Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыркы убакта атаандашкан падышалар

Акыркы убакта атаандашкан падышалар

Бул схемадагы айрым пайгамбарлыктар бир учурда аткарылган. Алардын баары биздин «акыркы убакта» жашап жатканыбызды далилдеп турат (Дан. 12:4).

  • Аяттар: Аян 11:7; 12:13, 17; 13:1—8, 12

    Пайгамбарлык: Жырткыч көп кылым бою жер жүзүн башкарат. Акыркы күндөрдө анын 7-башы жарадар болот. Кийин башы айыгып, «жер жүзүндөгү бүт адамдар» анын артынан ээрчийт. Шайтан майлангандардын «калгандары менен... согушуу» үчүн жырткычты колдонот.

    Аткарылышы: Топон суудан кийинки мезгилден бери Жахабага каршы чыккан өкмөттөр башкарып келет. Көп кылым өткөндөн кийин ал өкмөттөрдүн бири, Британ империясы, Биринчи дүйнөлүк согушта күчүн жоготкон. Ал АКШ менен биригип, кайрадан күчтөнгөн. Өзгөчө, акыркы убакта Шайтан саясий түзүлүшүн колдонуп, Кудайдын элин куугунтуктоодо.

  • Аяттар: Дан. 11:25—45

    Пайгамбарлык: Акыркы убакта түндүк падышасы менен түштүк падышасы бийлик талашып бири-бири менен атаандашат.

    Аткарылышы: Германия Англия-Америка державасы менен согушкан. 1945-жылы Советтер Союзу менен анын шериктештери түндүк падышасы болгон. 1991-жылы Советтер Союзу кулаган. Убакыттын өтүшү менен Орусия менен анын шериктештери түндүк падышасы болуп калган.

  • Аяттар: Ыш. 61:1; Мал. 3:1; Лк. 4:18

    Пайгамбарлык: Машаяк башкарган Падышалык негизделгенге чейин, Жахаба «кабарчысын» «жол даярдаш» үчүн жөнөтөт. Ал кабарчы «мүнөзү жумшактарга жакшы кабар айта» баштайт.

    Аткарылышы: 1870-жылдардан баштап Расселл жана анын шериктери Ыйык Китепте чынында эмне делерин изилдөөгө киришишкен. 1880-жылдары алар Кудайдын кызматчыларынын кабар айтышы керектигине басым жасай баштаган. Алсак, «1000 жарчы керек!», «Кабар айтуу үчүн майланганбыз» деген сыяктуу макалаларды басып чыгарышкан.

  • Аяттар: Мт. 13:24—30, 36—43

    Пайгамбарлык: Душман буудайдын арасына отоо чөп сээп кетет. Отоо чөп өсүп отуруп, буудайды басып салат. Орок маалында отоо чөп жулунуп, буудай өзүнчө жыйналат.

    Аткарылышы: 1800-жылдардын аяк ченинен тартып Машаяктын чыныгы жолдоочулары менен Машаяктын жолдоочулары атангандардын ортосундагы айырма айкын көрүнө баштаган. Акыркы убакта Исанын чыныгы жолдоочулары Исанын жолдоочусу атангандардан бөлүнүп, жыйналышка чогултулган.

  • Аяттар: Дан. 2:31—33, 41—43

    Пайгамбарлык: Ар кандай металлдардан турган айкелдин темир менен чопо аралашкан бут кетмендери.

    Аткарылышы: Чопо Англия-Америка дүйнөлүк державасынын аймагында жашаган жана ал империяга каршы чыккан карапайым адамдарды жана топторду билдирет. Алар анын темирдей бекем болушуна тоскоолдук кылып келишет.

  • Аяттар: Мт. 13:30; 24:14, 45; 28:19, 20

    Пайгамбарлык: «Буудай» «кампага» жыйналат; «ишенимдүү жана акылдуу кул» «үйүндөгүлөрүнө» көзөмөл жүргүзүүгө дайындалат. «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге... таратыла» баштайт.

    Аткарылышы: 1919-жылы ишенимдүү кул Кудайдын элин көзөмөлдөөгө дайындалган. Ошондон тартып Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кабар айтуу ишин күчөтө башташкан. Бүгүн Жахабанын Күбөлөрү 200дөн ашуун өлкөдө кабар айтып, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 1000ден ашуун тилде чыгарууда.

  • Аяттар: Дан. 12:11; Аян 13:11, 14, 15

    Пайгамбарлык: Эки мүйүздүү жырткыч демилгени колго алып, «жырткычтын сөлөкөтүн» жасайт жана ага «өмүр демин үйлөйт».

    Аткарылышы: Англия-Америка дүйнөлүк державасы Улуттар Лигасын негиздөөдө башкы ролду аткарган. Ал уюмга башка улуттар да мүчө болгон. Кийин 1926-жылдан 1933-жылга чейин Улуттар Лигасына түндүк падышасы да кошулган. Адамдар Кудайдын Падышалыгы гана орното ала турган тынчтыкты Улуттар Лигасы орнотот деп ишенишкен. Анын ордуна пайда болгон Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) да ошондой ишеним артышкан.

  • Аяттар: Дан. 8:23, 24

    Пайгамбарлык: Сүрдүү падыша «таң калыштуу жол менен кыйратат».

    Аткарылышы: Англия-Америка дүйнөлүк державасы кызыл кыргын салган. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кошмо Штаттар душманына эки атом бомбасын таштаганда, мурда болуп көрбөгөндөй чоң кыйроо болгон.

  • Аяттар: Дан. 11:31; Аян 17:3, 7—11

    Пайгамбарлык: Он мүйүздүү «кыпкызыл жырткыч» түпсүз туңгуюктан чыгат. Ал — сегизинчи падыша. Даниел китебинде бул падыша «бүлүндүрүүчү жийиркенич» деп сүрөттөлгөн.

    Аткарылышы: Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Улуттар Лигасы иш-аракетсиз абалда болгон. Согуштан кийин БУУ анын ордуна «коюлган». Улуттар Лигасындай эле, БУУ да Кудайдын Падышалыгы кыла турган нерсени ишке ашырарын убада кылып келет. Жакында БУУ динге кол салат.

  • Аяттар: 1 Тес. 5:3; Аян 17:16

    Пайгамбарлык: Улуттар: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жар салат. «Он мүйүз» менен «жырткыч» «сойкуга» чабуул жасап, аны жок кылат. Андан кийин улуттар жок кылынат.

    Аткарылышы: Улуттар тынчтык менен коопсуздукка жеттик деп айтышы мүмкүн. Андан соң БУУну колдогон улуттар жалган диндерди жок кылат. Бул улуу алааматтын башталышы болот. Армагедон согушунда Шайтандын бүт түзүлүшү кыйратылганда, улуу алаамат аяктайт.

  • Аяттар: Жез. 38:11, 14—17; Мт. 24:31

    Пайгамбарлык: Гок Кудайдын элинин жерине келет. Анан периштелер «тандалгандарды» чогултат.

    Аткарылышы: Түндүк падышасы дүйнөдөгү башка өкмөттөр менен бирге Кудайдын элине кол салат. Чабуул жасалгандан бир канча убакыт өткөндөн кийин, майлангандардын калдыгы асманга чогултулат.

  • Аяттар: Жез. 38:18—23; Дан. 2:34, 35, 44, 45; Аян 6:2; 16:14, 16; 17:14; 19:20

    Пайгамбарлык: «Ак боз аттын» «үстүндө отурган» бирөө Гок менен анын аскерин жок кылып, «жеңишке жетет». «Жырткыч» «күкүрт менен күйгөн оттуу көлгө... ыргытылат», килейген айкел талкаланат.

    Аткарылышы: Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Кудайдын элин куткарат. Аны менен чогуу башкара турган 144 000 жана анын периштелерден турган аскери улуттардын бирикмесин жок кылат. Ошентип, Шайтандын дүйнөсүнүн акыры келет.