Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жумшактык. Анын кандай пайдасы бар?

Жумшактык. Анын кандай пайдасы бар?

«Мен табиятыман уялчаакмын,— дейт Сара *.— Ошондуктан көп кысынам. Өзгөчө, орой, өзүн кармай албаган кишилердин жанында басырына берем. Ал эми жумшак, момун адамдардын жанында өзүмдү эркин cезем. Аларга оңой ачылып, ичимдегини бөлүшө алам. Көйгөйлөрүмдү айткан да жеңил. Ынак досторум — ушундай адамдар».

Ырас, жумшак кишиге башкалар тартылып турат. Андай адамдарды Жахаба да жакшы көрөт. Ал бизди: «Жумшактыкты... кийгиле»,— деп чакырат (Кол. 3:12). Келгиле анда, төмөнкү суроолорду карап чыгалы: Жумшактык деген эмне? Иса Машаяктын жумшак экени эмнеден көрүнгөн? Жумшак болсок, кандайча бактылуу болобуз?

ЖУМШАКТЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жумшактык — бул ички дүйнөбүздүн бейкут абалы. Жумшак киши башкаларга сылык-сыпаа мамиле кылат, кыжырын келтирген жагдайларда сабыр сактап, өзүн кармай билет.

Жумшак адамды, чынында, алсыз эмес, күчтүү деп айтууга болот. Байыркы грек тилинде бул сөз жоошутулган жапайы жылкыны сүрөттөш үчүн колдонулган. Андай жылкыны жоошуткандан кийин деле ал күчтүү бойдон кала берет. Ошол сыңары, жумшак болгонго үйрөнсөк, алсыз болуп калбайбыз, тескерисинче, күчтүү болобуз. Эмне үчүн? Себеби жумшак киши өзүн кармай билип, тынчтыкка өбөлгө түзөт.

Силер: «Мен табиятыман жумшак эмесмин»,— дешиңер мүмкүн. Ооба, жумшак болуу оңой эмес, себеби биз ачуусу чукул, сабырсыз адамдардын арасында жашап жатабыз (Рим. 7:19). Жумшактык — көп күч-аракет жумшоонун аркасында өрчүй турган сапат. Ошентсе да, Жахаба ыйык руху менен колдогондуктан, жумшак болгонго үйрөнө алабыз (Гал. 5:22, 23). Бул эмне үчүн абдан маанилүү?

Жумшак кишиге башкалар тартылып турат. Жогоруда Сара белгилегендей, баарыбызга эле жумшак адамдардын арасында жүргөн жагат. Иса Машаяк башкаларга жылуу-жумшак, сылык мамиле кылуу жагынан мыкты үлгү калтырган (2 Кор. 10:1). Ал тургай аны жакшы тааныбаган кичинекей балдар да ага тартылып турган (Мр. 10:13—16).

Жумшак болгонубуздун пайдасы өзүбүзгө да, башкаларга да тиет. Жумшак болсок, тез эле кыжырданып же ачууланып кирбейбиз (Накыл 16:32). Бул бизди кимдир бирөөнүн, айрыкча, жакын адамыбыздын жүрөгүн жаралап алып, өзүбүздү күнөөлөй бергенден сактайт. Жумшак болгонубуз тегерегибиздеги адамдарга да пайдасын тийгизет. Башкача айтканда, өзүбүздү кармай албаганыбыздын айынан башка бирөө зыян тартпайт.

ЖУМШАКТЫКТЫН ТЕҢДЕШСИЗ ҮЛГҮСҮ

Чоң жоопкерчиликтер артылса да жана убактысы тар болсо да, Иса баарына жумшак мамиле кылган. Ал кезде элдин мойнуна оор жүк артылып, кыйналып жашагандыктан алар сооронучка абдан зар болчу. Иса: «Мага келгиле... анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун»,— деп айтканда, алардын бир топ жеңилдей түшкөнү шексиз! (Мт. 11:28, 29).

Канткенде Исадай жумшак боло алабыз? Ан үчүн Ыйык Китепти изилдеп, анын башкаларга кандай мамиле кылганына, оор учурларда кандай иш кылганына көңүл бурушубуз керек. Анан жумшактык талап кылынган жагдайларга туш болгондо Исаны туураганыбыз маанилүү (1 Пет. 2:21). Эмесе, Исага жумшак болгонго жардам берген үч нерсеге токтололу.

Момун болгон. Ал: «Мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун»,— деген (Мт. 11:29). Жумшактык менен момундук бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, Ыйык Китепте ал эки сапат чогуу айтылган (Эф. 4:1—3).

Момундук бизге баарын жүрөккө жакын ала бербегенге же дароо эле таарынып кирбегенге жардам берет. Исаны «сугалак, шарапты жакшы көргөн киши» деп сындашканда, ал эмне кылды эле? Алардын айткандарын үлгүсү менен төгүнгө чыгарган. Ал: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деп жумшак айткан (Мт. 11:19).

Кимдир бирөө улутубуз, жынысыбыз, тек-жайыбыз жөнүндө терс нерселерди айтып киргенде, ачууга алдырбай, сабырдуу болгонубуз дурус. Түштүк Африкадагы Питер деген аксакал: «Бирөө кыжырыма тийгенде: „Менин ордумда Иса болсо, эмне кылмак?“ — деп ойлоном»,— дейт. Ал: «Азыр өзүмдү кармай билгенге үйрөнүп калдым»,— деп кошумчалайт.

Башкалардын жеткилеңсиз экенин жакшы түшүнгөн. Исанын шакирттеринин ниети таза болсо да, жеткилеңсиз болгондуктан кээде ката кетирип алышчу. Маселен, Иса өлөр түнү Петир, Жакып, Жакан деген шакирттери ага жөлөк-таяк болгондун ордуна, уктап калышкан. Ошентсе да ал аларга түшүнүү менен мамиле кылган. Анткени «рух сергек, ал эми дене алсыз» экенин жакшы билген (Мт. 26:40, 41). Ошондуктан шакирттерине ачууланган эмес.

Мэнди деген ишенимдешибиз мурда башкалардан көптү талап кылчу. Бирок азыр Исадан үлгү алып, жумшак болгонго умтулууда. Ал: «Жеткилең киши жок экенин унутпаганга аракет кылам. Ошондой эле адамдардын жакшы жактарына, Жахаба көргөн жакшы сапаттарына көңүл бурам»,— деп бөлүшөт. Силер да башкалардын ката-кемчиликтерине Иса карагандай карасаңар, аларга жылуу-жумшак мамиле кыла аласыңар.

Баарын Кудайга тапшырган. Ал жерде жүргөндө адилетсиздикке көп кабылган. Аны четке кагышкан, басынтышкан жана катуу кыйнашкан. Ошого карабай ал жумшак болуп, «өзүн адилеттүү Сотко тапшырган» (1 Пет. 2:23). Иса Жахабанын ага кам көрөрүнө, өз убагы келгенде, ага адилетсиз мамиле кылгандарды жазага тартарына бекем ишенген.

Адилетсиздикке кабылганда, ачууга алдырсак, курчуп турган жагдай ого бетер оорлоп кетиши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Ачуулануу менен... [адам] Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра албайт»,— деп бекеринен жазылган эмес (Жкп. 1:20). Ачууланууга себеп бар болгон күндө да, сак болушубуз керек. Анткени жеткилеңсиз болгондуктан туура эмес иш кылып алышыбыз толук ыктымал.

Германияда жашаган Кэти деген ишенимдешибиз мурда: «Жемиңди жедирип, унчукпай тура берсең, сени ким коргомок эле»,— деп ой жүгүртчү. Бирок баарын Жахабага тапшырганды үйрөнгөндөн кийин, көз карашы өзгөргөн. «Бирөө жаман мамиле кылганда, сөз кайрыбай калдым. Анын ордуна, ага сылык-сыпаа мамиле кылганга аракет кылам. Себеби Жахабанын баарын көрүп турарын жакшы билем»,— дейт ал. Эгер кимдир бирөө жаман мамиле кылса, силер да, Исадан үлгү алып, баарын Кудайга тапшыргыла. Ошондо сабырдуу бойдон кала аласыңар.

«МҮНӨЗҮ ЖУМШАКТАР БАКТЫЛУУ»

Оор учурларда жумшактык бизге кандайча жардам берет?

Эгер бакыттын даамын таткыбыз келсе, Иса айткандай, жумшак болушубуз керек. Ал: «Мүнөзү жумшактар бактылуу»,— деген (Мт. 5:5). Келгиле, жумшактыктын кандай пайдасы бар экенине көңүл буралы.

Жубайларга ортодогу көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк кылат. Австралиялык Роберт: «Бир жолу жубайымдын көңүлүн оорутуп алгам. Чынында, антейин деген деле эмесмин. Бирок сөзүңдү артка тарта албайт экенсиң. Анын жүрөгүн жаралап алганыма аябай жаман болгом»,— деп бөлүшөт.

Ооба, тилинен жаңылбаган жан жок. Ойлонбой айтылган сөздөр нике түйүнүн ыдыратышы мүмкүн (Жкп. 3:2). Андыктан түшүнбөстүк болуп кеткенде, жумшак болгонго аракет кылышыбыз керек. Ошентсек, сабыр сактап, тилибизди ооздуктайбыз (Накыл 17:27).

Роберт токтоо болгонго, өзүн кармаганга үйрөнүш үчүн бүт күчүн жумшаган. Натыйжасы кандай болгон? «Жубайым экөөбүз келише албай калганда, аны кунт коюп укканга, жумшак сүйлөгөнгө, ачууга алдырбаганга колуман келишинче аракет кылам,— дейт ал.— Ушунун аркасында мамилебиз кыйла жакшырды».

Башкалар менен ынтымакта болгонго шарт түзөт. Таарынчаак адамдардан көптөр качат. Ал эми жумшак болсок, «биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого» өбөлгө түзөбүз (Эф. 4:2, 3). Жогоруда айтылган Кэти: «Айрымдар менен тил табышуу оңой болбосо да, жумшак болгонум мага алар менен жакшы мамиледе болгонго жардам берет»,— дейт.

Жан дүйнөбүзгө бейкуттук орнотот. Ыйык Китепте айтылгандай, «жогорудан келген акылмандык» жумшактык жана тынчтык менен байланышта (Жкп. 3:13, 17). Жумшак кишинин жүрөгү тынч болот (Накыл 14:30). Жумшак болгонго үйрөнүш үчүн колунан келгендин баарын кылган Мартин мындай дейт: «Азыр мурдагыдай болуп өзүмдүкүн талап кыла бербейм. Ачууланып кирмей адатымды да таштадым. Ушунун аркасында жан дүйнөм тынчып, бактылуу болуп калдым».

Албетте, жумшак болууга үйрөнүү оңой эмес. «Жашырганда эмне, кээде ичим кайнап, ачууланып кетем»,— дейт бир ишенимдешибиз. Бирок Жахаба баарыбызды жумшак болууга үндөйт. Ал бизге бул күрөштө жеңүүчү болгонго көмөк кылат (Ыш. 41:10; 1 Тим. 6:11). Жахаба ар бирибизди «аягына чейин өзү үйрөтүп,.. күчтүү кылат» (1 Пет. 5:10). Убакыттын өтүшү менен биз да, элчи Пабылдай болуп, «Машаяктын жумшактыгын» жана «боорукердигин» чагылдыра алабыз (2 Кор. 10:1).

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.