Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудай берген белектерди баалап жатасыңарбы?

Кудай берген белектерди баалап жатасыңарбы?

«Оо, Жахаба Кудайым, сен көп иштерди жасадың, сенин кереметтериң, биз жөнүндөгү ойлоруң сан жеткис» (ЗАБ. 40:5).

5-ЫР: Кудайдын керемет иштери

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Забур 40:5ке ылайык, Жахаба бизге кандай белектерди берген жана эмне үчүн аларды карап чыгышыбыз керек?

ЖАХАБА — берешен Кудай. Алсак, ал бизге көз жоосун алган теңдешсиз Жер планетасын үй кылып берген. Ошондой эле кереметтүү долбоорлонгон мээни жана баа жеткис Ыйык Китепти белек кылган. Жерди жаратып бергенинин аркасында анда жашап, өмүр сүрүп жатабыз. Мээни бергендиктен, ой жүгүртүүгө жөндөмдүүбүз жана бири-бирибиз менен пикир алмашабыз. Андан тышкары, Ыйык Китепти бергендиктен, жашоодогу маанилүү суроолорго жооп таба алабыз. (Окугула: Забур 40:5.)

2 Бул макалада ошол белектерге кыскача токтолобуз. Ал белектер тууралуу канчалык көп ой жүгүртсөк, аларды ошончолук баалап, Жаратканыбыз Жахабанын жүрөгүн ого бетер сүйүнткүбүз келе баштайт (Аян 4:11). Ошондой эле эволюция теориясына алданган адамдар менен сүйлөшкөнгө жакшы даярдана алабыз.

УКМУШТУУДАЙ ПЛАНЕТАБЫЗ

3. Эмне үчүн Жер планетасын теңдешсиз деп айтууга болот?

3 Кудай бизге үй кылып берген Жер планетасы анын акылман экенинен кабар берип турат (Рим. 1:20; Евр. 3:4). Жер Күндү айланган жалгыз планета болбосо да, ааламдагы теңдешсиз планета болуп саналат. Себеби жерде гана жашоо-тиричилик үчүн зарыл шарттардын баары бар.

4. Жер планетасы адамдар жасаган кемеден кыйла айырмаланат деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Жер кандайдыр бир мааниде учу-кыйыры көрүнбөгөн океанда сүзүп жүргөн элге жык толгон кемеге окшош. Бирок Жер адамдын колунан бүткөн кемеден кыйла айырмаланат. Мисалы, кемедеги жүргүнчүлөр кычкылтекти, азык-түлүктү өздөрү өндүрүшү керек болсо же таштандыларды кемеден тышка ыргыта албаса, канча жашай алат эле? Көпкө бармак эместиги айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми жерди миллиарддаган адамдар, жан-жаныбарлар байырлайт. Ошондой эле тиричилик үчүн зарыл болгон кычкылтек, азык-түлүк, суу жердин өзүнөн чыгат. Алар эч качан түгөнүп калбайт. Таштандылар космоско ыргытылбаса да, жер көркүн да жоготпойт, жашоого жараксыз да болуп калбайт. Эмне үчүн? Анткени Жахаба жерди таштандыларды кайра иштете алгыдай кылып жараткан. Келгиле анда, таңдандырган эки процесс — кычкылтектин жана суунун айланышы — жөнүндө билип көрөлү.

5. Кычкылтектин айланышы деген эмне жана ал кайсы сөздөрдүн калетсиз экенин көрсөтүп турат?

5 Кычкылтек — жан-жаныбарлардын, адамдардын өмүрү үчүн абдан зарыл газ. Бир эсепке ылайык, жер бетиндеги тирүү жандар жылына жүз миллиард тоннага барабар кычкылтек менен дем алат. Кайра таштанды деп эсептелген көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Кычкылтек баарына жетет, эч качан түгөнүп калбайт. Ошондой эле атмосфера «таштандыга», көмүр кычкыл газына, толуп кетпейт. Эмне үчүн? Себеби Жахаба асман тиреген дарактардан тартып көзгө көрүнбөгөн микроорганизмдерге чейин жараткан. Алар көмүр кычкыл газын жутуп алып, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Кычкылтектин айланышы Элчилер 17:24, 25теги сөздөрдүн калетсиз экенин далилдеп турат. Ал аяттарда: «Кудай... өмүрдү да, демди да... бардыгына өзү берет»,— деп жазылган.

6. Суунун айланышы деген эмне жана ал эмнени айгинелеп турат? (« Суунун айланышы — Жахаба берген белек» деген кутучаны карагыла.)

6 Суу жаратылышта суюктук түрүндө кездешет. Себеби Жер Күндөн эң туура аралыкта жайгашкан. Эгер Жер Күнгө бир аз эле жакын болсо, суунун баары кайнап, бууланып кетмек да, Жер какыраган чөлгө айланып калмак. Ал эми бир аз алыс болсо, суунун баары тоңуп, Жер музга айланган килейген шар болуп калмак. Жахаба Жер планетасын эң туура орунга жайгаштыргандыктан, суунун айланышы жашоо-тиричиликтин улана беришине шарт түзөт. Алсак, Күн океанды, жер бетин жылытат, сууну буулантып, булуттарды пайда кылат. Күн жыл сайын 500 000дей куб километр сууну бууга айлантат. Ал эми жогору көтөрүлгөн суу атмосферада 10 күндөй кармалып турат да, кайра жаан же кар болуп түшөт. Ошентип, суу кайра океандарды, көлдөрдү, көлмөлөрдү толтуруп, айлануу процесси жүрө берет. Тиричиликти шарттаган мындай процесс Жахабанын акылмандыгын, кудуреттүүлүгүн айгинелеп турат (Аюп 36:27, 28; Нас. 1:7).

7. Забур 115:16да айтылган белектерге ыраазы экенибизди көрсөтүүнүн айрым жолдору кайсы?

7 Планетабызга жана андагы кереметтүү нерселерге канткенде ыраазы боло алабыз? (Окугула: Забур 115:16.) Мунун бир жолу — Жахаба жараткан нерселер тууралуу ой жүгүртүү. Бул бизге ал берген белектер үчүн күн сайын ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет. Андан сырткары, Жер планетасын баалаарыбыз айлана-тегерегибизди мүмкүн болушунча таза күтө билгенибизден көрүнөт.

КЕРЕМЕТТҮҮ МЭЭБИЗ

8. Адамдын мээси укмуштуудай жаратылган деп эмне үчүн айта алабыз?

8 Адамдын мээсинин кандай жаратылганы таңыркатпай койбойт. Эненин курсагында жатканда эле түйүлдүктүн мээси алдын ала түзүлгөн план боюнча өрчүй баштайт. Мүнөт сайын миңдеген жаңы мээ клеткалары пайда болот! Изилдөөчүлөрдүн айтымында, чоң кишинин мээсинде 100 миллиардга жакын клетка бар. Алар нейрондор деп аталат. Алардын баары ушунчалык кылдаттык менен «таңгакталгандыктан», болжол менен бир жарым килограммды түзөт. Эмесе, мээнин суктандырган айрым жөндөмдөрүн карап көрөлү.

9. Сүйлөө жөндөмүнүн Кудай берген белек экенин эмне далилдеп турат?

9 Сүйлөө жөндөмүн өзүнчө эле керемет десек болот. Сүйлөй баштаганда кандай функциялар иштей турганы жөнүндө бир саамга ойлонуп көрөлү. Биз ар бир сөздү айтарда мээбиз 100гө жакын тил, таңдай, эрин, жаак жана көкүрөк булчуңдарын кыймылга келтирет. Сөздөр түшүнүктүү чыгышы үчүн, ал булчуңдардын баары өз кезеги боюнча эриш-аркак кыймылга келиши керек. 2019-жылы жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн ымыркайлардын сөздөрдү өз-өзүнчө ажырата билип, жооп кайтара алары айкын болгон. Мындай жыйынтык адам баласынын сөздөрдү ажырата билип, тил үйрөнүүгө тубаса жөндөмү бар деген көптөгөн окумуштуулардын айткандарын ырастайт. Ооба, сүйлөө жөндөмүн Кудай берген белек десек жаңылышпайбыз (Чыг. 4:11).

10. Сүйлөө жөндөмүнө ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

10 Сүйлөө жөндөмүнө ыраазы экенибизди көрсөтүүнүн бир жолу — эмне үчүн эволюция теориясына кошулбай турганыбызды жана эмнеден улам Кудайдын бар экенине ишенерибизди түшүндүрүп берүү (Заб. 9:1; 1 Пет. 3:15). Ал теорияны жактагандар жердин жана андагы нерселердин баары кокустуктун натыйжасында пайда болгон дегенге ишендиргиси келет. Андайларга Ыйык Китепте жазылгандарды жана ушул макалада талкууланган айрым ойлорду айтып, асмандагы Атабыздын бар экенин далилдей алабыз. Ошондой эле кулак каккандарга Жахабанын асмандагынын, жердегинин баарын жаратканына эмне үчүн ишенерибизди түшүндүрсөк болот (Заб. 102:25; Ыш. 40:25, 26).

11. Мээнин кереметтүү жаратылганын эмне көрсөтүп турат?

11 Эс тутумубуз да таңдандырарлык жаратылган. Мурда бир изилдөөчү адамдын мээси 20 миллион китепке барабар болгон маалыматты эстеп кала аларын аныктаган. Азыр болсо окумуштуулар мээнин андан алда канча көп маалыматты эстеп калууга жөндөмдүү экенин айтышууда. Бул чынында эле теңдешсиз белек!

12. Өткөндөн сабак алуу жөндөмү бизди жан-жаныбарлардан кандайча айырмалап турат?

12 Жер бетиндеги тирүү жандардын ичинен адамдар гана башынан өткөндөрдү эстеп, өткөн окуяларды талдап, алардан сабак алууга жөндөмдүү. Өтүп кеткен нерселерди таразалоонун аркасында биз келечекте башкача иш кылууга бел байлайбыз жана оюбузду, жашообузду өзгөртөбүз (1 Кор. 6:9—11; Кол. 3:9, 10). Мындан тышкары, жаман менен жакшыны айырмалап, абийирибизди тарбиялай алабыз (Евр. 5:14). Башкаларды сүйүүгө, боорукердик менен мамиле кылууга, ырайымдуу болууга үйрөнө алабыз. Ошондой эле Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдырууга жөндөмдүүбүз.

13. Забур 77:11, 12ге ылайык, эс тутумду кантип колдонушубуз керек?

13 Эс тутумубузду баалаарыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — Жахаба бизге жардам берген, сооротуп-жубаткан учурларды эстеп жүрүү. Бул анын кийин да жардамга келеринен шектенбегенге көмөк кылат. (Окугула: Забур 77:11, 12; 78:4, 7.) Башкалардын бизге кылган жакшылыктарын эстен чыгарбай, алар үчүн ыраазы болуу менен да эс тутумубузду баалаарыбызды көрсөтөбүз. Изилдөөчүлөр ыраазы боло билген адамдардын бактылуу болорун аныкташкан. Ошондой эле Жахабадан үлгү алып, айрым нерселерди унутуп эле койгонубуз дурус. Маселен, Жахабанын эс тутуму жеткилең болсо да, күнөө кылганыбызга өкүнсөк, ал ката-кемчиликтерибизди эстеп калбайт (Заб. 25:7; 130:3, 4). Ал биздин да ошентишибизди каалайт. Эгер башкалар көңүлүбүздү оорутуп алып, кечирим сураса, аларды кечирип, катасын унутуп койгонубуз жакшы (Мт. 6:14; Лк. 17:3, 4).

Мээбиз үчүн ыраазы экенибизди аны Жахабаны даңктагыдай колдонуу менен көрсөтө алабыз (14-абзацты карагыла) *

14. Мээбиз үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

14 Мээбизди Кудайды даңктоого багыттасак, ал кереметтүү белекти баалаарыбызды айгинелейбиз. Айрымдар аны жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Айталы, эмне жаман, эмне жакшы экенин өздөрү чечкиси келет. Бирок Жахаба биздин Жаратканыбыз болгондуктан, анын мыйзам-принциптери биздикинен алда канча жогору турат деп толук ишенсек болот (Рим. 12:1, 2). Анын талаптарына ылайык жашаганыбызда тынчтыкка бөлөнөбүз (Ыш. 48:17, 18). Мындан тышкары, жашоонун маңызын табабыз: Жаратканыбыз жана асмандагы Атабыз Жахабаны даңктап, жүрөгүн сүйүнтөбүз (Накыл 27:11).

ЫЙЫК КИТЕП — ТЕҢДЕШСИЗ БЕЛЕК

15. Ыйык Китепти Жахабанын адамзатка берген белеги деп эмне үчүн айта алабыз?

15 Ыйык Китеп — мээримдүү Кудайыбыздын бизге берген белеги. Асмандагы Атабыз биздин пайдабызды көздөгөндүктөн айрым пайгамбарларга аны жаздыртып койгон. Ыйык Китеп аркылуу Жахаба жүрөгүбүздү өйүгөн төмөнкүдөй маанилүү суроолорго жооп берет: «Биз кантип жаралганбыз? Жашоонун маңызы эмнеде? Келечегибиз кандай болот?» Жахаба биздин ушул суроолорго жооп алышыбызды каалайт. Ошол себептен кылымдар бою ар кандай адамдардын Ыйык Китепти көптөгөн тилдерге которушун жетектеп келген. Бүгүнкү күндө Ыйык Китеп толугу менен же жарым-жартылай 3 000ден ашуун тилге которулду! Ал — тарыхта эң көп тилге которулган, эң эле кеңири таратылган китеп. Кайсы жерде жашабайлы, кайсы тилде сүйлөбөйлү, көбүбүз аны өз эне тилибизде окуй алабыз. (« Ыйык Китептин африка тилдерине которулушу» деген кутучаны карагыла.)

16. Матай 28:19, 20дан көрүнүп тургандай, Ыйык Китепти баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

16 Ыйык Китепти күн сайын окусак, анда жазылгандар тууралуу ой жүгүртсөк жана окуп-билгендерибизди иш жүзүндө аткарсак, аны баалаарыбызды көрсөтөбүз. Анда камтылган кабарды мүмкүн болушунча көп кишиге жеткирүүгө аракет кылуу менен да Кудайга ал белек үчүн ыраазы экенибизди далилдейбиз (Заб. 1:1—3; Мт. 24:14; окугула: Матай 28:19, 20).

17. Бул макаладан кайсы белектер тууралуу билдик жана кийинки макалада эмнелер тууралуу сөз жүрөт?

17 Бул макалада Кудай бизге үй кылып берген Жер планетасы, кереметтүү жаратылган мээбиз жана Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китеп тууралуу билдик. Бирок Жахаба бизге көзгө көрүнбөгөн башка белектерди да берген. Алар тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.

12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай

^ 5-абз. Бул макала Жахабага жана ал берген үч белекке ыраазычылыгыбызды арттырганга жардам берет. Ошондой эле Кудайдын бар экенине шектенген адамдар менен талкуу жүргүзгөнгө көмөк кылат.

^ 64-абз. СҮРӨТ. Кудайдын Сөзүндөгү кабарды чет өлкөдөн көчүп келгендерге жеткириш үчүн башка тил үйрөнүп жаткан ишенимдешибиз.