Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Көзгө көрүнбөгөн кенчтерди баалайлы

Көзгө көрүнбөгөн кенчтерди баалайлы

«Биздин көзүбүз... көрүнбөгөн нерселерге багытталган. Анткени көрүнгөн нерселер убактылуу, ал эми көрүнбөгөн нерселер түбөлүктүү» (2 КОР. 4:18).

45-ЫР: Жүрөгүмдөгү ойлорум

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Иса асмандагы байлык тууралуу эмне деген?

КЕНЧТЕРДИН көбүн көрө алсак да, айрымдары, өзгөчө, эң эле баалуулары көзгө көрүнбөйт. Иса тоодо айткан насаатында дүнүйө-мүлктөн алда канча жогору турган асмандагы байлык тууралуу сөз кылган. Андан соң: «Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот»,— деген (Мт. 6:19—21). Ырас, өзүбүз баалаган нерселерге жеткенге жан-дилибиз менен умтулабыз. Иса айткан асмандагы байлыкка Кудайдын алдында жакшы атка ээ болуу кирет. Эгер ошондой байлыкты асманга топтосок, ал эч качан жок болбойт жана аны эч ким уурдап кете албайт.

2. а) 2 Корунттуктар 4:17, 18де элчи Пабыл көзүбүздү эмнеге багыттоого үндөгөн? б) Бул макалада эмнелер тууралуу сөз жүрөт?

2 Элчи Пабыл көзүбүздү «көрүнбөгөн нерселерге багыттоого» үндөгөн. (Окугула: 2 Корунттуктар 4:17, 18.) Ал көрүнбөгөн нерселерге — «байлыгыбызга» — Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө ала турган батанын баары кирет. Бирок бул макалада бизге азыртадан эле чоң пайда алып келип жаткан көзгө көрүнбөгөн төрт кенч тууралуу сөз жүрөт. Алар: Жахаба менен болгон достугубуз, тиленүү, ыйык рухтун жардамы, ошондой эле Жахабанын, Исанын жана периштелердин колдоосу. Андан тышкары, ушул кенчтер үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбызга токтолобуз.

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН ДОСТУГУБУЗ

3. Биздин эң чоң кенчибиз кайсы жана ал эмненин аркасында мүмкүн болууда?

3 Биздин эң чоң кенчибиз — Жахаба Кудай менен болгон достугубуз (Заб. 25:14). Ыйык Кудай күнөөкөр пенделер менен эмненин аркасында ынак мамиледе боло алат? Иса Машаяктын кунунун аркасында. Себеби ал «бул дүйнөнү күнөөдөн арылткан» (Жкн. 1:29). Жахаба Исанын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болуп, адамзатты күнөөдөн куткарарын алдын ала билген. Ошол себептен ал Исага чейин жашаган адамдар менен дос боло алган (Рим. 3:25).

4. Кудайдын Исага чейин жашаган досторунун айрымдары кимдер болгон?

4 Исага чейин жашаган кайсы инсандар Кудай менен дос болгон? Алсак, Ыбрайым. Ал ишеними күчтүү киши болгон. Көз жумганынан 1 000 жылдан ашуун убакыт өтсө да, Жахаба аны «досум» деп атаган (Ыш. 41:8). Ооба, атүгүл өлүм да Жахабаны ынак досторунан ажырата албайт. Ыбрайым Жахабанын көз алдында дагы деле тирүү (Лк. 20:37, 38). Кудайдын досторунун дагы бири — Аюп. Жахабанын периштелери асманга чогулганда, Жахаба Аюп тууралуу: «Ал — кемчиликсиз, түз жүргөн, Кудайдан корккон жана жамандыктан алыс жүргөн киши»,— деп ишенимдүү түрдө айткан (Аюп 1:6—8). Ал эми буркандарга табынган элдин арасында 80 жылдай ишенимдүү кызмат кылган Даниел тууралуу Жахаба кандай ойдо болгон? Ал жашы өр тартып калган кызматчысын периштелери аркылуу үч жолу «абдан сүйүктүү киши» экенине ынандырган (Дан. 9:23; 10:11, 19). Көзү өтүп кеткен ал сүйүктүү досторун тирилте турган убакты Жахаба эңсеп күтөт (Аюп 14:15).

Көзгө көрүнбөгөн кенчтер үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? (5-абзацты карагыла) *

5. Жахаба менен дос болуш үчүн эмне кылуу зарыл?

5 Бүгүнкү күндө Жахаба менен дос болгон адамдар барбы? Ооба, алар миллиондоп саналат. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн эркектер, аялдар жана балдар Кудайдын досу экенин иш жүзүндө көрсөтүп жатышат. Жахаба «чынчыл адамдар менен жакын мамиле» өрчүтүүдө (Накыл 3:32). Бул алардын Исанын кун төлөгөнүнө ишенгенинин аркасында мүмкүн болууда. Ошондой эле алар кундун негизинде өмүрүн Кудайга арнап, чөмүлүп жатышат. Биз да ушундай иш-аракеттерди кылганыбызда Ааламдын Эгедери менен «жакын мамиледе» болгон, өмүрүн ага арнаган миллиондогон адамдардын катарына кошулабыз.

6. Жахаба менен болгон достугубузду баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

6 Кудай менен болгон достугубузду баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Ан үчүн жүздөн ашуун жыл бою ишенимдүүлүгүнөн жазбаган Ыбрайым менен Аюптан үлгү алганыбыз маанилүү. Жахабага кызмат кылганыбызга канча жыл болбосун, ага ишенимдүү бойдон калышыбыз керек. Ошондой эле, Даниелдей болуп, Жахаба менен болгон достугубузду өмүрүбүздөн да артык көрүшүбүз зарыл (Дан. 6:7, 10, 16, 22). Башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, Жахабанын жардамы менен мамилебизди ынак сактай алабыз (Флп. 4:13).

ТИЛЕНҮҮ

7. а) Накыл сөздөр 15:8ге ылайык, Жахаба тиленүүбүзгө кандай карайт? б) Ал аларга кантип жооп берет?

7 Көзгө көрүнбөгөн дагы бир кенч — тиленүү. Ынак достор сүйлөшүп, ой-сезимдери менен бөлүшкөндү жакшы көрүшөт. Жахаба менен да ошенте алабызбы? Албетте! Жахаба өзүнүн ойлорун, сезимдерин Сөзү аркылуу ачып берип, биз менен «сүйлөшөт». Биз болсо андан тиленип, жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубузду, сырларыбызды айтканда аны менен сүйлөшкөн болобуз. Жахаба бизди укканды жакшы көрөт. (Окугула: Накыл сөздөр 15:8.) Мээримдүү досубуз болгондуктан, ал бизди угуп эле койбостон, суранычтарыбызды да аткарат. Кээде ал тиленүүбүздү дароо орундатат. Анткен менен айрым учурларда кайсы бир өтүнүчүбүздү кайра-кайра айтууга туура келиши мүмкүн. Кандай болбосун, тиленүүбүзгө өз учурунда жана биз ойлогондон да сонун жооп аларыбыздан шектенбесек болот. Бирок Жахаба суранган нерсебизди кээде орундатпашы ыктымал. Мисалы, ал кыйынчылыктан арылтпашы, тескерисинче, «туруштук бере алышыбыз» үчүн, акылмандык жана күч бериши мүмкүн (1 Кор. 10:13).

(8-абзацты карагыла) *

8. Тиленүү үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз?

8 Бул баа жеткис кенч үчүн ыраазы экенибизди кантип далилдейбиз? Анын бир жолу — Ыйык Китептеги: «Үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылуу (1 Тес. 5:17). Жахаба бизди тиленүүгө мажбурлабайт. Ал чечим чыгаруу эркиндигибизди сыйлайт. Ошон үчүн тек гана тиленгенибизди токтотпоого үндөйт (Рим. 12:12). Эгер күнүгө бат-баттан тиленип турсак, ошол белекти баалаарыбызды көрсөтөбүз. Тиленгенде Жахабага ыраазычылык билдирип, аны даңктап-мактаганды да унутпашыбыз керек (Заб. 145:2, 3).

9. Бир ишенимдешибиз тиленүү тууралуу эмне деген жана силер бул белекке кандай карайсыңар?

9 Жахабага канчалык көп жыл кызмат кылып, анын өтүнүчтөрүбүзгө кантип жооп берип жатканын сезген сайын, тиленүүнү ошончолук баалай беришибиз керек. Мисалга 47 жылдан бери толук убакыт кызмат кылып келе жаткан Крис деген ишенимдешибизди алалы. Ал мындай дейт: «Таң эрте туруп, Жахаба менен көпкө чейин сүйлөшкөнгө эмне жетсин! Таң сөгүлүп, күн нуру шүүдүрүмгө чагылыша баштаган маалда Жахаба менен сүйлөшкөндө кадимкидей сергип калам. Бул мага анын белектеринин баарына, анын ичинде тиленүүгө мүмкүнчүлүк бергенине ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет. Жатар алдында да Кудайдан тиленген абдан жагымдуу. Ошенткенимде жүрөгүм тынчып, жакшы уктайм».

ЫЙЫК РУХ

10. Эмне себептен Кудайдын ыйык рухун баалашыбыз керек?

10 Баалашыбыз керек болгон дагы бир кенч — Кудайдын ыйык руху. Иса бизди аны дайыма сурап тиленүүгө үндөгөн (Лк. 11:9, 13). Ыйык руху аркылуу Жахаба бизге «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7; Элч. 1:8). Кандай сыноого туш болбойлу, Кудайдын руху аны көтөрүп кетүүгө жардам берет.

(11-абзацты карагыла) *

11. Ыйык рух бизге кантип жардам берет?

11 Ыйык рух бизге Кудай тапшырган иштерди, жоопкерчиликтерди аткарууга көмөк кылат. Маселен, ал шык-жөндөмүбүздү арттырат. Ошондуктан Кудайдын кызматын аткаруудагы жетишкендиктерге өз күчүбүз менен эмес, анын ыйык рухунун жардамы менен жетерибизди билебиз.

12. Забур 139:23, 24кө ылайык, Жахабадан бизге эмне кылууга жардам беришин сурасак болот?

12 Ыйык рухту баалаарыбызды дагы кантип көрсөтөбүз? Ан үчүн Кудайдан жүрөгүбүздө жаман ойлор же туура эмес каалоолор өрчүп бараткан-баратпаганын аныктоого жардам беришин сурашыбыз керек. (Окугула: Забур 139:23, 24.) Ошентсек, Жахаба ыйык руху аркылуу бизге туура эмес ойлорду, каалоолорду баамдаганга көмөк кылат. Эгер ошондой ойлор же каалоолор уялай баштаганын байкасак, Жахабадан аларга алдырбоого күч беришин сурашыбыз зарыл. Ошентсек, Жахабанын бизге ыйык руху аркылуу жардам беришине тоскоолдук кылган нерсенин баарын четке каккыбыз келерин айгинелейбиз (Эф. 4:30).

13. Ыйык рухка болгон ыраазычылыгыбызды канткенде арттыра алабыз?

13 Ыйык рухтун жетеги менен азыркы убакта кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу ой жүгүрткөндө ыйык рухка болгон ыраазычылыгыбыз артат. Асманга көтөрүлөр алдында Иса шакирттерине: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да,.. жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8). Анын сөздөрү бүгүнкү күндө кереметтүү түрдө аткарылууда. Ыйык рухтун жардамы менен дүйнөнүн булуң-бурчунан сегиз миллион алты жүз миңден ашуун киши чогултулуп, Жахабага сыйынууда. Ошондой эле биз рухий бейиште жашап жатабыз. Себеби Кудайдын руху сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам берүүдө. Булардын баары «рухтун жемиши» болуп саналат (Гал. 5:22, 23). Ооба, ыйык рух чынында эле баа жеткис кенч!

ЖАХАБА, ИСА ЖАНА ПЕРИШТЕЛЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

14. Кабар айтуу ишине катышканыбызда бизди кимдер колдойт?

14 Бизде көзгө көрүнбөгөн дагы бир кенч бар. Тагыраак айтканда, биз Жахаба, Иса жана периштелер менен «бирге эмгектенип жатабыз» (2 Кор. 6:1). Шакирт даярдоо ишине катышканыбызда алар менен кызматташкан болобуз. Пабыл өзү жөнүндө жана ушул ишке катышып жаткандар жөнүндө: «Биз Кудайдын кызматташтарыбыз»,— деген (1 Кор. 3:9). Кабар айтканыбызда Иса менен да кызматташа алабыз. Ал жолдоочуларына «бардык элдерден шакирт даярдоону» буйругандан кийин: «Мен... силер менен болом»,— дегенин эстесеңер (Мт. 28:19, 20). Ал эми периштелер тууралуу эмне деп айтууга болот? «Жер бетинде жашагандарга... түбөлүк жакшы кабарды» таратууга бизге периштелер да көмөктөшөт. Бул үчүн абдан ыраазыбыз! (Аян 14:6).

15. Кызматыбызды аткарууда Жахабанын жардамы чоң экенин көрсөткөн Ыйык Китептен окуя айтып бергиле.

15 Жахабанын жардамынын аркасында эмнелер ишке ашып жатат? Падышалыктын үрөнүн сепкенибизде, үрөндөрдүн айрымдары кабарга кулак каккандардын жүрөгүнө түшүп, өсүп чыгат (Мт. 13:18, 23). Алардын өсүп чыгып, жемиш беришине ким шарт түзөт? Иса: «Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деп айткан (Жкн. 6:44). Ыйык Китепте муну тастыктаган бир окуя жазылган. Пабыл Филипи шаарынын жанында топ аялдарга кабар айткан учурду эстесеңер. Алардын арасындагы Лидия деген аял тууралуу Ыйык Китептен: «Пабылдын сөздөрүн кабыл алышы үчүн, Жахаба анын жүрөгүн ачты»,— дегенди окуйбуз (Элч. 16:13—15). Ооба, Жахаба Лидиядай болгон миллиондогон адамдарды өзүнө жакындатууда.

16. Кызматыбыздагы жетишкендиктер үчүн ким даңкталышы керек?

16 Кызматыбыздагы жетишкендиктердин баары кимдин аркасы менен болууда? Бул суроого элчи Пабыл Корунттагы жыйналыш жөнүндө жазганда жооп берген. Ал: «Мен тиккем, Аполос сугарган, бирок Кудай өстүргөн. Ошондуктан тиккен да, сугарган да эмес, өстүргөн Кудай даңкталышы керек»,— деген (1 Кор. 3:6, 7). Пабылга окшоп, биз да кызматта жеткен ийгиликтерибиз үчүн дайыма Жахабаны даңкташыбыз керек.

17. Жахаба, Иса жана периштелер менен «бирге эмгектенип жатканыбызга» ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз?

17 Жахаба, Иса жана периштелер менен «бирге эмгектенип жатканыбыз» үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Ан үчүн кабар айтуунун жолун издөөгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл. Мисалы, «эл алдында жана үймө-үй кыдырып» кабар айтабыз (Элч. 20:20). Ошондой эле көптөр кабар айтуунун расмий эмес түрлөрүнө катышат. Кимдир бирөөнү жолуктурганда алар жылуу учурашып, аны менен маек курганга аракет кылышат. Эгер ал киши жакшы сүйлөшсө, сөздү Падышалык жөнүндөгү кабарга бурушат.

(18-абзацты карагыла) *

18, 19. а) Чындыктын үрөнүн кантип сугарабыз? б) Жахабанын бир кишиге кантип жардам бергенин айтып бергиле.

18 «Кудайдын кызматташтары» катары биз чындыктын үрөнүн сээп эле койбой, сугарып да турабыз. Кимдир бирөө жакшы кабарга кызыгып калса, аны менен кайра жолукканга колубуздан келишинче аракет кылабыз же ал киши Ыйык Китепти изилдей башташы үчүн, башка ишенимдешибизден аны менен байланышышын суранабыз. Ал киши андан ары Ыйык Китепти изилдеп, ийгилик кыла баштаганда, Жахабанын ага оюн, көз карашын өзгөрткөнгө жардам берип жатканын көрүп сүйүнөбүз.

19 Түштүк Африкада жашаган, мурда эмчи-домчу болгон Рафалалани деген ишенимдешибиздин окуясына көңүл буралы. Ага Ыйык Китептен окуп-билгендери абдан жаккан. Бирок өлгөн ата-бабалары менен сүйлөшкөнү Кудайдын Сөзүнө каршы келерин билгенде, ага аны кабыл алуу кыйынга турган (Мыйз. 18:10—12). Анткен менен бара-бара Жахаба ага көз карашын өзгөрткөнгө жардам берген. Ошентип, эмчи-домчулук кылып жан сактаса да, ал ишин таштаган. Азыр 60ка чыгып калган Рафалалани мындай дейт: «Мага көп жагынан жөлөк-таяк болуп, жумуш тапканга жардамдашкан Жахабанын Күбөлөрүнө абдан ыраазымын. Баарынан да мага жаман жолумду таштап, чөмүлүп, кызматка катышууга жардам берип жаткан Жахабага миң мертебе ыраазымын».

20. Дайыма эмне кыла беришибиз керек?

20 Бул макаладан көзгө көрүнбөгөн төрт кенчти карап чыктык. Алардын эң баалуусу — Жахаба менен дос болуу сыймыгы. Ал эми аны менен дос болсок, башка кенчтерге да ээ болобуз. Айталы, андан тиленебиз, ыйык рухунун жардамын алабыз. Ошондой эле Жахаба, Иса жана периштелер менен кызматташабыз. Эмесе, келгиле, мындан ары да көзгө көрүнбөгөн ушул кенчтерге ыраазычылыгыбызды арттыра берели. Баарынан маанилүүсү, Жахабага эң жакын Досубуз болуп берип жатканы үчүн дайыма рахмат айталы!

145-ЫР: Кудай убада кылган Бейиш

^ 5-абз. Буга чейинки макалада Кудайдын бизге берген, көзгө көрүнгөн айрым белектерине токтолгонбуз. Бул макаладан болсо көзгө көрүнбөгөн кенчтер тууралуу билебиз. Ошондой эле аларга ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбызды карап чыгабыз. Бул ошол кенчтерди берген Жахаба Кудайга ого бетер ыраазы болгонго түрткү берет.

^ 58-абз. СҮРӨТ. 1) Ишенимдешибиз жаратылышка суктанып, Жахаба менен болгон достугу жөнүндө ой жүгүртүп жатат.

^ 60-абз. СҮРӨТ. 2) Ал Жахабадан кабар айтканга кайрат беришин сурап жатат.

^ 62-абз. СҮРӨТ. 3) Ыйык рухтун жардамы менен ал Падышалык жөнүндө жакшы кабарды айтып жатат.

^ 64-абз. СҮРӨТ. 4) Кафеде сүйлөшкөн аял менен кийин Ыйык Китепти изилдеп жатат. Ал ишенимдешибиз кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде периштелер менен кызматташууда.