Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Дүлөй болгонум башкаларды окутууга тоскоол болгон жок

Дүлөй болгонум башкаларды окутууга тоскоол болгон жок

Мен 1941-жылы 12 жашымда чөмүлгөм. Бирок 1946-жылга дейре Ыйык Китептеги чындыкты толук түшүнгөн эмесмин. Мунун себебин айтып берейин.

1910-ЖЫЛДАРЫ ата-энем Тбилисиден (Грузия) Канаданын батышындагы Саскачеван провинциясынын Пелли деген кыштагына жакын жерге көчүп барып, фермада жашап калышыптыр. Мен 1928-жылы туулгам, алты баланын эң кичүүсүмүн. Атам мен төрөлгөндөн 6 ай мурун, апам болсо ымыркай кезимде каза болуп калыптыр. Ал эми Люси деген улуу эжем 17 жашында эле жарык дүйнө менен кош айтышты. Ошондон кийин Ник таякем мени жана башка бир туугандарымды асырап алды.

Бир жолу там-туң басып калган кезимде үйүмдөгүлөр фермадагы бир жылкынын, болгондо да, айгырдын куйругунан тартып жатканымды көрүп калышыптыр. Айгыр тээп жиберет деп корккондуктан алар мага кыйкырышыптыр, бирок мен кебелип да койбоптурмун. Мен ары карап тургам, алардын кыйкырганын уккан да эмесмин. Бактыга жараша, айгыр мени тепкен жок. Бирок ошол күнү үй-бүлөм менин дүлөй экенимди билишиптир.

Үй-бүлөбүздүн досу мени дүлөй балдар окуган мектепке жөнөтүүнү сунуш кылды, ошондуктан Ник таякем мени Саскачевандагы Саскатун шаарында жайгашкан дүлөй балдардын мектебине киргизди. Ошентип, биздин үйдөн бир нече сааттык алыстыкта жайгашкан мектепке жеткирилдим. 5 эле жашта болгондуктан аябай коркком. Үйгө майрамдарда же жайкы каникулда эле барчумун. Бирок бара-бара жаңдоо тилин үйрөнүп, балдар менен ойноп жыргап калдым.

ЧЫНДЫКТЫ ТААНЫП-БИЛИШИМ

1939-жылы Мэрион деген экинчи эжем Билл Даниилчукка турмушка чыгып, Франсис эжем экөөбүздү багып алышты. Биздин үй-бүлөдөн алар биринчи болуп Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша башташкан. Жайкы каникул учурунда экөө мага Ыйык Китептен окуп-билгендерин түшүндүрүп берүүгө колунан келишинче аракет кылышчу. Ачыгын айтсам, алар менен сүйлөшүү кыйын болчу, анткени жаңдоо тилин билишчү эмес. Ошондой болсо да Жахаба жөнүндө билгендерим мага аябай жагып жатканын байкашчу болуш керек. Алардын кылгандары Ыйык Китепте айтылгандарга шайкеш келерин түшүнчүмүн, ошондуктан алар кабарга чыкканда, кошулуп алчумун. Көп өтпөй чөмүлгүм келе баштады. Ошентип, 1941-жылы 5-сентябрда Билл жездем мени кудуктан алынган суу толтурулган чоң болот идишке чөмүлдүрдү. Суу тим эле муздак болчу!

Кливлендде өткөн жыйында кулагы укпагандар менен, 1946-жыл

1946-жылы жайында үйгө барганымда, Кливлендде (Огайо, АКШ) өткөн жыйынга катыштык. Программаны түшүнүп отурушум үчүн, жыйындын биринчи күнү эжелерим айтылган ойлорду кезектешип кагазга жазып берип жатышты. Бирок экинчи күнү программа жаңдоо тилине которулуп берилип жатканын билип калып, кубанганымды айтпагыла. Акыры, программаны ырахаттанып угуп, Ыйык Китептеги чындыкты айкын түшүнгөнүмө жетине албай сүйүндүм!

БАШКАЛАРГА ЧЫНДЫКТЫ ОКУТУШУМ

Ошол учурда Экинчи дүйнөлүк согуш жаңы эле аяктап, улутчулдук күч алып турган. Мен жыйындан мектепте ишенимимди коргоого чечкиндүү болуп кайттым. Ошондон кийин желекке таазим кылбай, улуттук гимнди ырдабай калдым. Андан тышкары, майрамдарга, чиркөөдөгү милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон кызматтарга катышпай калдым. Андай кылганым мугалимдерге жакпагандыктан, алар оюмду өзгөртүш үчүн мени коркутуп-үркүтүүгө, алдоого аракет кылышты. Классташтарым да уу-дуу болуп жатышты, бирок бул күбөлөндүрүшүмө жакшы шарт түздү. Ларри Андрософф, Норман Диттрик жана Эмил Шнейдер деген классташтарым чындыкты кабыл алышты. Алар Жахабага ушул күнгө чейин ишенимдүү кызмат кылып келишет.

Башка шаарларга барганда кулагы укпагандарга кабар айтууга аракет кылчумун. Бир жолу Монреалдан ошондой адамдар чогулуп турчу жерге барып, Едди Тагер деген жигитке кабар айттым. Ал дүлөйлөрдөн турган бир топтун мүчөсү экен. Ал өткөн жылы көз жумганга чейин Квебек провинциясынын Лаваль шаарындагы жаңдоо тилинде өткөрүлгөн жыйналышта кызмат кылды. Ошондой эле Жон Арданез деген жигитке да жолуктум. Ал, байыркы убактагы бероялыктарга окшоп, Ыйык Китепте жазылгандардын чын-төгүнүн текшериш үчүн кылдат изилдечү (Элч. 17:10, 11). Жон да чындыкты кабыл алып, өмүрү өткүчө Онтарионун Оттава шаарындагы жыйналышта аксакал болуп ишенимдүү кызмат кылды.

1950-жылдардын башында көчөдө кабар айтып жүрөм

1950-жылы Ванкуверге көчүп кеттим. Мага кулагы укпагандарга кабар айткан аябай жагат. Бирок бир жолу көчөдөн кулагы уккан Крис Спайсер деген аялга кабар айтканым такыр эсимден кетпейт. Ал журнал алып турууга жазылып, күйөөсү Гари менен сүйлөшүшүмдү суранды. Ошондуктан алардыкына бардым. Биз сөздөрүбүздү кагазга жазып көпкө чейин «сүйлөшүп» отурдук. Ошол бойдон бири-бирибизди көрбөсөк да, бир нече жылдан кийин Онтарионун Торонто шаарында өткөн жыйында алар мени көп элдин арасынан таанып калышса болобу. Так ошо күнү Гари чөмүлмөк экен. Ошол кызыктуу окуя кабар айта берүүнүн маанилүүлүгүн эсиме салды. Биз чындыктын үрөнү кайсы жерден же качан өнүп чыгарын билбейбиз.

Кийинчерээк кайра Саскатунга көчүп бардым. Ал жерден бир эже менден Жин жана Жуан Ротенбергер деген кулагы укпаган эгиз кыздары менен Ыйык Китепти изилдешимди суранды. Алар мен мурда окуган кулагы укпагандардын мектебинде окуп жүрүшүптүр. Көп өтпөй эле ал кыздар окуп-билгендерин классташтарына айта башташты. Акыр-аягы, алар менен окуган 5 кыз Жахабанын Күбөсү болушту. Алардын бири Юнис Колин болчу. Юнисти биринчи жолу так ошол мектептен жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө жолуктурган элем. Ошондо ал мага момпосуй берип, дос болсок болобу деп сураган болчу. Кийин ал жашоомдогу эң асыл адамым, тагыраак айтканда, жубайым болуп калды.

Юнис менен 1960, 1989-жылдары

Юнистин Ыйык Китепти изилдеп жатканын билгенде апасы мектептин деректирине кайрылып, аны изилдөөсүн токтотууга көндүрүп беришин сураныптыр. Деректир атүгүл анын изилдөөдө колдонгон адабияттарын тартып алыптыр. Бирок Юнис Жахабага ишенимдүү бойдон калууга чечкиндүү болчу. Ал чөмүлгүсү келгенде, ата-энеси: «Эгер Жахабанын Күбөсү болсоң, үйдөн кетесиң!» — дептир. Ошентип, Юнис 17 жашында үйүнөн кетип, аны ошол жердеги Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлө багып алды. Ал изилдөөсүн улантып, кийинчерээк чөмүлдү. 1960-жылы баш кошконубузда, ата-энеси үйлөнүү үлпөтүбүзгө келген жок. Бирок жылдардын өтүшү менен алар эмнелерге ишенерибизди жана балдарыбызды жакшы тарбиялап жатканыбызды түшүнүп, бизди сыйлап калышты.

ЖАХАБА МАГА КАМ КӨРҮП КЕЛЕТ

Уулум Николас менен келиним Дебора Лондондогу Бейтелде кызмат кылышат

Өзүбүз дүлөй болсок да, кулагы уккан жети уулду тарбиялап-өстүрдүк. Бул оңойго турган жок, бирок алар менен жакшы сүйлөшүп, чындык жолунда тарбиялай алышыбыз үчүн аларга жаңдоо тилин үйрөттүк. Жыйналыштагы бир туугандар аябай чоң жардам беришти. Мисалы, бир ишенимдешибиз балдарыбыздын бири Падышалык залында жаман сөз сүйлөп жатканын кагазга жазып көрсөттү. Ошондуктан дароо тийиштүү чара көрө алдык. Уулдарыбыздын төртөө: Жеймс, Жерри, Николас жана Стивен үй-бүлөлөрү менен бирге Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Төртөө тең аксакал. Ошондой эле Николас менен жубайы Дебора Британиядагы филиалда, ал эми Стивен менен жубайы Шаннан Кошмо Штаттардагы филиалда жаңдоо тилиндеги котормо тобунда кызмат кылышат.

Уулдарым Жеймс, Жерри жана Стивен келинчектери менен бирге жаңдоо тилиндеги кабар айтуу ишин ар кандай жолдор менен колдошот

Баш кошконубузга 40 жыл болоруна бир ай калганда, Юнис рактан каза болду. Оору менен күрөшүп жүргөндө ал кайратынан жазган жок. Тирилүүгө болгон ишеними ага зор күч берип турду. Аны менен жолуга турган күндү чыдамсыздык менен күтөм.

Файе менен Жеймс, Жерри менен Эвелин, Шаннан менен Стивен

2012-жылы февралда жыгылып кетип, жоон санымды сындырып алдым. Ошондон улам башкалардын жардамына муктаж болуп калгандыктан бир уулумдукуна көчүп бардым. Биз азыр Калгари жаңдоо тилиндеги жыйналыштабыз, ал жакта аксакал болуп кызмат кылам. Элестетсеңер, бул жыйналышка которулганда өмүрүмдө биринчи жолу жаңдоо тилиндеги жыйналыштын мүчөсү болдум! 1946-жылдан бери англис тилиндеги жыйналышта жүрүп, рухий жактан кантип азыктанып келдим? Жахаба жетимдерге кам көрөм деген убадасын аткарып келди (Заб. 10:14). Айтылгандарды кагазга жазып берген, жаңдоо тилин үйрөнгөн жана колунан келишинче жакшы которуп бергенге аракет кылган бир туугандардын баарына жапатырмак жардам бергени үчүн абдан ыраазымын.

Уолтер Маркин 79 жашында; пионерлердин китебин жана жаңдоо тилиндеги DVDни кармап турат

Чынын айтсам, айтылгандарды түшүнбөгөндүктөн жана кулагы укпагандардын муктаждыктарын башкалар түшүнбөгөндөй сезилгендиктен көңүлүм чөгүп, багынып бергим келген учурлар болгон. Бирок андайда элчи Петирдин: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да»,— деген сөздөрү тууралуу ой жүгүртчүмүн (Жкн. 6:66—68). Көп жылдан бери чындык жолунда жүргөн кулагы укпаган ишенимдештеримдей болуп, чыдамдуулукка үйрөндүм. Жахабага жана анын уюмуна таянганды да үйрөнүп, зор пайда алып жатам. Азыр менин тилимде рухий тамак мол берилүүдө. Ошондой эле Америка жаңдоо тилинде өткөрүлгөн жыйналыштарда, жыйындарда бир туугандар менен баарлашуудан ырахат алам. Ооба, улуу Кудайыбыз Жахабага кызмат кылгандыктан жашоом маңыздуу болуп, бактылуу күндөрдү өткөрүп келем.