«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Май, 2020

Бул санда 2020-жылдын 6-июлунан—2-августуна чейин изилдене турган макалалар камтылат.

Акыркы убактагы «түндүк падышасы»

19-изилдөө макаласы: 6—12-июль, 2020. Биз Даниелдин «түндүк падышасы» менен «түштүк падышасы» жөнүндөгү пайгамбарлыгынын аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Мындан эмне үчүн шектенбесек болот? Бул пайгамбарлыкты майда-чүйдөсүнө чейин түшүнгөнүбүз эмне үчүн абдан маанилүү?

Акыркы убакта атаандашкан падышалар

«Түндүк падышасы» жана «түштүк падышасы» жөнүндөгү пайгамбарлык башка пайгамбарлыктар менен бир учурда аткарылат. Алардын баары «акыркы убакта» жашап жатканыбызды кандайча далилдеп турат?

Биздин күндөрдөгү «түндүк падышасы»

20-изилдөө макаласы: 13—19-июль, 2020. Бүгүнкү күндөгү «түндүк падышасы» ким? Ал кантип жок кылынат? Бул суроолордун жообу ишенимибизди бекемдеп, улуу алааматта боло турган кыйынчылыктарга даяр болууга жардам берет.

Кудай берген белектерди баалап жатасыңарбы?

21-изилдөө макаласы: 20—26-июль, 2020. Бул макала Жахабага жана ал берген үч белекке ыраазычылыгыбызды арттырганга жардам берет. Ошондой эле Кудайдын бар экенине шектенген адамдар менен талкуу жүргүзгөнгө көмөк кылат.

Көзгө көрүнбөгөн кенчтерди баалайлы

22-изилдөө макаласы: 27-июль—2-август, 2020. Буга чейинки макалада Кудайдын бизге берген, көзгө көрүнгөн айрым белектерине токтолгонбуз. Бул макаладан болсо көзгө көрүнбөгөн кенчтер тууралуу билебиз. Ошондой эле аларга ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбызды карап чыгабыз. Бул ошол кенчтерди берген Жахаба Кудайга ого бетер ыраазы болгонго түрткү берет.