Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Ибилиске каршы тургула

Жаштар, Ибилиске каршы тургула

«Ибилистин айла-амалдарына каршы тура алышыңар үчүн, Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдангыла» (ЭФ. 6:11).

ЫРЛАР: 79, 140

1, 2. а) Жаштар каардуу рухий күчтөр менен болгон күрөштө эмне үчүн жеңишке жетүүдө? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

ЭЛЧИ ПАБЫЛ Кудайдын кызматчыларын душман менен жекеме-жеке кармашкан жоокерлерге салыштырган. Албетте, биз сөздүн түз маанисинде эмес, каймана мааниде согушабыз. Бирок душмандарыбыз чындап эле бар. Шайтан менен анын жин-перилери — абдан дасыккан, тажрыйбалуу жоокерлер. Бир караганда, аларды биз такыр жеңе албачудай сезилиши мүмкүн. Ал эми жаштар алардын алдында ого бетер алсыз көрүнүшү ыктымал. Алар адаттан тышкаркы күчкө ээ каардуу рухий жаратууларды жеңе алышабы? Ооба, жеңе алышат, атүгүл жеңип келатышат! Эмне үчүн? Анткени алар «Теңирден күч алышат». Бирок ошону менен эле чектелбестен, согушка ылайыктуу кийинишет. Жакшы үйрөтүлгөн жоокерлердей болуп, алар «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралданышат». (Оку: Эфестиктер 6:10—12.)

2 Рухий куралдарды мисал кылганда Пабыл Рим жоокерлеринин курал-жабдыктарын айткан көрүнөт (Элч. 28:16). Эмесе, ал мисалдын эмне үчүн ылайыктуу экенине токтололу. Муну талкуулап жатканда жаштардын ошол курал-жабдыктардын ар бирин колдонуунун кандай кыйынчылыктары, кандай пайдасы бар экени жөнүндө эмне дегенине көңүл бургула.

Курал-жабдыктарыңар толукпу?

«ЧЫНДЫКТЫ КУРЧАНУУ»

3, 4. Ыйык Китептеги чындык кандайча римдик жоокердин куруна окшош?

3 Оку: Эфестиктер 6:14. Рим жоокеринин куру төрт бурчтуу металлдардан жасалып, белин коргоп турган. Ал соотту кармап тургудай болуп жасалгандыктан, жоокерге сооттун оордугу көп сезилчү эмес. Айрым курлардын канжар менен кылыч тагылган бекем илгичтери да боло турган. Катуу тартылган куру жоокердин согушта өзүн ишенимдүү сезишине өбөлгө түзчү.

4 Ошол сыяктуу эле, Кудайдын Сөзүнөн окуп-билген чындыктар бизди жалган окуулардан коргойт (Жкн. 8:31, 32; 1 Жкн. 4:1). Ал эми ал чындыктарга болгон сүйүүбүз канчалык тереңдесе, «соотубузду» көтөрүү, тагыраак айтканда, Кудайдын адил принциптери боюнча жашоо ошончолук жеңил болот (Заб. 111:7, 8; 1 Жкн. 5:3). Андан тышкары, Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарды айкын түшүнсөк, бекем туруп, аларды душмандардан коргой алабыз (1 Пет. 3:15).

5. Эмне үчүн чындыкты айтышыбыз керек?

5 Ыйык Китептеги чындыкты каймана мааниде бекем курчансак, ага ылайык жашаганга жана дайыма чындыкты айтканга түрткү алабыз. Эмне үчүн калп айтпашыбыз керек? Себеби калп Шайтандын абдан натыйжалуу куралдарынын бири болуп эсептелет. Калп эки тарапка тең: аны айтканга да, ага ишенгенге да зыян алып келет (Жкн. 8:44). Андыктан жеткилеңсиз болгонубузга карабай жалган сүйлөбөгөнгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Эф. 4:25). Бирок бул оңойго турбашы мүмкүн. 18 жаштагы Эбигейл: «Кээ бир учурларда, өзгөчө, калп айтып чыгып кетсе боло тургандай көрүнгөн оор жагдайларда чындыкты айтуунун пайдасы жоктой сезилет»,— дейт. Анда ал эмне үчүн ар убак чындыкты сүйлөгөнгө аракет кылат? «Чындыкты айтканымда Жахабанын алдында абийирим таза болот,— дейт ал.— Ошондой эле ата-энем менен досторум мага ишеним артса болорун билишет». 23 жаштагы Виктория болсо мындай дейт: «Чындыкты айтып, ишенген нерселериңди коргосоң, башкалар сени шылдыңдашы мүмкүн. Бирок ал дайыма зор пайда алып келет: өзүңдү ишенимдүү сезесиң, Жахабага мурдагыдан да жакындайсың жана сени жакшы көргөндөрдүн урмат-сыйына ээ болосуң». Ооба, дайыма «чындыкты курчанып» жүрүүнүн сөзсүз акыбети кайтат!

Чындыкты курчануу (3—5-абзацтарды карагыла)

«АДИЛДИК СООТУН КИЙҮҮ»

6, 7. Кудайдын адил нормалары эмне үчүн соотко салыштырылган?

6 1-кылымдагы Рим жоокерлери кийген сооттун бир түрү бири-биринин үстүнө туурасынан кийгизилген темир тилкелерден турган. Ал тилкелердин ар бири жоокердин эки капталынан бир учу көкүрөк жагын, экинчи учу арка жагын карай ийилип, аларга бекитилген темир илгичтерге өткөрүлгөн булгаары боолор менен бири-бирине байланчу. Жоокердин ийин жагына да ошондой темир тилкелер жабылып, бири-бирине булгаары боолор менен байлана турган. Мындай кийим жоокердин кыймылын кандайдыр бир деңгээлде чектеген жана ал соотунун бекем байланып турган-турбаганын текшерип турушу керек болчу. Бирок бул жабдык анын жүрөгүн жана башка баалуу органдарын кылычтан, жебеден сактаган.

7 Жахабанын каймана жүрөгүбүздү коргогон адил принциптери соотко салыштырылат. Бул кандай гана орундуу! (Накыл 4:23). Жоокер темир соотун андан начарыраак металлдан жасалган соотко алмаштырбагандай эле, биз да Жахабанын нормаларын өзүбүзгө туурадай көрүнгөн нерселерге эч качан алмаштырбайбыз. Жеткилеңсиз болгондуктан, биз жүрөгүбүздү өз акылыбызга таянып коргой албайбыз (Накыл 3:5, 6). Андыктан Жахаба берген «темир сооттун» жүрөгүбүздүн тушунда бекем турган-турбаганын дайыма текшеришибиз керек.

8. Жахабанын нормаларына бекем кармануу эмне үчүн туура?

8 Жахабанын адил нормалары кээде оор жүктөй же эркиндигиңерди чектеп жаткандай сезилеби? 21 жаштагы Дэниел: «Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашаганым үчүн мугалимдерим менен классташтарым мени шылдыңдай беришчү. Ошондон улам өзүмдү ишенимсиз сезип, көңүлүм чөгүп жүрдү»,— дейт. Ага эмне жардам берген? Дэниел мындай деп бөлүшөт: «Акыры, Жахабанын нормаларына кармануу пайдалуу экенин түшүндүм. „Досторумдун“ айрымдары баңгизат колдоно башташты, кээ бирлери болсо мектептен чыгарылып калды. Алардын ошентип калганын көргөндө жаман болдум. Жахаба бизди, чынында эле, коргойт». Ал эми 15 жаштагы Мэдисон: «Курдаштарым кызыктуу же сонун деп эсептеген нерселерге азгырылбай, Жахабанын нормаларына бекем карманыш үчүн күрөшкөнгө туура келет»,— дейт. Мындай кыйынчылыкты ал кантип жеңүүдө? «Жахабанын ысымын алып жүрөрүмдү жана азгырыктын Шайтандын мага каршы багыттаган соккусу экенин эсиме салып турам. Бул күрөштө жеңген сайын, өзүмдү жакшы сезем»,— дейт ал.

Адилдик сооту (6—8-абзацтарды карагыла)

«ТЫНЧТЫК ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАКШЫ КАБАРДЫ ЖАРЫЯЛООГО БОЛГОН ДАЯРДУУЛУКТУ БУТ КИЙИМ КАТАРЫ КИЙҮҮ»

9—11. а) Кудайдын кызматчылары каймана мааниде кандай бут кийим кийишет? б) Жакшы кабарды жарыялоодо өзүбүздү ишенимдүү сезүүгө эмне жардам берет?

9 Оку: Эфестиктер 6:15. Бут кийимин кийбесе, Рим жоокери майданга аттана алмак эмес. Анын сандалга окшогон бут кийими үч кат булгаарыдан жасалгандыктан, абдан бышык болчу. Сапаттуу, ыңгайлуу мындай бут кийимдин аркасында жоокер тайып кетпей, ишенимдүү баса алчу.

10 Кадимки бут кийим Рим жоокерлерине жакшы согушууга жардам берсе, Кудайдын кызматчыларынын каймана маанидеги бут кийими тынчтык жөнүндөгү кабарды жарыялоого көмөк кылат (Ыш. 52:7; Рим. 10:15). Бирок мүмкүнчүлүк пайда болгондо кабар айтыш үчүн кайраттуулук талап кылынат. «Классташтарыма кабар айткандан коркчумун,— дейт 20 жаштагы Бо.— Уялгандыктан ошентчү окшойм. Ошол кезди ойлосом, эмнеге анткенимди билбейм. Азыр болсо өзүм теңдүүлөргө кабар айткандан кубаныч алам».

11 Көп жаштар кабар айтууга жакшы даярданганда өздөрүн ишенимдүүрөөк сезерин байкашкан. Алдын ала кантип даярдансаңар болот? 16 жаштагы Жулия мындай дейт: «Сумкама дайыма адабият салып жүрөм. Анан классташтарымдын ойлорун, эмнеге ишенерин кунт коюп угам. Бул аларга эмне жардам берери жөнүндө ой жүгүртүшүмө көмөк кылат. Жакшы даярданганымда аларга чындап пайда алып келе турган нерсе тууралуу сүйлөшө алам». 23 жаштагы Макензи болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Боорукер болсоң жана көңүл коюп уксаң, курбуларыңдын эмне менен күрөшүп жатканын байкай аласың. Мен жаштар үчүн чыгарылган материалдардын баарын окуп чыкканга аракет кылам. Мунун аркасында курбу-курдаштарымды Ыйык Китептеги же jw.org сайтындагы аларга жардам бере турган кайсы бир маалыматка багыттай алам». Ушул бир туугандардын айтып бергендеринен көрүнүп тургандай, кабар айтууга канчалык жакшы даярдансак, «бут кийимибиз» бутубузга ошончолук жакшы отурат.

Даярдуулукту бут кийим катары кийүү (9—11-абзацтарды карагыла)

«ЧОҢ ИШЕНИМ КАЛКАНЫ»

12, 13. Шайтандын «оттуу жебелеринин» айрымдары кайсылар?

12 Оку: Эфестиктер 6:16. Рим жоокери көтөргөн чоң калкан төрт бурчтуу келип, ийнинен тизесине чейин жаап турчу. Бул аны кылычтан, найзадан, жебелерден коргогон.

13 Шайтандын «оттуу жебелеринин» айрымдарына Жахаба жөнүндөгү жалган ойлор, мисалы, ал сага кам көрбөйт, сени сүйбөйт деген терс ойлор кирет. 19 жаштагы Ида өзүн эч нерсеге татыксыз сезе берет. Ал: «Жахаба менден алыс, мени менен дос болгусу келбейт деген ойлор көп келчү»,— дейт. Ида мындай терс сезимдер менен кантип күрөшөт? «Жолугушуулар ишенимимди бир топ бекемдейт,— дейт ал.— Мурун жыйналышка барганда менин айткандарымды эч ким деле уккусу келбейт болуш керек деп ойлоп, жооп бербей отура берчүмүн. Азыр болсо жолугушууларга даярданып барып, эки-үч жолу жооп бергенге аракет кылам. Бул оңой эмес, бирок жооп бергенден кийин кубанып калам. Бир туугандар да мени абдан бекемдешет. Жыйналыштан кийин дайыма Жахабанын мени жакшы көрөрүнө ынанып кайтам».

14. Иданын айтып бергендери кайсы чындыкты баса белгилеп турат?

14 Иданын айтып бергендери маанилүү чындыкты баса белгилеп турат: жоокерге берилген кадимки калкандын көлөмү өзгөрчү эмес, ал эми биздин ишеним калканыбыз же кичирейиши же чоңоюшу мүмкүн. Бул өзүбүздөн көз каранды (Мт. 14:31; 2 Тес. 1:3). Андыктан ишенимибизди бекемдей бергенибиз кандай гана маанилүү!

Чоң ишеним калканы (12—14-абзацтарды карагыла)

«КУТКАРЫЛУУ ТУУЛГАСЫ»

15, 16. Үмүт кандайча туулгага окшош?

15 Оку: Эфестиктер 6:17. Римдик жөө аскердин туулгасы башын, моюнун, жүзүн душмандын соккусунан коргогон. Айрым туулгалардын кармоочу бар болгондуктан, жоокер аны чечип, колуна кармап да алчу.

16 Туулга жоокердин мээсин коргогон сыңары, «куткарылуу үмүтү» акылыбызды, ой жүгүртүү жөндөмүбүздү коргойт (1 Тес. 5:8; Накыл 3:21). Үмүт Кудайдын убадаларынан көзүбүздү албаганга жана кыйынчылыктарга туура маанай менен караганга жардам берет (Заб. 27:1, 14; Элч. 24:15). Бирок «туулгабыз» бизди чындап коргошу үчүн, аны колубузга кармап албай, ар убак кийип жүрүшүбүз керек.

17, 18. а) Шайтан туулгабызды чечтирүү үчүн эмнелерди кылышы мүмкүн? б) Шайтандын азгырыгына каршы турарыбызды кантип көрсөтөбүз?

17 Шайтан туулгабызды чечтирүүгө кантип аракет кылышы мүмкүн? Анын Исаны кантип азгырганын карап көрөлү. Шайтан Исага келечекте адамзатты башкарууга бийлик берилгенин билген. Бирок Иса, ал үмүтү орундалышы үчүн, Жахаба белгилеген убакытты күтүшү керек болчу. Ага чейин азап чегип, өлүшү керек эле. Шайтан болсо Исага ошол үмүтүн эртерээк ишке ашырууну сунуш кылган. Ал Исага эгер ага бир эле жолу сыйынып койсо, анын баарына ошол замат ээ болорун айткан (Лк. 4:5—7). Анын сыңарындай, Шайтан Жахабанын бизге жаңы заманда көп нерселерге ээ болорубузду убада кылганын жакшы билет. Бирок ал убак келгенге чейин күтүшүбүз керек. Балким, оор кыйынчылыктарга да кабылышыбыз мүмкүн. Шайтан бизди ошондой жашоого азыр жетүүгө азгырыш үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Ал материалдык нерселерди биринчи орунга коюп, ошонун баарына азыр ээ болууга умтулушубузду, Падышалыкты болсо экинчи орунга коюшубузду каалайт (Мт. 6:31—33).

18 Кудайдын көптөгөн жаш кызматчыларындай эле, 20 жаштагы Киана Шайтандын айла-амалдарына алданган эмес. «Көйгөйлөрүбүздүн баарын Кудайдын Падышалыгы гана чечерин билем»,— дейт ал. Буга бекем үмүттөнгөнү анын ой жүгүртүүсүнө жана иш-аракеттерине кандай таасир этүүдө? Киана мындай деп кошумчалайт: «Бейиште жашоого үмүттөнгөнүм рухийлик менен байланышы жок максаттарды биринчи орунга койбогонго жардам берет. Мен шык-жөндөмдүүлүктөрүмдү өрчүтүүгө же мансап шатысы менен жогору көтөрүлүүгө умтулбайм. Анын ордуна, убактымды, күчүмдү рухий максаттарга жетүүгө жумшайм».

Куткарылуу туулгасы (15—18-абзацтарды карагыла)

«РУХТУН КЫЛЫЧЫ» — КУДАЙДЫН СӨЗҮ

19, 20. Кудайдын Сөзүн чебер колдонуу жагынан канткенде жакшыра алабыз?

19 Пабыл өзүнүн катын жазган убактарда римдик жөө аскердин кылычынын узундугу 50 сантиметрдей болчу жана душман менен жекеме-жеке чабышканга колдонулчу. Рим жоокерлеринин кыйын салгылашканынын бир себеби алар кылычы менен күн сайын машыгышчу.

20 Пабыл Жахабанын бизге берген Сөзүн кылычка салыштырган. Биз аны ишенимибизди коргоодо же ой жүгүртүүбүздү оңдоодо чебердик менен колдонгонго үйрөнүшүбүз керек (2 Кор. 10:4, 5; 2 Тим. 2:15). Бул жагынан чеберчилигиңерди кантип арттыра аласыңар? 21 жаштагы Себастиан: «Ыйык Китептен окуган ар бир бөлүмдөн бирден аят жазып алам. Жакшы көргөн аяттарымды тизмелеп жүрөм. Мунун аркасында ой жүгүртүүмдүн Жахабаныкына шайкеш болуп баратканын сезем»,— дейт. Ал эми жогоруда сөз кылынган Дэниел мындай деп бөлүшөт: «Ыйык Китепти окуп жатканымда кызматта жолуктурган адамдарга жардам берет деп ойлогон аяттарды тандап алам. Башкалар Ыйык Китепти жакшы көрөрүңдү жана аларга жардам бериш үчүн колуңдан келгендин баарын кылып жатканыңды көргөндө кабарды жакшыраак угушарын байкадым».

Рухтун кылычы (19, 20-абзацтарды карагыла)

21. Эмне үчүн Шайтан менен жин-перилерден коркууга себеп жок?

21 Бул макалада айтылып өткөн жаш ишенимдештерибиздин сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Шайтан менен анын жин-перилеринен коркууга себеп жок. Алар күчтүү болсо да, жеңилгис эмес. Ошондой эле түбөлүк жашабайт. Алар жакында Машаяктын миң жылдык башкаруусунун убагында толугу менен иш-аракетсиз абалда болушат, андан кийин биротоло жок кылынышат (Аян 20:1—3, 7—10). Биз душманыбызды, анын айла-амалдарын жана максатын жакшы билебиз. Андыктан Жахабанын жардамы менен ага каршы тура алабыз!