Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Олуттуу күнөө кылынганда, сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы

Олуттуу күнөө кылынганда, сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы

«Cен ыймансыздыкты жаман көргөн Кудайсың, кара ниет эч качан жаныңда турбайт» (ЗАБ. 5:4).

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1—3. а) Забур 5:4—6-аяттардан көрүнүп тургандай, Жахаба ыймансыздыкка кандай карайт? б) Балдарды жыныстык жактан бузуу «Машаяктын мыйзамына» каршы келет деп эмне үчүн айта алабыз?

ЖАХАБА КУДАЙ ыймансыздыктын бардык түрүн жек көрөт. (Окугула: Забур 5:4—6.) Андыктан анын балдарга жыныстык зомбулук көрсөтүүнү — жеткен жийиркеничтүү ишти — аябай жек көрөрү шексиз. Жахабанын кызматчылары болгондуктан биз да андай күнөөнү жек көрөбүз жана жыйналышта ошондой иштерге көз жумду мамиле кылбайбыз (Рим. 12:9; Евр. 12:15, 16).

2 Балдарды жыныстык жактан бузууга жаткан иштердин бардыгы «Машаяктын мыйзамына» каршы келет (Гал. 6:2). Эмне үчүн минтип айтууга болот? Мурунку макалада жазылгандай, Машаяктын мыйзамы, башкача айтканда, анын сөзү жана үлгүсү менен үйрөткөн нерселеринин баары сүйүүгө негизделет жана адилеттүүлүккө үндөйт. Кудайдын кызматчылары ошол мыйзамга баш ийгендиктен балдарга сүйүү менен мамиле кылып, алардын өздөрүн коопсуз сезишине өбөлгө түзүшөт. Ал эми балдарга жыныстык зомбулук көрсөтүү өзүмчүлдүккө, адилетсиздикке жатат. Себеби анын кесепетинде бала өзүн коргоочусу жоктой, эч ким аны жакшы көрбөгөндөй сезип калат.

3 Өкүнүчтүүсү, балдарды жыныстык жактан бузуу дүйнө жүзү боюнча кулач жайып бараткан көйгөйгө айланды. Анын таасири Кудайдын элине да тийүүдө. Эмне үчүн? Азыркы күндө «кара өзгөй адамдар, алдамчылар» улам көбөйүүдө. Алардын кээ бирлери атүгүл жыйналыштын ичине кирүүгө да аракет кылышы мүмкүн (2 Тим. 3:13). Андан сырткары, жыйналыштагылардын арасынан айрымдар өзүнүн ыпылас каалоосуна алдырып, балдарды жыныстык жактан бузган учурлар болот. Эмесе, андай иштин эмне себептен аябай олуттуу күнөө болуп эсептелерин талкуулайлы. Андан соң кимдир бирөө олуттуу күнөө кылганда, мисалы, балага жыныстык зомбулук көрсөткөндө, аксакалдардын кандай иш-аракет кыларына жана ата-энелер балдарын андай кордуктан кантип коргой аларына токтолобуз *.

ОЛУТТУУ КҮНӨӨ

4, 5. Эмне үчүн баланы жыныстык жактан бузуу ага каршы жасалган күнөө болуп эсептелет?

4 Балага жыныстык зомбулук көрсөтүү жүрөккө көпкө чейин кетпей турган так калтырат. Андай кордук баланын өзүнүн жана аны жакшы көргөн адамдардын, алсак, үй-бүлөсүндөгүлөр менен ишенимдештеринин жан дүйнөсүн жабыркатат. Балдарды жыныстык жактан бузуу аябагандай олуттуу күнөө болуп эсептелет.

5 Жапа чеккен * балага каршы жасалган күнөө. Балага жыныстык зомбулук көрсөтүү адамды кайгыга салып, азап тарттырат. Кийинки макаладан биле турганыбыздай, андай ишке барган адам баланын жүрөгүн жаралайт. Ишенип жүргөн кишиси алдап койгондуктан, бала өзүн мурункудай коопсуз сезбей, катуу кыйналат. Балдарды андай бузуку адамдардан коргошубуз зарыл. Ошондой эле андай кордукка кабылгандарды сооротуп, жардам көрсөтүшүбүз керек (1 Тес. 5:14).

6, 7. Балага жыныстык зомбулук көрсөтүү эмне үчүн жыйналышка жана бийликтегилерге каршы жасалган күнөө болуп эсептелет?

6 Жыйналышка каршы жасалган күнөө. Кайсы бир ишенимдешибиз балага жыныстык зомбулук көрсөтсө, башкалардын жыйналыш тууралуу терс ойдо болушуна себеп болот (Мт. 5:16; 1 Пет. 2:12). Бул, миллиондогон ишенимдүү бир туугандарыбыздын «ишеним үчүн тырышып күрөшүп» жатканын эске алганда, кандай гана адилетсиздик (Жүй. 3). Күнөө кылганына өкүнбөгөн жана жыйналыштын атын булгаган адамдардын жыйналышта калышына жол берилбеши керек.

7 Бийликтегилерге каршы жасалган күнөө. Кудайдын кызматчылары «жогорку бийликтерге баш ийишет» (Рим. 13:1). Алар муну өкмөт чыгарган мыйзамдарды аткаруу менен көрсөтүшөт. Эгер ишенимдешибиз кайсы бир мыйзамды бузуп, кылмыш кылса, мисалы, балага жыныстык зомбулук көрсөтсө, ал жогорку бийликтегилерге каршы күнөө кылган болот. (Салыштыргыла: Элчилер 25:8.) Жыйналыштын аксакалдарынын андай күнөөкөрдү жазага тартууга укугу жок. Бирок алар балага жыныстык зомбулук көрсөткөн бир да кишини бийликтегилердин жазасынан коргоого аракет кылышпайт (Рим. 13:4). Күнөөкөр эмнени сепсе, ошону орот (Гал. 6:7).

8. Кайсы бир адамга каршы жасалган күнөөгө Жахаба кандай карайт?

8 Баарынан мурун Кудайга каршы жасалган күнөө. Кимдир бирөө башка бирөөгө каршы күнөө кылганда Жахабага да каршы күнөө кылган болот. Буга байланыштуу Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамынан бир мисал карап көрөлү. Мыйзамда жакынынын бир нерсесин уурдап же амалкөйлүк менен алып алган кишинин «Жахабага ишенимсиздик көрсөтөрү» айтылган (Леб. 6:2—4). Андыктан баланы жыныстык жактан бузган, мындайча айтканда, анын коопсуздугун уурдап алган адам Кудайга ишенимсиздик кылат. Анын айынан Жахабанын ысмына сөз тиет. Ошо себептен балага жыныстык зомбулук көрсөтүү Кудайга каршы жасалган олуттуу күнөө деп эсептелиши, ага көз жумду мамиле кылынбашы керек.

9. Көптөгөн жылдардан бери Жахабанын уюму Ыйык Китепке негизделген кандай маалыматтарды берип келет жана эмне үчүн?

9 Көптөгөн жылдардан бери Жахабанын уюму балдарды жыныстык жактан бузууга байланыштуу Ыйык Китепке негизделген маалыматтарды мол берип келет. Айталы, «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарына жыныстык зомбулукка кабылгандар эмоциялык кыйынчылыгы менен кантип күрөшсө болору жөнүндө макалалар чыгып турат. Ошондой эле башкалар аларга кандай жолдор менен жардам көрсөтө алары жана ата-энелер бул жагынан балдарын кантип коргосо болору талкууланып турат. Андан тышкары, аксакалдарга ошондой күнөө кылгандардын ишин кароодо эмнелерди кылышы керектигине байланыштуу Ыйык Китепке негизделген айкын-так көрсөтмөлөр берилип келет. Уюм ал көрсөтмөлөрдү мезгил-мезгили менен кайра карап турат. Эмне үчүн? Андай көйгөйдү чечүүдө аксакалдар дайыма Машаяктын мыйзамына ылайык иш кылышы үчүн.

КИМДИР БИРӨӨ ОЛУТТУУ КҮНӨӨ КЫЛГАНДА, АКСАКАЛДАР ЭМНЕ КЫЛЫШАТ?

10—12. а) Кимдир бирөө олуттуу күнөө кылганда, аксакалдар эмнени эстен чыгарбашы керек жана алардын башкы максаты эмне? б) Жакып 5:14, 15ке ылайык, аксакалдар эмне кылууга аракет кылышат?

10 Кандай олуттуу күнөө кылынбасын, аксакалдар аны карап жатканда Машаяктын мыйзамы алардан оторго сүйүү менен мамиле жасоону жана Кудайдын көз алдында туура, адилеттүү деп эсептелген нерсени кылууну талап кыларын эстен чыгарышпайт. Ошондуктан алар кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кылганын укканда бир канча нерсе тууралуу кылдат ойлонушу керек. Аксакалдар биринчи кезекте Жахабанын ысмын ыйык сактоону ойлошот (Леб. 22:31, 32; Мт. 6:9). Алар жыйналыштагы бир туугандардын рухий жыргалчылыгына да абдан кызыкдар жана олуттуу күнөө кылган кишинин айынан жапа чеккендердин баарына жардам берүүгө умтулушат.

11 Жыйналыштагылардын арасынан кимдир бирөө ошондой иш кылса, аксакалдар анын чындап өкүнүп жаткан-жатпаганын аныктаганга аракет кылышат. Эгер ал өкүнсө, Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтиргенге көмөк көрсөтүшөт. (Окугула: Жакып 5:14, 15.) Туура эмес каалоосун канааттандырыш үчүн олуттуу күнөө кылган киши рухий жактан ооруп жаткан болот. Бул анын Жахаба менен ынак мамиледе болбой калганын билдирет *. Аксакалдар кандайдыр бир мааниде доктурларга окшош. Алар «оорулууну [күнөөкөрдү] айыктырууга» аракет кылышат. Эгер ал чындап өкүнсө, аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңештери ага Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө жардам берет (Элч. 3:19; 2 Кор. 2:5—10).

12 Албетте, аксакалдарга чоң жоопкерчилик артылган. Алар өздөрүнө тапшырылган Кудайдын оторуна жан-дилден кам көрүшөт (1 Пет. 5:1—3). Аксакалдар ишенимдештеринин жыйналыштан өздөрүн коопсуз сезишин каалашат. Ошондуктан кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кылганын укканда дароо иш-аракет кылышат. Андай күнөөгө балдарга жыныстык зомбулук көрсөтүү да кирет. Ошондой учурларда аксакалдар эмне кылышат? Анда эмесе,  13,  15 жана  17-абзацтардын башында берилген суроолорго көңүл буралы.

13, 14. Аксакалдар балага жыныстык зомбулук көрсөтүлгөнү жөнүндө бийликтегилерге билдирүү керектигине байланышкан мыйзамдарга баш иеби? Түшүндүргүлө.

 13 Аксакалдар балага жыныстык зомбулук көрсөтүлгөнү жөнүндө бийликтегилерге билдирүү керектигине байланышкан мыйзамдарга баш иеби? Ооба. Айрым өлкөлөрдө жарандардан, кимдир бирөөнүн баланы жыныстык жактан бузганы билдирилгенде, аны бийликтегилерге айтуу талап кылынат. Ошондой өлкөдө жашаган аксакалдар ал мыйзамдарга баш иет (Рим. 13:1). Андай мыйзамдар Кудайдын мыйзамына каршы келбейт (Элч. 5:28, 29). Андыктан бирөө жарым балага жыныстык зомбулук көрсөтүлгөнүн аксакалдарга айтканда, алар дароо филиал менен байланышып, өкмөттүн жогоруда айтылган мыйзамдарына ылайык иш кылуу үчүн эмне кылса болорун сурашат.

14 Аксакалдар жапа чеккен бала менен, анын ата-энеси жана ал тууралуу билген башка адамдар менен сүйлөшкөндө аларды жасалган кылмыш жөнүндө бийликтегилерге билдирүүгө укугу бар экенине ынандырышат. Жыйналыштагылардын арасынан кимдир бирөө ошондой иш кылганы бийликтегилерге билдирилсечи жана ал тууралуу кийин көпчүлүккө маалым болуп калсачы? Ал жөнүндө бийликтегилерге айткан бир тууган өзүн Кудайдын ысмына шек келтиргендей сезиши керекпи? Жок. Анткени Кудайдын ысмына ал эмес, баланы жыныстык жактан бузган киши шек келтирген болот.

15, 16. а) 1 Тиметей 5:19га ылайык, аксакалдар комитет түзөрдөн мурун эмне кылышы керек? б) Кайсы бир ишенимдешибиз баланы жыныстык жактан бузду деп айыпталганда, аксакалдар эмне кылышат?

 15 Аксакалдар күнөөкөрдүн ишин карашы үчүн, анын күнөө кылганын эмне үчүн, жок дегенде, эки күбө ырасташы керек? Бул талап — Ыйык Китептеги адилеттүүлүккө байланышкан бийик нормалардын бири. Олуттуу күнөө кылды деп айыпталган киши күнөөсүн мойнуна албаса, аксакалдар ага комитет түзөрдөн мурун, аны ырасташ үчүн эки күбө талап кылынат (Мыйз. 19:15; Мт. 18:16; окугула: 1 Тиметей 5:19). Бул балага жыныстык зомбулук көрсөтүлгөнү жөнүндө бийликтегилерге билдирүү үчүн да эки күбө болушу керек дегенди билдиреби? Жок. Аксакалдарбы же башкаларбы, кылмыш тууралуу бийликтегилерге билдирерде эки күбө талап кылынбайт.

16 Кайсы бир ишенимдешибиз баланы жыныстык жактан бузду деп айыпталганда, аксакалдар ал тууралуу бийликтегилерге билдирүүгө байланыштуу мыйзамдарды аткарышат. Андан кийин Ыйык Китептин негизинде иштин чоо-жайын иликтешет. Алар адегенде айыпталып жаткан бир туугандын өзү менен сүйлөшөт. Эгер ал андай ишке барбаганын айтса, анда күбөлөр менен сүйлөшүп көрүшөт. Алардын, бери дегенде, экөө — айып коюп жаткан киши жана айыпталып жаткан адамдын балага жыныстык зомбулук көрсөткөнүнө же анын башка учурда ошондой иш кылганына күбө болгон киши — далилдеп бере алса, аксакалдар комитет түзүшөт *. Эгер экинчи күбө жок болуп калса, бул айып койгон кишинин калп айтып жатканын билдирбейт. Болгон ишти тастыктай турган эки күбө жок болгон күндө да, айыпталып жаткан адам башкалардын жүрөгүн жаралай тургандай иш кылган болушу мүмкүн. Аксакалдар анын айынан зыян тарткандардын баарына көңүл буруп, жардам көрсөтө беришет. Андан сырткары, айыпталып жаткан кишинин залакасы тийбеши үчүн, сак болуп, жыйналышты коргошот (Элч. 20:28).

17, 18. Комитеттин кандай максатта түзүлөрүн түшүндүргүлө.

 17 Комитет кандай максатта түзүлөт? Аксакалдар күнөөкөрдүн мыйзамды бузганы үчүн бийликтегилер тарабынан жазаланар-жазаланбасын чечпейт. Алар мамлекеттин мыйзамынын аткарылышына тоскоолдук кылышпайт жана кылмыш ишин кароону бийликтегилерге тапшырышат (Рим. 13:2—4; Тит 3:1). Аксакалдар күнөөкөрдү жыйналышта калтырса болор-болбосун чечишет.

18 Комитет түзүлгөндө рухийликке, башкача айтканда, балага жыныстык зомбулук көрсөткөн бир туугандын Жахаба менен жана ишенимдештери менен болгон мамилесине байланыштуу суроолор каралат. Аксакалдар анын өкүнүп жаткан-жатпаганын Ыйык Китептин негизинде аныкташат. Эгер ал өкүнбөсө, жыйналыштан чыгарылат жана бул тууралуу жыйналышка кулактандырылат (1 Кор. 5:11—13). Ал эми өкүнсө, жыйналыштан чыгарылбайт. Бирок аксакалдар ага эч качан жыйналыштан сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болбошу мүмкүн экенин айтышат. Ошондой эле балдардын жыргалчылыгына кам көргөндүктөн жыйналыштагы ата-энелерге балдарынын ошол бир тууган менен болгон мамилесине көз салып турушун өзүнчө эскертип коюшу мүмкүн. Бирок ошондой чара көрүүдө алар анын кылган ишинен кимдер жабыр тартканын купуя сакташат.

БАЛДАРЫҢАРДЫ КАНТИП КОРГОЙ АЛАСЫҢАР?

Ата-энелер балдарына жыныстык мамиле жөнүндө туура түшүнүк берүү менен аларды жыныстык зомбулуктан коргошот. Ан үчүн алар Кудайдын уюму берип жаткан маалыматтарды колдонушат. (Карагыла: 19—22-абзацтар.)

19—22. Ата-энелер балдарын коргош үчүн эмне кылышы керек? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

19 Балдарды зыяндан коргоо кимдин милдети? Буга биринчи кезекте ата-эне милдеттүү *. Ата-энелер, балдарыңар — Кудай берген баалуу белек, «Жахаба берген мурас» (Заб. 127:3). Аларды коргоону Жахаба силерге тапшырган. Балаңарды коргош үчүн эмне кылсаңар болот?

20 Биринчиден, жыныстык зомбулук жөнүндө өзүңөр көбүрөөк билгиле. Кандай адамдардын ошондой ишке барарын, балдарды азгырыш үчүн кандай ыкмаларды колдонорун билгенге аракет кылгыла. Кооптуу көрүнгөн жагдайлардан же адамдардан сак болгула (Накыл 22:3; 24:3). Балдарды жыныстык жактан бузгандар көбүнчө алар жакшы билген, ишенген адамдардын арасынан чыгарын унутпагыла.

21 Экинчиден, балдарыңар менен ачык пикир алышып тургула (Мыйз. 6:6, 7). Бул өз ичине аларды кунт коюп угууну да камтыйт (Жкп. 1:19). Жыныстык зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгү ал тууралуу башкаларга айткысы келбей турганын эсиңерден чыгарбагыла. Алар айткандарына эч ким ишенбейт деп коркушу же аларды жыныстык жактан бузган киши эч кимге айтпа деп коркутуп-үркүтүшү мүмкүн. Эгер балаңардын жаман бир нерсеге кабылганын сезсеңер, андан эмне болгонун жылуу-жумшак сурагыла жана аны кунт коюп уккула.

22 Үчүнчүдөн, балдарыңарды окутуп-үйрөткүлө. Аларга жашына жараша жыныстык мамиле жөнүндө айтып бергиле. Кимдир бирөө сылап-сыйпалаганга, кармалаганга аракет кылса же дагы башка ушу сыяктуу орунсуз иш-аракеттерди кылса, эмне деп айтышты, эмне кылышты үйрөткүлө. Балдарды коргоого байланыштуу биздин уюм берип жаткан маалыматтарды колдонгула. (« Ата-энелер да, балдар да билчү нерселер» деген кутучаны карагыла.)

23. Балдарды жыныстык жактан бузууга кандай карайбыз жана кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

23 Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан биз балдарды жыныстык жактан бузууну олуттуу күнөө жана төбө чачты тик тургузган кылмыш деп эсептейбиз. Машаяктын мыйзамына баш ийгендиктен Жахабанын кызматчылары андай иш кылгандарды күнөөсүнүн кесепеттеринен коргобойт. Ал эми ошондой каргашага кабылгандарга кантип жардам берсек болот? Бул тууралуу кийинки макалада талкуулайбыз.

103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер

^ 5-абз. Бул макалада балдарды жыныстык жактан бузгусу келген адамдардан кантип коргой аларыбызды талкуулайбыз. Ошондой эле аксакалдар жыйналышты, ал эми ата-энелер балдарын коргош үчүн эмне кылышы керектигин билебиз.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Чоң кишинин баланы өзүнүн жыныстык каалоосун канааттандыруу үчүн колдонгону балага жыныстык (сексуалдык) зомбулук көрсөтүү деп аталат. Ал өз ичине жыныстык катнашты, оралдык же аналдык сексти, бирөөнүн жыныстык мүчөлөрүн, төшүн же жамбашын сылап-сыйпалоону жана башка ушу сыяктуу адеп-ахлаксыз иштерди камтыйт. Андай иштерден жапа чеккендердин басымдуу бөлүгү кыздар болсо да, алардын арасында эркек балдар да арбын. Ошондой эле балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөндөрдүн көбү эркектер болгону менен, андай ишке айрым аялдар да барышат.

^ 5-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Ушул жана кийинки макалада «жапа чеккен» деген сөз айкашы бала кезинде жыныстык зомбулукка кабылгандарга карата колдонулду. Бул сөз айкашы баланын жүрөгү канчалык жараланганын, анын күнөөсүз экенин жана аны кимдир бирөө өз кызыкчылыгына пайдаланганын айкын көрсөтүү үчүн колдонулду.

^ 11-абз. Күнөөкөрдүн рухий жактан ооруп жатканы анын олуттуу күнөөсүн актабайт. Ал туура эмес чечими, иштери үчүн толугу менен өзү жооптуу болот, ошондой эле Жахабанын алдында жооп берет (Рим. 14:12).

^ 16-абз. Аксакалдар айыпталып жаткан киши менен сүйлөшкөндө баланы аны менен беттештирбеши керек. Бала андан ары эмоциялык жактан жабыр тартпашы үчүн, анын айткандарын аксакалдарга ата-энеси же ал ишенген башка бирөө айтып берсе болот.

^ 19-абз. Ата-энелерге карата айтылгандар балага ата-энесинин ордуна кам көргөндөргө да тиешелүү.