Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жемиштүү изилдөө жүргүзүүгө умтулалы!

Жемиштүү изилдөө жүргүзүүгө умтулалы!

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (ФЛП. 1:10).

35-ЫР: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдайлы»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эмне себептен айрымдардын изилдөө жүргүзүүгө алы калбай калат?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ жашоого акча табыш үчүн кара жанды карч уруп иштөөгө туура келүүдө. Көптөгөн ишенимдештерибиз үй-бүлөсүн эң зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн керели кечке иштешет. Башкалары жумушуна барып келгенге күн сайын бир канча саатын коротсо, дагы бирөөлөрү үй-бүлөсүн багуу үчүн оор жумуштарды аткарышат. Албетте, андай бир туугандарыбыз кечинде суй жыгыла чарчашат. Ошондуктан көптөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө алы калбай калат.

2. Силер кайсы убакта изилдейсиңер?

2 Анткен менен биз Кудайдын Сөзүн жана ага негизделген адабияттарды изилдөөгө, болгондо да, кылдат изилдөөгө убакыт табышыбыз керек. Себеби бул Жахаба менен ынак мамиледе болушубуз жана келечекте түбөлүк өмүр сүрүшүбүз үчүн абдан зарыл (1 Тим. 4:15, 16). Айрымдар үйү тынч, мээси эс алып, чарчабай турган кезде изилдөө жүргүзүү үчүн күн сайын эртең менен эрте турушат. Башкалары рухий тамак менен азыктанып, ой жүгүртүүгө кечкисин тынчыраак убакта бир нече мүнөт бөлүшөт.

3, 4. Рухий тамактын көлөмүнө байланыштуу кандай өзгөрүүлөр киргизилди жана эмне үчүн?

3 Изилдөө жүргүзүүгө убакыт бөлүү маанилүү экенине силердин да кошуларыңар шексиз. Бирок эмнени изилдешибиз керек? Балким: «Окуй турган нерселер ушунчалык көп болгондуктан, баарын окуп жетишүү кыйын болуп жатат»,— деп бушайман болуп жаткандырсыңар. Кээ бир ишенимдештерибиз Ыйык Китепке негизделген адабияттардын, видеотасмалардын бардыгын окуганга, көргөнгө үлгүрүп жатса да, көптөрү үчүн бул оңойго турбайт. Муну Жетектөөчү Кеңеш да жакшы билет. Ошондуктан жакында эле кагаз түрүндөгү жана сайтыбыздагы материалдардын санын азайтууну чечти.

4 Айталы, жүрөк козгогон окуялардын көбү jw.org® сайтына жана ай сайынкы телеберүүгө чыгып тургандыктан, «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби» азыр чыкпай калды. Андан сырткары, жалпыга арналган «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдары жылына үч эле жолу жарык көрө баштады. Мындай өзгөртүүлөр сыйынууга байланышы жок иштерге көбүрөөк убактыбыз болушу үчүн эмес, маанилүү иштерге тийиштүү түрдө көңүл бурушубуз үчүн жасалды (Флп. 1:10). Анда эмесе, эмне маанилүү экенин чечүүгө жана Ыйык Китепти изилдөөдөн толук пайда алууга эмнелер жардам берерин карап көрөлү.

ЭМНЕЛЕРДИ ИЗИЛДӨӨ МААНИЛҮҮ?

5, 6. Кайсы адабияттарды кылдат изилдешибиз зарыл?

5 Биринчи кезекте эмнени изилдешибиз керек? Ар бирибиз күн сайын Кудайдын Сөзүн изилдөөгө сөзсүз убакыт табышыбыз зарыл. Азыр иш күндөрүндөгү жолугушуунун программасында жума сайын окуганга Ыйык Китептен азыраак бөлүм берилип калды. Мунун аркасында окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүүгө жана кошумча изилдөө жүргүзүүгө көбүрөөк убактыбыз болууда. Биздин максатыбыз берилген бөлүмдөрдү жөн эле окуп коюу эмес. Биз Ыйык Китепте камтылган кабардын жүрөгүбүзгө таасир этип, Жахаба Кудайга жакындоого түрткү беришин каалайбыз (Заб. 19:14).

6 Дагы эмнелерди кылдат изилдешибиз керек? «Күзөт мунарасын» изилдөөгө, жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүнө жана иш күндөрүндөгү жолугушуулардын башка бөлүктөрүнө жакшы даярданып, берилген материалды терең изилдешибиз кажет. Ошондой эле «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарынын ар бир санын окуганыбыз маанилүү.

7. Сайтыбызга жана JW телеберүүсүнө чыккан материалдардын баарын окуганга, көргөнгө жетишпей жатсак, эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

7 Мүмкүн: «Анда сайтыбыздагы видеолор менен макалаларчы? JW телеберүүсүнө чыккан маалыматтарчы? Алардын баарына кантип жетишем?» — деп ойлонуп жатсаңар керек. Буга байланыштуу мындай мисал карап көрөлү. Кээ бир кафелерде, кардарлар өздөрү салып алышы үчүн, узун үстөлдүн үстүнө ар түркүн тамак-аштарды коюп коюшат. Албетте, кардарлар алардын бардыгын жей албайт. Ошондуктан бир нечесин эле тандап алышат. Анын сыңарындай, электрондук түрдөгү материалдардын ар бирин окуганга же көргөнгө жетишпей жатсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Алыңардын жетишинче аракет кыла бергиле. Келгиле, эми изилдөө деген эмнени билдирерин жана андан канткенде көбүрөөк пайда ала аларыбызды талкуулайлы.

ИЗИЛДӨӨ КҮЧ-АРАКЕТТИ ТАЛАП КЫЛАТ

8. «Күзөт мунарасын» кантип изилдесе болот жана ушинтип изилдегенден кандай пайда аласыңар?

8 Изилдөө деген берилген материалды бат-баттан окуп, жооптордун астын чийип коюуну эле билдирбейт. Ал окуп жаткан нерсеге бүт дитибизди коюп, андан маанилүү ойлорду табууга аракет кылууну билдирет. Маселен, «Күзөт мунарасын» изилдөөгө даярданып жатканда адегенде макаланын кириш сөзүн окугула. Анан макаланын, бөлүмчөлөрдүн аталышын, кайталоо үчүн берилген суроолорду окуп, ой жүгүрткүлө. Андан соң макаланы шашпай, кунт коюп окугула. Адатта, ар бир абзацтын биринчи сүйлөмү абзацта эмне жөнүндө сөз жүрөрүн, кандай ойлор талкууланарын билүүгө жардам берет. Ошондой сүйлөмдөргө өзгөчө көңүл бургула. Макаланы окуп жатканда ар бир абзацтын бөлүмчөнүн аталышы менен жана макаланын жалпы темасы менен кандайча байланышып турары жөнүндө ойлонгула. Өзүңөр үчүн жаңы болгон жана дагы тереңирээк изилдеп көргүңөр келген сөздөрдү, ойлорду белгилеп алгыла.

9. а) «Күзөт мунарасын» изилдеп жатканда аяттарга эмне үчүн өзгөчө көңүл бурушубуз керек жана аны кантип кылсак болот? б) Жашыя 1:8де жазылгандай, аяттарды окугандан тышкары дагы эмне кылышыбыз зарыл?

9 «Күзөт мунарасын» изилдегенде, чынында, Ыйык Китепти изилдеген болобуз. Андыктан аяттарга, айрыкча, «окугула» деп берилген аяттарга өзгөчө көңүл бургула. Аяттардагы негизги сөздөр же сөз айкаштары абзацтагы ойду кандайча бышыктап турарын аңдаганга аракет кылгыла. Андан тышкары, окуган аяттар жана алардагы ойлорду жашооңордо кантип колдонсоңор болору жөнүндө терең ой жүгүрткүлө. (Окугула: Жашыя 1:8.)

Ата-энелер, балдарыңарга изилдөө жүргүзгөндү үйрөткүлө (10-абзацты карагыла) *

10. Еврейлер 5:14кө ылайык, эмне үчүн ата-энелер үй-бүлөлүк изилдөө учурунда балдарына изилдөө жүргүзгөндү да үйрөтүшү керек?

10 Ата-энелердин үй-бүлөлүк изилдөөнү жума сайын балдарына кызыктуу болгудай кылып өткөрүүнү каалаары шексиз. Алар үй-бүлөсү менен чогуу эмнени изилдешерин дайыма алдын ала ойлонуштурушу керек болсо да, жума сайын Ыйык Китепке негизделген драма коюуга же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди уюштурууга өздөрүн милдеттүү сезбеши керек. Кээде үй-бүлөлүк изилдөө учурунда JW телеберүүсүн көрүшүңөр, Нух пайгамбардын кемесин жасашыңар же дагы башка кызыктуу нерселерди кылышыңар мүмкүн. Анткен менен балдарга изилдөө жүргүзгөндү үйрөтүү да маанилүү. Алсак, алар жыйналыш жолугушууларына даярданганды, мектептен туш болгон кыйынчылыгы же кимдир бирөө берген суроо боюнча изилдөө жүргүзгөндү үйрөнүшү керек. (Окугула: Еврейлер 5:14.) Эгер алар ыйык китептик темаларды изилдегенге үйдөн убакыт бөлүшсө, жыйналыш жолугушууларында жана жыйындарда айтылгандарга, өзгөчө, видео көрсөтүлбөгөн бөлүктөрүнө көңүл топтоо оңоюраак болот. Бир отурганда канча убакыт изилдесе болорун ата-энелер балдарынын жашына, кулк-мүнөзүнө жараша чечишет.

11. Биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга өз алдынча изилдөө жүргүзгөндү үйрөткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

11 Биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандар да изилдөө жүргүзгөндү үйрөнүшү керек. Башында алардын ыйык китептик изилдөөгө же жыйналышка даярданганда жоопторду чийип алганына эле сүйүнөбүз. Бирок аларга өз алдынча кантип маңыздуу изилдөө жүргүзсө болорун үйрөтүшүбүз зарыл. Эгер ошентсек, алар кыйынчылыкка кабылганда шак эле башка жарчылардан эмне кылыш керектигин сурап кирбей, биздин адабияттарды изилдеп, өздөрүнө керектүү кеңештерди таба алышат.

КАНДАЙ МАКСАТТЫ КӨЗДӨШ КЕРЕК?

12. Изилдөө жүргүзгөндө кандай максаттарды көздөшүбүз мүмкүн?

12 Эгер силерге изилдеген жакпаса, изилдөө жүргүзгөндөн эч качан кубаныч ала албайм деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок андай эмес. Башында аз эле убакыт изилдегиле. Анан изилдөөгө арнаган убактыңарды акырындап көбөйтө бергиле. Изилдөө учурунда кандай максатты көздөп жатканыңарды унутпагыла. Албетте, баарыбыздын эң башкы максатыбыз Жахабага барган сайын жакындай берүү болуш керек. Бирок кээде көйгөйүбүздү чечүү үчүн же кимдир бирөө берген суроого жооп табуу үчүн изилдөө жүргүзөбүз.

13. а) Мектепте окуган ишенимдешибиз көз карашын башкаларга түшүндүрүш үчүн эмне кылса болот? б) Колосалыктар 4:6дагы кеңешти кантип колдоно аласыңар?

13 Мисалы, сен мектепте окуйсуң дейли. Классташтарыңдын баары туулган күндү белгилешет. Балким, аларга эмне үчүн туулган күндү белгилебей турганыңды Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп бергиң келип, бирок бул колуңдан келбечүдөй сезилип жаткандыр. Көз карашыңды түшүндүрө алышың үчүн изилдөө жүргүзүшүң керек. Изилдеп жатканда мындай эки максатты көздөсөң болот: 1) туулган күндү белгилөө Кудайга жакпай турганына болгон ишенимиңди бекемдөө; 2) чындыкты жакшылап түшүндүрүп берүүгө үйрөнүү (Мт. 14:6—11; 1 Пет. 3:15). Адегенде: «Классташтарым туулган күндү өткөрүүгө байланыштуу кандай себептерди айтышат?» — деп ойлонуп көр. Анан адабияттарыбызды колдонуп терең изилдөө жүргүз. Ошондо көз карашыңды түшүндүрүү сен ойлогончолук оор эмес экенин байкашың мүмкүн. Көптөр туулган күндү элдин баары белгилейт деп ойлогондуктан эле белгилешет. Эгер изилдөөнүн аркасында башкалар менен бөлүшө турган бир же эки ой тапсаң, чындап кызыккандыктан суроо бергендерге канааттандырарлык жооп бере аласың. (Окугула: Колосалыктар 4:6.)

КЫЗЫГУУБУЗДУ АРТТЫРУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛСАК БОЛОТ?

14—16. а) Ыйык Жазмадагы силер анча жакшы билбеген китеп тууралуу көбүрөөк билүү үчүн эмне кылсаңар болот? б) Абзацта келтирилген аяттар Амос китебин жакшыраак түшүнгөнгө кандайча жардам берет? (« Ыйык Китептеги инсандарды канчалык жакшы билесиңер?» деген кутучаны да карагыла.)

14 Жыйналыштан пайгамбарлык китептерге кирген кыска китептердин бири талкууланганы жатат дейли. Бирок силер ал китепти анча жакшы билбейсиңер. Эң алгач, анда эмнелер жөнүндө жазылганына болгон кызыгууңарды арттырганыңар маанилүү. Муну кантип кылсаңар болот?

15 Алсак: «Бул китепти жазган пайгамбар жөнүндө эмнелерди билем? Ал ким болгон? Каякта жашаган? Эмне иш кылган?» — деп ойлонуп көргүлө. Анын тек-жайы жөнүндө билип алганыңар китепте колдонулган сөздөрдү же мисалдарды түшүнүүгө шарт түзөт. Ал китепти окуп жатканда аны жазган кишинин сапаттарын, кулк-мүнөзүн чагылдырган сөздөргө көңүл бургула.

16 Андан соң китептин качан жазылганын билгенге аракет кылгыла. Ан үчүн «Жаңы дүйнө котормосунун» 1796, 1797-беттеринде жайгашкан «Ыйык Китепке кирген китептердин таблицасын» карасаңар болот. Андан сырткары, «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 14—17-беттериндеги пайгамбарлар менен падышалар жөнүндөгү таблицаны карагыла. Эгер изилденип жаткан китепте пайгамбарлыктар камтылса, ал жазылып жаткан убактагы адамдардын кандай жагдай-шартта жашаганы жөнүндө билип көргүлө. Ал пайгамбар элдин кандай туура эмес көз карашын же иштерин оңдоо үчүн жиберилген? Анын замандаштары кимдер болгон? Ошол убактагы жагдай тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн Ыйык Жазманын башка китептерине кайрылып көрөттүрсүңөр. Айталы, Амос пайгамбардын күндөрүндө кандай окуялар болгонун жакшыраак билүү үчүн Амос 1:1ге берилген байланышы бар аяттарды, мисалы, 2 Падышалар жана 2 Жылнаама китебиндеги аяттарды окуп көргүлө. Булардан сырткары, Амостун замандашы болушу мүмкүн болгон Ошуя пайгамбардын жазгандарын да окусаңар болот. Ушул маалыматтардын баары Амос жашаган убак тууралуу кененирээк билүүгө көмөк кылат (2 Пад. 14:25—28; 2 Жылн. 26:1—15; Ош. 1:1—11; Амос 1:1).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗГЫЛА

17, 18. Бул абзацтардагы билдирүүлөрдү же өзүңөр тапкан ойлорду колдонуп, Ыйык Китептеги анча байкала бербеген маалыматтарга көңүл буруу изилдөөнү кандайча кызыктуу кыларын айтып бергиле.

17 Ыйык Китепти окуганда андан көп нерсени билүүгө ынтызар болгонубуз жакшы. Маселен, Закарыя китебинин 12-бөлүмүн окуп жатасыңар дейли. Ал бөлүмдө Машаяктын өлүмү жөнүндө алдын ала айтылган (Зак. 12:10). 12-аяттан «Натандын үйүнүн» Машаякты жоктоп боздоп ыйлаарын окуйсуңар. Аны шар окуп кетпей, бир азга токтоп: «Натандын үйү менен Машаяктын кандай байланышы бар? Бул тууралуу каяктан көбүрөөк билсе болот?» — деп ойлонгула. Анан «тергөөчү» болуп көргүлө. Закарыя 12:12ге берилген байланышы бар аяттардын биринде — 2 Шемуел 5:14тө — Натандын Дөөтү падышанын уулдарынын бири болгону жазылган. Ал эми экинчисинен — Лука 3:31ден — Натандын Исанын энеси Мариямдын чоң аталарынан болгонун билебиз. (Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2017-жыл, август, 32-бет, 4-абзац.) Бүйүрүңөр кызый баштадыбы? Силер Исанын Дөөтүнүн урпактарынан чыгары алдын ала айтылганын жакшы билесиңер (Мт. 22:42). Дөөтүнүн болсо 20дан ашуун уулу болгон. Андыктан Закарыянын Исаны жоктоп Натандын үйү ыйлаарын баса белгилегени көңүлгө аларлык.

18 Дагы бир мисалга токтололу. Лука китебинин 1-бөлүмүндө Жебирейил периштенин Мариямга көрүнүп, анын уулдуу болорун кабарлаганы баяндалат. Периште ага: «Ал улуу болот, Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталат. Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет. Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө Падыша болот»,— деген (Лк. 1:32, 33). Биз Жебирейил периштенин Исанын «Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталарын» айтканына эле көңүл топтоп алышыбыз мүмкүн. Бирок ал Исанын «Падыша болорун» да айткан. Андыктан бизде: «Жебирейил ошол сөздөрдү айтып жатканда, Мариям эмне деп ойлонду болду экен?» — деген суроо туулушу мүмкүн. Периштенин сөздөрүнөн улам ал Исаны Ирод падышанын же анын мураскорлорунун биринин ордуна такка отуруп, Ысрайылга падыша болот деп ойлогонбу? Эгер Иса падыша болсо, Мариям падышанын энеси катары урмат-сыйга ээ болуп, үй-бүлөсү менен ак сарайда жашамак. Бирок Мариямдын ошентип ойлогону жөнүндө же кийин Исанын эки шакиртине окшоп Падышалыкта жакшы орунга отургузууну суранганы тууралуу Ыйык Китептин эч жеринде жазылган эмес (Мт. 20:20—23). Мариям туурасындагы ушу сыяктуу маалыматтар анын аябай момун болгонун айкын кылууда.

19, 20. Жакып 1:22—25-аяттарга жана Жакып 4:8ге ылайык, изилдеп жатканда кандай максаттарды көздөшүбүз керек?

19 Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилдегенибиздин эң негизги максаты барган сайын Жахабага жакындай берүү экенин унутпайлы. Биз өзүбүздүн кандай адам экенибизди жана Жахабага жагыш үчүн кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектигин жакшыраак билүүнү каалайбыз. (Окугула: Жакып 1:22—25; 4:8.) Андыктан изилдөө жүргүзөрдүн алдында дайыма Жахабадан ыйык рух сурап тиленишибиз керек. Андан окуган нерселерибизден толук пайда алууга жана анын көз алдында кандай адам экенибизди аңдаганга жардам беришин суранганыбыз маанилүү.

20 Забурчу Кудайдын ишенимдүү кызматчысы жөнүндө: «Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат, анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт... Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет»,— деп жазган (Заб. 1:2, 3). Келгиле, ар бирибиз ошондой адам болгонго умтула берели.

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

^ 5-абз. Берешен Кудайыбыз Жахаба бизге көргөнгө, окуганга, изилдегенге керектүү маалыматтарды мол берүүдө. Бул макалада эмнелерди изилдешибиз керектигине токтолобуз жана изилдөөдөн көбүрөөк пайда алууга жардам берген кеңештерди талкуулайбыз.

^ 61-абз. СҮРӨТ. Ата-энеси балдарына жума сайын өткөрүлчү «Күзөт мунарасын» изилдөөгө кантип даярданса болорун үйрөтүүдө.

^ 63-абз. СҮРӨТ. Ишенимдешибиз Ыйык Китепти жазууга катышкан Амос пайгамбар жөнүндө изилдөө жүргүзүүдө. Арт жактагы сүрөттөрдө анын Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү окуп, ой жүгүрткөндө эмнелерди элестеткени чагылдырылган.