Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Биздин күндөрдөгү «түндүк падышасы»

Биздин күндөрдөгү «түндүк падышасы»

«Анын акыры келет, ага эч ким жардам бербейт» (ДАН. 11:45).

95-ЫР: Жарык уламдан-улам жаркыроодо

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Бул макалада эмнелер тууралуу сөз жүрөт?

БУЛ дүйнө түзүлүшүнүн акырында жашап жатканыбыз мурда болуп көрбөгөндөй айкын болууда. Жакында Жахаба менен Иса Машаяк Падышалыкка каршы чыккан өкмөттөрдүн баарын жок кылат. Ага чейин түндүк падышасы менен түштүк падышасы бири-бири менен тирешкенин да, Кудайдын элине чабуул койгонун да уланта берет.

2 Бул макалада Даниел 11-бөлүмдүн 40-аятынан 12-бөлүмдүн 1-аятына чейин жазылган пайгамбарлыкка токтолобуз. Анын аркасында азыркы тапта түндүк падышасынын ким экенин билебиз. Ошондой эле келечекте кандай жагдай болбосун, Жахабанын бизди куткарарына эмне үчүн толук ишенсек болорун карап чыгабыз.

ЖАҢЫ ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫНЫН ЧЫГЫШЫ

3, 4. Бүгүнкү күндө түндүк падышасы ким? Түшүндүргүлө.

3 Советтер Союзу 1991-жылы кулагандан кийин, анын карамагында жашаган Кудайдын элине «бир аз жардам көрсөтүлгөн», тагыраак айтканда, алар бир канча убакытка чейин эркиндикке ээ болушкан (Дан. 11:34). Натыйжада алар ээн-эркин кабар айтып, көп өтпөй эле мурунку Советтер Союзун түзгөн өлкөлөрдөгү жарчылардын саны жүз миңдеп өсө баштаган. Бирок бара-бара Орусия менен анын шериктештери түндүк падышасы болгон. Буга чейинки макалада талкуулаганыбыздай, түндүк же түштүк падышасын аныктоого үч нерсе жардам берет: 1) ал падышалар Кудайдын элинин көбү жашаган жерди башкармак же аларга кол салмак. 2) Ал падышалардын иш-аракетинен Жахаба Кудайды жана анын элин жек көрөрү айкын көрүнмөк. 3) Ал экөө бири-бири менен атаандашмак.

4 Бүгүнкү күндөгү түндүк падышасы Орусия менен анын шериктештерин билдирет деп эмне үчүн айта алабыз? 1) Алар өздөрү башкарган аймактарда жашаган Кудайдын элинин кабар айтуу ишине тыюу салып, жүз миңдеген ишенимдештерибизди куугунтуктап жатышат. 2) Алардын мындай иш-аракети Жахабаны жана анын элин жек көрөрүн көрсөтүүдө. 3) Алар түштүк падышасы — Англия-Америка дүйнөлүк державасы — менен тирешип келишет. Келгиле эмесе, Орусия менен анын шериктештеринин кантип түндүк падышасы болуп калганына көңүл буралы.

ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫ МЕНЕН ТҮШТҮК ПАДЫШАСЫНЫН ТИРЕШҮҮСҮ

5. Даниел 11:40—43-аяттардагы пайгамбарлык кайсы убакты камтыйт жана ошол убакта эмне болмок?

5 Окугула: Даниел 11:40—43. Пайгамбарлыктын бул бөлүгүндө «акыркы убактагы» окуялар камтылган. Анда түндүк падышасы менен түштүк падышасынын тирешери баса белгиленген. Даниелдин пайгамбарлыгында айтылгандай, акыркы убакта түштүк падышасы түндүк падышасы менен «салгылашмак» (Дан. 11:40).

6. Эки падышанын бири-бири менен «салгылашып» жатканына кандай далилдер бар?

6 Түндүк падышасы менен түштүк падышасы бүт дүйнөгө үстөмдүк кылыш үчүн бири-бири менен атаандашып келет. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Советтер Союзу менен анын шериктештери Европанын көп бөлүгүн бийлей баштаганда эмне болгонуна токтололу. Түштүк падышасы эл аралык аскер күчтөрүн бириктирүү максатында башка өлкөлөр менен келишим түзгөн. Ал Түндүк атлантикалык келишим уюму (НАТО) деп аталат. Ал эми түндүк падышасы түштүк падышасы менен тең тайлашыш үчүн аскер күчтөрүн чыңдоого аябай көп каражат жумшап келет. Ошондой эле ал Африкадагы, Азиядагы жана Латын Америкасындагы кагылышууларды, согуштарды колдоп, түштүк падышасы менен салгылашкан. Акыркы жылдары Орусия менен анын шериктештеринин бийлиги кеңири кулач жайды. Алар түштүк падышасына каршы Интернет мейкиндигинде да согуш жүргүзүүдө. Эки падыша компьютердик программалар аркылуу экономикасына, саясатына зыян келтирилип жатканы үчүн бири-бирин айыптап келет. Андан тышкары, Даниел алдын ала айткандай, түндүк падышасы Кудайдын элине дагы деле кол салып келатат (Дан. 11:41).

ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫНЫН «ДАҢКТУУ ЖЕРГЕ» КИРИШИ

7. «Даңктуу жер» деген эмнени билдирет?

7 Даниел 11:41де түндүк падышасынын «даңктуу жерге» кирери айтылат. «Даңктуу жер» деген эмнени билдирет? Байыркы учурда Ысрайыл жери «жер соорусу» деп эсептелчү (Жез. 20:6). Анын жер соорусу деп аталганынын себеби, ал жерде жашагандар чыныгы Кудай Жахабага сыйынышчу. Бирок б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан тартып ал кадимки жерди билдирбей калган. Эмне үчүн? Анткени Жахабанын эли төгөрөктүн төрт бурчунда жашайт. Андыктан бүгүнкү күндө «даңктуу жер» Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүн билдирет. Ал уюмдагы адамдар Жахабага сыйынуу менен байланышкан иштерди аткарышат. Ал иштерге жыйналыш өткөрүү, кабар айтуу сыяктуу иштер кирет.

8. Түндүк падышасы кандайча «даңктуу жерге» кирген?

8 Акыркы күндөр башталгандан бери түндүк падышасы «даңктуу жерге» кайра-кайра кирген. Айталы, нацисттик Германия түндүк падышасы болуп турган кезде, өзгөчө, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кудайдын элин куугунтуктап, көптөрүн өлтүргөндө «даңктуу жерге» кирген. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзу түндүк падышасы болуп, Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганда жана сүргүнгө айдаганда «даңктуу жерге» кирген.

9. Бир нече жыл мурун Орусия менен анын шериктештери кандайча «даңктуу жерге» кирген?

9 Мындан бир нече жыл мурун Орусия менен анын шериктештери да «даңктуу жерге» кирген. Кандайча? 2017-жылы учурдагы түндүк падышасы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин жаап, айрым ишенимдештерибизди түрмөгө каматкан. Ошондой эле адабияттарыбызды, анын ичинде Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» колдонууга тыюу салган. Андан сырткары, Орусиядагы Бейтелди, Падышалык залдарын жана жыйын залдарын тартып алган. Ушундан улам 2018-жылы Жетектөөчү Кеңеш Орусия менен анын шериктештери түндүк падышасын билдирерин айткан. Бирок Жахабанын эли катуу кысымга алынып жатса да, ал өкмөттөргө каршы чыгып, аларды бийликтен кетирүүгө умтулушпайт. Анткендин ордуна, Ыйык Китептеги кеңешке кулак кагып, «жогорку абалды ээлегендердин баары үчүн» тиленишет. Өзгөчө, алар дин тутуу эркиндигине таасир эте турган чечимдерди чыгарарда ошентишет (1 Тим. 2:1, 2).

ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫ ТҮШТҮК ПАДЫШАСЫН ЖЕҢЕБИ?

10. Түндүк падышасы түштүк падышасын жеңеби? Түшүндүргүлө.

10 Даниел 11:40—45-аяттардагы пайгамбарлыкта, негизинен, түндүк падышасынын эмнелерди кыларына басым жасалат. Бул анын түштүк падышасын жеңерин билдиреби? Жок. Жахаба менен Иса Армагедон согушунда дүйнө жүзүндөгү өкмөттөрдү жок кылганда, түштүк падышасы доорон сүрүп турган болот (Аян 19:20). Эмне үчүн минтип айта алабыз? Муну билиш үчүн Даниел жана Аян китептериндеги пайгамбарлыктарды карап чыгалы.

Армагедондо чоң таш — Кудайдын Падышалыгы — адамдардын башкаруусун билдирген килейген айкелдин таш-талканын чыгарат (11-абзацты карагыла)

11. Даниел 2:43—45-аяттар эмнени көрсөтүп турат? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

11 Окугула: Даниел 2:43—45. Бул пайгамбарлыкта Кудайдын элине таасир эткен өкмөттөр тууралуу айтылган. Алар ар кандай металлдан турган килейген айкелдин бөлүктөрү катары сүрөттөлгөн. Анын темир менен чопонун аралашмасынан турган бут кетмендери акыркы өкмөттү — Англия-Америка дүйнөлүк державасын — билдирет. Пайгамбарлыктан көрүнүп тургандай, Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдүн баарын жок кыла турган учурда Англия-Америка дүйнөлүк державасы дагы деле башкарып турган болот.

12. Жырткычтын жетинчи башы эмнени билдирет жана муну билгенибиз эмне үчүн маанилүү?

12 Элчи Жакан да Жахабанын элине таасир эткен дүйнөлүк державалар тууралуу аян көргөн. Ал аларды жети баштуу жырткыч катары сүрөттөгөн. Жырткычтын жетинчи башы Англия-Америка дүйнөлүк державасын билдирет. Муну билгенибиз абдан маанилүү. Анткени аянда андан кийин дагы бөлөк баштардын пайда болгону көрсөтүлгөн эмес. Демек, Машаяк менен анын асман аскери жырткычтын жетинчи башын жана жырткычты толугу менен жок кылганы келгенде, жетинчи баш дагы деле үстөмдүк кылып жаткан болот * (Аян 13:1, 2; 17:13, 14).

ТҮНДҮК ПАДЫШАСЫ ЖАКЫНДА ЭМНЕ КЫЛАТ?

13, 14. «Магок жеринен чыккан Гок» кимди билдирет жана аны Кудайдын элине кол салууга эмне түртүшү мүмкүн?

13 Жезекиелдин пайгамбарлыгында түндүк падышасы менен түштүк падышасынын башкаруусунун акыркы күндөрүндө кандай окуялар болушу мүмкүн экени айтылган. Сыягы, Жезекиел 38:10—23-аяттарда, Даниел 2:43—45-аяттарда, 11-бөлүмдүн 44-аятынан 12-бөлүмдүн 1-аятына чейин, ошондой эле Аян 16:13—16-аяттарда жана 21-аятта бир эле учур жана бир эле окуялар тууралуу жазылган. Эгер ошондой болсо, анда төмөнкүдөй окуялардын болорун күтсөк болот.

14 Улуу алаамат башталгандан бир нече убакыт өткөндөн кийин «бүт дүйнөнүн падышалары» чогулуп, улуттардын бирикмесин түзүшөт (Аян 16:13, 14; 19:19). Ыйык Китепте ал бирикме «Магок жеринен чыккан Гок» деп аталат (Жез. 38:2). Ал Кудайдын элине акыркы жолу жана дүйнөлүк масштабда кол салат. Буга эмне себеп болот? Бул элчи Жакандын ошол убакыт тууралуу көргөн аянында айтылган. Аянда асмандан Кудайдын душмандарынын үстүнө чоң-чоң мөндүрлөр жааганы көрсөтүлгөн. Ал мөндүрлөр Жахабанын эли айта турган, башкаларга катуу тие турган Кудайдын сот өкүмдөрү жөнүндөгү кабарды билдириши мүмкүн. Кыязы, ошол кабардын айтылышы Магок жеринен чыккан Гоктун каарын кайнатып, Кудайдын элин жер менен жексен кылууга түртөт (Аян 16:21).

15, 16. а) Даниел 11:44, 45те кайсы окуялар сүрөттөлүшү мүмкүн? б) Түндүк падышасы жана Магок жеринен чыккан Гокту түзгөн улуттардын баары эмне болот?

15 Кудайдын сот өкүмү жөнүндөгү кабар менен Кудайдын элине жасалган акыркы чабуул жана Даниел 11:44, 45те айтылгандар бир эле нерсени билдириши мүмкүн. (Аяттарды окугула.) Пайгамбарлыкта Даниел «күн чыгыш менен түндүктөн келген кабар» түндүк падышасынын тынчын алып, аны «катуу каардантарын» айткан. Ал пайгамбарлыкка ылайык, түндүк падышасы «көптөрдү жок кылууну» ойлонуштурмак. «Көптөр» деп, сыягы, Жахабанын эли жөнүндө айтылган *. Даниел жогорку аяттарда, калыбы, Кудайдын элине акыркы жолу жана дүйнөлүк масштабда жасала турган чабуулду сүрөттөгөн.

16 Түндүк падышасынын дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр менен бирге жасаган ал чабуулу Кудурети Чексиз Жахабанын каарын кайнатат. Ошентип, Армагедон согушу башталат (Аян 16:14, 16). Мунун натыйжасында түндүк падышасынын жана Магок жеринен чыккан Гокту түзгөн улуттардын баарынын «акыры келет», аларга «эч ким жардам бербейт» (Дан. 11:45).

Армагедон согушунда Иса Машаяк асман аскерлери менен бирге Шайтандын дүйнөсүн жок кылат. Кудайдын элин болсо куткарып калат (17-абзацты карагыла)

17. Даниел 12:1де айтылган Микеил деген «улуу төрө» ким жана ал эмне кылат?

17 Даниел 12:1ден түндүк падышасы менен анын шериктештеринин кантип жок кылынары жана кантип куткарыларыбыз тууралуу көбүрөөк биле алабыз. (Окугула: Даниел 12:1.) Ал аятта айтылгандардын мааниси кандай? Микеил — азыркы учурда башкарып жаткан Падышабыз Машаяк Исанын дагы бир аты. Анын Падышалыгы асманда 1914-жылы орногондон бери ал Кудайдын эли үчүн «турууда», башкача айтканда, аларды коргоп келет. Жакында боло турган Армагедон согушунда болсо Иса «чыгат», тактап айтканда, душмандарын жок кылат. Ал салгылаш акыркы окуя болот. Даниел аны тарыхтагы эң «оор мезгил» деп сүрөттөгөн. Ал эми ал салгылаштын алдындагы учурду Жакан Аян китебинде «улуу алаамат» деп атаган (Аян 6:2; 7:14).

СЕНИН ЫСЫМЫҢ «КИТЕПКЕ ЖАЗЫЛАБЫ»?

18. Келечекте боло турган окуялардан эмне үчүн коркпой эле койсок болот?

18 Биз келечекте боло турган окуялардан чочулабай эле койсок болот. Себеби Даниел менен Жакан Жахабага жана Исага кызмат кылгандардын улуу алааматтан аман өтөрүн айтышкан. Даниел белгилегендей, ысымы «китепке жазылгандардын» баары куткарылат (Дан. 12:1). Ысмыбыз ошол китепке жазылышы үчүн, эмне кылышыбыз керек? Ан үчүн Исага — «Кудайдын Козусуна» — ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүшүбүз зарыл (Жкн. 1:29). Ошондой эле өзүбүздү Кудайга арнап, чөмүлүшүбүз керек (1 Пет. 3:21). Андан тышкары, башкаларга Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берип, Кудайдын Падышалыгын колдоорубузду айгинелешибиз кажет.

19. Биз азыр эмне кылышыбыз зарыл жана эмне үчүн?

19 Азыр Жахабага жана анын уюмуна болгон ишенимибизди чыңдай турган, Падышалыкты колдой турган учур. Ошентсек, Кудайдын Падышалыгы түндүк падышасы менен түштүк падышасын жок кылганда, аман калабыз!

149-ЫР: Жеңиш ыры

^ 5-абз. Бүгүнкү күндөгү «түндүк падышасы» ким? Ал кантип жок кылынат? Бул суроолордун жообу ишенимибизди бекемдеп, улуу алааматта боло турган кыйынчылыктарга даяр болууга жардам берет.

^ 12-абз. Даниел 2:36—45-аяттарды жана Аян 13:1, 2ни жакшыраак түшүнүш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2012-жыл, 15-июнь, 7—19-беттер.

^ 15-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2015-жыл, 15-май, 29, 30-беттер.