«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Май, 2017
Бул санда 2017-жылдын 3-июлунан 30-июлуна чейинки изилдөө макалалары камтылат.
Келгиндерге Жахабага кубанычтуу кызмат кылууга жардам берели
Жахабаны таанып-биле элек качкындарга жакшы кабарда канткенде ийгиликтүү жеткире алабыз?
Келгиндер балдарына кантип жардам бере алышат?
Эгер башка жактан келген ата-эне болсоңор, балдарыңарга Жахаба жөнүндө билүүгө канткенде жакшы жардам бере аласыңар? Башкалар бул жагынан кантип көмөк көрсөтө алышат?
ӨМҮР БАЯН
Дүлөй болгонум башкаларды окутууга тоскоол болгон жок
Кулагы укпаса да, Уолтер Маркин Жахабага кызмат кылуунун аркасында жашоосу маңыздуу болуп, бактылуу күндөрдү өткөрүп келет.
Сүйүүңдү муздатпа
1-кылымдагы Машаяктын жолдоочуларынын айрымдары алгачкы сүйүүсүн муздатып алышкан. Жахабага болгон сүйүүбүздү бекем сактаганга эмне жардам берет?
«Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?»
Иса Симон Петирге эмнени биринчи коюуга байланыштуу баалуу кеңеш берген. Биз да ошол кеңешке ылайык иш кылабызбы?
Гай ишенимдештерине кантип жардам берген?
Гай ким болгон жана эмне үчүн биз андан үлгү алгыбыз келет?
Жөнөкөй жашоо кубаныч тартуулайт
Бир жубайларга жашоосун жөнөкөйлөтүүгө эмне түрткү берген? Ан үчүн алар эмне кылышкан? Чыгарган чечими аларга эмне үчүн кубаныч тартуулаган?
БИЗДИН АРХИВДЕН
«Жүрөгүбүздөгү сүйүүбүз, ынтабыз болуп көрбөгөндөй жалындаган»
1922-жылы өткөн жыйындан кийин кандайча Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр «Падышаны жана Падышалыкты жарлагыла» деген чакырыкка ылайык иш кылышкан?