Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

Канткенде Жахабанын чатырында түбөлүккө конок боло алабыз?

Канткенде Жахабанын чатырында түбөлүккө конок боло алабыз?

«Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат?» (ЗАБ. 15:1).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Жахаба менен болгон достугубузду бекем сакташ үчүн эмне талап кылынарын жана анын досторуна кандай мамиле кылышыбыз керектигин карап чыгабыз.

1. Забур 15:1—5-аяттарды карап чыкканыбыздын кандай пайдасы бар?

 БУГА чейинки макаладан билгенибиздей, Жахабанын чатырында конок болгубуз келсе, өмүрүбүздү ага арнашыбыз жана аны менен болгон мамилебизди ынак сакташыбыз керек. Бул үчүн эмне кылышыбыз керек? 15-забурда бул тууралуу кененирээк айтылат. (Окугула: Забур 15:1—5.) Ал жактан Жахаба менен ынак болуш үчүн эмнелерди кылсак болорун биле алабыз.

2. Дөөтү ыйык чатыр жөнүндө айтканда эмнени элестетсе керек?

2 15-забур: «Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат? Ыйык тооңдо ким жашай алат?» — деген сөздөр менен башталат (Заб. 15:1). Дөөтү Жахабанын «чатыры» деп айтканда бир канча убак бою Гибондо турган ыйык чатырды элестетсе керек. Ошондой эле «ыйык тоо» деп Иерусалимдеги Сион тоосун айтса керек. Дөөтү Гибондун түштүгүнөн 10 километрдей алыстыкта чатыр тигип, ал жакка келишим сандыгын койгон. Сандык ибадаткана курулганга чейин ошол жерде турган (2 Шем. 6:17).

3. 15-забурду карап чыкканыбыздын кандай пайдасы бар? (Сүрөттү да карагыла.)

3 Ысрайылдыктардын көбү ыйык чатырда эч качан кызмат кыла алмак эмес. Ал эми келишим сандыгы турган жерге тандалгандар гана кире алчу. Анткен менен Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын баары анын каймана маанидеги чатырында конок болуп, аны менен ынак достордон боло алышкан. Биз да ушуну эңсеп келебиз. 15-забурда Жахаба менен ынак достордон болуш үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүшүбүз керектиги айтылат.

Дөөтүнүн замандаштары Жахабанын чатырында конок болуу деген эмнени билдирерин айкын түшүнүшкөн (3-абзацты карагыла)


КЫНТЫКСЫЗ ЖҮРҮҮ ЖАНА АДИЛ ИШ КЫЛУУ

4. Жахабанын коногу болуш үчүн чөмүлгөнүбүз эле жетиштүүбү? (Ышая 48:1).

4 Забур 15:2де Жахабанын досторунун «кынтыксыз жүрөрү», «адил иш кылары» айтылган. «Жүрүү» жана «кылуу» деген этиштер дайыма улана бере турган, токтобой турган иш-аракетти билдирет. Бирок чынында эле «кынтыксыз жүрө» алабызбы? Ооба. Жеткилең эмес болсок да, Жахабага баш ийиш үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, ал бизди кынтыксыз деп эсептейт. Өмүрүбүздү Кудайга арнап, чөмүлгөнүбүздө Жахабанын жолуна түшкөн болобуз. Белгилей кетчү нерсе, байыркы учурда кимдир бирөө ысрайылдык болсо эле, Кудайдын чатырында конок боло алмак эмес. Айрымдар Жахабага сыйынса да, «чындык, адилдик боюнча» жашаган эмес. (Окугула: Ышая 48:1.) Ал эми чындап Жахабанын коногу болгусу келгендер анын талаптары жөнүндө билиши жана аларга карманышы керек болчу. Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да Атабызга жагыш үчүн чөмүлүп, анын эли менен болгонубуз эле жетишсиз. Биз дайыма «адил иш кылганга» умтулушубуз керек. Муну кантип кылсак болот?

5. Жахабага бардык учурда баш ийүү деген өз ичине эмнелерди камтыйт?

5 Жахаба үчүн «кынтыксыз жүрүү, адил иш кылуу» деген жыйналыштарга барып туруудан да көптү билдирет (1 Шем. 15:22). Биз ага бардык учурда, атүгүл жалгыз калганда да баш ийишибиз керек (Накыл 3:6; Нас. 12:13, 14). Жадагалса майда-чүйдө нерселерде да Кудайга баш ийгенибиз аябай маанилүү. Ушинтсек, Жахабаны чындап жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз. Ал да бизди ого бетер жакшы көрө берет (Жкн. 14:23; 1 Жкн. 5:3).

6. Еврейлер 6:10—12-аяттарга ылайык, мурун кылган иштерибизден да эмне көбүрөөк маанилүү?

6 Жахаба биздин ал үчүн мурун кылган иштерибизди жогору баалайт. Бирок ошол иштерибиз үчүн эле анын чатырында конок бойдон кала албайбыз. Бул Еврейлер 6:10—12-аяттардан айкын көрүнүп турат. (Аяттарды окугула.) Жахабанын жакшы иштерибизди унутпай турганы чын. Анткен менен ал «аягына чейин» ага чын жүрөктөн кызмат кылышыбызды каалайт. «Алсырап эле калбасак», Кудай бизге сөзсүз сыйлык берет. Тагыраак айтканда, биз менен түбөлүккө дос болот (Гал. 6:9).

ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ ЧЫНДЫКТЫ СҮЙЛӨӨ

7. Жүрөгүбүздө чындыкты сүйлөө деген эмнени билдирет?

7 Жахабага жагып, анын чатырында конок болгусу келгендер «жүрөгүндө чындыкты сүйлөшү» керек (Заб. 15:2). Бул өз ичине калп айтпагандан да көптү камтыйт. Атабыз биздин бардык учурда, бардык жагынан чынчыл болушубузду каалайт (Евр. 13:18). Бул абдан маанилүү. «Анткени Жахаба арамзадан жийиркенет, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот» (Накыл 3:32).

8. Эмнеден качышыбыз керек?

8 «Жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн» киши өзү жалгыз кезде Кудайдын мыйзамдарын бузуп, башкалардын көзүнчө аткарымыш болбойт (Ыш. 29:13). Ал арамзалыктан качат. Арамза киши Жахабанын осуяттарынын тууралыгына шектене башташы мүмкүн (Жкп. 1:5—8). Анан өзүнө анча маанилүү эместей көрүнгөн учурларда аларды бузушу ыктымал. Эгер ал ишинин кесепетин тартпай турганын түшүнсө, мурункудан да көбүрөөк буза башташы этимал. Жахабага андайлар жакпайт (Нас. 8:11). Алардан айырмаланып, биз бардык жагынан чынчыл болгубуз келет.

9. Исанын Натанаел менен биринчи жолу жолукканда айткан сөздөрүнөн эмнени биле алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Исанын Натанаел менен биринчи жолу жолукканда айткан сөздөрүнөн жүрөгүбүздүн таза болушу абдан маанилүү экенин биле алабыз. Филип досу Натанаелди Исага ээрчитип келгенде кызыктуу бир нерсе болгон. Иса Натанаелди мурун көрбөсө да: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул»,— деп айткан (Жкн. 1:47). Албетте, Иса башка шакирттеринин да чынчыл экенин билген. Бирок Натанаелдин бул жагынан өзгөчөлөнүп турарын көргөн. Натанаел биздей эле пенде болчу. Бирок анын ичинде эч кандай арам ою, кытмырлыгы болгон эмес. Иса анын ушунусуна суктанып, аны мактаган. Иса биз жөнүндө да ушинтип айтса, аябай сүйүнмөк болушубуз керек.

Филип Натанаелди ээрчитип келгенде, Иса анын куулук-шумдугу жок экенин айткан. Ал биз жөнүндө да ошентип айтат беле? (9-абзацты карагыла)


10. Эмнеден сак болушубуз керек? (Жакып 1:26).

10 15-забурда көбүнчө башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектиги айтылат. Забур 15:3тө айтылгандай, Жахабанын чатырында конок болгондор «тили менен эч кимге жалаа жаппайт, жакынына кыянаттык кылбайт, досун жамандабайт». Мындай нерселер башкаларга чоң зыян алып келиши жана бизди Жахабанын коногу болгонго татыксыз кылып коюшу ыктымал. (Окугула: Жакып 1:26.)

11. Жалаа жабуу деген эмнени билдирет жана ошонусу үчүн өкүнбөгөндөр эмне болот?

11 Забурчу жалаа жаппашыбыз керектигин өзгөчө баса белгилеген. Жалаа жабуу деген эмнени билдирет? Жалпылап айтканда, бул кимдир бирөөнүн кадыр-баркын түшүрүш үчүн атайылап калп айтууну билдирет. Башкаларга жалаа жапканы үчүн өкүнбөгөндөр жыйналыштан чыгарылат (Жер. 17:10).

12, 13. Кандай жагдайларда өзүбүз байкабай эле кимдир бирөөлөрдү жамандап алышыбыз мүмкүн? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Забур 15:3тө Жахабанын достору жакындарына кыянаттык кылбай турганы, аларды жамандабай турганы айтылат. Бул өз ичине эмнелерди камтышы мүмкүн?

13 Кээде өзүбүз байкабай эле башкаларды жамандап алышыбыз мүмкүн. Мисалы мындай жагдайлар болушу ыктымал: 1) бир эже толук убакыттагы кызматын токтотот, 2) жубайлар Бейтелде кызмат кылбай калат жана 3) кайсы бир ишенимдешибиз аксакал же кызмат жардамчысы болбой калат. Алар туура эмес иш кылып алганы үчүн ушундай болуп калды го деп божомолдоп, башкаларга айтканыбыз туура болот беле? Жок, анткени эмне үчүн ошондой болгонунун биз билбеген көптөгөн себептери болушу этимал. Анын үстүнө, Жахабанын чатырында конок болгондор «жакынына кыянаттык кылбайт, досун жамандабайт» (Заб. 15:3).

Башкалар жөнүндө терс нерселерди айткандарыбыз бат эле ушакка айланып кетиши мүмкүн (12, 13-абзацтарды карагыла)


ЖАХАБАДАН КОРККОНДОРДУ УРМАТТОО

14. «Бузуку адамдарды четке кагуу» деген эмнени билдирет?

14 Забур 15:4тө Жахабанын достору «бузуку адамдарды четке кагары» айтылган. Кимдин бузуку экенин кантип билсек болот? Жеткилеңсиз болгондуктан кимдин бузуку экенин так аныктай албайбыз. Эмне үчүн? Анткени биз өзүбүзгө жаккандарга тартылып, кыжырыбызды келтиргендерден качабыз. Ушундай сезимдерден улам туура эмес жыйынтык чыгарып алышыбыз мүмкүн. Ошол себептен Жахаба «бузуку адам» деп эсептегендерден гана оолак болушубуз керек (1 Кор. 5:11). Бул жаман иштери үчүн өкүнбөгөндөрдү, ишенген нерселерибизди сыйлабаган же Жахаба менен болгон мамилебизди атайылап бузгусу келгендерди билдирет (Накыл 13:20).

15. Жахабадан корккондорду урматтоонун бир жолу кайсы?

15 Забур 15:4тө андан ары «Жахабадан корккондорду урматташыбыз» керектиги жазылган. Ошондуктан: «Канткенде Жахабанын досторун урматтап-сыйлап, аларга жакшылык кыла алам?» — деп изденебиз (Рим. 12:10). Кантип? Мунун бир жолу тууралуу ушул эле аятта: «Ал. . . өзү зыян тартса да, берген антын бузбайт»,— деп жазылган. Сөзүбүзгө турбасак, башкалардын көңүлүн оорутабыз (Мт. 5:37). Алсак, Жахаба конокторунан жубайына берген антына бек турушун күтөт. Ошондой эле ата-энелердин балдарына берген убадасын аткарганга аракет кылып жатканын көргөндө, ал сүйүнөт. Кудайыбызды жана жакындарыбызды сүйгөндүктөн айтканыбызды аткарганга бүт күчүбүздү жумшайбыз.

16. Жахабанын досторун урматтоонун дагы бир жолу кайсы?

16 Кудайдын досторун урматтоонун дагы бир жолу — меймандос жана берешен болуу (Рим. 12:13). Ишенимдештерибиз менен чогуу убакыт өткөрсөк, Жахаба менен да, алар менен да болгон достугубуз бекемделет. Мындан тышкары, меймандос болсок, Жахабаны туурайбыз.

АКЧАНЫ СҮЙҮҮДӨН АЛЫС БОЛУУ

17. 15-забурда эмне үчүн акча жөнүндө да сөз кылынган?

17 Андан ары Жахабанын коноктору жөнүндө: «Акчасын үстөк алыш үчүн бербейт, айыпсызды айыпка жыгыш үчүн пара албайт»,— деп айтылат (Заб. 15:5). 5 эле аяттан турган ушул забурда эмне үчүн акча жөнүндө да сөз кылынган? Анткени акчаны сүйүп алсак, Жахаба менен жана башкалар менен болгон достугубузду талкалайбыз (1 Тим. 6:10). Байыркы учурда айрым ысрайылдыктар колунда жок жакынына акчасын үстөк алыш үчүн берчү. Кээ бир соттор болсо пара алып, айыпсызды айыпка жыгышчу. Мындай иштер Жахаба үчүн жийиркеничтүү (Жез. 22:12).

18. Акчага карата көз карашыбызды билиш үчүн эмне деп ойлонуп көрсөк болот? (Еврейлер 13:5).

18 Ар бирибиз акчага кандай карай турганыбызды талдап турганыбыз зарыл. Ан үчүн минтип ойлонуп көрсөк болот: «Акча жөнүндө жана ага эмне сатып ала алам деп эле ойлоно бербейминби? Карыз алсам бергенге шашамбы же карыз берген кишиге азырынча кереги жок деп жүрө беремби? Акчам бар деп өзүмдү кыйын сезбеймби? Ошондон улам зыкым болуп бараткан жокмунбу? Ишенимдештеримди колунда бар болгон үчүн эле дүнүйөкор деп соттой бербеймби? Жакшы тургандар менен достошуп, колунда жокторду теңиме албай койбоймунбу?» Өзүбүздү ушинтип текшерип турганыбыз абдан маанилүү. Анткени Жахабанын коногу болуу — чоң сыймык. Ушундай сыймыктан кол жууп калбашыбыз үчүн акчаны сүйүп албашыбыз керек. Ошондо Жахаба бизди эч качан таштабайт. (Окугула: Еврейлер 13:5.)

ЖАХАБА ДОСТОРУН ЖАКШЫ КӨРӨТ

19. Эмне үчүн Жахаба 15-забурда жазылгандарды аткарышыбызды каалайт?

19 15-забур: «Ушундай адам эч качан олку-солку болбойт»,— деген сөздөр менен аяктайт (Заб. 15:5). Муну менен забурчу бир маанилүү ойду баса белгилеген: Жахаба биздин бактылуу болушубузду каалагандыктан ушунун баарын аткарышыбызды талап кылат. Жахабанын айткандарын аткарсак, бакытка бөлөнүп жашайбыз жана көп балээден алыс болобуз (Ыш. 48:17).

20. Жахабанын коноктору эмнеге үмүттөнүшөт?

20 Жахабанын коноктору жаркын келечекке үмүттөнө алышат. Алсак, ишенимдүү майлангандар асманга барып, Иса даярдаган орундарга отурушат (Жкн. 14:2). Ал эми жерде жашаганга үмүттөнгөндөр Аян 21:3төгү убадалардын аткарылышын көргөнгө куштар. Жахаба бизди чатырында түбөлүккө конок болгонго чакырып жатат. Бул биз үчүн баа жеткис сыймык!

39-ЫР: Кудайдын алдында жакшы атка ээ бололу