Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бул дүйнөнүн акылмандыгына» алданбагыла

«Бул дүйнөнүн акылмандыгына» алданбагыла

«Бул дүйнөнүн акылмандыгы — Кудайдын көз алдында акылсыздык» (1 КОР. 3:19).

98-ЫР: Жазма Кудайдын жетеги менен жазылган

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кудайдын Сөзүндө жазылгандар бизге кандай пайда алып келет?

ЖАХАБА Улуу Насаатчыбыз болгондуктан, кандай гана кыйынчылык болбосун, аны жеңе алабыз (Ыш. 30:20, 21). Анын Сөзүндө жазылгандардын баары бизге «ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болгонго» жардам берет (2 Тим. 3:17). Аларга ылайык жашасак, «бул дүйнөнүн акылмандыгын» жактагандардан алда канча акылдуу болобуз (1 Кор. 3:19; Заб. 119:97—100).

2. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Бул макаладан биле турганыбыздай, дүйнөнүн акылмандыгы көп учурда денелик каалоолорубузду канааттандырууга басым жасайт. Ошондуктан бул дүйнөдөгү адамдардын ой жүгүртүүсү менен иштеринин таасирине каршы туруу оңой болбошу мүмкүн. Ыйык Китепте: «Сак болгула, кимдир бирөө... адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын»,— деп жазылган (Кол. 2:8). Анда эмесе, көптөрдүн Шайтан чыгарган эки калпка кантип ишенип калышканын карап чыгалы. Алардын ар бирин талкуулап жатканда бул дүйнөнүн акылмандыгы эмне себептен акылсыздык экенине жана Кудайдын Сөзүндөгү акылмандык дүйнө сунуштаган бардык нерселерден канчалык жогору турарына токтолобуз.

АДЕП-АХЛАКТЫККА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТЫН ӨЗГӨРҮШҮ

3, 4. 20-кылымдын башында Кошмо Штаттарда көптөр адеп-ахлактуулукка кандай карай баштаган?

3 20-кылымдын башында Кошмо Штаттарда адамдардын адеп-ахлактуулукка болгон көз карашы аябай өзгөргөн. Ага чейин көптөр никеде тургандар гана жыныстык мамиледе болуш керек жана бул жөнүндө элдин көзүнчө талкуулаганга болбойт деп эсептешчү. Кийин мындай көз караш таптакыр өзгөрүп, адеп-ахлаксыздык кеңири жайыла баштаган.

4 1920—1929-жылдары көптөрдүн жүрүм-туруму, жыныстык мамиле жөнүндөгү түшүнүгү кыйла өзгөргөн. Бул тууралуу бир изилдөөчү: «Кинотасмаларда, театр оюндарында, ырларда, романдарда, жарнамаларда — баарында адеп-ахлаксыздык көп камтыла баштаган»,— деп айткан. Ошол он жылдын ичинде ыпылас каалоолорду ойготкон бийлер, кийимдер көбөйгөн. Ооба, Ыйык Китепте акыркы күндөрдө адамдардын ырахатты болуп көрбөгөндөй деңгээлде сүйөрү алдын ала айтылган болчу (2 Тим. 3:4).

Жахабанын эли дүйнөнүн төмөндөп бараткан адеп-ахлак нормаларына ылайыкташпайт (5-абзацты карагыла) *

5. 1960-жылдардан тартып дүйнөдө адеп-ахлак нормаларына болгон көз караш кандайча өзгөргөн?

5 1960-жылдары никеге турбай эле чогуу жашоо, гомосексуализм, ажырашуу боло жүргөн нерсеге айланган. Көңүл ачуу тармагында жыныстык мамилелер мурдагыдан ачыгыраак көрсөтүлүп калган. Адеп-ахлак нормаларынын төмөндөгөнү канчалык залакалуу болгону акыркы он жылдыктарда көп жагынан сезилүүдө. Мисалы, бир жазуучу белгилегендей, адеп-ахлак нормаларынын баркка алынбаганы коомго терс таасир этүүдө. Анын кесепетине үй-бүлөлөрдүн бузулушу, жалгыз бой ата-энелердин, жан дүйнөсү жаралангандардын, порнографиянын тузагына түшүп калгандардын көбөйүшү жана башка ушул сыяктуу нерселер кирет. ЖИКС (СПИД) сыяктуу жыныстык жол менен жугуучу оорулардын кулач жайып баратканы — бул дүйнөнүн акылмандыгы, чынында, акылсыздык экенин көрсөткөн бир эле далил (2 Пет. 2:19).

6. Дүйнөдөгүлөрдүн жыныстык мамилеге болгон көз карашы эмне үчүн Шайтандын чырагына май тамызууда?

6 Азыркы дүйнөдөгүлөрдүн жыныстык мамилеге болгон көз карашы Шайтандын чырагына май тамызууда. Жыныстык мамиле жана нике Кудайдын белеги болуп эсептелет. Адамдардын аларды туура эмес колдонуп жатканын көргөндө Шайтандын төбөсү көккө жете кубанары шексиз (Эф. 2:2). Жыныстык адеп-ахлаксыздыктын торуна түшкөндөр Жахаба берген тукум улоо белегин тебелеп-тепсегенден тышкары, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калышат (1 Кор. 6:9, 10).

АДЕП-АХЛАКТУУЛУККА КУДАЙ КАНДАЙ КАРАЙТ?

7, 8. Жыныстык мамиле жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандар эң туура деп эмне үчүн айта алабыз?

7 Бул дүйнөнүн акылмандыгын жактагандар Кудай бекиткен адеп-ахлак нормаларын сындап, аларга кармануу мүмкүн эмес деп айтышат. Андай адамдар: «Кудай бизди жыныстык каалоолор менен жаратып туруп, кайра аларды аткарууга тыюу салмак беле?» — деши мүмкүн. Буга алардын адам ар бир каалоосун канааттандырышы керек деп ойлогону себеп болот. Бирок Кудайдын көз карашы таптакыр башкача. Анын Сөзүндө каалаган нерсебиздин баарын аткара бербей, туура эмес каалоолорубузду ооздуктай аларыбыз айтылат (Кол. 3:5). Андан тышкары, жыныстык каалоолор туура жол менен канааттандырылышы үчүн, Жахаба никени белек катары берген (1 Кор. 7:8, 9). Ойноштук кылгандар көп учурда кийин бармагын тиштеп калышат же жан дүйнөсүнө бүлүк түшөт. Ал эми никеде турган эркек менен аял жыныстык мамиледен чындап ырахат ала алат.

8 Бул дүйнөнүн акылмандыгынан айырмаланып, Ыйык Китеп жыныстык мамилеге карата туура көз карашта болууга үндөйт. Анда жыныстык мамиленин ырахат тартуулай турганы айтылат (Накыл 5:18, 19). Ошол эле учурда: «Ар бириңер өз денеңерди ыйык сактап, сый тутуп, башкара билгиле, Кудайды билбеген башка элдерге окшоп, ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбегиле»,— деп эскертилет (1 Тес. 4:4, 5).

9. а) 20-кылымдын башында Жахаба элине Ыйык Китепте камтылган акылмандыкка жетектелүүгө кантип жардам берген? б) 1 Жакан 2:15, 16да кандай даанышман кеңеш жазылган? в) Римдиктер 1:24—27-аяттарда саналып өткөн кайсы иштерден оолак болушубуз керек?

9 20-кылымдын башында Жахабанын эли «уят-сыйытты жыйыштырып» койгондордун терс таасирине алдырган эмес (Эф. 4:19). Алар Жахабанын нормаларына бек карманууга умтулушкан. «Күзөт мунарасынын» 1926-жылы 15-майда чыккан санында: «Эркек же аял, өзгөчө, карама-каршы жыныстагы адам менен мамилелешкенде, ойлогон ою да, кылган иши да таза, адептүү болушу керек»,— деп жазылган. Тегерегиндегилер кандай иштерди кылбасын, Жахабанын кызматчылары Ыйык Китепте камтылган акылмандыкка жетектелишкен. (Окугула: 1 Жакан 2:15, 16.) Ыйык Китептеги кеңештер үчүн кандай гана ыраазыбыз! Ошондой эле Жахабага, дүйнөнүн адеп-ахлактыкка карата болгон көз карашын сиңирип албашыбыз үчүн, бизге өз убагында рухий тамак берип жатканына да абдан ыраазыбыз! * (Окугула: Римдиктер 1:24—27.)

ӨЗҮН ӨЗҮ СҮЙҮҮГӨ КАРАТА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТЫН ӨЗГӨРҮШҮ

10, 11. Ыйык Китепте акыркы күндөр жөнүндө эмне делген?

10 Ыйык Китепте акыркы күндөрдө адамдардын «өзүн өзү сүйөрү» алдын ала айтылган (2 Тим. 3:1, 2). Андыктан дүйнөдө өзүмчүлдүктүн күч алып жатканы таң калыштуу эмес. Бир энциклопедияда жазылгандай, 1970-жылдары ийгиликке жетүүгө байланыштуу кеңештер камтылган толгон токой китептер жарык көргөн. Алардын айрымдары окурмандарды өзүн жакшыраак билип, кандай адам болсо, ошондой бойдон калууга, оңдой турган бир да кемчилигим жок деп ойлоого үндөгөн. Маселен, ошол китептердин биринде: «Өзүңдү сүй, анткени сен тарыхтагы эң сулуу, суктантарлык, эң эле кадырлуу адамсың»,— деп жазылган. Ошондой эле анда окурмандарга жеке динин түзүп алуу, башкача айтканда, өзүн кандай алып жүрүүнү абийирине жана маданиятындагы өзү туура көргөн мыйзамдарга ылайык чечүү кеңеш кылынган.

11 Мындай ой силерге тааныш угулган жокпу? Шайтан Обо энени ушу сыяктуу иш кылууга үндөгөн. Ал ага «жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларын» айткан (Башт. 3:5). Бүгүнкү күндө көптөр өздөрү жөнүндө ушунчалык жогору ойдо болгондуктан аларга эч ким, атүгүл Кудай да эмне туура, эмне туура эмес экенин үйрөтпөшү керек деп ойлошот. Бул, айрыкча, алардын никеге карата болгон көз карашынан айкын көрүнүп турат.

Кудайдын кызматчылары башкалардын, өзгөчө, өмүрлүк жарынын жыргалчылыгын биринчи орунга коюшат (12-абзацты карагыла) *

12. Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү никеге кандай карайт?

12 Ыйык Китепте күйөөлөр менен аялдар бири-бирин баалоого жана баш кошкондо берген убадасына турууга чакырылат. Андагы: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деген сөздөр жубайларга бири-бирин эч качан таштабашы керектигин эскертип турат (Башт. 2:24). Ал эми бул дүйнөнүн акылмандыгына жетектелгендер таптакыр башка көз карашты жакташат. Алар жубайлардын ар бири биринчи кезекте өзүн ойлошу керек дешет. Ажырашуу жөнүндөгү бир китепте: «Кээ бир үйлөнүү үлпөттөрүндө никелешүү убадасындагы „өмүр сүрүп жүргөн бардык күндөрүбүздө“ деген сөздөрдү „бири-бирибизге болгон сүйүүбүз өчкүчө“ деп өзгөртүп коюшкан»,— деп жазылган. Никеге карата болгон ушундай бурмаланган көз караштан улам канчалаган үй-бүлөлөр кыйрап, канчалаган адамдардын жүрөгү сыздап жатат. Мындан дүйнөнүн нике жөнүндөгү көз карашы таптакыр туура эмес экени айкын болууда.

13. Жахабанын бой көтөргөн кишиден жийиркенгенинин бир себеби эмнеде?

13 Ыйык Китепте: «Жүрөгүндө бой көтөргөн киши Жахаба үчүн жийиркеничтүү»,— делет (Накыл 16:5). Жахаба бой көтөргөндөрдөн эмне үчүн жийиркенет? Мунун бир себеби өзүн өтө эле сүйгөндөр жана башкаларды да ошого үндөгөндөр Шайтандын текебердигин чагылдырат. Элестетсеңер, Шайтан Исаны — Кудайдын жандуу-жансыздын баарын жаратууга катышкан Уулун — ага таазим кылып, сыйынышы керек деп ойлогон (Мт. 4:8, 9; Кол. 1:15, 16). Өзү жөнүндө аябай жогору ойдо болгондордун иш-аракеттери бул дүйнөнүн акылмандыгы Кудайдын көз алдында акылсыздык экенин айдан ачык кылууда.

ӨЗҮН ӨЗҮ СҮЙҮҮГӨ КУДАЙ КАНДАЙ КАРАЙТ?

14. Римдиктер 12:3төгү сөздөр өзүбүзгө карата тең салмактуу көз карашта болууга кандайча жардам берет?

14 Ыйык Китепте жазылгандар бизге өзүбүзгө карата тең салмактуу көз карашта болууга жардам берет. Андан өзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде сүйгөнүбүздүн эч жаман жери жок экенин билебиз. Мисалы, Иса Машаяктын: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген сөздөрү өзүбүзгө тийиштүү түрдө кам көрүшүбүз керектигин көрсөтүп турат (Мт. 19:19). Бирок Ыйык Китепте өзүбүздү башкалардан өйдө көрбөшүбүз керектиги айтылат. Анда: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деп жазылган (Флп. 2:3; окугула: Римдиктер 12:3).

15. Ыйык Китептеги өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болбоого карата берилген кеңештерди эмне үчүн туура деп эсептейсиңер?

15 Бүгүнкү күндө көптөр, анын ичинде акылдуу, билимдүү деп эсептелген кишилер Ыйык Китептеги өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болбоого карата берилген кеңештерди акылсыздык деп эсептешет. Андай адамдар: «Эгер башкаларды өзүңдөн жогору көрсөң, алар башыңа чыгып алып, сени каалагандай калчашат»,— деши мүмкүн. Бирок көптөрдүн Шайтандын дүйнөсүнүн таасирине алдырып, өзүн эле ойлогону кандай натыйжа берүүдө? Тегерек-четтеги адамдардан эмнени байкап жатасыңар? Керт башынын кызыкчылыгын ойлогондор бактылуу жашап жатабы? Алардын үй-бүлөсү бактылуубу? Алардын чыныгы достору барбы? Кудай менен ынак мамиледеби? Көргөндөрүңөрдөн улам кандай жыйынтык чыгарат элеңер: дүйнөнүн акылмандыгына жетектелүү жакшы натыйжа береби же Кудайдын Сөзүндөгү акылмандыкка жетектелүүбү?

16, 17. Жахабага кайсы нерселер үчүн ыраазы болсок болот жана эмне үчүн?

16 Дүйнөдө акылман деп эсептелген кишилердин айтканы боюнча иш кылгандар өзүнө окшоп адашып жүргөн башка саякатчыдан жол сураган саякатчыга окшош. Иса өзүнүн күндөрүндөгү «акылдуу» адамдар тууралуу: «Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт»,— деп айткан (Мт. 15:14). Ооба, бул дүйнөнүн акылмандыгы — Кудайдын көз алдында акылсыздык.

Кудайдын кызматчылары өмүрүн ага кызмат кылып өткөргөнүнө кубанышат (17-абзацты карагыла) *

17 Ыйык Китептеги даанышман кеңештер дайыма «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тим. 3:16). Жахабага өзүнүн уюму аркылуу бизди бул дүйнөнүн акылмандыгынан коргоп жатканы үчүн кандай гана ыраазыбыз! (Эф. 4:14). Ал берип жаткан рухий тамак бизге анын Сөзүндөгү нормаларга бекем карманууга күч берет. Ыйык Китептеги өзгөрбөс акылмандыкка жетектелгенибизге кандай гана сыймыктанабыз!

54-ЫР: «Мына жол»

^ 5-абз. Бул макала Жахаба гана дайыма туура жетекчилик берерине болгон ишенимибизди бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле дүйнөнүн акылмандыгына жетектелүү кесепеттүү экенин, ал эми Кудайдын Сөзүндөгү акылмандыкка жетектелүү чоң пайда алып келерин түшүнүүгө көмөк кылат.

^ 9-абз. Карагыла: «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 1-том, 24—26-бөлүмдөр жана 2-том, 4, 5-бөлүмдөр.

^ 50-абз. СҮРӨТ. Жахабанын Күбөсү болгон жубайлардын жашоосундагы айрым учурлар көрсөтүлдү. Ал жубайлар 1960-жылдардын аяк ченинде кабар айтуу ишине катышып жатышат.

^ 52-абз. СҮРӨТ. 1980-жылдары күйөөсү ооруп жаткан аялына кам көрүүдө; кызы апасын кучактап турат.

^ 54-абз. СҮРӨТ. Бүгүнкү күндө ал жубайлар сүрөттөрүн карап, Жахабага кылган кызматындагы жагымдуу учурларды эскерүүдө. Жанында кызы, күйөө баласы жана небереси отурат.