн жыгач менен сүйөп койгон көчөткө окшош болгон. Жыгач жок болуп калганда, башкача айтканда, Жоят көз жумгандан кийин, Жааш чындыктан четтегендердин шамалына туруштук бере албай, жыгылып калган. Бул мисал Жахабаны ишенимдештерибиз же үйдөгүлөрүбүз жакшы үлгү көрсөткөнү үчүн эле урматтаганыбыз туура эмес экенин көрсөтүп турат. Рухий жактан кулап калбаш үчүн Кудайга болгон берилгендигибизди чыңдап, аны терең урматтай бергенге жеке өзүбүз аракет кылышыбыз зарыл. Ан үчүн Ыйык Китепти дайыма изилдеп, ой жүгүрүп жана тиленип турганыбыз маанилүү. (Окугула: Жеремия 17:7, 8; Кол. 2:6, 7.)

19. Жахаба бизден эмнени талап кылат?

19 Негизи, Жахаба бизден көп нерсени талап кылбайт. Ал бизден эмнени күтөрү Насаатчы 12:13тө жакшы айтылган. Ал жерде: «Чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул»,— делет. Эгер Кудайдан корксок, келечектеги кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз жана Обадия менен Жоятка окшоп, Жахабага болгон берилгендигибизден жазбайбыз. Ошондо Жахаба менен болгон достугубузду эч нерсе буза албайт.

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

a Ыйык Китепте «коркуу» деген сөз кеңири мааниде колдонулат. Контекстке жараша ал сөз калтырап-титиреп коркуу, урматтоо же кастарлоо деген сөздөр менен берилет. Бул макалада кайраттуу болууга жана асмандагы Атабызга берилгендик менен кызмат кылууга жардам берген коркуу сезимин кантип өрчүтсөк болору талкууланат.

b Бул Обадия пайгамбар эмес. Обадия пайгамбар бир нече кылым кийин жашаган жана өзүнүн аты менен аталган Ыйык Китептеги китепти жазган.

c Матай 23:35те Закарыянын Берехиянын уулу экени айтылат. Ыйык Китептеги башка кишилердей эле, Жояттын эки аты болгон. Же, сыягы, Берехия Закарыянын чоң аталарынан же чоң-чоң аталарынан болгон көрүнөт.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишибизге тыюу салынган өлкөдө жашаган бир тууганыбыз ишенимдештерин рухий тамак менен камсыз кылууда. (Ойдон чыгарылган жагдай).

e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Карындашыбыз улуураак эжеден телефон менен кабар айтканды үйрөнүп жатат; улуураак ишенимдешибиз эр жүрөктүк менен эл көп жерде кабар айтып жакшы үлгү көрсөтүп жатат; тажрыйбалуу бир тууганыбыз Падышалык залын кантип тейлеш керек экендигин үйрөтүп жатат.